Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Балдарыңарга Жахабадан үйрөнгөндөрүн иш жүзүндө колдонгонго жардам бергиле

Балдарыңарга Жахабадан үйрөнгөндөрүн иш жүзүндө колдонгонго жардам бергиле

Балдарыңарга жыйналыштан толук пайда алганга жардам бергиле. Бул — Кудайдын акыл-насаатын алардын жүрөгүнө сиңирүүнүн эң мыкты жолу. Балдардын жыйналыштан уккан-көргөндөрү, жооп бергендери Жахаба жөнүндө билгенге жана аны менен дос болгонго көмөк кылат (Мз 31:12, 13). Ата-энелер, аларга жыйналыштан толук пайда алганга кантип жардам бере аласыңар?

  • Жыйналышка бетме-бет барганга бүт күчүңөрдү жумшагыла (Зб 22:22)

  • Жыйналышка чейин же кийин ишенимдештериңер менен жагымдуу пикирлешкенге убакыт бөлгүлө (Ев 10:25)

  • Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүндө, электрондук болобу же кагаз түрүндөбү, жыйналыштан изилдене турган адабияттардын болушуна кам көргүлө

  • Балаңар өз сөзү менен жооп бериши үчүн, даярданганга жардам бергиле (Мт 21:15, 16)

  • Жыйналыш жана анда айтылгандар жөнүндө оң маанайда сүйлөгүлө

  • Балдарыңарга Падышалык залын жууп-тазалаганга катышканга жардам бергиле жана улгайган бир туугандар менен пикир алмашканга үндөгүлө

Балдарыңарга Жахаба менен дос болгонго жардам берүү көп күч-аракетти талап кылат. Кээде бул колуңардан келбечүдөй сезилиши мүмкүн. Ошентсе да Жахабанын жардам береринен шектенбесеңер болот (Ыш 40:29).

«АТА-ЭНЕЛЕР, ЖАХАБАГА ЖАНА АНЫН КҮЧҮНӨ ТАЯНГЫЛА» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Чарчаганы Зак менен Лияга кандай таасир эткен?

  • Ата-энелер эмне үчүн Жахабага күч сурап кайрылышы керек?

  • Жахаба Зак менен Лияга жардам бериши үчүн, алар ага кантип таянышкан?