Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Биз силер менен барабыз»

«Биз силер менен барабыз»

«Биз силер менен барабыз, анткени Кудайдын силер менен экенин уктук» (ЗАК. 8:23).

26-ЫР: Мен үчүн кылдыңар

БУЛ МАКАЛАДА *

Башка койлор («он киши») майлангандар («жүйүт») менен бирге Жахабага сыйынуу сыймыгына ээ (1, 2-абзацтарды карагыла)

1. Жахаба биздин күндөргө байланыштуу эмнени алдын ала айткан?

БИЗДИН күндөргө байланыштуу Жахаба: «Ошол күндөрү ар кандай тилде сүйлөгөн элдерден, бардык элдерден он киши чыгып, бир жүйүттүн этегинен кармап, ага: „Биз силер менен барабыз, анткени Кудайдын силер менен экенин уктук“,— дешет»,— деп алдын ала айткан (Зак. 8:23). Бул жерде айтылган «жүйүт» ыйык рух менен майлангандарды билдирет. Алар «Кудайдын Ысрайылы» деп да аталышат (Гал. 6:16). Ал эми «он киши» жер бетинде түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөрдү билдирет. «Он киши» майлангандарга Жахаба батасын берип жатканын билгендиктен алар менен кызматташууну сыймык деп эсептейт.

2. «Он киши» кандай мааниде майлангандар менен чогуу «баратат»?

2 Учурда майлангандардын баарынын атын так билүү мүмкүн эмес болсо да *, жер бетинде түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөр алар менен «бара» алышат. Кантип? Ыйык Китепке ылайык, «он киши» «бир жүйүттүн  этегинен кармап, ага: „Биз силер менен барабыз, анткени Кудайдын силер менен экенин уктук“»,— деп айтышмак. Бул жерде бир эле «жүйүт» жөнүндө сөз жүрүп жатканы менен, ага карата эки жолу «силер» деген сөз колдонулган. Мындан анын бир кишини эмес, майлангандардын бүтүндөй тобун билдирерин көрүүгө болот. Жерде жашоого үмүттөнгөндөр майлангандар менен бирге Жахабага кызмат кылууда. Бирок биз асманга чакырылгандарды жол башчылар катары көрбөйбүз, себеби биздин Жол башчыбыз — Иса Машаяк (Мт. 23:10).

3. Бул макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Кудайдын элинин арасында дагы деле Исанын майланган жолдоочулары жүргөндүктөн, айрымдарда төмөндөгүдөй суроолор туулушу ыктымал: Майлангандар өздөрү тууралуу кандай ойдо болушу керек? Символдордон ооз тийгендерге кандай мамиле кылганыбыз туура болот? Алардын саны өсүп жатканына тынчсызданышыбыз керекпи? Бул макалада ушул суроолорго жооп берилет.

МАЙЛАНГАНДАР ӨЗДӨРҮ ТУУРАЛУУ КАНДАЙ ОЙДО БОЛУШУ КЕРЕК?

4. 1 Корунттуктар 11:27—29-аяттарга ылайык, майлангандар эмне тууралуу олуттуу ойлонушу керек жана эмне үчүн?

4 Майлангандардын ар бири 1 Корунттуктар 11:27—29-аяттарда камтылган эскертүү тууралуу терең ой жүгүртүшү кажет. (Аяттарды окугула.) Кандайча майланган бир тууган символдордон «татыксыз түрдө» ооз тийген болуп калышы мүмкүн? Эгер ал нан менен шараптан ооз тийип, бирок Жахабанын мыйзамдарына баш ийбесе, татыксыз түрдө ооз тийген болуп калат (Евр. 6:4—6; 10:26—29). Майлангандар «Кудайдын Машаяк Иса аркылуу бере турган сыйлыгына, асманга чакырылуу сыйлыгына», ээ болууну кааласа, ишенимдүү бойдон калышы керектигин түшүнүшөт (Флп. 3:13—16).

5. Майлангандар өздөрү тууралуу кандай ойдо болушу зарыл?

5 Жахабанын руху анын кызматчыларына текебер эмес, момун болууга жардам берет (Эф. 4:1—3; Кол. 3:10, 12). Андыктан майлангандар өздөрүн башкалардан жакшыраакпыз деп эсептебейт жана Жахабанын аларга башка кызматчыларына караганда көбүрөөк ыйык рух бере бербей турганын түшүнүшөт. Алар Ыйык Китептеги чындыктар тууралуу башкаларга караганда терең түшүнүккө ээбиз деп ойлошпойт. Ошондой эле кимдир бирөөгө анын да майланган экенин айтып, символдордон ооз тийүүгө үндөшпөйт, анын ордуна, момун болуп, адамды Жахаба гана майлай турганын эсинен чыгарышпайт.

6. 1 Корунттуктар 4:7, 8де жазылгандай, Исанын майланган жолдоочусу өзүн кандай алып жүрүшү керек?

6 Майлангандар асмандагы жашоого чакырылууну зор сыймык катары көрүшсө да, башкалардын бөтөнчө мамиле кылышын күтүшпөйт (Флп. 2:2, 3). Ошондой эле алар Жахаба кимдир бирөөнү майлаганда ал тууралуу башкаларга билдирбей турганын билишет. Ошондуктан айрымдар алардын майланган экенине дароо ишенбесе, таң калышпайт. Анткени Ыйык Жазмада Кудайдан өзгөчө дайындоо алганын айткан адамга шак эле ишенип калбашыбыз керектиги айтыларын жакшы билишет (Аян 2:2). Өздөрүнө көңүл бурдурбаш үчүн башкалар менен таанышканда өздөрүнүн майланган экенин айта беришпейт жана келечекте ала турган сыйлыгын айтып мактанышпайт. (Окугула: 1 Корунттуктар 4:7, 8).

7. Майлангандар эмне кылуудан качышат жана эмне үчүн?

7 Майлангандар өздөрүн өзгөчө топтун мүчөсү көрүп, убактысын башка майлангандар менен гана өткөрүшүм керек деп ойлошпойт. Андан тышкары, асмандагы жашоого чакырылган башка ишенимдештерин издеп, өздөрүнүн майланганы тууралуу сүйлөшүүгө же Ыйык Китепти изилдеген өзүнчө топторду уюштурууга умтулушпайт (Гал. 1:15—17). Андай иш-аракеттер жыйналыштын бөлүнүп-жарылышына алып барат жана Кудайдын элинин арасындагы тынчтык менен биримдикке өбөлгө түзгөн ыйык рухка каршы келет (Рим. 16:17, 18).

КАНДАЙ МАМИЛЕ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК?

Майлангандарга же жетекчиликти колго алган бир туугандарга атак-даңктууларга мамиле кылгандай мамиле кылбашыбыз керек (8-абзацты карагыла) *

8. Эскерүү кечесинде нан менен шараптан ооз тийгендерге мамиле кылууда эмнеден сак болушубуз керек? (Шилтемени да карагыла.)

8 Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийгендерге кандай мамиле кылганыбыз туура болот? Кимдир бирөөнү, атүгүл ал Машаяктын майланган бир тууганы болсо да, өтө көкөлөтүү туура эмес болуп калмак (Мт. 23:8—12). Ыйык Китепте аксакалдардыкындай «ишенимге  ээ болууга» чакырыларыбыз чын, бирок анда кайсы бир адамды туу тутушубуз керектиги айтылбайт (Евр. 13:7). Албетте, Кудайдын Сөзүнө ылайык, айрым бир туугандарга «эки эсе урмат көрсөтүшүбүз» керек. Ошентсе да алар андай урмат-сыйга майланган болгону үчүн эмес, «жакшы жетекчилик кылганы» жана «насаат айтып, окутуп, талыкпай кызмат кылганы» үчүн татыктуу (1 Тим. 5:17). Эгер асманга чакырылгандарга өтө көп көңүл буруп, даңктап-даңазаласак, алар өздөрүн оңтойсуз сезиши мүмкүн *. Андан да жаманы, ошондой мамиле кыла берсек, аларды текеберденип кетүүгө түртүп коюшубуз ыктымал (Рим. 12:3). Эч кимибиз Машаяктын бир тууганынын күнөө кылышына себепкер болуп калгыбыз келбейт (Лк. 17:2).

9. Канткенде майлангандарга урмат-сый көрсөткөн болобуз?

9 Канткенде майлангандарга урмат-сый көрсөткөн болобуз? Ан үчүн алардан кантип майланганын сурабаганыбыз жакшы. Бул алардын жеке иши жана аны билүүгө биздин укугубуз жок (1 Тес. 4:11; 2 Тес. 3:11). Алардын ата-энеси, өмүрлүк жары же дагы башка туугандары да майланган болуш керек деп божомолдобошубуз керек. Анткени асманда жашоого болгон үмүт адамга жубайы же кайсы бир жакын тууганы аркылуу өтпөйт. Аны ага Кудай берет (1 Тес. 2:12). Ошондой эле жакындарына катуу тие турган суроолорду бергенден качканыбыз оң. Маселен, майланган бир туугандын жарынан келечекте жер бетиндеги бейиште ансыз жашай турганын билгенде кандай сезимде болгонун сураганыбыз орунсуз болуп калмак. Биз Жахабанын жаңы заманда «бардык тирүү жандардын каалоосун орундатарына» толук ишенсек болот (Заб. 145:16).

10. Кимдир бирөөнү өтө эле аздектей берүүдөн алыс болсок, кандайча өзүбүздү коргойбуз?

10 Майлангандарга орундуу түрдө урмат көрсөтүү менен өзүбүздү да коргойбуз. Кандайча? Ыйык Жазмада айрым майлангандардын ишенимсиз болуп калышы мүмкүн экени жазылган (Мт. 25:10—12; 2 Пет. 2:20, 21). Эгерде кимдир бирөөнү өтө эле аздектөөдөн, ага суктана берүүдөн алыс болсок, ал ким болбосун: майланган болобу же көптөргө белгилүү же узак убактан бери чындыкта жүргөн бир тууган болобу, аны ээрчип кетпейбиз (Жүй. 16). Ал ишенимдүү болбой калса же жыйналыштан кетип калса, анын айынан Жахабага болгон ишенимибиз алсырап калбайт же ага кылган кызматыбызды токтотуп койбойбуз.

СИМВОЛДОРДОН ООЗ ТИЙГЕНДЕРДИН САНЫ ӨСҮП ЖАТКАНЫНА ТЫНЧСЫЗДАНЫШЫБЫЗ КЕРЕКПИ?

11. Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийгендердин санына байланыштуу эмне байкалууда?

11 Көптөгөн жылдар бою Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийгендердин саны улам азайып бараткан. Бирок акыркы жылдарда алардын саны барган сайын өсүүдө. Бул бизди тынчсыздандырышы керекпи? Жок. Келгиле, мунун бир нече себебин карап көрөлү.

12. Нан менен шараптан ооз тийгендердин саны өсүп жатканына эмне үчүн тынчсызданбашыбыз керек?

12 «Жахаба өзүнө таандык болгондорду билет» (2 Тим. 2:19). Жахабадан айырмаланып, Эскерүү кечесинде нан менен шараптан ооз тийгендерди санаган бир туугандар кимдин чынында эле майланган экенин билишпейт. Ооз тийгендердин арасында өздөрүн майланганбыз деп жаңылыш ойлогондор да бар. Айрымдар кайсы бир убакытка чейин ооз тийип жүрүп, кийин токтотуп коюшкан. Кээ бирөөлөр психикалык же эмоциялык жактан ооругандыктан Машаяк менен бирге асманда бийлик жүргүзөм деп ойлоп алышы ыктымал. Ошондуктан майлангандардын жерде канчасы калганын так билбейбиз.

13. Ыйык Китепте улуу алаамат башталганда майлангандардын саны канча болору так көрсөтүлгөнбү?

13 Иса Машаяк майлангандарды асманга алып кеткени келгенде, алар дүйнөнүн чар тарабында болушат (Мт. 24:31). Ыйык Жазмада акыркы күндөрдө жер бетинде майлангандардын аз эле санда болору айтылган (Аян 12:17). Бирок анда улуу алаамат башталганда алардын саны канча болору так көрсөтүлгөн эмес.

Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийгендерге кандай карашыбыз керек? (14-абзацты карагыла)

14. Римдиктер 9:11, 16га ылайык, майлангандардын тандалышына байланыштуу эмнени түшүнүшүбүз керек?

14 Майлангандарды качан тандоону Жахаба өзү чечет (Рим. 8:28—30). Жахаба майлангандарды Иса тирилгенден кийин тандай баштаган. Сыягы, анын 1-кылымдагы кызматчыларынын баары майланган болгон. Ал эми андан кийинки кылымдарда өздөрүн Машаяктын жолдоочулары деп атагандардын басымдуу бөлүгү, чынында, анын жолдоочулары болгон эмес. Анткен менен ошол убакыт аралыгында Жахаба айрым ишенимдүү адамдарды ыйык руху менен майлаган. Алар, Иса айткандай, «отоо чөптүн» арасында өскөн «буудай» болушкан (Мт. 13:24—30). Жахаба акыркы күндөр башталгандан бери да 144 000дин катарына кире тургандарды тандап келатат *. Эгер ал айрымдарга мындай сыймыкты дүйнө түзүлүшүнүн аяк ченинде ыйгарууну чечсе, анын акылмандыгына шек туудургудай биз кимбиз? (Окугула: Римдиктер 9:11, 16) *. Исанын мисалындагы акыркы саатта келген жумушчуларга башкалар менен бирдей акы төлөгөн жүзүмзардын ээсине нааразы болгон жумушчуларга окшоп калуудан сак болушубуз керек (Мт. 20:8—15).

15. Асманда жашоого үмүттөнгөндөрдүн баары Матай 24:45—47-аяттарда айтылган «ишенимдүү жана акылдуу кулду» түзөбү? Түшүндүргүлө.

15 Асманда жашоого үмүттөнгөндөрдүн баары эле «ишенимдүү жана акылдуу кулду» түзө бербейт. (Окугула: Матай 24:45—47). 1-кылымдагыдай эле, бүгүнкү күндө да Жахаба менен Иса көптөрдү аз эле киши аркылуу азыктандырууда, тактап айтканда, окутуп-үйрөтүүдө. 1-кылымда майлангандардын бир нечеси эле Грек Жазмаларын жазууга катышкан. Анын сыңарындай, азыркы убакта Кудайдын майланган кызматчыларынын саналуулары гана анын элине «өз убагында тамак берип турууга» дайындалган.

16. Бул макаладан эмнелерди билдик?

16 Корутундулай турган болсок, бул макаладан эмнелерди билдик? Жахаба элинин басымдуу бөлүгүнө жерде түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүн, ал эми белгилүү сандагы кызматчыларына Иса менен асманда башкаруу мүмкүнчүлүгүн берүүнү чечкен. Жахаба ар бир кызматчысына: «жүйүткө» да, «он кишиге» да сыйлык берет. Андан тышкары, ал эки топтон тең бирдей эле мыйзам-принциптерге баш ийүүнү жана ишенимдүүлүгүн сактоону талап кылат. Эки топтогулар тең момундугунан жазбашы, биримдүү болушу жана жыйналышта тынчтык өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзүшү керек. Бул дүйнөнүн аягы жакындап келаткандыктан, келгиле, баарыбыз мындан ары да Жахабага кызмат кылып, Машаяктын жетекчилигине «бир отордой» баш ие берели (Жкн. 10:16).

^ 5-абз. Ушул жылы Машаяктын өлүмүн Эскерүү кечеси шейшемби күнү, 7-апрелде, белгиленет. Ошол күнү нан менен шараптан ооз тийгендерге кандай карашыбыз керек? Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийгендердин саны өсүп жатканына тынчсызданышыбыз керекпи? «Күзөт мунарасынын» 2016-жылы январда чыккан санындагы маалыматка негизделген бул макаладан ушул суроолорго жооп алабыз.

^ 2-абз. Забур 87:5, 6-аяттардан көрүнүп тургандай, келечекте Кудай Иса Машаяк менен асманда башкара тургандардын баарынын ысмын ачып бериши мүмкүн (Рим. 8:19).

^ 8-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2016-жыл, январь, «Сүйүү „адепсиздик кылбайт“» деген кутуча.

^ 14-абз. Элчилер 2:33тө ыйык рух Иса аркылуу төгүлөрү айтылса да, кимди ыйык рух менен майлаарын Жахаба өзү чечет.

^ 14-абз. Бул тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү журналды карагыла: «Күзөт мунарасы», 2007-жыл, 1-май, «Окурмандардын суроолору», ор.

34-ЫР: Кудайдын алдында кынтыксыз жүрөм

^ 56-абз. СҮРӨТ. Жыйынга келгендердин башкы башкармалыктын өкүлү жана анын жубайы менен сүрөткө түшүш үчүн аларды тегеректеп алганын элестетип көрсөңөр. Бул кандай гана сыйлабастык болмок!