Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Бейбаштар асылганда, Жахабага таян

Бейбаштар асылганда, Жахабага таян

Бейбаштар асылып, кол көтөрүшү да мүмкүн. Ошондо аябай жаман болуп, көңүлүбүз чөгөт. Алар Кудайга ишенгенибиз үчүн каршы чыгышканда, атүгүл Жахаба менен болгон мамилебизге да доо кетиши ыктымал. Кантип коргонсоң болот?

Жахабанын көптөгөн кызматчылары ага таянып, бейбаштарга каршы тура алышкан (Зб 18:17). Мисалы, Эстер Амандын арам оюн ачыкка чыгарыш үчүн коркпой сүйлөгөн (Эст 7:1—6). Бирок ага чейин орозо кармап, Жахабага таянарын көрсөткөн (Эст 4:14—16). Жахаба анын аракетине батасын берип, өзүн да, элин да коргогон.

Эгер кимдир бирөөлөр сага асылып жатса, Жахабадан жардам сура. Чоңдорго, мисалы, ата-энеңе баарын айтып бер. Жахаба, Эстерге жардам бергендей эле, сага да сөзсүз жардам берет. Мындан шектенбе! Дагы эмне кылсаң болот?

«ӨСПҮРҮМ КУРАГЫМ. КОРДУККА КАБЫЛГАНДА ЭМНЕ КЫЛСАМ БОЛОТ?» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Жаштар Чарли менен Феринден эмнени үйрөнө алышат?

  • Балдарына бейбаштарга каршы турганга жардам бериш үчүн ата-энелер Чарли менен Фериндин айткандарынан эмнеге үйрөнө алышат?