Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жахаба кыйналгандарды куткарат

Жахаба кыйналгандарды куткарат

Ар бир кишинин эле көңүлү чөккөн учуру болот. Бирок бул анын ишеними алсырап калганын билдирбейт. Атүгүл Жахаба да кайгырып, жүрөгү ооруй турганын айткан (Бш 6:5, 6). Бирок көңүлүбүз көп чөксөчү же кайгынын сазынан такыр эле чыга албай калган болсокчу?

Жахабадан жардам сурагыла. Жахаба биздин акыл-эс, эмоциялык саламаттыгыбызга кызыкдар. Ал жайдары жүргөнүбүздү да, кайгырып жүргөнүбүздү да байкайт. Эмне үчүн ушундай болуп жатканын да жакшы түшүнөт (Зб 7:9б). Баарынан маанилүүсү, ал бизди жакшы көрөт жана көңүл чөгөттүк, атүгүл депрессия менен күрөшкөнгө жардам берет (Зб 34:18).

Акыл-эс саламаттыгыңарга кам көргүлө. Терс сезимдер бактысыз кылгандан сырткары, Жахаба менен болгон достугубузга да таасир этет. Ошон үчүн жүрөгүбүздү, жан дүйнөбүздү, коргогонубуз туура (Нкл 4:23).

«ДЕПРЕССИЯГА КАРАБАЙ ЖАН ДҮЙНӨ ТЫНЧТЫГЫН САКТАГАН ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Никки депрессия менен күрөшүш үчүн эмнелерди кылган?

  • Ал эмне үчүн дарыланышым керек деген бүтүмгө келген? (Мт 9:12)

  • Жахаба жардам бериши үчүн, Никки ага кандайча таянган?