Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Ал рух... күбөлөндүрүп турат»

«Ал рух... күбөлөндүрүп турат»

«Ал рух Кудайдын балдары экенибизди биздин рухубуз менен бирге күбөлөндүрүп турат» (РИМ. 8:16).

25-ЫР: Өзгөчө эл

БУЛ МАКАЛАДА *

Жахаба Элүүнчү күн майрамында Исанын 120дай шакиртине кереметтүү жол менен ыйык рухун төккөн (1, 2-абзацтарды карагыла)

1, 2. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында кандай өзгөчө окуя болгон?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 33-жылы, Элүүнчү күн майрамы. Ошол жекшембиде эртең менен 120дай шакирт Иерусалимдеги бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө чогулат (Элч. 1:13—15; 2:1). Бир нече күн мурун Иса аларга өзгөчө белек берилерин, ошондуктан Иерусалимден кетпей турушу керектигин айткан болчу (Элч. 1:4, 5). Андан кийин эмне болот?

2 «Күтүлбөгөн жерден асмандан катуу шамал болгондогудай добуш угулуп, алар отурган үйдүн ичин жаңыртат». Анан шакирттердин ар биринин башында «көрүнүшү тилге окшогон жалын» пайда болот. «Ошондо баары ыйык рухка толот» (Элч. 2:2—4). Жахаба ошондой кереметтүү жол менен аларга ыйык рухун төгөт (Элч. 1:8). Ошентип, ал шакирттер эң алгачкылардан болуп ыйык рух менен майланышат * жана Иса менен чогуу асманда бийлик кылуу үмүтүнө ээ болушат.

КАНТИП МАЙЛАНАТ?

3. Элүүнчү күн майрамына катышкан шакирттер өздөрүнүн ыйык рух менен майланганына эмне үчүн эч шектенишкен эмес?

3 Эгер сен да үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө чогулган ошол шакирттердин арасында болсоң, ал күндү эч качан унутмак эмес болушуң керек. Башыңа тилге окшогон жалын түшүп, ар кандай тилдерде сүйлөй баштамаксың (Элч. 2:5—12). Андыктан ыйык рух менен майланганыңа такыр шектенмек эмессиң. Бирок майлангандардын баары эле ыйык рух менен ошондой кереметтүү түрдө майланабы? Жок. Эмне үчүн ушинтип айтууга болот? Алар ыйык рух менен качан майланат?

4. 1-кылымда майлангандар ыйык рухту качан алышкан?

4 Алгач убакыт туурасында сөз кылалы. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында майлангандардын саны 120дай шакирт менен эле чектелген эмес. Ошол күнү бир нече убакыттан кийин дагы 3 000ге жакын киши Иса убадалаган ыйык рухту алган. Алар чөмүлгөндө ыйык рух менен майланышкан (Элч. 2:37, 38, 41). Бирок андан кийинки жылдары майлангандардын баары эле ыйык рухту чөмүлгөндө алышкан эмес. Мисалы, самариялыктар аны чөмүлгөндөн бир нече убакыт өткөндөн кийин алышкан (Элч. 8:14—17). Ал эми Корнелий менен анын үйүндөгүлөрүнүн майланганы өзгөчө болгон. Алар чөмүлгөнгө чейин эле ыйык рух менен майланышкан (Элч. 10:44—48).

5. 2 Корунттуктар 1:21, 22ге ылайык, кимдир бирөө ыйык рух менен майланганда эмне болот?

5 Эми кимдир бирөө ыйык рух менен майланганда эмне болоруна токтололу. Майлангандардын айрымдары Жахабанын аны тандап алганын башында түшүнө албай: «Кудай эмнеге мени тандап алды?» — деп ойлонушу ыктымал. Башкалары андай сезимде болбошу мүмкүн. Кандай болбосун, ыйык рух менен майлангандардын баары тууралуу элчи Пабыл: «Ага ишенип, ал аркылуу силер да убадаланган ыйык рух менен мөөрлөндүңөр *. Ал рух — бизге бериле турган мурастын кепилдиги»,— деген (Эф. 1:13, 14). Ырас, Жахаба майлангандарга аларды тандап алганын айдан ачык кылыш үчүн ыйык рухун колдонот. Ушундайча ыйык рух аларды келечекте жерде эмес, асманда түбөлүк жашаарына ынандыруу үчүн берилген «кепилдик» болуп эсептелет (Окугула: 2 Корунттуктар 1:21, 22.)

6. Майланган бир тууган асмандагы сыйлыгына ээ болушу үчүн эмне кылууга тийиш?

6 Кимдир бирөөнүн ыйык рух менен майланганы анын асманга сөзсүз түрдө барарына кепилдик береби? Жок. Албетте, ал асманга чакырылганына бекем ишенет. Ошентсе да ал: «Бир туугандарым, чакырылгандар жана тандалгандар катары ишенимдүү бойдон калыш үчүн бүт күчүңөрдү жумшай бергиле. Эгер ушул сапаттарга ээ болсоңор, түз жолдон эч качан тайбайсыңар»,— деген эскертүүнү эсинде сактоого тийиш (2 Пет. 1:10). Ооба, кимдир бирөө асманга тандалса же чакырылса да, ишенимдүү бойдон калганда гана сыйлыгына ээ боло алат (Флп. 3:12—14; Евр. 3:1; Аян 2:10).

МАЙЛАНГАНЫН КАНТИП БИЛЕТ?

7. Майлангандар өздөрүнүн асманда жашоого чакырылганын кантип билет?

7 Кудайдын кызматчысы өзүнүн асманда жашоого чакырылганын кантип билет? Бул суроонун жообу Пабылдын Римдеги ишенимдештерине — «ыйык болууга чакырылгандарга» — жазган сөздөрүнөн айкын көрүнүп турат. Пабыл аларга: «Силер кулчулуктун рухун — кайрадан коркунуч туудуруучу рухту — эмес, Кудай бизди уулдары катары асырап алыш үчүн берген рухту алдыңар. Ошол рух менен биз „Абба, Ата!“ деп чакырабыз. Ал рух Кудайдын балдары экенибизди биздин рухубуз менен бирге күбөлөндүрүп турат»,— деп жазган (Рим. 1:7; 8:15, 16). Демек, Кудай майлангандарды асманда жашоого чакырылганына ыйык руху аркылуу ынандырат (1 Тес. 2:12).

8. Майлангандардын өздөрүнүн майланган экенин кимдир бирөөнүн ырасташына муктаж эмес экени 1 Жакан 2:20, 27ден кандайча көрүнүп турат?

8 Жахаба өзү ынандыргандыктан, майлангандардын оюнда да, жүрөгүндө да асманга чакырылганына байланыштуу эч кандай шек саноо болбойт. (Окугула: 1 Жакан 2:20, 27.) Албетте, майлангандар да башкалардай эле Жахабанын аларды уюму аркылуу окутуп-үйрөтүшүнө муктаж. Бирок алар өздөрүнүн майланган экенин кимдир бирөөнүн ырасташына муктаж эмес. Анткени Жахаба аларга муну ааламдагы эң кубаттуу күчү — ыйык руху — аркылуу айкын кылган!

АЛАР «КАЙРАДАН ТӨРӨЛҮШӨТ»

9. Эфестиктер 1:18де жазылгандай, кимдир бирөө майланганда кандай өзгөрүү болот?

9 Бүгүнкү күндө Кудайдын кызматчыларынын көбү кимдир бирөөнүн ыйык рух менен кантип майланарын толук түшүнө албашы мүмкүн, анткени алар мындайды эч качан башынан өткөрүшкөн эмес. Анын үстүнө, Кудай адамдарды асманда эмес, жер бетинде түбөлүк жашашы үчүн жараткан (Башт. 1:28; Заб. 37:29). Бирок Жахаба айрымдарды асманда жашоого тандайт. Ыйык руху менен майлаганда ал алардын үмүтүн, ой жүгүртүүсүн түп-тамыры менен өзгөртөт. Ошондуктан алар асманда жашоону эңсей башташат. (Окугула: Эфестиктер 1:18.)

10. «Кайрадан төрөлүү» деген эмнени билдирет? (Шилтемени да карагыла.)

10 Кимдир бирөө ыйык рух менен майланганда ал «кайрадан төрөлөт», башкача айтканда, «жогорудан төрөлөт» *. Иса ыйык рух менен майланбаган кишиге «кайрадан төрөлүү» же болбосо «рухтан төрөлүү» кандай болорун так-айкын түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес экенин айткан (Жкн. 3:3—8, шилт.).

11. Ыйык рух менен майланган адамдын ой жүгүртүүсү кандайча өзгөрөрүн түшүндүрүп бергиле.

11 Кудайдын кызматчысы майланганда анын ой жүгүртүүсүндө кандай өзгөрүү болот? Майланганга чейин ал жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүн жогору баалачу. Анын Жахаба жерди бүт жамандыктан тазалап, аны бейишке айланта турган убакытты эңсеп келгени да күмөнсүз. Балким, ал тирилген жакынын же досун тосуп алып жатканын элестетип жүргөндүр. Бирок майлангандан кийин таптакыр башкача ой жүгүртө баштаган. Эмне себептен? Анын ой жүгүртүүсү жерде жашоого болгон үмүттү баалабай калгандыктан, депрессияга чалдыккандыктан же көп азап чеккендиктен өзгөргөнбү? Же жер бетинде түбөлүк жашоо кызыксыз боло тургандай сезилгендиктенби? Жок, анын ой жүгүртүүсүн жана жогору баалап келген үмүтүн Жахаба өзү ыйык руху менен өзгөрткөн.

12. 1 Петир 1:3, 4кө ылайык, майлангандар үмүтү тууралуу кандай сезимде болушат?

12 Кээ бирөөлөр өздөрүн ошондой баа жеткис сыймыкка татыксыз сезиши мүмкүн. Бирок алар Жахабанын тандап алганына кымындай да шектенишпейт. Ошол үмүтү тууралуу ойлонгондо алардын жүрөгү кубанычка, ыраазычылыкка толот. (Окугула: 1 Петир 1:3, 4.)

13. Майлангандар жердеги жашоосуна кандай карашат?

13 Жогоруда айтылгандар майлангандардын өлгүсү келерин билдиреби? Бул суроого элчи Пабылдын сөздөрүнөн жооп таба алабыз. Ал асманга чакырылгандардын кадимки денесин чатырга салыштырып, мындай деген: «Бул чатырда жашап, үстүбүздөгү оор жүктөн улам онтоп жатабыз. Бирок кийип жүргөнүбүздү чечип салууну каалагандыктан эмес, өлө турган дененин ордуна түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн башкасын кийүүнү каалагандыктан онтоп жатабыз» (2 Кор. 5:4). Майлангандар жерде жашоодон тажап, эртерээк эле асманга кетип калууну эңсешпейт. Тескерисинче, алар ар бир күнүн жогору баалап, достору жана жакындары менен чогуу Жахабага кызмат кылууга умтулушат. Анткен менен алар, кандай иш кылбасын, келечекке болгон кереметтүү үмүтүн дайыма эсинде бек сакташат (1 Кор. 15:53; 2 Пет. 1:4; 1 Жкн. 3:2, 3; Аян 20:6).

СЕН МАЙЛАНГАНСЫҢБЫ?

14. Кайсы нерселер кимдир бирөөнүн ыйык рух менен майланганын билдирбейт?

14 Балким, сен өзүңдүн ыйык рух менен майланган-майланбаганың жөнүндө ойлонуп жүргөндүрсүң. Эгер ошондой болсо, төмөндөгү маанилүү суроолор тууралуу ой жүгүртүп көр: Жахабанын эркин күйүп-жанып аткарасыңбы? Кабар айтуу ишине өзгөчө ынталуулук менен катышасыңбы? Ыйык Китепте жазылгандарды, анын ичинде «Кудайдын терең сырларын» казып изилдегенди жакшы көрөсүңбү? (1 Кор. 2:10). Жахабанын кызматыңа өзгөчө жол менен батасын берип жатканын сезесиңби? Башкаларга рухий жактан жардам берүүнү өзүңдүн жоопкерчилигиң катары эсептейсиңби? Жашооңдо Жахабанын көп жолдор менен жардам берип, колдоп жатканына айкын далилдерди көрөсүңбү? Ушул суроолордун баарына ишенимдүү түрдө «ооба» деп жооп бергениң майланган экениңди көрсөтүп турабы? Жок. Эмне үчүн? Анткени мындай сезимдер асманга барабы, жокпу, Кудайдын кызматчыларынын баарында болот. Жахаба ыйык руху аркылуу кызматчыларына, алар асманда жашоого үмүттөнөбү же жер бетиндеби, бирдей күч берет. Эгер өзүңдүн асманга чакырылган-чакырылбаганың жөнүндө ойлонуп, так билбей жатсаң, ушунун өзү эле чакырылбаганыңды ырастап турат. Жахабанын ыйык руху менен майлангандар өздөрүнүн асманга чакырылганына түк да шектенишпейт. Алар муну так билишет!

Жахаба Ыбрайымга, Саарага, Дөөтүгө, Чөмүлдүрүүчү Жаканга ыйык руху аркылуу укмуштуудай иштерди аткарууга күч берген, бирок ал рухту аларга асманда жашоого үмүт берүүгө колдонгон эмес (15, 16-абзацтарды карагыла) *

15. Кудайдан ыйык рух алгандардын баары эле асмандагы жашоого чакырыла бербей турганын кайдан билебиз?

15 Кудайдын Сөзүндө ыйык рух күчтүү таасир эткен, бирок асманда жашоого үмүттөнбөгөн көптөгөн ишенимдүү кишилер жөнүндө жазылган. Ыйык рухка жетектелгендердин бири Дөөтү пайгамбар болгон (1 Шем. 16:13). Ал ыйык рухтун жардамы менен Жахаба жөнүндө абдан терең нерселерди түшүнгөн жана Ыйык Китепти жазууга катышкан (Мр. 12:36). Анткен менен элчи Петир: «Дөөтү... асманга көтөрүлгөн эмес»,— деп жазган (Элч. 2:34). Чөмүлдүрүүчү Жакан да «ыйык рухка толгон» (Лк. 1:13—16). Иса адамдардын арасынан Жакандан чоң эч ким чыкпаганын айтса да, анын өзү менен бирге асманда падышалык кылбай турганын белгилеген (Мт. 11:10, 11). Жахаба ыйык руху аркылуу ал кызматчыларына укмуштуудай иштерди аткарууга күч берген. Ошентсе да аларды асманда жашоого тандалганына ынандырган эмес. Бирок бул алардын асманга тандалгандарга караганда азыраак ишенимге ээ болгонун билдиреби? Жок. Бул тек гана Жахабанын аларды бейишке айланган жер бетинде жашоого тирилтерин көрсөтүп турат (Жкн. 5:28, 29; Элч. 24:15).

16. Учурда Кудайдын кызматчыларынын көбү кандай сыйлык алууну эңсеп келишет?

16 Учурда Кудайдын кызматчыларынын басымдуу бөлүгү асманда жашоого үмүттөнбөйт. Алар байыркы убакта жашаган Ыбрайым, Саара, Дөөтү, Чөмүлдүрүүчү Жакан жана башка көптөгөн ишенимдүү эркек-аялдар сыяктуу эле жер бетинде Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу алдында жашоону эңсеп келишет (Евр. 11:10).

17. Кийинки макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

17 Бүгүнкү күндө майлангандар дагы деле арабызда жүргөндүктөн, бизде ар кандай суроолор туулушу мүмкүн (Аян 12:17). Алсак, майлангандар өздөрү тууралуу кандай ойдо болушу керек? Эгер жыйналыштагы кайсы бир ишенимдешибиз Эскерүү кечесинде символдордон ооз тие баштаса, ага карата кандай көз карашта болгонубуз туура? Символдордон ооз тийгендердин саны барган сайын өсүп баратса, тынчсызданышыбыз керекпи? Бул суроолорго кийинки макаладан жооп алабыз.

^ 5-абз. Б.з. 33-жылы өткөрүлгөн Элүүнчү күн майрамынан бери Жахаба айрым кызматчыларын кереметтүү үмүткө — анын Уулу менен бирге асманда бийлик кылуу үмүтүнө — ээ кылып келет. Алар өздөрүнө ошондой чоң сыймык ыйгарылганын кантип билишет? Жахаба кимдир бирөөнү асманда жашоого кантип чакырат? Бүйүрдү кызыткан бул суроолорго ушул макаладан жооп ала алабыз. Бул макала «Күзөт мунарасынын» 2016-жылы январдагы санына чыккан макалага негизделди.

^ 2-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Ыйык рух менен майлануу. Жахаба кимдир бирөөнү Иса менен чогуу асманда бийлик кылууга тандаганда ыйык рухун колдонот. Ыйык руху аркылуу ага келечегине байланыштуу «кепилдик» берет (Эф. 1:13, 14). Машаяктын андай жолдоочулары ыйык рух аларга ала турган сыйлыгы асманда экенин «күбөлөндүрүп турат» деп айта алышат (Рим. 8:16).

^ 5-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Мөөр. Бул ишенимдүү майлангандарга көз жумардан же улуу алаамат башталардан бир аз убакыт мурун басыла турган соңку мөөрдү билдирбейт (Эф. 4:30; Аян 7:2—4). (Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2016-жыл, апрель, «Окурмандардын суроолору»).

^ 10-абз. «Кайрадан төрөлүү» деген эмнени билдирери жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн бул журналды карагыла: «Күзөт мунарасы», 2009-жыл, 1-апрель, 3—12-беттер, ор.

27-ЫР: Кудайдын уулдарынын даңкы ачык көрүнөт

^ 57-абз. СҮРӨТ. Ишенимибиз үчүн түрмөдө отурабызбы же ээн-эркин кызмат кылып жүрөбүзбү, Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу алдында жер бетинде жашоону эңсеп келебиз.