Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахаба Атабыз бизди аябай жакшы көрөт

Жахаба Атабыз бизди аябай жакшы көрөт

«Мындай деп тиленгиле: „Асмандагы Атабыз“» (МТ. 6:9).

135-ЫР: Жахабанын чакырыгы: «Уулум, акылдуу бол»

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Персия падышасынын алдына баргысы келген киши эмне кылышы керек эле?

ӨЗҮҢӨРДҮН 2 500 жылдай мурун Персияда жашап жатканыңарды элестетсеңер. Силер ал жердин падышасы менен кайсы бир маселе тууралуу сүйлөшөйүн деп, анын ак сарайы жайгашкан Шушан шаарына бардыңар. Бирок падышага кириш үчүн андан уруксат алышыңар керек. Болбосо өмүрүңөр менен кош айтышарыңар турган иш (Эст. 4:11).

2. Жахаба биздин ага кайрылганда кандай сезимде болушубузду каалайт?

2 Жахабанын Персиянын падышасындай эмес экенине кандай гана ыраазыбыз! Ал жер бетиндеги башкаруучулардын баарынан алда канча жогору турат. Ошого карабай бизди угууга дайым даяр жана ага ээн-эркин кайрылышыбызды каалайт. Улуу Жараткан, Кудурети Чексиз, Эгедер Теңир деген сыяктуу теңдешсиз наамдарды алып жүрсө да, ага кайрылганыбызда жүрөгүбүзгө жакын болгон «Ата» деген сөздү колдонууга чакырат (Мт. 6:9). Жахабанын ага ынак болуп, жылуу сезимдерди туюшубузду каалаганын билүү кандай гана жүрөк козгоорлук!

3. Эмне үчүн Жахабаны «Ата» деп айта алабыз жана бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?

3 Жахаба — өмүрдүн Булагы, ошондуктан ага «Ата» деп кайрылганыбыз туура (Заб. 36:9). Ал Атабыз болгондуктан, ага баш ийүүгө милдеттүүбүз. Анын айткандарын аткарсак, мол бата алабыз (Евр. 12:9). Ал баталарга асманда же жерде түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгү кирет. Биз Жахабага баш ийүү менен азыр да пайда алуудабыз. Бул макалада анын мээримдүү Ата катары учурда эмнелерди кылып жатканын жана келечекте бизди эч качан калтырбай турганына эмне үчүн ишенсек болорун талкуулайбыз. Бирок, келгиле, алгач асмандагы Атабыздын бизди абдан жакшы көрөрүнө, камыбызды ойлооруна эмне себептен шектенбесек болорун карап чыгалы.

ЖАХАБА — МЭЭРИМДҮҮ ЖАНА КАМКОР АТА

Камкор ата балдары менен ынак болгусу келгендей эле, Жахаба биз менен ынак болгусу келет (4-абзацты карагыла)

4. Эмне үчүн айрымдарга Жахабаны Атасындай көрүү кыйын?

4 Кудайды Атаңардай көрүү силер үчүн кыйынбы? Айрымдар өздөрүн Кудуреттүү Кудайдын алдында эч нерсеге арзыбаган адам деп эсептеп, анын аларга жекече кам көрөрүнө шектениши мүмкүн. Бирок мээримдүү Атабыз биздин ошондой ойдо болушубузду каалабайт. Ал бизге өмүр берген жана аны менен жакын мамиледе болушубузду каалайт. Муну баса белгилегенден кийин элчи Пабыл аны угуп турган афиндиктерге Жахабанын «ар бирибизге жакын» экенин айткан (Элч. 17:24—29). Ырас, Кудай ар бирибиздин, кичинекей бала мээримдүү жана камкор атасы менен сүйлөшкөндөй, аны менен сүйлөшүп турушубузду каалайт.

5. Бир ишенимдешибиздин айткандарынан эмнени билсек болот?

5 Кээ бирөөлөр атасынын мээримин, жылуу мамилесин бир аз эле көргөндүктөн же таптакыр көрбөгөндүктөн, аларга Жахабаны Атасындай көрүү оңой эмес. Бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Атам мени сөз менен абдан кордочу. Ошондуктан Ыйык Китепти изилдей баштаганда асмандагы Атам менен ынак мамиле түзүү кыйынга турду. Бирок аны жакшыраак таанып-билгенден кийин, баары өзгөрдү». Силерде да ушундай сезимдер болобу? Ошондой болсо, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Убакыттын өтүшү менен Жахабанын эң мыкты Ата экенине ынана аласыңар.

6. Матай 11:27ге ылайык, Жахаба бизге аны мээримдүү Атабыздай көрүүгө кантип жардам берген?

6 Жахаба бизге аны мээримдүү Атабыздай көрүүгө ар кандай жолдор менен жардам берген. Мисалы, ал Ыйык Китепке Исанын айткан сөздөрүн, кылган иштерин жаздырып койгон. (Окугула: Матай 11:27.) Иса Жахабанын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдыргандыктан: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айта алган (Жкн. 14:9). Ал көп жолу Жахабаны Ата катары сүрөттөгөн. Төрт Инжилде эле ага карата «Ата» деген сөздү 200дөй жолу колдонгон. Ал эмне үчүн Жахаба жөнүндө көп айтчу? Мунун бир себеби ал адамдардын Жахабанын мээримдүү Ата экенине ынанышын каалаган (Жкн. 17:25, 26).

7. Уулуна кылган мамилесинен Жахаба тууралуу эмнелерди билсек болот?

7 Уулуна кылган мамилесинен Жахаба тууралуу эмнелерди билсек болоруна токтололу. Жахаба Исанын тиленүүлөрүн ар дайым укчу. Угуп эле койбостон, аларга жооп берчү (Жкн. 11:41, 42). Иса кандай гана кыйынчылыкка туш болбосун, Атасынын сүйүүсүн, колдоосун сезчү (Лк. 22:42, 43).

8. Жахаба Исага кандай жолдор менен кам көргөн?

8 Иса: «Мен ал аркылуу жашап жатам»,— дегенде аны Жахаба жаратканын жана өмүр сүрүшүнө кам көргөнүн айткан (Жкн. 6:57). Ал толугу менен Атасына таянган, ал эми Атасы аны жашоого зарыл нерселер менен камсыз кылган. Андан да маанилүүсү, ага рухий жактан кам көргөн (Мт. 4:4).

9. Жахаба Исанын мээримдүү, камкор Атасы экенин кантип көрсөткөн?

9 Мээримдүү Ата катары Жахаба Исаны дайыма колдооруна ынандырып турган (Мт. 26:53; Жкн. 8:16). Ал аны бардык зыяндан коргобосо да, башына түшкөн кыйынчылыктарды көтөрүүгө жардам берген. Иса кандай зыянга учурабасын, анын баары убактылуу экенин билген (Евр. 12:2). Ооба, Жахаба Уулун жакшы көрөрүн аны угуп, үйрөтүп, ага кам көрүп жана колдоо көрсөтүү менен далилдеген (Жкн. 5:20; 8:28). Эмесе, келгиле, асмандагы Атабыздын кандайча бизге да ушундай жолдор менен кам көрөрүн карап чыгалы.

МЭЭРИМДҮҮ АТАБЫЗ БИЗГЕ КАНТИП КАМ КӨРӨТ?

Мээримдүү ата балдарын 1) угат, 2) кам көрөт, 3) окутуп-үйрөтөт, 4) коргойт. Асмандагы мээримдүү Атабыз да бизге ушундай жолдор менен кам көрөт (10—15-абзацтарды карагыла) *

10. Забур 66:19, 20да жазылгандай, Жахаба бизди жакшы көрөрүн кантип көрсөтөт?

10 Тиленүүлөрүбүздү угат. (Окугула: Забур 66:19, 20.) Жахаба бизге тиленүүгө байланыштуу чектерди койбойт, тескерисинче, ага тез-тезден кайрылып турууга үндөйт (1 Тес. 5:17). Биз Кудайыбыз менен каалаган убакта, каалаган жерде сүйлөшө алабыз. Ал бизди угууга дайыма убакыт табат жана айткандарыбызды кунт коюп угат. Жахабанын тиленүүлөрүбүзгө жооп бергенин сезгенибизде ага ого бетер жакындайбыз. Забурчу: «Мен Жахабаны жакшы көрөм, анткени ал үнүмдү... угат»,— деп жазган (Заб. 116:1).

11. Жахаба тиленүүлөрүбүзгө кантип жооп берет?

11 Атабыз тиленүүлөрүбүздү угуп эле койбостон, аларга жооп берет. Элчи Жакан: «Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз»,— деп айткан (1 Жкн. 5:14, 15). Албетте, Жахаба тиленүүлөрүбүзгө дайыма эле биз күткөндөй жооп бере бербейт. Ал биз үчүн эмне жакшы болорун билгендиктен айрым учурда тиленүүлөрүбүзгө «жок» деп жооп берет же аны күтүшүбүздү каалайт (2 Кор. 12:7—9).

12, 13. Асмандагы Атабыз бизге кандай жолдор менен кам көрөт?

12 Бизге кам көрөт. Жахаба бардык аталардан талап кылган нерсени өзү да аткарат (1 Тим. 5:8). Ал бизди, балдарын, жашоого зарыл нерселер менен камсыз кылат. Биздин тамак-ашты, кийим-кечени же турак-жайды ойлоп санаа тартышыбызды такыр каалабайт (Мт. 6:32, 33; 7:11). Мээримдүү Ата катары ал келечекте да эч нерседен өксүбөй жашашыбызга кам көрүп койгон.

13 Баарынан маанилүүсү, Жахаба биздин рухий муктаждыктарыбызды канааттандырат. Ал Ыйык Китепке өзү, ой-ниети, жашоонун маңызы жана келечек тууралуу чындыкты жаздырып койгон. Чындыкты укканыбызда ата-энебизди же башка кызматчысын колдонуп, өзүн таанып-билүүгө жардам берүү менен бизге жекече көңүл бурган. Ал жыйналыштагы аксакалдар жана жетилген бир туугандар аркылуу бизге дагы деле рухий жактан мээримдүүлүк менен жардам берип келет. Андан тышкары, бизди ишенимдештерибиз менен бирге жыйналыш жолугушуулары аркылуу окутуп-үйрөтүүдө. Ушул жана башка жолдор менен Жахаба баарыбызга аталык сүйүүсүн көрсөтүүдө (Заб. 32:8).

14. Жахаба бизди эмне үчүн окутуп-үйрөтөт жана ал муну кантип кылат?

14 Бизди окутуп-үйрөтөт. Исадан айырмаланып, биз жеткилең эмеспиз. Ошондуктан мээримдүү Атабыз бизди окутуп-үйрөтүүдө кээде оңдоп-түзөйт. Анын Сөзүндө: «Жахаба кимди сүйсө, ошону жазалайт»,— деп жазылган (Евр. 12:6, 7). Жахаба бизди көптөгөн жолдор менен тарбиялайт. Алсак, Ыйык Китептен окугандарыбыз же жыйналыштан уккандарыбыз кайсы жактан оңолушубуз керектигин көрүүгө көмөк кылышы мүмкүн. Же муну аксакалдар айтышы ыктымал. Кандай болбосун, Жахаба бизди жакшы көргөндүктөн тартипке салат (Жер. 30:11).

15. Жахаба бизди кандай жолдор менен коргойт?

15 Кыйынчылыкка кабылганда колдоо көрсөтөт. Оор учурда балдарына жардамга келген камкор атадай болуп, асмандагы Атабыз кыйын кезеңде бизди колдойт. Ал аны менен болгон мамилебизге доо кетире турган нерселерден коргош үчүн бизге ыйык рухун берет (Лк. 11:13). Ошондой эле ал бизди эмоциялык жактан да коргойт. Маселен, ал келечекке байланыштуу кереметтүү үмүт берген. Ошол үмүт бизге кыйынчылыктарга багынбоого күч берет. Бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр: башыбызга кандай мүшкүл түшпөсүн, мээримдүү Атабыз анын кесепетин толугу менен жоё алат. Азыр туш болуп жаткан көйгөйлөрүбүздүн баары убактылуу, ал эми Жахабанын баталары түбөлүктүү (2 Кор. 4:16—18).

АТАБЫЗ БИЗДИ ЭЧ КАЧАН КАЛТЫРБАЙТ

16. Адам атанын тил албай койгонунун кесепети кандай болгон?

16 Адам ата тил албай койгондо, Жахабанын эмне кылганы тууралуу ой жүгүртсөк, анын бизди жакшы көрөрүн көрө алабыз. Баш ийбестигинин айынан Адам ата өзү да, урпактары да асмандагы Атасынын бактылуу үй-бүлөсүнүн мүчөсү болбой калышкан (Рим. 5:12; 7:14). Бирок Жахаба анын тукумдарына жардам берүүнү чечкен.

17. Адам ата күнөө кылганда, Жахаба дароо эмне кылган?

17 Жахаба Адам атаны жазаласа да, анын төрөлө элек урпактарын үмүтсүз абалда калтырган эмес. Ал ошол замат тил алчаак адамдардын кайрадан анын үй-бүлөсүнүн мүчөсү боло аларын убадалаган (Башт. 3:15; Рим. 8:20, 21). Жахаба муну сүйүктүү Уулу Исанын куткаруу курмандыгынын негизинде ишке ашырган. Биз үчүн өз Уулун берүү менен ал бизди канчалык жакшы көрөрүн далилдеген (Жкн. 3:16).

Мээримдүү Атабыз Жахабадан алыстап кеткен болсок, бирок өкүнүп жатсак, ал бизди кабыл алууга даяр (18-абзацты карагыла)

18. Жахабанын бизди, атүгүл андан алыстап кетсек да, балдарындай көрөрүнөн эмне үчүн шектенбесек болот?

18 Жеткилеңсиз болсок да, Жахаба анын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болушубузду каалайт жана бизге жардам берүүнү эч качан оор жүктөй көрбөйт. Кээде анын жүрөгүн оорутушубуз же бир азга болсо да андан алыстап кетишибиз мүмкүн. Бирок ал бизге дароо эле кол шилтеп койбойт. Иса Жахабанын адамдарга болгон сүйүүсү канчалык күчтүү экенин көрсөтүш үчүн адашкан уул жөнүндө аңгеме айткан (Лк. 15:11—32). Аңгемедеги ата уулунун кайра келеринен такыр үмүт үзгөн эмес. Ал кайтып келгенде, кучак жайып тосуп алган. Эгер биз да мээримдүү Атабыз Жахабадан алыстап кеткен болсок, бирок өкүнүп жатсак, анын бизди кабыл алууга даяр экенинен шектенбесек болот.

19. Адам ата келтирген зыяндын ордун Жахаба кантип толтурат?

19 Жахаба Адам ата келтирген бардык зыяндын ордун толтурат. Адам ата күнөө кылгандан кийин, Жахаба Уулу Иса менен бирге асманда падыша жана дин кызматчы боло турган 144 000 кишини асырап алууну чечкен. Жаңы заманда Иса алар менен бирге тил алчаак адамдарга жеткилеңдикке жетүүгө жардам берет. Акыркы сыноодон кийин Жахаба анын тилин алган адамдарга түбөлүк өмүр сүрүү сыймыгын ыйгарат. Жер бети жеткилең уул-кыздарына толгонун көрүп, ал абдан кубанат. Ошол убак кандай гана кереметтүү болот!

20. Жахаба бизди сүйөрүн кайсы жолдор менен көрсөтүп келет жана кийинки макалада эмнени карап чыгабыз?

20 Ооба, Жахаба бизге болгон сүйүүсү күчтүү экенин көрсөтүп келет. Ал — эң мыкты Ата. Ал тиленүүлөрүбүздү угат, материалдык жактан да, рухий жактан да кам көрөт, бизди окутуп-үйрөтөт жана колдоп турат. Ошондой эле биз үчүн келечекте да сонун нерселерди кылат. Асмандагы Атабыздын бизди сүйөрүн, бизге кам көрөрүн билүү жүрөгүбүздү кубанычка толтурат! Кийинки макалада биз анын балдары катары сүйүүсүнө кантип жооп кайтара аларыбызды карап чыгабыз.

108-ЫР: Кудайдын туруктуу сүйүүсү

^ 5-абз. Биз, адатта, Жахабаны Жаратканыбыз жана Эгедер Башкаруучубуз катары көрөбүз. Бирок аны мээримдүү, камкор Атадай көрүшүбүзгө көптөгөн себептер бар. Бул макалада ошол себептерди карап чыгабыз. Ошондой эле анын бизди эч качан калтырбай турганына эмне үчүн ишенсек болорун талкуулайбыз.

^ 59-абз. СҮРӨТТӨР. Төрт сүрөттүн ар биринде атасы менен баласы тартылган: атасы баласын кунт коюп угууда; атасы кызына тамак берүүдө; атасы уулун үйрөтүүдө; атасы баласын кучактап, сооротууда. Сүрөттөрдүн артында тартылган Жахабанын колу анын бизге да ушундай жолдор менен кам көрөрүн эсибизге салат.