Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

47-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Лебилер китебинен эмнелерди үйрөнө алабыз?

Лебилер китебинен эмнелерди үйрөнө алабыз?

«Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана... пайдалуу» (2 ТИМ. 3:16).

98-ЫР: Жазма Кудайдын жетеги менен жазылган

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Эмне үчүн Лебилер китебин кылдат окуп-изилдешибиз керек?

ЭЛЧИ ПАБЫЛ жаш досу Тиметейге: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана... пайдалуу»,— деген (2 Тим. 3:16). Бул сөздөр Лебилер китебине да тиешелүү. Силер ал китеп тууралуу кандай ойдосуңар? Айрымдар аны азыркы убакта эч пайдасы тийбей турган эрежелердин тизмеси камтылган китеп катары көрүшөт. Бирок Исанын чыныгы жолдоочуларынын көз карашы алардыкынан таптакыр айырмаланат.

2 Лебилер китеби мындан 3 500 жылдай мурун жазылса да, Жахаба аны биздин пайдабыз үчүн сактап келген (Рим. 15:4). Ал китеп Жахабанын ой жүгүртүүсүн, көз карашын түшүнүүгө жардам бергендиктен, аны кылдат окуп-изилдешибиз керек. Чындыгында, ыйык рухтун жетеги менен жазылган ал китепте бизге пайдалуу боло турган ойлор арбын. Келгиле эмесе, алардын төртөөнө токтололу.

КАНТКЕНДЕ ЖАХАБАГА ЖАГА АЛАБЫЗ?

3. Жыл сайын Күнөөдөн арылуу күнүндө эмне үчүн курмандыктар чалынчу?

3 Биринчи маанилүү ой: Жахаба курмандыктарыбызды кабыл алышы үчүн, ага жагышыбыз керек. Жыл сайын Күнөөдөн арылуу күнүндө ысрайылдыктар чогулуп, башкы дин кызматчы малдан курмандыктарды чалчу. Ал курмандыктар ысрайылдыктарга күнөөдөн тазаланышы керектигин эскертип турган. Бирок башкы дин кызматчы ошол күнү курмандыктын канын алып, Ыйыктын ыйыгына киргенге чейин, дагы бир нерсени кылышы керек болчу. Ал нерсе элдин күнөөлөрүнүн кечирилишинен алда канча маанилүү болгон.

(4-абзацты карагыла) *

4. Лебилер 16:12, 13тө айтылгандай, башкы дин кызматчы Күнөөдөн арылуу күнүндө Ыйыктын ыйыгына биринчи жолу киргенде эмне кылчу? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

4 Окугула: Лебилер 16:12, 13. Күнөөдөн арылуу күнүндө эмнелер кылынганын элестетип көрсөңөр: башкы дин кызматчы ыйык чатырга кирет. Ошол күнү ал Ыйыктын ыйыгына мындан тышкары дагы эки жолу кириши керек. Ал бир колуна жыпарзат салынган идишти, экинчи колуна болсо чок салгычты кармап алган. Ыйыктын ыйыгын жаап турган көшөгөнүн алдына келип, бир азга токтойт. Анан терең кастарлоо менен Ыйыктын ыйыгына кирет да, келишим сандыгынын алдына, каймана мааниде Жахаба Кудайдын так алдына, барып турат. Андан соң ыйык жыпарзатты өтө этияттык менен чоктун үстүнө төгөт. Ошондо Ыйыктын ыйыгы жыпарзаттын аңкыган жытына толот *. Бир аздан кийин ал күнөө курмандыктарынын канын алып, Ыйыктын ыйыгына кайра кирет. Башкы дин кызматчынын күнөө курмандыктарынын канын алып келерден мурун жыпарзат түтөткөнүнө көңүл бурсаңар.

5. Күнөөдөн арылуу күнү жыпарзаттын түтөтүлгөнүнөн эмнеге үйрөнсөк болот?

5 Күнөөдөн арылуу күнү жыпарзаттын түтөтүлгөнүнөн маанилүү нерсеге үйрөнө алабыз. Ыйык Китепте Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынын тиленүүлөрү жыпарзаттай экени айтылат (Заб. 141:2; Аян 5:8). Башкы дин кызматчынын жыпарзатты Жахабанын алдына терең кастарлоо менен алып барганын эстесеңер. Ошо сыяктуу эле, биз да Жахабадан тиленгенде ага терең урмат-сый менен кайрылышыбыз керек. Биз ага карата кастарлоо сезимин туябыз. Ааламдын Жаратканы болсо да, бизге ата менен баладай мамиледе болууга, башкача айтканда, өзүнө кайрылууга, жакындоого мүмкүнчүлүк берип жатканы үчүн ага чексиз ыраазыбыз (Жкп. 4:8). Ал бизди өзүнүн досундай көрөт! (Заб. 25:14). Биз бул сыймыкты абдан жогору баалагандыктан анын жүрөгүн эч качан ооруткубуз келбейт.

6. Башкы дин кызматчынын курмандык чалардан мурун жыпарзат түтөткөнүнөн Иса тууралуу эмнени биле алабыз?

6 Башкы дин кызматчынын малды курмандыкка чалардан, башкача айтканда, анын канын алып кирерден мурун жыпарзат түтөтүшү керек болгонун эстесеңер. Ошондой кылуу менен ал курмандык чалганда өзүнүн Кудайга жагарына ынана алмак. Мындан Иса тууралуу эмнени билүүгө болот? Жерде жүргөндө ал өмүрүн курмандыкка берерден мурун маанилүү бир нерсени — адамзатты куткаруудан алда канча маанилүү нерсени — кылышы керек болгон. Ал эмне эле? Жахаба Исанын курмандыгын кабыл алышы үчүн, ал акыр-аягына чейин ага болгон берилгендигин, кынтыксыздыгын сакташы зарыл болгон. Ушунун аркасында ал бардык нерсени Жахаба айткандай кылуу жашоодогу эң мыкты жол экенин далилдемек. Ал Жахабанын эгедерлигин актамак, тактап айтканда, анын башкарууга укуктуу экенин жана адилеттүүлүк менен бийлик жүргүзөрүн ырастамак.

7. Эмне үчүн Исанын жердеги жашоосу Атасына толугу менен жаккан деп айтууга болот?

7 Жерде жүргөндө Иса дайыма Жахабанын адил нормаларына жеткилең түрдө баш ийген. Ар кандай азгырыкка, кыйынчылыкка кабылса да, атүгүл азап чегип өлөрүн билсе да, ал Атасынын башкаруусу эң мыкты экенин далилдөөгө чечкиндүү болгон (Флп. 2:8). Оор сыноого туш болгондо «катуу үн менен, көз жашын төгүп» тиленген (Евр. 5:7). Жалындуу тиленүүлөрү анын Жахабага берилген экенин көрсөткөн жана ага мурдагыдан да көбүрөөк баш ийүүгө түрткү берген. Исанын тиленүүлөрү Жахабага жыпарзаттын аңкыган жытындай жагымдуу болгон. Анын жердеги жашоосу Атасына толугу менен жаккан жана анын эгедерлигинин акталышына өбөлгө түзгөн.

8. Исадан үлгү аларыбызды кантип көрсөтө алабыз?

8 Биз Исадан үлгү аларыбызды Жахабага берилгендик сактоого, кынтыксыз бойдон калууга бүт күчүбүздү жумшоо менен көрсөтөбүз. Жахабага жаккыбыз келгендиктен сыноого кабылганда андан жардам сурап жалындуу тиленебиз. Ушундай жолдор менен Жахабанын бийлигин колдоорубузду көрсөтөбүз. Ал жек көргөн нерселерди кылсак, тиленүүлөрүбүздү кабыл албай коёрун билебиз. Ал эми анын нормаларына кармансак, чын жүрөктөн чыккан тиленүүлөрүбүз жыты жагымдуу жыпарзаттай болоруна шектенбесек болот. Биз кынтыксыз болгонубуз жана берилгендик менен тил алганыбыз асмандагы Атабызга жагарына ишенебиз (Накыл 27:11).

ЖАХАБАГА АГА ЫРААЗЫ БОЛГОНДУКТАН, АНЫ СҮЙГӨНДҮКТӨН КЫЗМАТ КЫЛАБЫЗ

(9-абзацты карагыла) *

9. Тынчтык курмандыктары эмне үчүн чалынчу?

9 Экинчи маанилүү ой: Жахабага ыраазы болгондуктан кызмат кылабыз. Мунун маанилүү экенин айкын көрүш үчүн байыркы ысрайылдыктардын Кудайга сыйынуусунун дагы бир маанилүү бөлүгү болгон тынчтык курмандыктарын карап чыгалы *. Лебилер китебинен ысрайылдык кишинин тынчтык курмандыгын «ыраазычылык билдириш үчүн» да алып келгенин билүүгө болот (Леб. 7:11—13, 16—18). Ал аны милдеттүү болгондуктан эмес, өзү каалагандыктан алып келе турган. Аны Жахаба Кудайга болгон сүйүүсүнөн улам алып келгендиктен, андай курмандык ыктыярдуу курмандык деп эсептелчү. Ал малдын этинен аны чалган киши, үй-бүлөсү жана дин кызматчылар жей алышкан. Бирок курмандыктын айрым бөлүктөрү Жахабага гана арналчу. Кайсы бөлүктөрү?

(10-абзацты карагыла) *

10. Лебилер 3:6, 12 жана 14—16-аяттарда жазылган тынчтык курмандыктары Исанын Жахабага кылган кызматына эмнеси менен окшош болгон?

10 Үчүнчү маанилүү ой: Жахабаны сүйгөндүктөн ага эң жакшысын беребиз. Жахабанын көз алдында малдын майы анын эң мыкты бөлүгү болуп саналчу. Ошондой эле ал малдын башка маанилүү органдарын, анын ичинде эки бөйрөгүн да баалуу деп эсептечү. (Окугула: Лебилер 3:6, 12, 14—16.) Андыктан кимдир бирөө малдын ошол баалуу органдарын жана майын өз ыктыяры менен тартуу кылганда, бул Жахабага өзгөчө жакчу. Анткени ошондой тартуу алып келүү менен ысрайылдык киши ага эң жакшысын бергиси келерин көрсөткөн. Иса тууралуу да ушуну айтууга болот. Ал Жахабага сүйүүсүнөн улам жан-дилден кызмат кылуу менен ага эң жакшысын берген (Жкн. 14:31). Кудайдын эркин аткаруу Исага ырахат тартуулаган. Ал Кудайдын мыйзамын абдан жакшы көргөн (Заб. 40:8). Исанын чын жүрөктөн каалагандыктан кызмат кылып жатканын көргөндө Жахабанын аябай ыраазы болгону шексиз!

Жахабага болгон сүйүүбүз ага эң жакшысын берүүгө түрткү берет (11, 12-абзацтарды карагыла) *

11. Кылган кызматыбыз кандайча тынчтык курмандыктарына окшош жана бул бизди эмне үчүн сооротот?

11 Жахабага кылган кызматыбыз байыркы убактагы тынчтык курмандыктарына окшош. Себеби ага өз ыктыярыбыз менен кызмат кылуу аркылуу аны канчалык жакшы көрөрүбүздү айгинелейбиз. Биз Жахабаны бүт жүрөгүбүз менен сүйгөндүктөн ага эң мыктысын беребиз. Миллиондогон кызматчыларынын күчтүү сүйүүсүнөн улам кызмат кылып жатканын көргөндө Жахабанын абдан кубанарына шек жок! Анын биздин иш-аракеттерибизди эле эмес, ниетибизди да көрүп турарын жана баалаарын билүү бизди сооротот. Эгер жашыңар өр тартып калгандыктан өзүңөр каалагандай көптү кыла албай жатсаңар, Жахабанын мүмкүнчүлүктөрүңөрдүн чектелүү экенин түшүнөрүнөн шектенбегиле. Жахаба үчүн кылган нерселериңер өзүңөргө кенедей эле сезилиши мүмкүн, бирок ал ага колуңардан келгендин баарын кылууга түрткү берген күчтүү сүйүүңөрдү көрүп турат. Өзүңөрдө болгондун эң мыктысын бергениңерде, ал аны кубаныч менен кабыл алат.

12. Жахаба тынчтык курмандыктарына кандай карачу жана бул бизди эмнеге ынандырат?

12 Тынчтык курмандыктары жөнүндө айтылгандардан эмнелерди биле алабыз? Малдын эң мыкты бөлүктөрү өрттөлгөндө, андан чыккан түтүн жогору көтөрүлчү. Мындай курмандык Жахабага абдан жакчу. Ошондуктан бүт жан-дилиңер менен кызмат кылганыңар ага жагымдуу болорунан шектенбесеңер болот (Кол. 3:23). Анын жүрөгүн канчалык сүйүнтөрүңөрдү элестетип көрсөңөр. Ал силердин сүйүү менен кылган эмгегиңерди, чоң болобу же кичинеби, баа жеткис кенчтей көрөт жана аны түбөлүккө эсинде сактайт (Мт. 6:20; Евр. 6:10).

ЖАХАБА УЮМУНА БАТАСЫН БЕРҮҮДӨ

13. Лебилер 9:23, 24-аяттарда жазылгандай, Жахаба дин кызматчылыкты колдогонун кантип көрсөткөн?

13 Төртүнчү маанилүү ой: Жахаба уюмунун жердеги бөлүгүнө батасын берүүдө. Б.з.ч. 1512-жылы Синай тоосунун этегине ыйык чатыр тургузулганда эмне болгонун карап көрөлү (Чыг. 40:17). Муса Арун менен анын уулдарын дин кызматчылыкка дайындоо аземин өткөргөн. Ал жерге чогулган ысрайылдыктар дин кызматчылардын малдан биринчи жолу курмандык чалганына күбө болушкан (Леб. 9:1—5). Жахаба жаңы негизделген дин кызматчылыкты колдогонун кантип көрсөткөн? Арун менен Муса элге батасын бергенде, Жахабадан от түшүп, курмандык жайындагы курмандыкты толугу менен жалмап кеткен. (Окугула: Лебилер 9:23, 24.)

14. Жахабанын дин кызматчылыкка дайындалган Арун менен анын уулдарын колдогонунун бизге кандай тиешеси бар?

14 Асмандан түшкөн от эмнени айкын кылган? Жахаба дин кызматчылыкка дайындалган Арунду жана анын уулдарын толугу менен колдоорун ошондой жол менен көрсөткөн. Ысрайылдыктар ушундай айкын далилди көргөндө алар да дин кызматчыларды толугу менен колдошу керектигин түшүнүшкөн. Мунун бизге да тиешеси барбы? Ооба. Ысрайылдагы дин кызматчылык келечектеги алда канча маанилүү дин кызматчылыктын көлөкөсү гана болгон. Башкы дин кызматчы Машаяк менен чогуу 144 000 асманда падыша жана дин кызматчы болуп кызмат кылышат (Евр. 4:14; 8:3—5; 10:1).

Жахаба уюмуна батасын берип, жетектеп келет. Биз ал уюмду бүт жүрөгүбүз менен колдойбуз (15—17-абзацтарды карагыла) *

15, 16. Жахабанын «ишенимдүү жана акылдуу кулду» колдоп жатканы эмнелерден көрүнүп турат?

15 1919-жылы Иса майлангандардан турган чакан топту «ишенимдүү жана акылдуу кул» кылып дайындаган. Ал кул кабар айтуу ишин жетектейт жана Машаяктын жолдоочуларына «өз убагында тамак берип турат» (Мт. 24:45). Жахабанын ишенимдүү жана акылдуу кулду колдоп жатканынын айкын далилдерин көрүп жатасыңарбы?

16 Шайтан жана анын дүйнөсү ишенимдүү кулдун кылган ишин токтотууга аракет кылып жатышат. Эгер Жахаба жардам бербесе, кул өзүнө тапшырылган ишти аткара алмак эмес. Эки дүйнөлүк согуштун залакасына, мыкаачылык менен көрсөтүлгөн куугунтукка, дүйнөлүк каржы каатчылыгына, адилетсиздикке карабай ишенимдүү жана акылдуу кул Машаяктын жердеги жолдоочуларын рухий тамак менен камсыз кылып келет. Рухий тамактын 900дөн ашуун тилде мол, ошол эле учурда акысыз берилип жатканы тууралуу ой жүгүртүп көрсөңөр! Бул — Кудайдын ишенимдүү кулду колдоп жатканынын төгүндөлгүс далили. Жахабанын батасын берип жатканын кабар айтуу иши да ырастап турат. Жакшы кабар, чынында эле, «дүйнө жүзү боюнча» жарыяланып жатат (Мт. 24:14). Ооба, Жахаба уюмун жетектеп, батасын мол төгүп келет.

17. Жахабанын уюмун колдоорубузду кантип көрсөтө алабыз?

17 Ар бирибиз: «Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгүнүн мүчөсү экениме сыймыктанамбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз жакшы. Жахаба Мусанын күндөрүндө асмандан от түшүрүп, өзү дайындагандарды колдоорун далилдегендей эле, бүгүнкү күндө да бизге уюмун колдоп жатканын айкын көрсөтүүдө. Бизде ага ыраазы болууга көптөгөн себептер бар (1 Тес. 5:18). Жахаба колдонуп жаткан уюмду колдоорубузду кантип көрсөтө алабыз? Адабияттарыбыз, жыйналыш жолугушуулары жана жыйындар аркылуу Ыйык Китептин негизинде берилген көрсөтмөлөргө кармануу менен көрсөтөбүз. Ошондой эле муну кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине мүмкүн болушунча көбүрөөк катышуу менен да көрсөтө алабыз (1 Кор. 15:58).

18. Эмне кылууга чечкиндүүсүңөр?

18 Анда эмесе, келгиле, Лебилер китебинен билгендерибизди иш жүзүндө колдонууга чечкиндүү бололу. Жахаба курмандыктарыбызды кабыл алышы үчүн, дайыма ага жагууга умтулалы. Жахабага ага ыраазы болгондуктан кызмат кылалы. Аны бүт жүрөгүбүз менен сүйгөндүктөн ага эң жакшысын бере берели. Ошондой эле ал батасын берип жаткан уюмду жан-дилден колдой берели. Эгер ушулардын баарын кылсак, Жахабага анын күбөлөрү катары кызмат кылуу сыймыгын жогору баалаарыбызды көрсөтөбүз.

96-ЫР: Кудайдын Сөзү — асыл кенч

^ 5-абз. Лебилер китебинде Жахабанын байыркы ысрайыл элине берген мыйзамдары камтылат. Исанын жолдоочулары болгондуктан биз ал мыйзамдарга карманбайбыз, бирок алардан пайда ала алабыз. Бул макалада Лебилер китебинде жазылган баалуу ойлордун айрымдарын талкуулайбыз.

^ 4-абз. Ыйык чатырда түтөтүлгөн жыпарзат ыйык деп эсептелчү жана байыркы Ысрайылда аны Жахабага сыйынууда гана колдонушчу (Чыг. 30:34—38). Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларынын Кудайга сыйынууда жыпарзатты колдонгону эч бир жерде айтылбайт.

^ 9-абз. Тынчтык курмандыгы тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн бул адабияттарды карагыла: «Жазманы түшүнүү», «Приношения»/«Мирные жертвы», ор.; «Күзөт мунарасы», 2012-жыл, 15-январь, 19-б., 11-абз.

^ 54-абз. СҮРӨТ. Күнөөдөн арылуу күнүндө ысрайыл элиндеги башкы дин кызматчы Ыйыктын ыйыгын жагымдуу жытка толтуруу үчүн жыпарзат менен чок алып кирчү. Андан соң ал күнөө курмандыктарынын канын алып, Ыйыктын ыйыгына кайра кирчү

^ 56-абз. СҮРӨТ. Ысрайылдык киши үй-бүлөсү менен Жахабага ыраазы экенин көрсөтүш үчүн тынчтык курмандыгына чалына турган койду дин кызматчыга берип жатат.

^ 58-абз. СҮРӨТ. Жерде кызмат кылып жүргөндө Иса Жахабаны абдан жакшы көрөрүн анын осуяттарын аткарып жана жолдоочуларына да аларды аткарууга жардам берип көрсөткөн.

^ 60-абз. СҮРӨТ. Улгайган ишенимдешибиз мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенине карабай кат аркылуу күбөлөндүрүп, Жахабага эң жакшысын берүүдө.

^ 62-абз. СҮРӨТ. 2019-жылы февралда Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Геррит Лёш «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы немис тилинде чыкканын жарыялоодо. Германиядагы жарчылар, бул эки ишенимдешибизге окшоп, жаңы чыккан Ыйык Китепти кызматта кубанып колдонуп жатышат.