Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгын азыр колдогула!

Кудайдын Падышалыгын азыр колдогула!

Баарынын таш-талканын чыгарган бороон-чапкын жакындап келатканын элестетсеңер. Андайда өкмөт башындагылар жаңылыктардан: «ТЕЗ АРАДА КООПСУЗ ЖАККА КАЧКЫЛА!» — деп эскертет. Силер эмне кылат элеңер? Албетте, шаша-буша коопсуз жерди көздөй бет алмаксыңар.

Жакында жер бетине бүлгүн сала турган так ошондой «бороон-чапкын» болот. Иса пайгамбар аны «улуу алаамат» деп атаган (Матай 24:21). Бирок андан аман калыш үчүн башка жакка качуунун зарылдыгы жок. Анда башыбызга андай алаамат түшпөшү үчүн, эмне кылышыбыз керек?

Иса пайгамбар бир жолу тоодо элге насаат айтып жатып: «Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издегиле»,— деген (Матай 6:33). Биз канткенде ошенте алабыз?

Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын издөө. Бул Кудайдын Падышалыгын баарынан жогору көрүүнү билдирет (Матай 6:25, 32, 33). Эмне себептен ал биз үчүн абдан маанилүү болушу керек? Анткени дүйнөдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө адам баласынын кудурети жетпейт. Мындай оор маселелердин түйүнүн Кудайдын Падышалыгы гана чече алат.

Кудайдын адилдигин издөө. Бул өз ичине Кудайдын адил мыйзам-принциптерине ылайык жашоо үчүн бүт күчүбүздү жумшоону камтыйт. Эмне үчүн аларга карманышыбыз керек? Себеби эмне жакшы, эмне жаман экенин өзүбүз чече турган болсок, анын арты көп учурда кесепеттүү болот (Накыл сөздөр 16:25). Ал эми Кудайдын талаптарын аткарсак, өзүбүзгө эле жакшы болот. Кудайдын жүрөгүн да сүйүнтөбүз (Ышая 48:17, 18).

Мындан ары да издей бергиле. Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин дайыма биринчи орунга койгула. Иса эскерткендей, көптөр чөнтөгүң калың болсо, бейкапар жашайсың деген жаңылыш ойго алдырышат. Башкалар болсо турмуш түйшүгүнө тушалып, Кудайдын Падышалыгын издегенге убактысы да, күчү да жок (Матай 6:19—21, 25—32).

Иса Кудайдын Падышалыгын колдогондор эч нерседен кем болбой турганын, келечекте Кудайдан чексиз бата аларын убада кылган (Матай 6:33).

Айта кетчү нерсе, Исанын 1-кылымдагы шакирттери Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издегени үчүн азаптан арылып, жыргап жашап калган эмес. Анткен менен Кудайга жаккандай жашаганы аларды коргогон. Кандайча?

Алар Кудайдын адил талаптарын аткаргандыктан Кудайды укпагандар кабылган кыйынчылыктардан алыс болушкан. Падышалыктын келе турганына бекем ишенгендиктен оор сыноолорду да туруктуулук менен көтөрүшкөн. Туруштук бере алышы үчүн, Кудай аларга «адаттан тышкаркы күч» берген (2 Корунттуктар 4:7—9).

БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ ПАДЫШАЛЫКТЫ ИЗДЕЙСИҢЕРБИ?

Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары анын буйругуна баш ийип, Падышалыкты биринчи орунга коюшкан. Алар Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды дүйнөнүн булуң-бурчуна жеткиргенге аракет кылышкан (Колосалыктар 1:23). Азыркы күндө да ошол иш менен алектенгендер барбы?

Ооба. Жахабанын Күбөлөрү так ошол ишти аткарууда. Алар Кудайдын Падышалыгы бул дүйнө түзүлүшүн жакында жок кыларын түшүнүшөт. Ошол себептен Исанын: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылууда (Матай 24:14).

Силер ал жакшы кабарга кулак кагасыңарбы? Биз силерди 1-кылымда Македониянын Бероя шаарында жашаган тургундардан үлгү алууга чакырабыз. Алар Исанын жолдоочусу Пабыл айткан Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды «өзгөчө ынтызарлык менен кабыл алышкан». Анан «уккандарынын чын-төгүнүн текшериш үчүн Ыйык Жазманы... кылдат изилдеп», окуп-билгендерин аткарышкан (Элчилер 17:11, 12).

Силер да ошенте аласыңар. Падышалыкты жана адилдикти издесеңер, азыртадан эле бейпил жашайсыңар. Келечекте болсо тынч, бейкут заманда түбөлүк өмүр сүрөсүңөр.