Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

34-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Дайындообуз өзгөргөндө, кантип ылайыкташсак болот?

Дайындообуз өзгөргөндө, кантип ылайыкташсак болот?

«Кудай силердин... анын ысмына көрсөткөн сүйүүңөрдү, эмгегиңерди унутуп калгыдай адилетсиз эмес» (ЕВР. 6:10).

38-ЫР: Кудай сени күчтүү кылат

БУЛ МАКАЛАДА *

1—3. Толук убакыт кызмат кылгандардын дайындоосу эмнеден улам өзгөрүшү мүмкүн?

«ЖЫЙЫРМА БИР жыл миссионер болуп, сонун күндөрдү өткөрдүк. Анан экөөбүздүн тең ата-энебиз алдан-күчтөн тайып, жардамга муктаж болуп калышты,— деп эскерет Роберт менен Мэри Жо.— Аларга кам көргөндөн кубаныч алчубуз. Бирок аябай көнүп, жакшы көрүп калган жерибизди таштап кеткенде ичибиз туз куйгандай ачышты».

2 «Ден соолугубуздан улам дайындообузду аркалай албай турганыбызды билгенде экөөбүз тең ыйладык. Анткени чет өлкөдө кызмат кылууну дайыма каалачубуз. Бирок эми минтип тилегибиз жарым жолдон таш капты»,— дейт Уильям менен Тэри.

3 «Өкмөттүн филиалыбызды жабууну көздөп жатканын баарыбыз эле билчүбүз,— дейт Алексей.— Бирок Бейтел жабылып, ал жактан кетишибиз керек болгондо ушунчалык жаман болдук».

4. Бул макалада кайсы суроолор каралат?

4 Дайындоосу өзгөргөндөрдүн арасында кызматтын башка түрүнө дайындалган миңдеген толук убакыттагы кызматчылар *, анын ичинде көптөгөн бейтелдиктер да бар *. Ал ишенимдүү бир туугандарыбызга абдан жакшы көрүп калган дайындоосун таштоо оңойго турган жок. Аларга жашоосундагы жаңы кыйынчылыктарды көтөрүүгө эмне жардам берет? Биз кантип колдоо көрсөтсөк болот? Бул суроолордун жообу баарыбызга өзгөрүүлөргө ылайыкташууга жардам берери шексиз.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ КӨТӨРҮҮГӨ ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

Толук убактагы кызматчыларга кызматын токтотуу эмне үчүн кыйын болушу мүмкүн? (5-абзацты карагыла) *

5. Дайындообуздун өзгөргөнү бизге кандай таасир этиши мүмкүн?

5 Бейтелде кызмат кылабызбы же толук убакыт кызматтын башка түрүн аркалайбызбы, ал жердеги адамдарды, атүгүл ошол жердин өзүн аябай жакшы көрүп калабыз. Ошондуктан дайындообуз өзгөргөндө, жүрөгүбүз сыздабай койбойт. Ал жактагы ишенимдештерибизди сагынып, куса болобуз. Ал эми башка жакка куугунтуктан улам кетүүгө туура келген болсо, алар үчүн тынчсызданабыз (Мт. 10:23; 2 Кор. 11:28, 29). Андан сырткары, жаңы жерге дайындалганда, атүгүл өз мекенибизге кайтып барганда да маданиятына көнө албай кыйналышыбыз мүмкүн. «Бизге өзүбүздүн эле маданиятыбыз, жадагалса эне тилибизде кабар айтуу жат болуп калыптыр. Өз жерибизде өзүбүздү келгиндей эле сездик»,— дейт Роберт менен Мэри Жо. Дайындоосу өзгөргөндөрдүн айрымдары тыйын-тыпыр жагынан да кыйналышат. Ошондон улам аларга эртеңки күнү бүдөмүк болуп, бушайман болушу, көңүлү чөгүшү ыктымал. Андайда эмне жардам берет?

Жахаба менен болгон мамилени бекем сактоо жана ага таянуу абдан маанилүү (6, 7-абзацтарды карагыла) *

6. Жахаба менен болгон мамилебизди кантип бекем сактай алабыз?

6 Жахаба менен болгон мамилеңерди бекем сактагыла (Жкп. 4:8). Ан үчүн эмне кылышыңар керек? «Тиленүүлөрдү Угуучу» Кудайыбызга таянгыла (Заб. 65:2). Забур 62:8де: «Анын алдында жүрөгүңөрдөгүнү төккүлө»,— деп жазылган. Жахаба «биз сурагандан да же ойлогондон да алда канча көптү кыла алат» (Эф. 3:20). Ал биздин өтүнүчтөрүбүздү аткаруу менен эле чектелбейт. Көйгөйлөрүбүздү биз күтпөгөн, атүгүл оюбузга да келбеген жолдор менен чечип коюшу мүмкүн.

7. а) Жахаба менен мындан ары да ынак болууга эмне жардам берет? б) Еврейлер 6:10—12-аяттарда жазылгандай, Жахабага ишенимдүү кызмат кыла бергенибиздин натыйжасы кандай болот?

7 Мындан ары да Жахаба менен ынак болуш үчүн Ыйык Жазманы күндө окуп, окугандарыбыз тууралуу терең ой жүгүртүшүбүз керек. Бир кезде миссионер болуп кызмат кылган бир ишенимдешибиз: «Мурункудай эле үй-бүлө менен сыйынуунун жана жыйналышка даярдануунун графигине бекем кармангыла»,— дейт. Ошондой эле жаңы жыйналышыңар менен чогуу кабар айтууга мүмкүн болушунча жигердүү катышкыла. Жахаба ишенимдүү кызматчыларынын эмгегин, алар мурдагыдай көптү кыла албай калышса да, эч качан унутпайт. (Окугула: Еврейлер 6:10—12.)

8. 1 Жакан 2:15—17-аяттар жөнөкөй жашаганга кандайча жардам берет?

8 Жөнөкөй жашагыла. Шайтандын дүйнөсүндө көптөр материалдык нерселерди ойлоп тынчсызданышат. Бирок силер андай тынчсыздануулардын Жахабага кызмат кылышыңарга тоскоол болушуна жол бербегиле (Мт. 13:22). Жахабага кызмат кылбаган адамдар же досторуңар, туугандарыңар жакшы эле ниет менен бул дүйнөдө көбүрөөк акча таап, майкөл-сүткөл жашоого үндөшү мүмкүн. Алардын кысымына алдырбагыла. (Окугула: 1 Жакан 2:15—17.) «Жардамга муктаж болгонубузда» зарыл нерселер менен камсыз кыларын убада кылган Жахабага таянгыла. Ал ишенимибизди бек сактоого, жан дүйнөбүздүн тынч болушуна көмөк кылат жана жашоого керектүү нерселердин баарын берет (Евр. 4:16; 13:5, 6).

9. Накыл сөздөр 22:3, 7ге ылайык, зарылдыгы жок карыз алгандан качканыбыз эмне үчүн маанилүү жана туура чечим чыгарууга эмне жардам берет?

9 Зарылдыгы жок эле карыз ала бербегиле. (Окугула: Накыл сөздөр 22:3, 7.) Көчкөндө көп чыгым болуп, оңой эле карызга батып калышыбыз мүмкүн. Мындан качыш үчүн насыяга же карызга акча алып, анча кереги жок нерселерди сатып ала бербегиле. Стресске кабылган учурларда, мисалы, ооруп калган жакыныбызга кам көрүп жатканда канча карыз алганыбыз туура болорун чечүү кыйын болушу мүмкүн. Андайда «тиленүү, жалынуу» акылдуулук менен иш кылууга жардам берерин унутпагыла. Тиленүүңөргө жооп кылып, Жахаба тынчтыгы аркылуу «жүрөгүңөр менен акылыңарды» сактап, тунук ой жүгүрткөнгө жардам бере алат (Флп. 4:6, 7; 1 Пет. 5:7).

10. Жаңы досторду табыш үчүн эмне кылсаңар болот?

10 Досторуңар, жакындарыңар менен жакшы мамиледе болгула. Жакшы досторуңарга, өзгөчө, силердикиндей жагдайга кабылгандарына сезимдериңерди, башыңардан өтүп жаткан окуяларды айтып бергиле. Ошонун аркасында жеңилдеп, өзүңөрдү жакшы сезип каласыңар (Нас. 4:9, 10). Мурунку досторуңар дос бойдон кала берет. Ошентсе да жаңы досторду тапканга аракет кылгыла. Дос күтүш үчүн өзүңөр да дос боло билишиңер керектигин унутпагыла. Анда жаңы досторду табыш үчүн эмне кылсаңар болот? Кызматтан зор кубаныч алып жатканыңарды башкалар сезе алышы үчүн, аларга кызматыңарда болгон кызыктуу окуялардан айтып бергиле. Жыйналыштагы айрым бир туугандар толук убактагы кызматты эмне үчүн жакшы көрөрүңөрдү түшүнбөсө да, башкалары көрсөткөн үлгүңөрдөн улам силерге тартылып, ынак достордон болуп калышыңар мүмкүн. Бирок ошол эле учурда өзүңөргө, кызматтагы жетишкендиктериңерге ашыкча көңүл бурдурбагыла жана терс сезимдериңерге көңүл топтой бербегиле.

11. Дайындооңор өзгөргөнүнө карабай канткенде жубайыңар менен бактылуу өмүр сүрө аласыңар?

11 Эгер өмүрлүк жарыңардын ден соолугунан улам дайындооңорду аркалай албай калсаңар, аны күнөөлөбөгүлө. Же өзүңөр ооруп калсаңар, жубайыңардын ишеничин актай албай калдым деп, өзүңөрдү жей бербегиле. Экөөңөр «бир дене» экениңерди жана баш кошуп жатканда Жахабанын алдында турмуштун ысык-суугун бирге көтөрүп, бири-бириңерге кам көрөрүңөрдү убада кылганыңарды эсиңерден чыгарбагыла (Мт. 19:5, 6). Эгер дайындооңорду токтотууга балалуу болуп калганыңар себеп болсо, балаңарды өзүн күнөөлүү сездиртпегиле. Тескерисинче, аны дайындооңорго караганда көбүрөөк жакшы көрөрүңөргө жана Кудай «берген сыйлык» деп эсептээриңерге ынандыргыла (Заб. 127:3—5). Ошондой эле мурун кызмат кылып жүргөндө болгон кызыктуу окуяларыңардан айтып берип тургула. Ошентсеңер, балаңарга өмүрүн, силерге окшоп, толук убакыт кызматка арноого түрткү бере аласыңар.

БАШКАЛАР КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕ АЛАТ?

12. а) Толук убакыт кызмат кылгандарга кызматын токтотпогонго кантип жардам берсек болот? б) Дайындоосу өзгөргөндөргө жаңы жагдай-шартка көнүп кеткенге кантип көмөк кыла алабыз?

12 Көптөгөн жыйналыштар жана бир туугандар, толук убакыт кызмат кылган ишенимдештери кызматын токтотпошу үчүн, колунан келген жардамын көрсөтүшөт. Алсак, аларды кызматын уланта берүүгө үндөшөт, материалдык жактан колдоо көрсөтүшөт же үй-бүлөсүндөгүлөргө кам көрүүгө жардам беришет (Гал. 6:2). Эгер толук убакыт кызмат кылган бир туугандар силердин жыйналышыңарга дайындалып калса, жакшы кызмат кыла албай калгандыктан же туура эмес иш кылып алгандыктан дайындоосу өзгөрдү деп ойлобогула *. Анын ордуна, батыраак көнүп кетүүгө жардам бергиле. Аларды жылуу тосуп алгыла жана начар ден соолугунан улам көптү кыла албай калышса да, кызматы үчүн мактагыла. Жакыныраак таанышкыла. Билими терең, тажрыйбасы бай болгондуктан жана атайын окутулуп-үйрөтүлгөндүктөн, алардан үйрөнгөнгө аракет кылгыла.

13. Дайындоосу өзгөргөндөргө иш жүзүндө кантип жардам берсек болот?

13 Кызматтын жаңы түрүнө дайындалгандар башында үй-жай, жумуш жана башка зарыл нерселерди табууга жардам беришиңерге муктаж болушу мүмкүн. Ошондой эле аларга кайсы бир кызматтарды колдонуу, алык-салык төлөө сыяктуу күнүмдүк иштерге, коомдук же жеке унаага байланыштуу нерселерди айтып беришибиз керек болоттур. Баарынан маанилүүсү, аларды байкуштай көрбөй, түшүнө билгенибиз жакшы. Балким, алар өздөрү же жакыны ооруп, кыйналып жүргөндүр. Же жакын адамынан айрылып, кабыргасы кайышып жаткандыр *. Андан тышкары, сыртынан билгизбесе да, мурда кызмат кылган жериндеги досторун сагынып жүргөндүр. Ооба, аларга жүрөгүнүн түпкүрүндөгү ушундай кошул-ташыл сезимдерин жайына келтириш үчүн убакыт керек болот.

14. Жергиликтүү жарчылар бир ишенимдешине жаңы дайындоосуна көнүүгө кантип көмөк кылышкан?

14 Силердин жакшы үлгүңөр, кабарга чогуу чыгып, бекемдеп-кубаттап турганыңар аларга жаңы дайындоосуна көнүп кетүүгө жардам берет. Көп жыл бою чет өлкөдө кызмат кылган бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Мурда кызмат кылып жүргөн жеримде ыйык китептик изилдөөлөрдү күнүгө өткөрчүмүн. Ал эми жаңы дайындоомдо атүгүл Ыйык Китептен аят окуп берүү же видео көрсөтүү дээрлик мүмкүн эмес болчу. Бирок жергиликтүү жарчылар мени кайра жолугууларына, изилдөөлөрүнө чакырып турушчу. Ыйык китептик изилдөөлөрдү ийгиликтүү өткөрүп жаткан ал ынталуу, кайраттуу бир туугандардын үлгүсүн көрүп, аймакка карата оң көз карашта боло баштадым. Жаңы аймагымдагы адамдар менен маек курганды үйрөндүм. Ушулардын баары кызматтан кайрадан кубаныч ала баштоого көмөк кылды».

БАГЫНБАЙ АРАКЕТ КЫЛА БЕРГИЛЕ!

Өз өлкөңөрдө көбүрөөк кызмат кылуунун жолдорун издегиле (15, 16-абзацтарды карагыла) *

15. Канткенде жаңы дайындооңордо ийгиликке жете аласыңар?

15 Жаңы дайындооңордо ийгиликке жете аласыңар. Дайындоом жакшы кызмат кылбагандыктан өзгөрдү же мурдагыдай баалуу болбой калдым деп ойлобогула. Анын ордуна, Жахабанын силерди көптөгөн жолдор менен кантип колдоп жатканын баамдагыла жана кабар айтуу ишине катыша бергиле. 1-кылымдагы ишенимдүү бир туугандардан үлгү алгыла. Ыйык Китепте: «Чачырап кеткен шакирттер барган жерлеринде Кудайдын сөзү тууралуу жакшы кабарды жарыялап жүрүштү»,— делет (Элч. 8:1, 4). Кабар айтуу ишинде күжүрмөн эмгектенгениңер жакшы жемиш бериши мүмкүн. Мисалы, бир өлкөдөн куулуп чыгарылган пионерлер алардын тилинде сүйлөгөн жарчыларга муктаждык абдан чоң болгон кошуна өлкөгө көчүп барышкан. Бир нече эле айдын ичинде алардын тилинде сүйлөгөн көптөгөн адамдар кабарга кызыгып, жаңы топтор уюшулган.

16. Жаңы дайындооңордон кубаныч алыш үчүн эмне кылсаңар болот?

16 Некемия жүйүттөргө «Жахаба берген кубаныч» алар үчүн чеп, башкача айтканда, күч болорун айткан (Нек. 8:10). Биз дайындообузду канчалык жакшы көрбөйлү, андан эмес, биринчи кезекте Жахаба менен болгон мамилебизден кубаныч алышыбыз керек. Ошондуктан Жахабадан жетекчилик, акылмандык беришин, колдоо көрсөтүшүн сурап, аны менен болгон мамилеңерди мындан ары да бекем сактагыла. Мурунку дайындооңорду башкаларга жардам берүүгө көп күч-аракет жумшагандыктан жакшы көрүп калганыңарды унутпагыла. Андыктан азыр да бүт жүрөгүңөр менен кызмат кыла берсеңер, Жахабанын жаңы дайындооңорду жакшы көрүүгө жардам берип жатканын сезесиңер (Нас. 7:10).

17. Учурдагы дайындообузга байланыштуу эмнени унутпашыбыз керек?

17 Жахабага кылган кызматыбыз түбөлүккө созуларын, ал эми учурдагы дайындообуз убактылуу экенин эсиңерден чыгарбагыла. Жаңы дүйнөдө баарыбыздын тең дайындообуз өзгөрүшү мүмкүн. Жогоруда кеп кылынган Алексей азыркы учурда башынан өткөрүп жаткан нерселер аны келечекке даярдап жатканына ишенерин айтат. Ал: «Мен Жахабанын бар экенине жана жаңы дүйнөнүн орнооруна эч качан шектенчү эмесмин. Бирок азыр өзүмдү Жахабага чындап жакын сезем жана жаңы дүйнөнүн босогодо турганына бекем ишенем»,— дейт (Элч. 2:25). Учурда дайындообуз кандай болбосун, Жахаба менен болгон мамилебизди бекем сактайлы. Ал бизди эч качан таштабайт, ошондой эле каерде кызмат кылбайлы жана кызматтын кайсы түрүн аткарбайлы, кубаныч алууга сөзсүз жардам берет (Ыш. 41:13).

90-ЫР: Бири-бирибизди бекемдейли

^ 5-абз. Толук убакыт кызмат кылган кээ бир ишенимдештерибиз дайындоосун токтотууга аргасыз болушу же кызматтын башка түрүнө дайындалышы мүмкүн. Бул макалада алардын кандай кыйынчылыктарга кабыларын, өзгөрүүгө кантип ылайыкташа аларын талкуулайбыз. Ошондой эле аларга башкалар кантип колдоо көрсөтө аларын жана дегеле баарыбызга өзгөрүүлөргө ылайыкташууга Ыйык Китептеги кайсы принциптер жардам берерин карап чыгабыз.

^ 4-абз. Бул макалада айтылган толук убакыт кызмат кылгандар атайын пионерлерди, райондук көзөмөлчүлөрдү, бейтелдиктерди, миссионерлерди, курулуш кызматчыларын билдирет.

^ 4-абз. Мындан тышкары, жоопкерчиликтерди аркалап келген көптөгөн бир туугандар белгилүү бир куракка жеткенде милдеттерин жашыраактарына өткөрүп беришет. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2018-жыл, сентябрь, «Кадырман карылар, Жахаба берилгендигиңерди жогору баалайт!» жана «Күзөт мунарасы», 2018-жыл, октябрь, «Жагдайыбыз өзгөрсө да, жан дүйнө тынчтыгын сактай алабыз».

^ 12-абз. Алар жаңы жыйналышында пионер, аксакал же кызмат жардамчысы катары кызматын уланта алышы үчүн, мурунку жыйналышындагы аксакалдар мүмкүн болушунча эртерээк мүнөздөмө жазып бериши керек.

^ 13-абз. Карагыла: «Ойгонгула!», 2018-жыл, № 3, «Күйүт тарткандарга эмне жардам берет?» деген катар макалалар.

^ 58-абз. СҮРӨТ. Башка өлкөдө кызмат кылып жүргөн жана миссионердик кызматын токтотууга туура келген жубайлар көзүнө жаш алып, жыйналышы менен коштошуп жатышат.

^ 60-абз. СҮРӨТ. Өз өлкөсүнө кайтып келгенден кийин алар Жахабадан кыйынчылыктары менен күрөшүүгө жардам беришин сурап, көп тиленишкен.

^ 62-абз. СҮРӨТ. Жахабанын жардамы менен ал жубайлар толук убакыт кызмат кылууда. Алар жер которуп келгендерге миссионер болуп жүргөндө үйрөнгөн тилинде жакшы кабар айтууда.