Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

44-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Дүйнөнүн акыры келгиче, достугубузду чыңдайлы

Дүйнөнүн акыры келгиче, достугубузду чыңдайлы

«Чыныгы дос ар убак сүйөт» (НАКЫЛ 17:17).

101-ЫР: Биримдикте кызмат кылабыз

БУЛ МАКАЛАДА *

«Улуу алааматта» жакшы досторго муктаж болобуз (2-абзацты карагыла) *

1, 2. 1 Петир 4:7, 8ге ылайык, оор учурда бизге эмне жардам берет?

«АКЫРКЫ КҮНДӨРДҮН» аягы жакындаган сайын, оор кыйынчылыктарга туш болушубуз мүмкүн (2 Тим. 3:1). Маселен, батыш Африкадагы бир өлкөдө шайлоо өткөндөн кийин, эл ичинде жаңжал тутанып, зордук-зомбулук күч алган. Ал аймактагы бир туугандар алты айдан ашык убакыт бою эки жакка эркин чыга албай калышкан. Ошол оор учурда аларга эмне жардам берген? Айрымдары коопсузураак аймакта жашаган ишенимдештеринин үйүндө баш калкалашкан. Бир бир тууган: «Ошондой кыйын жагдайда жанымда досторумдун болгонуна аябай сүйүнгөм. Биз бири-бирибизди бекемдеп жаттык»,— деп бөлүшкөн.

2 «Улуу алаамат» башталганда, бизди жакшы көргөн досторубуздун болгонуна абдан кубанабыз (Аян 7:14). Андыктан достугубузду азыр чыңдаганыбыз маанилүү. (Окугула: 1 Петир 4:7, 8.) Бул жагынан Жеремия пайгамбардын башынан өткөндөрдөн көп нерсеге үйрөнө алабыз. Достору ага Иерусалимдин талкаланарына аз калган коогалаңдуу убакта аман калганга жардам беришкен *. Жеремияны кантип туурасак болот?

ЖЕРЕМИЯДАН ЭМНЕГЕ ҮЙРӨНСӨК БОЛОТ?

3. а) Жеремия эмнеден улам эч ким менен мамилелешпей калышы мүмкүн эле? б) Жеремия Барух деген катчысы менен эмнелерди бөлүшүп турган жана анын натыйжасы кандай болгон?

3 40 жыл же андан ашуун убакыт бою Жеремия ишенимсиз адамдардын курчоосунда жашаган. Алардын арасында өзү чоңоюп-өскөн Анатот шаарынан болгон кошуналары жана сыягы, айрым туугандары бар болчу (Жер. 11:21; 12:6). Бирок Жеремия эч ким менен мамилелешпей, обочолонуп калган эмес. Ал ой-сезимдерин Барух деген берилген катчысы менен бөлүшүп турган. Барухтун жазгандарынан Жеремиянын кандай сезимде болгонун биз да биле алабыз (Жер. 8:21; 9:1; 20:14—18; 45:1). Жеремиянын жашоосунда болгон окуяларды жазуунун аркасында Барух менен Жеремиянын бири-бирин урматтап-сыйлаган, жакшы көргөн достордон болуп калганы шексиз (Жер. 20:1, 2; 26:7—11).

4. Жахаба Жеремияга эмне кылууну буйруган жана ал ишти аткаруу Жеремия менен Барухтун достугун кандайча чыңдаган?

4 Бир топ жыл бою Жеремия ысрайылдыктарга Иерусалимдин эмне болорун тайманбастык менен эскерткен (Жер. 25:3). Жахаба элинин өкүнүшүн абдан каалагандыктан, аларга андан ары да түрткү бериш үчүн Жеремияга анын эскертүүлөрүн түрмөккө жазууну буйруган (Жер. 36:1—4). Ал тапшырманы аткарууда Жеремия менен Барух, сыягы, бир нече ай тыгыз кызматташкан. Алардын пикирлешип, бири-биринин ишенимин бекемдегени күмөнсүз.

5. Барух Жеремиянын чыныгы досу экенин кантип көрсөткөн?

5 Түрмөктү жазып бүтүшкөндөн кийин, Жеремия досу Барухка ишенип, андан түрмөктөгү кабарды башкаларга жеткирүүнү суранган (Жер. 36:5, 6). Барух кайраттуулук көрсөтүп, ал кооптуу ишти аткарган. Ал ибадаткананын короосуна барып, түрмөктө жазылгандарды элге окуп бергенде, Жеремиянын аны менен кандай гана сыймыктанганын элестетсеңер (Жер. 36:8—10). Барухтун эмне кылганын уккан жүйүт төрөлөрү ага түрмөктү аларга да окуп беришин буйрук кылышкан (Жер. 36:14, 15). Алар Жеремиянын сөздөрүн Жаяким падышага да билдирүүнү чечишкен. Бирок Барухтун коопсуздугун ойлошкондуктан ага: «Бар да, Жеремия экөөң бир жерге жашынгыла, силердин каякта экениңерди эч ким билбесин»,— дешкен (Жер. 36:16—19). Алардын айткан акылы абдан туура болгон.

6. Каршылык көрсөтүлгөндө, Жеремия менен Барух эмне кылган?

6 Жеремиянын сөздөрүн укканда каары кайнаган Жаяким падыша түрмөктү өрттөп, Жеремия менен Барухту кармап келүүнү буйрук кылган. Бирок Жеремия коркуп калган эмес. Ал башка түрмөк алып, Барухка берген да, ага Жахабанын сөздөрүн айта баштаган. Ошентип, Барух «Жүйүт падышасы Жаяким отко таштаган китептеги сөздөрдүн баарын» кайра жазып алган (Жер. 36:26—28, 32).

7. Жеремия менен Барухтун чогуу кызматташканы кандай натыйжа берген?

7 Турмуштун ысык-суугун чогуу көргөндөр адатта бири-бирине ынак болуп калышат. Андыктан канкор падыша Жаяким өрттөп салган түрмөктөгү сөздөрдү кайра жазып жатканда Жеремия менен Барухтун да бири-биринин сапаттарын ого бетер баалап калышканы бышык. Кудайдын ошол ишенимдүү эки кызматчысынан кандай үлгү алсак болот?

ОЙ-СЕЗИМДЕРИБИЗДИ ДОСТОРУБУЗ МЕНЕН БӨЛҮШҮҮ

8. Достук мамилелерди өрчүтүшүбүзгө эмнелер тоскоолдук кылышы мүмкүн, бирок эмне үчүн багынбашыбыз керек?

8 Эгер мурун кимдир бирөө көңүлүбүздү ооруткан болсо, ой-сезимдерибизди башкаларга айтуу кыйын болушу мүмкүн (Накыл 18:19, 24). Же болбосо достук мамилелерди өрчүтүүгө убактыбыз, күчүбүз жетпечүдөй сезилип жаткандыр. Кандай болбосун, багынбашыбыз керек. Эгер кыйынчылык учурунда ишенимдештерибиздин жаныбызда болушун кааласак, аларга ишеним артууга, ойлорубуз менен сезимдерибизди бөлүшүүгө азыртадан үйрөнүшүбүз керек. Бул — чыныгы достукка жол ачкан маанилүү кадамдардын бири (1 Пет. 1:22).

9. а) Иса досторуна ишенерин кантип көрсөткөн? б) Ачык пикир алышуу башкалар менен болгон мамилеңерди кандайча чыңдайт? Мисал келтиргиле.

9 Иса достору менен ачык пикирлешип, аларга ишенерин көрсөткөн (Жкн. 15:15). Ага окшоп, биз да кубанычыбызды жана тынчсыздандырган, жүрөгүбүздү ооруткан нерселерибизди башкалар менен бөлүшсөк болот. Кимдир бирөө ичиндегисин айтып жатканда, кунт коюп уксаңар, анын ойлору, сезимдери, максаттары көп жагынан силердикине окшош экенин байкашыңар мүмкүн. Мисалга 29 жаштагы Синди деген ишенимдешибизди алалы. Ал Мария-Луис деген 67 жаштагы пионер бир тууган менен дос болуп калган. Экөө бейшемби сайын эртең менен чогуу кабарга чыгышат жана ар кандай темада ээн-эркин пикирлешишет. Синди: «Мага досторум менен маанилүү нерселер жөнүндө сүйлөшкөн аябай жагат, себеби бул аларды жакшыраак таанып-билгенге, түшүнгөнгө жардам берет»,— дейт. Жылуу-жумшак, ачык пикир алышуу достугубуздун бекем болушуна өбөлгө түзөт. Синдиге окшоп, башкаларга ой-сезимдерибизди ачык айтып, алар менен жакшы маанайда сүйлөшсөк, ортодогу мамилебиз чыңдалат (Накыл 27:9).

ЧОГУУ КЫЗМАТТАШУУ

Жакшы достор чогуу кызмат кылышат (10-абзацты карагыла)

10. Накыл сөздөр 27:17де жазылгандай, ишенимдештерибиз менен кызматташуунун натыйжасы кандай болот?

10 Жеремия менен Барухка окшоп, ишенимдештерибиз менен кызматташып, сонун сапаттарын көргөндө алардан көп нерсе үйрөнүп, ынак болуп калабыз. (Окугула: Накыл сөздөр 27:17.) Мисалы, кайсы бир бир тууган менен кызматка чыгып, анын ишенимин кайраттуулук менен коргоп жатканын же Жахаба жана анын ой-ниети тууралуу жан-дили менен айтып жатканын көргөндө кандай сезимде болосуңар? Аны мурдагыдан да жакшы көрүп каларыңар шексиз.

11, 12. Кызматка чогуу чыгуу достугубузду чыңдоого кандайча жардам берерин көрсөткөн мисал айтып бергиле.

11 Чогуу кызмат кылуу адамдарды бири-бирине жакындатарын көрсөткөн эки окуяга токтололу. 23 жаштагы Аделина досу Кандистен аны менен чогуу сейрек иштетилген аймакка барып кызмат кылууну суранган. Ал: «Биз мурдагыдан да жигердүү кабар айтууну, кызматтан көбүрөөк кубаныч алууну каалаганбыз. Экөөбүзгө тең андан ары да Жахабага эң жакшысын берүүгө түрткү бере турган нерсе керек болчу»,— дейт. Бири-бири менен кызматташуудан алар кандай пайда алышкан? Аделина мындай дейт: «Күн сайын кечинде кандай сезимде болгонубузду, кабарда башкалар менен маектешүү эмнеси менен бекемдээрлик болгонун, кызматта Жахабанын жетекчилигин кантип сезгенибизди бири-бирибиз менен бөлүшчүбүз. Мындан экөөбүз тең кубаныч алчубуз жана ошондой пикирлешүүнүн аркасында бири-бирибизди жакшыраак билип калдык».

12 Франциялык бойдок бир туугандар Лайлэ менен Марианне Борбордук Африка Республикасынын борбор калаасы болгон жана эл жыш отурукташкан Банги шаарына 5 жумага кабар айтканы барышкан. Лайлэ мындай деп эскерет: «Марианне экөөбүздүн ортобузда кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок ачык пикирлешүү жана бири-бирибизге болгон сүйүү достугубузду чыңдаганга жардам берди. Марианненин ылайыкташа билгенин, жергиликтүү элди жакшы көргөнүн, ынталуу кызмат кылганын көрүп, аны мурдагыдан да баалап калдым». Чогуу кызмат кылуудан ушундай пайда алыш үчүн башка өлкөгө көчүп баруунун зарылдыгы жок. Өзүңөрдүн эле жериңерде кайсы бир ишенимдешиңер менен кызматка чыккан сайын, аны жакшыраак таанып-билүүгө жана достугуңарды бекемдегенге мүмкүнчүлүгүңөр болот.

ЖАКШЫ ЖАКТАРЫНА КӨҢҮЛ ТОПТОО ЖАНА КЕЧИРИМДҮҮ БОЛУУ

13. Ишенимдештерибиз менен кызматташканда кээде кандай кыйынчылыкка кабылышыбыз мүмкүн?

13 Ишенимдештерибиз менен кызматташканда алардын жакшы жактарын эле эмес, кээде ката-кемчиликтерин да байкашыбыз мүмкүн. Андайда ортодогу мамилени сактап калганга эмне жардам берет? Кайрадан Жеремия пайгамбардын үлгүсүнө токтололу. Ага башкалардын жакшы жактарына көңүл топтоп, кетирген каталарын кечирүүгө эмне көмөк кылган?

14. Жеремия Жахаба жөнүндө эмнелерди билген жана бул ага эмне кылууга жардам берген?

14 Жеремия пайгамбар Ыйык Жазмадагы өзүнүн аты менен аталган китепти, ошондой эле, сыягы, 1 Падышалар жана 2 Падышалар китебин жазган. Бул ага Жахабанын жеткилеңсиз пенделерге көрсөткөн ырайымын тереңирээк түшүнүүгө жардам бергени күмөнсүз. Алсак, ал Жахабанын, Ахап падыша жаман иштери үчүн өкүнгөндө, аны кечирип, каргашаны анын үйүнө ал тирүү кезде жибербегенин билген (1 Пад. 21:27—29). Андан сырткары, Менашенин Ахаптыкынан да ашып түшкөн иштерди кылганын, бирок чын жүрөктөн өкүнгөндүктөн, Жахабанын аны кечиргенин билген (2 Пад. 21:16, 17; 2 Жылн. 33:10—13). Ошол окуялар Жеремияга досторуна мамиле кылууда Кудайга окшоп чыдамдуу, ырайымдуу болууга жардам берсе керек (Заб. 103:8, 9).

15. Барух кызматынан убактылуу алаксып кеткенде, Жеремия Жахабанын чыдамдуулугун кантип туураган?

15 Досу Барух кызматынан башка нерсеге убактылуу алаксып кеткенде, Жеремиянын эмне кылганын карап көрөлү. Ал Барухтун оңолорунан тез эле түңүлүп калган эмес. Анын ордуна, ага Кудайдын ал жөнүндө боорукердик менен, бирок ачык айткан сөздөрүн айтып, жардам берген (Жер. 45:1—5). Мындан эмнеге үйрөнсөк болот?

Жакшы достор бири-бирин айкөлдүк менен кечирет (16-абзацты карагыла)

16. Накыл сөздөр 17:9га ылайык, достугубузду бекем сакташ үчүн эмне кылганыбыз маанилүү?

16 Биз ишенимдештерибизден жеткилеңдикти күтпөшүбүз керек. Андыктан кимдир бирөө менен достук мамиле өрчүтсөк, аны бекем сакташ үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз кажет. Эгер досубуз жаңылыштык кетирсе, ага Ыйык Китептин негизинде жылуу-жумшак, бирок ачык кеңеш берүүгө туура келиши мүмкүн (Заб. 141:5). Ал эми көңүлүбүздү оорутуп койсо, кечиримдүү болушубуз зарыл. Аны кечиргенден кийин болгон ишти башкаларга же анын өзүнө кайра-кайра айткандан качканыбыз оң. (Окугула: Накыл сөздөр 17:9.) Ооба, азыркы оор күндөрдө ишенимдештерибиздин алсыздыктарына эмес, күчтүү жактарына көңүл топтогонубуз кандай гана маанилүү! Бул алар менен ынак болууга шарт түзөт. Улуу алааматта баарыбыз жакын досторубуздун жардамына муктаж болобуз.

ТУРУКТУУ СҮЙҮҮ КӨРСӨТҮҮ

17. Жеремия чыныгы дос экенин оор учурда кантип далилдеген?

17 Жеремия пайгамбар оор учурда чыныгы дос экенин далилдеген. Маселен, ак сарай кызматчысы Эбетмелек аны кудуктагы баткакка батып бараткан жеринен өлүмдөн алып калган. Ошондон көп өтпөй Эбетмелек өзүнүн төрөлөрдөн зыян тартып каларын ойлоп корккон. Муну укканда Жеремия аны кыйынчылыктан эптеп чыгып кетер деп, унчукпай койгон эмес. Өзү түрмөдө отурса да, ал досу Эбетмелекке Жахабанын соороторлук убадасын айтып, колунан келишинче жардам берген (Жер. 38:7—13; 39:15—18).

Жакшы достор муктаж болгондорго жардам көрсөтүшөт (18-абзацты карагыла)

18. Накыл сөздөр 17:17де жазылгандай, досубуз кыйынчылыкка кабылганда, эмне кылышыбыз керек?

18 Бүгүнкү күндө ишенимдештерибиз ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болууда. Алсак, көптөрү табигый кырсыктардан же согуш-жаңжалдардан жапа чегүүдө. Айрымдарыбыз андай бир туугандарды үйүбүздө жашап турууга чакырсак, башкаларыбыз материалдык жактан көмөк көрсөтө алаттырбыз. Кандай болбосун, баарыбыз Жахабадан аларга жардам беришин сурасак болот. Кээде кайсы бир ишенимдешибиздин көңүлү чөгүп жатканын билгенде эмне дээрибизди же эмне кыларыбызды билбей калышыбыз мүмкүн. Анткен менен ага жардам берүүнүн жолун баарыбыз таба алабыз. Айталы, жанында болууга убакыт тапсак жана ичиндегисин айтып жатканда, боорукердик менен угуп, өзүбүзгө жаккан соороторлук аяттардан окуп берсек болот (Ыш. 50:4). Ырас, досторубуз жардамга муктаж болуп турганда, аларга колдоо көрсөткөнүбүз абдан маанилүү. (Окугула: Накыл сөздөр 17:17.)

19. Ишенимдештерибиз менен азыртадан ынак мамиле өрчүткөнүбүз келечекте кандай жардам берет?

19 Ар бирибиз ишенимдештерибиз менен азыртадан ынак мамиле өрчүтүп, аны бекем сактаганга умтулушубуз керек. Эмне үчүн? Себеби душмандарыбыздын ар кандай калпты колдонуп, ынтымагыбызды ыдыратууга аракет кылары турган иш. Алар бизди бири-бирибизге каршы чыгарууну көздөшөт. Бирок алардын аракетинен эч кандай майнап чыкпайт. Кандай иш-аракеттерди кылбасын, алар ортобуздагы сүйүүнү, достугубузду эч качан жок кыла алышпайт. Биздин достугубуз бул дүйнөнүн акырына чейин эле эмес, түбөлүккө созулат!

24-ЫР: Жахабанын тоосуна келгиле

^ 5-абз. Дүйнөнүн акыры жакындап келаткандыктан, баарыбыз ишенимдештерибиз менен болгон мамилебизди чыңдашыбыз керек. Бул макалада Жеремия пайгамбардын башынан өткөндөрдөн эмнеге үйрөнө аларыбызды карап чыгабыз. Ошондой эле азыркы тапта өрчүткөн достук мамилелерибиз кыйын кезеңде кантип жардам берерин талкуулайбыз.

^ 2-абз. Жеремия китебиндеги окуялар хронологиялык тартипте жазылган эмес.

^ 57-абз. СҮРӨТ. Бул сүрөттө «улуу алаамат» учурунда болушу мүмкүн болгон жагдай чагылдырылды. Бир нече бир тууган үйдүн үстүндө отурат. Алар жакшы мамиледе болгондуктан ошол кыйын кезеңде бири-бирин жубатууда. Ал ишенимдештерибиз улуу алаамат башталганга чейин бири-бири менен ынак мамиле өрчүтүшкөн.