Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

45-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Ыйык рух бизге кантип жардам берет?

Ыйык рух бизге кантип жардам берет?

«Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам» (ФЛП. 4:13).

104-ЫР: Ыйык рух — Кудайдын белеги

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Кыйынчылыкка күн сайын туруштук берүүгө бизге эмне жардам берет? Түшүндүргүлө. б) Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

«БАШЫМАН кечирген сыноолор жөнүндө ойлонгондо аларды өз күчүм менен көтөрө алмак эместигимди түшүнөм». Силердин да ушинтип ойлонгон учуруңар болду беле? Мындай сезим көбүбүзгө эле тааныш. Балким, олуттуу оорудан же жакын адамыңар каза болгондо тарткан күйүттөн баш көтөргөндөн кийин ошондой сезимде болгондурсуңар. Артка кылчая карап, Жахаба ыйык руху аркылуу «адаттан тышкаркы күч» бергендиктен гана кыйынчылыкка күн сайын туруштук берип, алдыга кете бергениңерди сезеттирсиңер (2 Кор. 4:7—9).

2 Биз азыркы бузулган дүйнөнүн таасирине алдырбаш үчүн да ыйык рухка муктажбыз (1 Жкн. 5:19). Андан тышкары, бизге «каардуу рухий күчтөр» менен күрөшүүгө туура келет (Эф. 6:12). Келгиле эмесе, ыйык рухтун бизге ушул нерселердин баарына каршы турууга кайсы эки жол менен жардам берерин карап көрөлү. Андан соң ыйык рух бизге көбүрөөк таасир этиши үчүн эмне кылышыбыз керектигин талкуулайлы.

ЫЙЫК РУХ БИЗГЕ КҮЧ БЕРЕТ

3. Жахаба ыйык руху аркылуу кантип жардам берет?

3 Жахабанын ыйык руху бизге кыйынчылыктарга карабай жоопкерчиликтерибизди аткарууга күч берет. Алсак, элчи Пабыл «Машаяктын күчүнө» таянгандыктан оор учурларда да Жахабага кылган кызматын уланта алганын айткан (2 Кор. 12:9). Экинчи миссионердик сапарында жүргөндө ал кабар айтууга бүт күчүн жумшагандан тышкары, өзүн материалдык жактан камсыз кылыш үчүн эмгектенген. Ал Корунт шаарында чатыр жасап иштеген Акила менен Прискиланын үйүнө токтогон. Пабыл да чатыр тиккендиктен алар менен чогуу бир нече убакыт иштеген (Элч. 18:1—4). Ыйык рух Пабылга кабар айтканга да, чыгымдарын жабыш үчүн иштегенге да күч берген.

4. 2 Корунттуктар 12:7б—9-аяттарга ылайык, Пабылдын кандай кыйынчылыгы болгон?

4 Окугула: 2 Корунттуктар 12:7б—9. Пабылдын бул аяттарда айткан денесиндеги «тикени» эмнени билдирген? Эгер кайсы бир жерибизге тикен кирип кетсе, ошол жерибиз ооруп, кыйналмакпыз. Андыктан Пабыл денесиндеги «тикен» деп жанын сыздаткан кайсы бир кыйынчылыгы тууралуу айткан. Ал ошол кыйынчылыгын аны «чаап турууга» берилген «Шайтандын периштеси» деп атаган. Албетте, Пабылдын денесине тикенди Шайтан же анын жин-перилери сайган эместир, башкача айтканда, анын көйгөйлөрүнө алар түзмө-түз себепкер болгон эместир. Бирок ал каардуу рухтар ал «тикенди» көргөндө, Пабылдын кайгысын көбөйтүш үчүн, каймана мааниде аны ого бетер терең киргизгенге аракет кылышса керек. Пабыл ошондо эмне кылган?

5. Жахаба Пабылга кантип жооп берген?

5 Пабыл денесиндеги «тикенден» кутулууну аябай каалаган. Ал: «Андан арылыш үчүн Теңирге [Жахабага] үч жолу жалындым»,— деген. Бирок бир нече ирет тиленсе да, «тикенинен» арылган эмес. Бул Жахабанын анын тиленүүлөрүнө жооп бербегенин билдиргенби? Жок. Жахаба ага жооп берген. Ал Пабылдын кыйынчылыгын алып салбаса да, аны көтөрүүгө күч берген. Жахаба ага: «Менин күчүм алсыздык аркылуу жеткилең болот»,— деп айткан (2 Кор. 12:8, 9). Ырас, Жахабанын жардамы менен Пабыл кубанычын да, жан дүйнө тынчтыгын да сактай алган (Флп. 4:4—7).

6. а) Жахаба тиленүүлөрүбүзгө кантип жооп бериши мүмкүн? б) Абзацтагы аяттар бизди эмнеге ынандырат?

6 Элчи Пабылдай болуп, силердин да Жахабадан кайсы бир сынооңордон арылтууну кайра-кайра суранган учуруңар болду беле? Балким, ал тууралуу көп жолу жалынып тиленгендирсиңер, бирок жагдайыңар чечилмек турсун, ого бетер оорлоп кеткендир. Ошондо Жахабага жакпай калдым окшойт деген ойлор келгендир. Эгер ошондой болсо, Пабылдын жагдайын эстеп көрсөңөр. Жахаба анын тиленүүлөрүн жоопсуз калтырган эмес. Ал силерге да жооп берет. Бул анын сөзсүз эле көйгөйүңөрдү алып саларын билдирбейт. Бирок ал, кыйынчылыгыңарды көтөрө алышыңар үчүн, ыйык руху аркылуу зарыл күч берет (Заб. 61:3, 4). Көйгөйдөн улам «бүк түшүшүңөр» мүмкүн, бирок Жахаба силерди жалгыз таштап койбойт (2 Кор. 4:8, 9; Флп. 4:13).

БАГЫНБАЙ, АЛДЫГА КЕТЕ БЕРҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРЕТ

7, 8. а) Кандай мааниде ыйык рух шамалга окшош? б) Петир ыйык рухтун таасирин кантип сүрөттөгөн?

7 Ыйык рух бизге дагы кантип көмөк кылат? Ыйык рухту шамалга салыштырууга болот. Алай-дүлөй түшкөн деңизде туура багытта соккон шамал кеменин көздөгөн жерине жетишине шарт түзгөндөй эле, ыйык рух бизге, Кудай убада кылган жаңы заманга жеткиче, кыйынчылыктарга карабай кызмат кыла бергенге жардам берет.

8 Элчи Петир балыкчы болгондуктан деңизде жүрүү кандай болорун жакшы билген. Ошол себептен ыйык рухтун таасири тууралуу айтканда, кыязы, деңизде кеме менен сүзүүгө байланышы бар сөз айкашын колдонгон. Ал: «Пайгамбарлык сөз эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес, аны Кудайдын ыйык рухуна жетектелген адамдар айтышкан»,— деп жазган. Бул аятта «жетектелүү» деп которулган грек сөзү түзмө-түз «жылдырылуу, айдалуу» деген маанини туюнтат (2 Пет. 1:21).

9. «Айдалуу» деген сөздү колдонуу менен Петир эмнени айткысы келген?

9 Петир «айдалуу» деген сөздү колдонуу менен кандай ойду айткысы келген? Ушул эле грек сөзүн Элчилер китебин жазган Лука кеменин шамалга айдалганын сүрөттөш үчүн колдонгон (Элч. 27:15). Андыктан Петир Ыйык Китепти жазгандардын «жетектелгени» жөнүндө жазганда, бир окумуштуу айткандай, «деңиз менен байланышы бар көркөм сөз каражатын» колдонгон. Петир мындай дегендей эле болгон: кеме көздөгөн жерине жетиш үчүн шамалга айдалган сыңары, Ыйык Китепти жазууга катышкандар өздөрүнө тапшырылган ишти аткарыш үчүн ыйык рухка «жетектелишкен». Бул тууралуу жогоруда сөз кылынган окумуштуу: «Пайгамбарлар каймана мааниде жел айдаган кендир кездемесин өйдө көтөрүшкөн»,— деген. Жахаба өзү тарабынан эмне кылышы керек болсо, ошону кылган: «шамалды» — ыйык рухун — берген. Ыйык Китепти жазгандар болсо өздөрүнөн талап кылынганды кылышкан: ошол рухтун жетегине ылайык иш кылышкан.

1-КАДАМ: рухий иштерди үзгүлтүккө учуратпагыла

2-КАДАМ: ал рухий иштерге колуңардан келишинче толук кандуу катышкыла (11-абзацты карагыла) *

10, 11. Ыйык рух бизди жетектеши үчүн, кайсы эки нерсени кылышыбыз керек? Мисал келтиргиле.

10 Жахаба азыркы учурда адамдарды ыйык руху аркылуу жетектеп, Ыйык Жазманын китептерин жаздырбайт. Анткен менен кызматчыларына жетекчилик бериш үчүн дагы деле ыйык рухун колдонот. Ал өзү тарабынан эмне кылыш керек болсо, ошону кылып келет. Ал эми биз ыйык рухка жетектелиш үчүн эмне кылышыбыз керек? Бизден талап кылынган нерселерди кылышыбыз зарыл. Кантип?

11 Бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Туура багытта соккон шамалдын пайдасы тийиши үчүн, кемечи эки нерсени кылышы талап. Биринчиден, кемесин шамал соккон жакка айдашы керек. Эгер кеме шамал соккон жерден алыс жакта — жээкте — тура берсе, кантип алдыга жылмак эле? Экинчиден, ал жел айдаган кендир кездемени өйдө көтөрүп, аны мүмкүн болушунча жазышы керек. Шамал соккон күндө да, кемечи жел айдаган кендир кездемени шамалга тоспосо, кеме алдыга жылбайт. Ошо сыяктуу эле, ыйык рухтун жардамы болбосо, биз Жахабага кылган кызматыбызды уланта албайбыз. Ыйык рухтун бизге таасир этишин кааласак, эки нерсени кылганыбыз маанилүү. Биринчиден, Кудайдын руху «согуп турган» жакка турушубуз, башкача айтканда, анын жетеги менен аткарыла турган иштерге катышышыбыз керек. Экинчиден, ал иштерди аткаруу үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз — «жел айдаган кендир кездемебизди» мүмкүн болушунча жазышыбыз — кажет (Заб. 119:32). Ушуларды кылганда, ыйык рух бизге каршылыктын, кыйынчылыктардын толкундарын жиреп өтүп, Кудай убада кылган жаңы дүйнөгө жеткиче ишенимдүүлүк менен кызмат кыла бергенге жардам берет.

12. Азыр эмнелерди карап чыгабыз?

12 Жогоруда ыйык рухтун бизге кайсы эки жол менен жардам берерин карап өттүк. Ал бизге күч берет жана кыйын учурда ишенимдүү бойдон калууга жардам берет. Ошондой эле жетекчилик берип, түбөлүк өмүргө алып бара турган жолдон чыкпоого көмөк кылат. Эми ыйык рух бизге толук таасир этиши үчүн, кайсы төрт нерсени кылышыбыз керектигин карап чыгалы.

ЫЙЫК РУХ ТОЛУК ТААСИР ЭТИШИ ҮЧҮН, ЭМНЕ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК?

13. 2 Тиметей 3:16, 17ге ылайык, Ыйык Китеп бизге кандай таасир этет? Ан үчүн эмне кылышыбыз керек?

13 Биринчиси — Кудайдын Сөзүн изилдөө. (Окугула: 2 Тиметей 3:16, 17.) «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган» деген сөз айкашы грек тилинде түзмө-түз «Кудай дем киргизген» дегенди билдирет. Ооба, Кудай ыйык руху аркылуу өз ойлорун Ыйык Китепти жазууга катышкандардын акылына «киргизген», башкача айтканда, салган. Ыйык Китепти окуп, ой жүгүрткөнүбүздө, Кудайдын насааттары акылыбыз менен жүрөгүбүзгө кирет. Рухтун жетеги менен жазылган ал ойлор жашообузду Жахабага жаккандай кылып өзгөртүүгө түрткү берет (Евр. 4:12). Бирок ыйык рух толук таасири этиши үчүн, Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдөөгө жана окугандарыбыз тууралуу терең ой жүгүртүүгө убакыт бөлүшүбүз керек. Ошондо Кудайдын Сөзү сүйлөгөн сөздөрүбүздүн, кылган иштерибиздин баарына таасир этет.

14. а) Эмне үчүн жыйналышты «шамал согуп турган жер» десе болот? б) Канткенде жыйналышта «жел айдаган кендир кездемебизди» толук жазган болобуз?

14 Экинчиси — Кудайга чогуу сыйынуу (Заб. 22:22). Кандайдыр бир мааниде жыйналыш жолугушууларыбыз «шамал согуп турган жер» болуп эсептелет. Анткени ал жерде Жахабанын руху бар (Аян 2:29). Эмне үчүн ушинтип айтууга болот? Ишенимдештерибиз менен Кудайга сыйыныш үчүн чогулганда, ыйык рух сурап тиленебиз, Кудайдын Сөзүнө негизделген ырларды ырдайбыз, ыйык рух менен дайындалган бир туугандардын Ыйык Китепке негизделген насааттарын угабыз. Ошол эле ыйык рух эже-карындаштарга тапшырмаларын даярдап, аларды аткарганга жардам берет. Бирок ыйык рух бизге толук таасир этишин кааласак, жыйналыштан жооп берүүгө даярданып келгенибиз маанилүү. Ошенткенде «жел айдаган кендир кездемебизди» толук жазган болобуз, тактап айтканда, ыйык рухтун толук таасир этишине даяр экенибизди көрсөтөбүз.

15. Канткенде кызматыбызга ыйык рухту катыштырабыз?

15 Үчүнчүсү — кабар айтуу ишине катышуу. Кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинде Ыйык Китепти колдонгондо кызматыбызга ыйык рухту катыштырган болобуз (Рим. 15:18, 19). Бирок Кудайдын руху толук таасир этиш үчүн, кабар айтуу ишине дайыма катышып, мүмкүн болгон учурлардын баарында Ыйык Китептен окуп беришибиз зарыл. Кызматта жакшы маек куруунун бир жолу — «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» окуу куралындагы сунуштоолорду колдонуу.

16. Ыйык рухка ээ болуунун түздөн-түз жолу кайсы?

16 Төртүнчүсү — Жахабадан тиленүү (Мт. 7:7—11; Лк. 11:13). Ыйык рухка ээ болуунун түздөн-түз жолу — Жахабадан аны сурап тиленүү. Тиленүүлөрүбүздүн Жахабага жетишине же анын жакшы белеги болгон ыйык рухтун бизге жетишине эч нерсе: түрмөнүн дубалдары да, атүгүл Шайтан да тоскоолдук кыла албайт (Жкп. 1:17). Ыйык рух бизге толук таасир этиши үчүн, кантип тиленишибиз керек? Тиленүүгө байланыштуу Луканын Инжилинде гана жазылган бир мисалды карап чыгуу менен бул суроого жооп ала алабыз *.

КАЙРА-КАЙРА СУРАГЫЛА

17. Лука 11:5—9-аяттарда жана 13-аятта жазылган Исанын мисалынан тиленүүгө байланыштуу эмнеге үйрөнсөк болот?

17 Окугула: Лука 11:5—9, 13. Исанын мисалынан ыйык рух сурап кантип тиленишибиз керектигин айкын көрө алабыз. Ал мисалдагы киши муктаж болуп турган нерсесин «кайра-кайра сурагандыктан» алган. Түн ортосу болуп калса да, ал досуна барып керектүү нерсесин сурагандан тартынган эмес *. Иса бул мисалды колдонуп, тиленүүгө байланыштуу кандай ойду баса белгилеген? Ал: «Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет; издегениңерди токтотпогула, ошондо табасыңар; тыкылдатканыңарды токтотпогула, ошондо силерге эшик ачылат»,— деген. Ооба, ыйык рухтун жардам беришин кааласак, аны кайра-кайра сурап тиленишибиз керек.

18. Исанын мисалынан көрүнүп тургандай, Жахабанын бизге ыйык рух береринен эмне үчүн шектенбесек болот?

18 Исанын мисалы Жахабанын бизге ыйык рухун эмне үчүн берерин түшүнүүгө да жардам берет. Мисалдагы киши түнүчүндө үйүнө келген мейманды жакшы коноктогусу келген. Бирок берерге эч нерсеси жок болгон. Иса ал киши кайра-кайра сурангандыктан кошунасы ага нан бергенин айткан. Ал муну менен эмне дегиси келген? Эгер жеткилең эмес киши кайра-кайра сураган кошунасына жардам берсе, анда асмандагы мээримдүү Атабыз андан кайра-кайра сурагандарга ыйык рухун берүүнү ого бетер каалабайбы?! Андыктан ыйык рух сурап тиленгенибизде Жахабанын аны сөзсүз береринен шектенбесек болот (Заб. 10:17; 66:19).

19. Жеңүүчү болуп чыгарыбызга эмне үчүн эч күмөн санабасак болот?

19 Шайтандын бизге тынбай чабуул койгонуна карабай, жеңүүчү болуп чыгарыбызга эч күмөн санабасак болот. Эмне үчүн? Анткени бизге ыйык рух эки жол менен жардам берет. Биринчиден, кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө зарыл күч берет. Экинчиден, «жел айдаган кендир кездемебизди» шамал сыяктуу толтурат, мындайча айтканда, Жахаба убадалаган жаңы дүйнөгө жеткенге чейин кызматыбызды токтотпой, алдыга кете берүүгө көмөк кылат. Келгиле анда, ыйык рухтун бизге толук таасир этишине мындан ары да жол бере берели!

41-ЫР: Тиленүүмдү уга көр

^ 5-абз. Бул макаладан Кудайдын ыйык руху бизге кыйынчылыктарды көтөрүүгө кандайча жардам берерин билебиз. Ошондой эле ал бизге көбүрөөк таасир этиши үчүн эмне кылышыбыз керектигин талкуулайбыз.

^ 16-абз. Тиленүү Исанын жашоосунун маанилүү бөлүгү болгонун Инжилдерди жазгандардын ичинен Лука көбүрөөк баса белгилеген (Лк. 3:21; 5:16; 6:12; 9:18, 28, 29; 18:1; 22:41, 44).

^ 17-абз. «Кайра-кайра» деп которулган грек сөзү түзмө-түз «адептүүлүктүн жетишсиздиги» же «уяты жоктук» дегенди билдирет. Исанын мисалындагы киши өзүнө керек болгон нерсени кайра-кайра сурагандан уялган эмес, ал оюнан кайткан да эмес. Иса шакирттеринин тиленгенде ушундай тырышчаактык көрсөтүшү керектигин айткан (Лк. 11:9, 10).

^ 60-абз. СҮРӨТ. 1-КАДАМ: Жубайлар Падышалык залына келишти. Ишенимдештери менен чогулуунун аркасында алар Жахабанын руху бар жерде жүрүшөт. 2-КАДАМ: Алар жыйналыштан жооп берүүгө даярданып келишкен. Ушул эки кадам бул макалада талкууланган башка рухий иштерге: Кудайдын Сөзүн изилдөөгө, кабар айтуу ишине катышууга жана тиленүүгө да тиешелүү.