Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Көрө албастыкка каршы туруп, тынчтыкка умтулалы

Көрө албастыкка каршы туруп, тынчтыкка умтулалы

«Тынчтыкка, бири-бирибизди бекемдөөгө умтулалы» (РИМ. 14:19).

113-ЫР: Кудайдын элинин арасындагы тынчтык

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Көрө албастык Жусуптун үй-бүлөсүнө кандай таасир эткен?

ЖАКЫП бардык балдарын жакшы көрчү, бирок 17 жаштагы Жусупту алардын баарынан артык көрө турган. Буга Жусуптун агалары кандай караган? Алар ич күйдүлүк кылып, аны жек көрө баштаган. Жусуп алар жек көргүдөй эч нерсе кылбаса да, агалары аны кулчулукка сатып жиберишкен. Анан атасына жанындай көргөн уулун жырткыч жара тартып кеткенин айтып, аны алдап коюшкан. Ошентип, көрө албастык алардын үй-бүлөсүндөгү тынчтыктын бузулушуна жана атасынын күйүткө батышына алып келген (Башт. 37:3, 4, 27—34).

2. Галатиялыктар 5:19—21-аяттарга ылайык, көрө албастык кылуу эмне үчүн абдан кооптуу?

2 Ыйык Жазмада көрө албастык * өлүмгө алып бара турган жана Кудайдын Падышалыгын мурастоого тоскоолдук кыла турган «күнөөгө баткан дененин иштери» менен кошо саналат. (Окугула: Галатиялыктар 5:19—21.) Көрө албастык көбүнчө касташуу, чыр-чатак, ачууга алдыруу сыяктуу уулуу жемиштерди берет.

3. Бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?

3 Жусуптун агаларынын окуясынан көрө албастык үй-бүлөдөгү тынчтыкты, ынтымакты кандайча бузары көрүнүп турат. Албетте, биз эч качан алардай иш кылмак эмеспиз. Бирок баарыбыз жеткилеңсизбиз, жүрөгүбүз да митаам (Жер. 17:9). Ошондуктан кээде башкаларга көз артканыбыз таң калыштуу эмес. Анда эмесе, эмнеден улам жүрөгүбүздө көрө албастык тамыр алышы мүмкүн экенин көрсөткөн Ыйык Китептеги айрым окуяларды карап көрөлү. Андан соң көрө албастыкты жеңип, тынчтыкка умтулуш үчүн эмне кылсак болоруна токтолобуз.

КӨРӨ АЛБАСТЫККА ЭМНЕЛЕР СЕБЕП БОЛОТ?

4. Пелиштиликтер эмне үчүн Ыскакка көз артышкан?

4 Дүнүйө-мүлк. Ыскак колунда бар киши болгон, ошондуктан пелиштиликтер анын байлыгына көз артышкан (Башт. 26:12—14). Алар атүгүл Ыскак малын сугарып жүргөн кудуктарга топурак толтуруп салышкан (Башт. 26:15, 16, 27). Пелиштиликтерге окшоп, бүгүнкү күндө да айрымдар өздөрүнө караганда байыраак жашаган адамдарды көрө алышпайт. Алар башкалар ээ болгон нерсеге көз артып эле койбостон, алардын ошол нерсесинен кол жууп калышын да каалайт.

5. Эмне үчүн диний жетекчилер Исага көз артышкан?

5 Эл оозуна алынуу. Исаны көптөр аябай жакшы көргөндүктөн, жүйүт диний жетекчилер аны көрө алышкан эмес (Мт. 7:28, 29). Иса Кудайдын өкүлү болгон жана элге чындыкты окутуп-үйрөткөн. Ошого карабай диний жетекчилер анын кадыр-баркын түшүрүш үчүн жалган сөздөрдү таратышкан (Мр. 15:10; Жкн. 11:47, 48; 12:12, 13, 19). Мындан кандай сабак алсак болот? Жакшы сапаттары менен жыйналыштагыларды өзүнө тартып турган бир туугандарга ич күйдүлүк кылбай, алардан үлгү алууга аракет кылышыбыз керек (1 Кор. 11:1; 3 Жкн. 11).

6. Диотреф ичи тарлыгынан улам эмне кылган?

6 Сыймыктуу жоопкерчиликтер. 1-кылымда Диотреф жыйналышта жетекчиликти колго алгандарга ичи тарлык кылган. Ал жыйналышта «биринчи болууну» каалагандыктан элчи Жакан жана башка жоопкерчиликтүү бир туугандар тууралуу жаман сөздөрдү тараткан (3 Жкн. 9, 10). Эч кимибиз Диотрефтей иш-аракет кылгыбыз келбейт. Бирок өзүбүз ээ болууну күтүп жүргөн кайсы бир жоопкерчилик башка ишенимдешибизге тапшырылса, өзгөчө, ал ишти ошол бир туугандай эле аткара алам, атүгүл андан да жакшы аткарам деп ойлосок, ага көз арта башташыбыз мүмкүн.

Жүрөгүбүз топуракка, жакшы сапаттарыбыз кооз гүлдөргө, ал эми көрө албастык уулуу отоо чөпкө окшош. Көрө албастык сүйүү, боорукердик жана кайрымдуулук сыяктуу жакшы сапаттарды «чырмап алып», алардын өсүшүнө жолтоо болот (7-абзацты карагыла)

7. Көрө албастык бизге кандай таасир этиши мүмкүн?

7 Көрө албастык уулуу отоо чөпкө окшош. Эгер анын үрөнү жүрөгүбүздө тамырлай баштаса, аны жок кылуу кыйын болуп калат. Текебердик, өзүмчүлдүк, атаандаштык сыяктуу терс сапаттар анын ого бетер гүлдөп-өсүшүнө шарт түзөт. Отоо чөптөй болуп, көрө албастык сүйүү, боорукердик жана кайрымдуулук сыяктуу жакшы сапаттарды «чырмап алып», алардын өсүшүнө жолтоо болот. Андыктан анын жүрөгүбүздө өнө баштаганын байкасак, дароо тамыры менен жулуп ташташыбыз керек. Аны кантип кыла алабыз?

МОМУНДУК ЖАНА ЫРААЗЫ БОЛО БИЛҮҮ

Отоо чөптөй болгон көрө албастыкты кантип жеңе алабыз? Ыйык рухтун жардамы менен аны тамыры менен жулуп, ордуна момундук жана ыраазы боло билүү сапаттарын өстүрө алабыз (8, 9-абзацтарды карагыла)

8. Кайсы сапаттар көрө албастыкты жеңүүгө көмөк кылат?

8 Момундук жана ыраазы боло билүү сапаттарын өрчүтүү менен көрө албастыкты жеңе алабыз. Жүрөгүбүз ушул жакшы сапаттарга толуп турса, көрө албастыкка орун калбай калат. Момундук өзүбүз тууралуу жогору ойдо болбогонго жардам берет. Момун болсок, өзүбүздү башкаларга караганда көбүрөөк нерсеге татыктуумун деп эсептебейбиз (Гал. 6:3, 4). Ошондой эле ыраазы боло билсек, колубузда болгон нерселерге топук кылып, өзүбүздү башкаларга салыштырбайбыз (1 Тим. 6:7, 8). Момун жана ыраазы боло билген адам кимдир бирөөнүн жакшы нерсеге ээ болгонун көргөндө аны менен кошо кубанат.

9. Галатиялыктар 5:16га жана Филипиликтер 2:3, 4кө ылайык, ыйык рух бизге эмне кылууга жардам берет?

9 Көрө албастыктан алыс болуп, момундук жана ыраазы боло билүү сапаттарын өрчүтүш үчүн Кудайдын ыйык рухунун жардамына муктажбыз. (Окугула: Галатиялыктар 5:16; Филипиликтер 2:3, 4.) Жахабанын ыйык руху бизге жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ойлорубузду, ниетибизди текшерүүгө көмөк кылат. Кудайдын жардамы менен терс ой-сезимдерден арылып, акылыбыз менен жүрөгүбүздү жакшы ойлорго толтура алабыз (Заб. 26:2; 51:10). Анда Муса пайгамбардын жана элчи Пабылдын башкаларга көз артпоо жагынан кандайча жакшы үлгү калтырганына көңүл буралы.

Ысрайылдык бир жигит Муса менен Жашыяга чуркап келип, конушта калган эки кишинин өздөрүн пайгамбарлардай алып жүргөнүн айтат. Жашыя Мусага: «Аларды токтот»,— дегенде, ал макул болбойт. Тескерисинче, Жахабанын ал эки кишиге ыйык рухун бергенине кубанып жатканын айтат (10-абзацты карагыла)

10. Кайсы жагдай Муса үчүн сыноо болушу мүмкүн эле? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

10 Муса пайгамбар Кудайдын элинин арасында чоң бийликке ээ болгон, бирок ал аны эч кимге бергиси келбей, ичи тарлык кылган эмес. Мисалы, бир жолу Жахаба Мусадагы ыйык рухтан алып, жыйын чатырынын жанында турган ысрайылдык аксакалдарга берген. Ошондон көп өтпөй эле, Муса жыйын чатырына келбеген эки аксакалга да ыйык рух берилип, өздөрүн пайгамбарлардай алып жүрө баштаганын уккан. Жашыя: «Мырзам, аларды токтот!» — дегенде, ал эмне кылган? Муса Жахабанын ал эки аксакалга көңүл бурганына ичи тарлык кылган эмес. Ал момун болуп, алардын пайгамбарлык кыла баштаганына кубанган (Сан. 11:24—29). Андан кандай үлгү алсак болот?

Аксакалдар канткенде Мусадай момун боло алышат? (11, 12-абзацтарды карагыла) *

11. Аксакалдар Муса пайгамбарды кантип туурай алышат?

11 Эгер сен аксакал болсоң, жооптуу бир туугандар сенден жакшы көргөн сыймыктуу жоопкерчилигиңди аткарууну кайсы бир ишенимдешиңе үйрөтүүнү суранды беле? Маселен, сага жума сайын «Күзөт мунарасын» изилдөөнү өткөрүү абдан жагат дейли. Ал жоопкерчиликти кийинчерээк башка бир тууган аркалашы үчүн, ага изилдөө өткөргөндү үйрөтүшүңдү суранышса, кандай сезимде болосуң? Эгер Муса пайгамбардай момун болсоң, өзүңдү басынтылгандай сезбейсиң. Тескерисинче, ага жардам берүүдөн кубаныч аласың.

12. Көптөгөн ишенимдештерибиз момундук жана ыраазы боло билүү сапаттарын кантип көрсөтүп жатышат?

12 Көптөгөн улгайган бир туугандар кабылып жаткан дагы бир жагдайга токтололу. Ондогон жылдардан бери аксакалдар кеңешинин координатору болуп кызмат кылып келаткан ал ишенимдештерибиз 80ге чыкканда милдетин башкаларга даярдуулук менен өткөрүп беришет. 70ке чыккан райондук көзөмөлчүлөр да өзүнүн милдетин момундук менен өткөрүп берип, кызматтын башка түрүн аркалоого макул болушат. Ошондой эле акыркы жылдары дүйнө жүзүндөгү Бейтелдерде кызмат кылган көптөгөн бир туугандар талаа кызматына дайындала баштады. Ал ишенимдүү бир туугандарыбыз өздөрү аткарып келген кызматты азыр башка бирөө аткарып жатканына жаман болушпайт.

13. Пабыл эмнеден улам 12 элчиге ич күйдүлүк кылышы мүмкүн эле?

13 Момун болуу жана ыраазы боло билүү жагынан жакшы үлгү көрсөткөндөрдүн дагы бири — элчи Пабыл. Ал көрө албастыктын өрчүшүнө жол берген эмес. Жахабага жанын аябай кызмат кылса да, ал момундук менен: «Мен элчилердин эң кичинесимин, атүгүл элчи деп аталууга да татыксызмын»,— деген (1 Кор. 15:9, 10). Иса жерде кызмат кылганда, 12 элчиси аны коштоп жүргөн. Ал эми Пабыл Иса тирилгенден кийин гана анын жолдоочусу болгон. Кийинчерээк ал «башка элдерге жиберилген элчи» болуп дайындалган, бирок өзгөчө сыймыкка ээ болгон эмес, тактап айтканда, 12 элчинин бири болгон эмес (Рим. 11:13; Элч. 1:21—26). Ошентсе да ал 12 элчиге жана алардын Иса менен тыгыз мамилелешкенине ич күйдүлүк кылбай, өзүнө тапшырылган кызматты ыраазычылык менен аткара берген.

14. Ыраазы боло билүү жана момундук бизге эмне кылууга жардам берет?

14 Момун болуп, ыраазы боло билсек, Пабылдай болобуз жана Жахаба дайындаган бир туугандарга урмат көрсөтөбүз (Элч. 21:20—26). Жахаба жыйналышта жетекчиликти колго алууга аксакалдарды дайындаган. Алар жеткилеңсиз болсо да, Жахаба ар бирин «адам түрүндөгү белек» деп эсептейт (Эф. 4:8, 11). Эгер аксакалдарды урматтап, көрсөтмөлөрүнө момундук менен баш ийсек, Жахаба менен болгон мамилебизди бекем сактайбыз жана бир туугандар менен тынчтыкта болобуз.

«ТЫНЧТЫККА... УМТУЛАЛЫ»

15. Биз эмне кылышыбыз керек?

15 Эгер бири-бирибизге көрө албастык кылсак, арабызда тынчтык болбойт. Андыктан көрө албастыкты жүрөгүбүздөн тамыры менен жулуп салышыбыз жана башкаларда андай сезимдин пайда болушуна себепкер болуудан качышыбыз керек. Жахабанын: «Тынчтыкка, бири-бирибизди бекемдөөгө умтулалы»,— деген чакырыгына ылайык иш кылгыбыз келсе, ушул маанилүү кадамдарды жасашыбыз зарыл (Рим. 14:19). Башкаларда көрө албастык пайда болбошу үчүн жана тынчтыкка өбөлгө түзүү үчүн эмне кылсак болот?

16. Башкаларда көрө албастык пайда болбошу үчүн, эмне кылсак болот?

16 Биздин маанайыбыз, иш-аракеттерибиз башкаларга күчтүү таасир этиши мүмкүн. Бул дүйнө колубузда болгон нерселерибизге мактанышыбызды каалайт (1 Жкн. 2:16). Бирок андай кылсак, башкаларда көрө албастык пайда болушу мүмкүн. Мындан качуу үчүн колубуздагы дүнүйө-мүлкүбүз же сатып алганы жаткан нерселерибиз тууралуу айта бербешибиз керек. Андан сырткары, жыйналышта кандайдыр бир сыймыктуу жоопкерчиликке ээ болгондо момун бойдон калганыбыз маанилүү. Эгер аткарып жаткан кызматыбызды айтып мактана берсек, башкалардын жүрөгүндө көрө албастыктын өсүшүнө шарт түзүп коёбуз. Анткендин ордуна, башкаларга чын дилден көңүл буруп, кылып жаткан жакшы иштери үчүн мактап туруу менен аларга ыраазы боло билгенге жардам беребиз жана жыйналышта биримдик менен тынчтыктын өкүм сүрүшүнө салым кошобуз.

17. Жусуптун бир туугандары эмнеге өбөлгө түзө алышкан жана эмне үчүн?

17 Биз көрө албастыкка каршы күрөшүүдө жеңишке жете алабыз! Жусуптун бир туугандарынын окуясына дагы бир жолу токтололу. Алар Жусупка кордук көрсөткөндөн бир канча жыл өткөндөн кийин, ага Мисир жеринен жолугушкан. Жусуп өзүнүн ким экенин айтардан мурун агаларынын өзгөргөн-өзгөрбөгөнүн текшерип көргөн. Аларды тамакка чакырып, эң кичүү иниси Бенжеминге башкаларына караганда көбүрөөк сый көрсөткөн (Башт. 43:33, 34). Агаларынын Бенжеминге көрө албастык кылганы тууралуу эч жерде айтылбайт. Тескерисинче, алар аны жана атасы Жакыпты ойлоп тынчсызданышкан (Башт. 44:30—34). Көрө албастыктан арылгандыктан алар үй-бүлөсүндөгү тынчтыкты калыбына келтирүүгө өбөлгө түзө алышкан (Башт. 45:4, 15). Эгер биз да жүрөгүбүздөн көрө албастыкты тамыры менен жулуп таштасак, үй-бүлөбүздөгү жана жыйналыштагы тынчтыкты сактай алабыз.

18. Жакып 3:17, 18де айтылгандай, тынчтыкка өбөлгө түзсөк, натыйжасы кандай болот?

18 Жахаба биздин көрө албастыкка алдырбай, тынчтыкка умтулушубузду каалайт. Ан үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек. Жогоруда талкуулаганыбыздай, баарыбыз эле көрө албастыкка жакын келебиз (Жкп. 4:5). Ошондой эле ал сапатты чагылдырган адамдарга жык толгон дүйнөдө жашап жатабыз. Бирок момундукту өрчүтсөк, колубузда болгонду бааласак жана ыраазы боло билсек, эч кимге көрө албастык кылбайбыз. Анын ордуна, адилдиктин жемиши өсө турган чөйрөгө, тынчтыкка, өбөлгө түзөбүз. (Окугула: Жакып 3:17, 18.)

130-ЫР: Кечиримдүү бололу

^ 5-абз. Жахабанын уюмунда дайыма тынчтык өкүм сүрөт. Бирок көрө албастыктын өрчүшүнө жол берип койсок, тынчтыктын бузулушуна себепкер болуп калышыбыз ыктымал. Бул макалада көрө албастык эмнеден улам өрчүшү мүмкүн экенин карап чыгабыз. Ошондой эле ал терс сапат менен күрөшүүгө жана тынчтыкка умтулууга эмне жардам берерин талкуулайбыз.

^ 2-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Ыйык Китепте жазылгандай, көрө албас адам башкалар ээ болгон нерсеге көз артып эле койбой, алардын ошол нерсесинен кол жууп калышын да көксөйт.

^ 61-абз. СҮРӨТТӨР. Аксакалдар кеңешинин жолугушуусунда аксакалдар жыйналышта «Күзөт мунарасын» изилдөөнү алып барган улгайган бир туугандан жашыраак аксакалга ошол милдетти аткарууну үйрөтүүнү суранышат. Улгайган бир тууган өзүнүн милдетин жакшы көргөндүктөн башында анча көңүлдөнбөсө да, аксакалдардын чечимин жан-дилден колдоп, жашыраак аксакалга пайдалуу кеңештерин берүүдө жана чын жүрөктөн мактоодо.