Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жахабанын элинин жыргалчылыгын көздөгөн койчулар

Жахабанын элинин жыргалчылыгын көздөгөн койчулар

Көптөр бийликтегилерди жактыра беришпейт. Аларды түшүнсө болот. Анткени өкүмдарлар тарых бою өз көмөчүнө күл тартып, бийлигин кыянат колдонуп келишкен (Мик 7:3). Ал эми Жахаба жыйналыштагы аксакалдарды бийлигин туура колдонгонду үйрөтөт. Биздин жыргалчылыгыбызды көздөгөнү үчүн, аксакалдарга ыраазыбыз (Эст 10:3; Мт 20:25, 26).

Алар бул дүйнөдөгү бийлиги бар кишилерден кескин айырмаланат. Өз милдетин Жахабаны, анын элин жакшы көргөндүктөн аткарышат (Жн 21:16; 1Пт 5:1—3). Исанын жетекчилиги алдында бул койчулар ар бир жарчыга Жахабанын үй-бүлөсүнүн мүчөсү экенин сезгенге, Жахаба менен ынак болгонго жардам беришет. Алар Жахабанын койлору дарыланыш керек болгондо же табигый кырсыкка кабылганда, тезинен жардамга келип, кайраттандырышат. Силер да жардамга муктаж болсоңор, жыйналышыңардагы аксакалдардын бирине тартынбай кайрылсаңар болот (Жкп 5:14).

«ОТОРГО КАМ КӨРГӨН КОЙЧУЛАР» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Аксакалдар жардам бергенден кийин, Мариана кантип күчкө толгон?

  • Аксакалдардын көмөк көрсөткөнү Илиасты кандайча кайраттандырган?

  • Бул видео аксакалдардын эмгегине болгон көз карашыңарга кандай таасир этти?