Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

40-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Акыркы күндөрдүн» соңунда кызмат менен алек бололу!

«Акыркы күндөрдүн» соңунда кызмат менен алек бололу!

«Бекем, туруктуу болгула жана... Теңирдин ишин аткаруу үчүн дайыма көп эмгектенгиле» (1 КОР. 15:58).

58-ЫР: Тынчтыкты эңсегендерди издейли

БУЛ МАКАЛАДА *

1. «Акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызга эмне үчүн бекем ишенебиз?

СИЛЕР 1914-жылдан кийин төрөлгөнсүңөрбү? Эгер ошондой болсо, төрөлгөндөн тартып эле бул дүйнө түзүлүшүнүн «акыркы күндөрүндө» жашап келатасыңар (2 Тим. 3:1). Баарыбыз эле Исанын акыркы күндөр жөнүндө айткандары аткарылып жатканын угуп келатабыз. Ал согуштардын, ачарчылыктын, жер титирөөлөрдүн, ар кандай жугуштуу оорулардын болорун, мыйзамсыздыктын күч аларын жана Жахабанын элинин куугунтукталарын айткан (Мт. 24:3, 7—9, 12; Лк. 21:10—12). Андан тышкары, биз элчи Пабылдын акыркы күндөрдө адамдардын кандай болору жөнүндө алдын ала айткандарынын аткарылып жатканына күбө болуудабыз. (« Акыркы күндөрдө адамдар кандай болмок?» деген кутучаны карагыла.) Ооба, Жахабанын кызматчылары катары биз «акыркы күндөрдүн» соңунда жашап жатканыбызга бекем ишенебиз (Мик. 4:1).

2. Кайсы суроолорго жооп алганыбыз маанилүү?

2 1914-жылдан бери абдан көп убакыт өткөндүктөн, «акыркы күндөр» бүтүп бараткан мезгилде жашап жатканыбыз шексиз. Дүйнөнүн акырына аябай аз калгандыктан, мындай суроолорго жооп алганыбыз маанилүү: «Акыркы күндөрдүн» соңунда кандай окуялар болот? Ал окуялар болгонго чейин Жахаба биздин эмне кылышыбызды каалайт?

«АКЫРКЫ КҮНДӨРДҮН» СОҢУНДА КАНДАЙ ОКУЯЛАР БОЛОТ?

3. 1 Тесалоникалыктар 5:1—3-аяттарга ылайык, дүйнө төбөлдөрү жакында эмнени жарыялашат?

3 Окугула: 1 Тесалоникалыктар 5:1—3. Бул аяттарда Пабыл «Жахабанын күнү» тууралуу сөз кылган. Контексттен көрүнүп тургандай, ал күн жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон «Улуу Бабылга» кол салынганда башталып, Армагедон согушу менен аяктай турган мезгилди билдирет (Аян 16:14, 16; 17:5). Ошол күн башталардын алдында: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп жар салынат. Азыркы учурда дүйнө төбөлдөрү улуттар аралык мамилени жакшыртуу жөнүндө сүйлөшкөндө кээде ушул сыяктуу сөздөрдү колдонуп калышат *. Бирок Ыйык Китепте жазылган: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деген жарыя башкача болот. Эмне үчүн? Ал жарыяланганда, элдер дүйнө төбөлдөрү жер бетине коопсуздук орнотууда ийгиликке жетишти деп ойлошот. Бирок, чынында, «улуу алаамат» башталып, «алардын кыйратылуусу... капысынан келет» (Мт. 24:21).

Дүйнө төбөлдөрүнүн: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деген жалган жарыясына алданып калбагыла (3—6-абзацтарды карагыла) *

4. а) «Тынчтык жана коопсуздук!» деген жарыя жөнүндө эмнелерди билбейбиз? б) Ал жөнүндө эмнелерди билебиз?

4 Биз «тынчтык жана коопсуздуктун» жарыяланышы жөнүндө кээ бир нерселерди билебиз. Бирок айрым нерселер азырынча белгисиз. Маселен, анын эмнеден улам жана кантип жарыяланарын билбейбиз. Ошондой эле ал бир эле жолу жар салынабы же бир нече ирет айтылабы, так айта албайбыз. Кандай болбосун, бир нерсени так билебиз: адамдык өкмөттөр эч качан дүйнө жүзү боюнча тынчтык орното албайт. Андыктан алардын калпына ишенип калбашыбыз керек. Анткендин ордуна, анын Ыйык Китепте көңүл бурушубуз керектиги айтылган жарыя экенин унутпашыбыз зарыл. Себеби ал жарыя «Жахабанын күнү» башталайын деп жатканынан кабар берген белги болот.

5. 1 Тесалоникалыктар 5:4—6-аяттар «Жахабанын күнүнө» даяр турганга кандайча жардам берет?

5 Окугула: 1 Тесалоникалыктар 5:4—6. Пабылдын эскертүүсүнөн «Жахабанын күнүнө» даяр болуш үчүн эмне кылышыбыз керектигин билүүгө болот. Ал күнгө даяр болуш үчүн «башкаларга окшоп уктабай», «сергек турушубуз» кажет. Маселен, дүйнөнүн саясий иштерине аралашып кетип, бейтараптуулугубузду сактабай калуудан сак болгонубуз маанилүү. Анткени саясатка аралашсак, «бул дүйнөгө таандык» болуп калабыз (Жкн. 15:19). Биз жер бетине тынчтыкты Кудайдын Падышалыгы гана орноторун жакшы билебиз.

6. Башкаларга эмне кылууга жардам бергибиз келет жана эмне үчүн?

6 Өзүбүз сергек тургандан сырткары, башкаларга азыркы дүйнөнүн келечеги тууралуу Ыйык Китепте эмнелер айтылганын түшүндүрүп, «ойгонууга» жардам бергибиз келет. Муну азыр кылганыбыз зарыл. Себеби улуу алаамат башталганда, Жахабага сыйына баштоого өтө эле кеч болуп калат. Ошондуктан кабар айтуу иши — шашылыш иш! *

КАБАР АЙТУУ ИШИНЕ ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШАЛЫ

Кабар айтуу менен жер бетине чыныгы коопсуздукту Кудайдын Падышалыгы гана орноторун көрсөтөбүз (7—9-абзацтарды карагыла)

7. Жахаба азыр эмне кылышыбызды каалайт?

7 Жахаба өзүнүн «күнү» башталганга чейинки кыска убакытты туура колдонуп, кабар айтуу ишине колубуздан келишинче көбүрөөк катышышыбызды каалайт. «Теңирдин ишин аткаруу үчүн дайыма көп эмгектенип» жаткан-жатпаганыбызды текшерип турганыбыз маанилүү (1 Кор. 15:58). Иса биздин кайсы иш менен алек болорубузду алдын ала айткан. Ал акыркы күндөрдө боло турган мааниси терең окуялар тууралуу айтып жатып: «Ошондой эле баарынан мурда бүт элдерге жакшы кабар таратылышы керек»,— деп кошумчалаган (Мр. 13:4, 8, 10; Мт. 24:14). Бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр: кызматка чыккан сайын, силер Ыйык Китептеги ушул пайгамбарлыктын аткарылышына салым кошосуңар!

8. Кабар айтуу ишинин ийгиликтүү жүрүп жатканын эмне көрсөтүп турат?

8 Кабар айтуу иши канчалык ийгиликтүү жүрүп жатат? Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарга кулак каккандар жылдан жылга көбөйүүдө. Акыркы күндөр башталгандан бери, Падышалыктын жарчыларынын саны дүйнө жүзү боюнча абдан өстү. Алсак, 1914-жылы 43 өлкөдө 5155 жарчы бар болсо, бүгүнкү күндө 240 өлкөдө 8 жарым миллиондой жарчы кызмат кылууда! Ошентсе да кабар айтуу иши аягына чыга элек. Биз адамзаттын бардык көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы гана чечип берерин жарыялай беришибиз керек (Заб. 145:11—13).

9. Эмне үчүн Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялай беришибиз зарыл?

9 Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды Жахаба бүттү дегиче жарыялай беребиз. Башкалардын Жахаба Кудайды жана Иса Машаякты таанып-билүүгө дагы канча убактысы бар? (Жкн. 17:3). Муну эч кимибиз билбейбиз. Бир билгенибиз, «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта» болгондордун улуу алаамат башталганга чейин жакшы кабарга кулак кагып, иш-аракет кылууга мүмкүнчүлүгү бар (Элч. 13:48). Өтө кеч болуп кала электе аларга кантип жардам бере алабыз?

10. Башкаларга чындыкты таанууга жардам беришибиз үчүн, Жахаба эмне кылууда?

10 Башкаларга чындыкты таанууга жардам бере алышыбыз үчүн, Жахаба уюму аркылуу бизге керектүү нерселердин баарын берүүдө. Мисалга жума сайын өткөрүлгөн иш күндөрүндөгү жолугушууну алалы. Ал жолугушуудан адамга алгачкы жолу кезиккенде жана кайра жолугууга барганда кантип маек курсак болорун үйрөнөбүз. Ошондой эле ыйык китептик изилдөөлөрдү кантип өткөрсөк болорун да билебиз. Мындан сырткары, Жахабанын уюму бизди негизги окутуу куралдары менен камсыз кылып келет. Ал куралдар төмөнкү нерселерди кылууга көмөк кылат:

  • сөз баштоо,

  • кабарды кызыктуу кылып айтуу,

  • башкаларга Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билгенге түрткү берүү,

  • изилдөө өткөрүүдө Ыйык Китептеги чындыкты окутуу,

  • кызыккандарды веб-сайтыбызга кирүүгө үндөө жана Падышалык залына чакыруу.

Албетте, ал куралдардын бар болгону жетишсиз. Биз аларды колдонушубуз керек *. Мисалы, жакшы кабарга кызыгып калган киши менен маектешкенден кийин ага баракча же журнал таштап кетсек, кийинки жолу жолукканга чейин анын ал адабиятты окуганга мүмкүнчүлүгү болот. Кабар айтуу ишине ай сайын колубуздан келишинче катышуу — ар бирибиздин милдетибиз.

11. «Ыйык Китепти онлайн изилдөө» деген бөлүк кандай максатта чыгарылган?

11 Жахаба башкаларга чындыкты таанып-билүүгө дагы бир жол менен жардам берүүдө. Ал — jw.org® сайтындагы «Ыйык Китепти онлайн изилдөө» деген бөлүк *. Ал кандай максатта чыгарылган? Ай сайын дүйнө жүзү боюнча он миңдеген адамдар Интернеттен Ыйык Китеп тууралуу маалымат издешет. Биздин веб-сайттагы ошол бөлүк аларга Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты билүүгө жардам бериши ыктымал. Ошондой эле кызматта жолуктурган айрым адамдар тартынгандыктан Ыйык Китепти чогуу отуруп изилдөөгө макул болбошу мүмкүн. Аларга веб-сайтыбыздагы ошол бөлүктү көрсөтүп берсек же анын шилтемесин жөнөтсөк болот.

12. «Ыйык Китепти онлайн изилдөө» деген бөлүктө кандай темалар бар?

12 «Ыйык Китепти онлайн изилдөө» деген бөлүктө төмөнкүдөй бөлүмчөлөр бар: «Ыйык Китеп жана анын Автору», «Ыйык Китептен кимдер тууралуу билебиз?» жана «Ыйык Китептеги жакшы кабар». Ал бөлүмчөлөрдө төмөнкү суроолор каралат:

  • Ыйык Китеп адамга кантип жардам бере алат?

  • Жахаба, Иса жана периштелер деген кимдер?

  • Кудай адамдарды эмне үчүн жараткан?

  • Эмне үчүн азап-кайгы, жамандык көп болууда?

Ошондой эле Жахабанын кантип...

  • азап-кайгы менен өлүмдү жок кылары,

  • өлгөндөрдү тирилтери,

  • ийгиликке жетпеген өкмөттөрдү өзүнүн Падышалыгы менен алмаштырары талкууланат.

13. Онлайн изилдөө Ыйык Китепти кимдир бирөөнүн жардамы менен изилдөөнү алмаштыра алабы? Түшүндүргүлө.

13 Ыйык Китепти онлайн изилдөө аны кимдир бирөөнүн жардамы менен изилдөөнү алмаштыра албайт. Иса бизге шакирт даярдоо сыймыгын тапшырган. Биз Ыйык Китепти онлайн түрүндө изилдегендер окуп-билгендерин баалап, дагы көбүрөөк билим алгысы келет деп ишенебиз. Эгер ошондой болсо, алар ыйык китептик изилдөөгө макул болушу мүмкүн. Ар бир сабактын соңунда окурманга кимдир бирөөнүн ага Ыйык Китепти изилдөөгө жардам беришин сурап купон толтурса болору сунуш кылынат. Веб-сайтыбыз аркылуу күн сайын дүйнө жүзү боюнча, орто эсеп менен алганда, 230дан ашуун киши Ыйык Китепти изилдегиси келерин билдирет. Ооба, Ыйык Китепти кимдир бирөө менен чогуу изилдөө абдан маанилүү!

ШАКИРТ ДАЯРДОО ИШИНЕ ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШАЛЫ

14. Исанын Матай 28:19, 20дагы көрсөтмөсүнө ылайык, эмне кылууга колубуздан келишинче аракет кылышыбыз керек жана эмне үчүн?

14 Окугула: Матай 28:19, 20. Кимдир бирөө менен Ыйык Китепти изилдегенде Исанын: «Шакирт даярдагыла... Аларга силерге буйруганымдын баарын аткарууну үйрөткүлө»,— деген сөздөрүн аткарууга колубуздан келишинче аракет кылышыбыз кажет. Биз адамдарга Жахаба тарапты ээлөө жана анын Падышалыгын колдоо алар үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнүүгө жардам беришибиз зарыл. Бул аларга билгендерин жашоосунда колдонууга, өмүрүн Жахабага арноого, чөмүлүүгө түрткү берүүнү билдирет. Алар ушундай иш-аракеттерди кылганда гана Жахабанын күнүнөн аман өтө алышат (1 Пет. 3:21).

15. Убактыбызды эмнеге короткубуз келбейт жана эмне үчүн?

15 Буга чейин билгенибиздей, бул дүйнөнүн аягы улам жакындап, убакыт барган сайын аз калып баратат. Андыктан Ыйык Китепти изилдеп жүргөн киши Машаяктын жолдоочусу болуш үчүн тийиштүү өзгөрүүлөрдү кылууну каалабаса, ага убактыбызды кетиргибиз келбейт (1 Кор. 9:26). Биздин иш аябай шашылыш! Падышалык жөнүндөгү кабарды кеч болуп кала электе жеткиришибиз керек болгон адамдар дагы деле көп.

ЖАЛГАН ДИНГЕ БАЙЛАНЫШЫ БАР НЕРСЕЛЕРДИН БААРЫНАН АЛЫС БОЛОЛУ

16. Аян 18:2, 4, 5 жана 8-аяттарга ылайык, баарыбыз эмне кылууга тийишпиз? (Шилтемени да карагыла.)

16 Окугула: Аян 18:2, 4, 5, 8. Бул аяттардан Жахабанын өзүнүн кызматчыларынын дагы эмне кылышын каалаарын көрүүгө болот. Жахабага сыйынгандардын баары жалган дин менен эч бир жагынан байланышпашы керек. Алсак, Ыйык Китепти изилдеп жаткан адам чындыкты билгенге чейин кайсы бир жалган диндин мүчөсү болгондур. Балким, ал ошол диндин каадаларына же кандайдыр бир иш-чараларына катышып же акча тартуу кылып жүргөндүр. Эгер ал чөмүлө элек жарчы болгусу келсе, жалган дин менен болгон бардык байланышын үзүшү керек. Ан үчүн мындан ары мурунку чиркөөсүнүн же Улуу Бабылга тиешеси бар башка диний уюмдун мүчөсү болбой турганын кат жүзүндө билдириши же аны менен болгон байланышын үзгөнүн дагы башка жол менен көрсөтүшү талап *.

17. Исанын жолдоочусу жумуштун кандай түрлөрүнөн качышы керек жана эмне үчүн?

17 Исанын жолдоочусу иштеген жумушунун Улуу Бабыл менен эч кандай байланышы жок экенине көзү жеткидей болушу керек (2 Кор. 6:14—17). Маселен, ал чиркөөгө жалданып иштемек эмес. Андан тышкары, кайсы бир фирмада иштесе жана ага жалган динге таандык имаратта узакка созулган иштер тапшырылса, андан баш тартмак. Же анын жеке ишканасы болсо, Улуу Бабылга байланышы бар иштер сунуш кылынганда, ал макул болмок эмес же өзү ошондой иштерди аткарып берүүнү сунуштамак эмес. Эмне үчүн бул нерседе өзгөчө бекем болушубуз керек? Анткени Кудайдын көз алдында таза эмес деп эсептелген диний уюмдардын иштери менен күнөөлөрүнө ортоктош болгубуз келбейт (Ыш. 52:11) *.

18. Бир ишенимдешибиз жумушка байланыштуу чечим чыгарууда кантип Ыйык Китептеги принциптерге ылайык иш кылган?

18 Бир канча жыл мурун өз алдынча иш жүргүзгөн бир аксакалга курулуш ишин жетектеген бир киши кайрылып, ошол шаардагы чиркөөгө барып, жыгач уста кылчу бир ишти жасап беришин суранган. Ишенимдешибиз башкаларга чиркөөдөгү иштерди кылууга макул болбой турганын дайыма айткандыктан, муну тиги киши да билчү. Бирок бул жолкусунда ал эч кимди таппай койгон болчу. Ал киши аябай суранса да, ишенимдешибиз Ыйык Китептеги принциптерге бекем карманып, анын сунушуна макул болгон эмес. Кийинки жумада жергиликтүү гезитке чиркөөгө айкаш жыгачты кадап жаткан башка устанын сүрөтү чыккан. Эгер бир тууганыбыз ошол ишти кылууга макул болгон болсо, гезитке анын сүрөтү чыкмак. Анда анын жакшы аты ишенимдештеринин алдында булганмак. Жахабанын жүрөгү да оорумак!

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛДИК?

19, 20. а) Бул макаладан эмнелерди билдик? б) Кийинки макаладан эмнелерди билебиз?

19 Ыйык Китептеги пайгамбарлыкка ылайык, жакында дүйнө жүзү боюнча чоң окуя болот, тактап айтканда, дүйнө төбөлдөрү: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп жарыялашат. Бирок Жахаба алдын ала ачып бергендиктен, биз адамдардын узакка созулган чыныгы тынчтыкты орното албай турганын билебиз. «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп жарыяланганга чейин жана анын артынан күтүлбөгөн жерден боло турган кыйратылуу башталганга чейин эмне кылышыбыз керек? Жахаба бизден Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялоого жигердүү катышууну жана көбүрөөк шакирт даярдоого аракет кылууну күтөт. Ошол эле учурда биз жалган диндердин баарынан алыс болушубуз керек. Бул өз ичине Улуу Бабылга кирген эч бир диндин мүчөсү болбоону жана аны менен байланышы бар жумуштарды аткарбоону камтыйт.

20 «Акыркы күндөр» аяктап бараткан маалда, «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп жарыялангандан кийин, дагы башка окуялар болот. Ошол убакта Жахаба биздин дагы башка нерселерди кылышыбызды каалайт. Алар эмнелер? Жакынкы келечекте боло турган окуяларга кантип даярдансак болот? Булар тууралуу кийинки макаладан билебиз.

71-ЫР: Биз Кудайдын аскерибиз!

^ 5-абз. Биз жакында дүйнө төбөлдөрү «тынчтык жана коопсуздукту» орнотушканын жарыялашат деп күтүүдөбүз. Ал улуу алааматтын башталайын деп калганын көрсөткөн белги болот. Жахаба биздин ошол убакта жана ага чейин эмне кылышыбызды каалайт? Бул макаладан ушул суроого жооп алабыз.

^ 3-абз. Мисалы, Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн веб-сайтында «элдер арасында тынчтык менен коопсуздуктун болушуна кам көрөрүн» билдирген.

^ 6-абз. Ушул сандагы «Кудайдын сот өкүмдөрү. Ал жетиштүү түрдө эскертеби?» деген макаланы карагыла.

^ 10-абз. Негизги окутуу куралдарын кантип колдонсо болорун билиш үчүн 2018-жылдын октябрь айындагы «Күзөт мунарасына» чыккан «Чындыкты окуталы» деген макаланы карагыла.

^ 11-абз. Бул бөлүк азырынча англис жана португал тилдеринде эле бар. Кийинчерээк көбүрөөк тилде чыгат.

^ 16-абз. Андан тышкары, жаштардын лагерин же эс алуу борборлорун уюштурган кайсы бир уюмдун жалган дин менен байланышы бар болсо, биз ага мүчө болбойбуз. Мисалы, айрым жерлерде диний уюмдар спорт ийримдерин, бассейндерди, ден соолукту чыңдоо борборлорун, мектептерди же тил үйрөнүү курстарын ачышат. Ал уюмдардын жергиликтүү филиалдары иш-чараларын дин менен байланышы жоктой кылып көрсөтүшсө да, чынында, түбү динге барып такаларын жана диний максаттарды көздөөрүн эстен чыгарбашыбыз кажет.

^ 17-абз. Жалган динге байланышы бар жумуштарда иштөөгө байланыштуу Ыйык Китептеги принциптер тууралуу көбүрөөк билиш үчүн бул журналды карагыла: «Күзөт мунарасы», 1999-жыл, 15-апрель, «Окурмандардын суроолору», ор.

^ 83-абз. СҮРӨТ. Кафеде отургандар телевизордон «тынчтык жана коопсуздуктун» жарыяланышы жөнүндөгү жаңылыктарды кызыгып көрүп жатышат. Кызматтан кийин шам-шум эткени кирген чындык жолундагы жубайлар ал жарыяга алданышкан жок.