Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Кудайга жана жакыныбызга болгон сүйүүнү кантип өрчүтсөк болот?

Кудайга жана жакыныбызга болгон сүйүүнү кантип өрчүтсөк болот?

Исанын жолдоочулары Муса пайгамбарга берилген Мыйзам боюнча жашабаса да, андагы Кудайды жана жакыныңды сүй деген осуят Жахабанын бизден талап кылган нерселеринин өзөгүн түзөт (Мт 22:37—39). Андай сүйүү тубаса сезим эмес. Аны өрчүтүү керек. Мунун бир жолу — Ыйык Китепти күнүгө окуу. Аны окуп жатып Кудайдын көп кырдуу табияты жөнүндө билгенде «Жахабанын сулуулугун» көргөн болобуз (Зб 27:4). Натыйжада ага болгон сүйүүбүз өсөт, ой жүгүртүүбүз аныкына окшошо баштайт. Бул болсо Кудайдын осуяттарын, анын ичинде башкаларга жан аябас сүйүү көрсөтүүнү талап кылган осуятты да, аткарганга түрткү берет (Жн 13:34, 35; 1Жн 5:3). Төмөндө Ыйык Китепти канааттануу алып окууга жардам берген үч кеңеш берилди:

  • Элестетип, сезимиңерди козгоп окугула. Өзүңөрдү ошол жерде жүргөндөй элестеткиле. Эмнени көрөт элеңер? Эмнени угат элеңер? Кандай жыт искейт элеңер? Ошондо кандай сезимдер туулмак?

  • Ар кандай ыкма колдонгула. Мисалы, үн чыгарып окугула же жаздыруусун угуп, китептен карап, ээрчип окугула. Бөлүмдөрдү катары менен эле окуй бербей, Ыйык Китептеги белгилүү бир инсандар жөнүндө же белгилүү бир темага байланыштуу нерселерди окуп көргүлө. Алсак, Иса жөнүндө окуш үчүн Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» 17-тиркемесин колдонсоңор болот. Ошондой эле күндөлүк аят алынган бөлүмдү толугу менен окугула. Же Ыйык Китепти китептердин жазылган жылы боюнча катары менен окуп көргүлө.

  • Түшүнүп окугула. Күнүгө жөн эле көп бөлүм окугандан көрө, бир бөлүмдү түшүнүп, ой жүгүртүп майын чыгара окуган жакшы. Жагдайды эске алгыла. Майда-чүйдө нерселерге чейин талдагыла. Карталарды жана байланышы бар аяттарды колдонгула. Өзүңөр түшүнбөй калган, жок эле дегенде, бир ойду изилдеп көргүлө. Мүмкүн болсо канча убакыт окусаңар, окуган нерсеңер жөнүндө ошончо убакыт ой жүгүрткүлө.