Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

JW.ORG сайтынын башкы бетин кызматта колдонгула

JW.ORG сайтынын башкы бетин кызматта колдонгула

Сайтыбыздын башкы бетине жүрөгү таза адамдарга кызыктуу боло турган макалалар менен видеолор чыгып турат (Элч 13:48). Аларда жаңылыктардагы же элди ойлондурган, алар сөз кылган темалар баса белгиленет.

jw.org сайтынын башкы бетин кызматта кантип колдонсоңор болот?

  • Веб-сайтка дайыма кирип тургула. Башкы бетке чыккан макалалар менен видеолорго өзгөчө көңүл бургула. «Кызыккан кишиге жардам бериш үчүн аларды кантип колдонсом болот?» — деп ойлонгула. (Башкы бетке чыккан акыркы материалдарды табыш үчүн «Көбүрөөк билүү» дегенди баскыла.) Веб-сайтка эмнелер чыгып жатканынан дайыма кабардар болуп турсаңар, «кызматта эмне деп сөз баштайм» деп кыйналбайсыңар.

  • Сөз башташ үчүн башкы беттеги макалалар менен видеолорду колдонгула. Аларда аймактагы кишилерди ойлондурган нерселер чагылдырылышы мүмкүн.

  • Башкы бетти көрсөткүлө. Маектешиңердин көңүлүн белгилүү бир темаларга буруп, сайттан маалыматты кантип тапса болорун көрсөтүп бергиле.

  • Шилтемелерди жөнөткүлө. Айрымдар биз менен сүйлөшкүсү келбейт, бирок сайтыбызга кирип көрүүнү каалашы мүмкүн. Андыктан кызыккандарга башкы беттин же ал жактагы кайсы бир макаланын же видеонун шилтемесин жөнөткөндөн тартынбагыла.