Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахаба бизди соорото алат

Жахаба бизди соорото алат

«Тынчымды кетирген ойлор көбөйгөндө, сенин сооротууң жанымды жыргаткан» (ЗАБ. 94:19).

44-ЫР: Кыйналган адамдын тиленүүсү

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Эмнеден улам тынчсызданышыбыз мүмкүн жана бул бизге кандай таасир этет?

КАЙСЫ бир нерсеге аябай тынчсызданган учурларыңар болду беле? * Балким, кимдир бирөө сөзү же иши менен катуу тийгенде, жан дүйнөңөр сыздагандыр. Же өзүңөр туура эмес сүйлөп же туура эмес иш кылып алгандыктан кыйналгандырсыңар. Мисалы, күнөө кылып алып, Жахаба мени эч качан кечирбейт деп бушайман болгондурсуңар. Анысы аз келгенсип, ишеними алсыз адам болгондуктан ушинтип тынчсызданып жатам деп, өзүңөрдү күнөөлөп жаткандырсыңар. Бирок чынында эле ошондойбу?

2. Тынчсызданганыбыз ишенимибиздин алсыз экенин билдирбей турганы Ыйык Китептен кандайча көрүнүп турат?

2 Ыйык Китептеги айрым инсандардын үлгүсүнө токтололу. Шемуел пайгамбардын энеси Анна ишеними күчтүү аял болгон. Анткен менен үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү жаман мамиле кылгандыктан, анын жүрөгү сыздаган (1 Шем. 1:7). Элчи Пабылдын да ишеними күчтүү болгон. Бирок ал «бардык жыйналыштарды ойлоп», санаа тарткан (2 Кор. 11:28). Дөөтү падышанын да ишеними бекем болгондуктан, Жахаба аны абдан жакшы көргөн (Элч. 13:22). Ошентсе да ал олуттуу күнөөлөрдү кылып, анын азабын тарткан (Заб. 38:4). Жахаба алардын ар бирин сооротуп-жубаткан. Анда эмесе, алардан эмнелерди үйрөнсөк болорун карап көрөлү.

ИШЕНИМДҮҮ АННАНЫН ҮЛГҮСҮ

3. Эмне үчүн кээде башкалардын айткан сөзүнөн улам тынчсызданышыбыз мүмкүн?

3 Башкалар, өзгөчө, жакын досубуз же тууганыбыз сөзү же иши менен көңүлүбүздү оорутса, жаман болушубуз, мамилебиз бузулуп калды деп тынчсызданышыбыз мүмкүн. Кээде кимдир бирөө жаман ою жок эле бир нерсе айтышы, бирок анын айткандары жүрөгүбүздү кылычтай жаралашы ыктымал (Накыл 12:18). Айрымдар болсо атайылап катуу тие турган сөздөрдү айтышат. Бир жаш ишенимдешибиз ушундай жагдайга туш болгон. Ал мындай дейт: «Бир нече жыл мурун жакшы досум деп ойлоп жүргөн бир кыз мен жөнүндө социалдык тармактар аркылуу ушак тарата баштаган. Ошондо аябай туталанып, жаман болгом. Анын эмнеге ошентип артыман сүйлөп жатканын такыр түшүнө албай койгом». Эгер силердин да жакын досуңар же тууганыңар жүрөгүңөрдү жаралаган болсо, Аннадан көп нерсеге үйрөнө аласыңар.

4. Анна кандай оор кыйынчылыктарга туш болгон?

4 Анна бир катар кыйынчылыкка туш болгон. Алсак, ал көп жылдар бою балалуу боло алган эмес (1 Шем. 1:2). Байыркы Ысрайылда согончогу канабаган аялды Кудайдын каргышына калган деп эсептешчү. Ошондон улам Анна өзүн уятка калгандай сезчү (Башт. 30:1, 2). Анын жагдайын дагы бир нерсе оорлоткон: күйөөсүнүн Пенина деген да аялы бар эле. Ал ага бир нече бала төрөп берген. Пенина Аннаны атаандашы катары көрүп, «аны дайыма ызалантып, көңүлүн оорута берчү» (1 Шем. 1:6). Башында анын кордугу ушунчалык жанына баткандыктан, Анна «ыйлап, тамак жебей» калчу. Ал мүңкүрөп, «катуу кайгыга» баткан (1 Шем. 1:7, 10). Аны эмне соороткон?

5. Тиленүү Аннага кантип жардам берген?

5 Анна Жахабага жүрөгүндөгүсүнүн баарын төккөн. Тиленген соң ал башкы дин кызматчы Эйлиге жагдайын түшүндүрүп берген. Эйли ага: «Тынчтык менен бара бер. Ысрайылдын Кудайы тилегиңди берсин»,— деген. Анын натыйжасы кандай болгон? Анна «ал жерден кеткенден» кийин «тамак иче баштаган» жана «анын жүзү мурдагыдай капалуу болбой калган» (1 Шем. 1:17, 18). Ооба, тиленгенинин аркасында Анна жан дүйнө тынчтыгына кайрадан ээ болгон.

Канткенде Аннага окшоп жан дүйнө тынчтыгына кайрадан ээ болуп, аны сактай алабыз? (6—10-абзацтарды карагыла)

6. Аннадан жана Филипиликтер 4:6, 7де жазылгандардан тиленүүгө байланыштуу эмнелерге үйрөнсөк болот?

6 Үзгүлтүксүз тиленсек, кайрадан жан дүйнө тынчтыгына ээ болобуз. Анна асмандагы Атасы менен узакка чейин сүйлөшкөн (1 Шем. 1:12). Биз да Жахабага тынчсыздандырган, корккон нерселерибизди, алсыз жактарыбызды айтып, көпкө чейин тиленсек болот. Тиленгенде сөзсүз эле көркөм сөздөрдү колдонуунун же куюлуштуруп сүйлөөнүн зарылдыгы жок. Кээде тиленип жатып жүрөгүбүздөгү кайгыдан улам ачуу сөздөрдү айтып алышыбыз мүмкүн. Ошого карабай Жахаба бизди уккандан эч качан чарчабайт. Анткен менен тиленгенде көйгөйлөрүбүздү эле айта бербей, Пабылдын Филипиликтер 4:6, 7де жазылган кеңешине ылайык иш кылышыбыз керек. (Аяттарды окугула.) Пабыл тиленгенибизде Жахабага ыраазычылык билдиришибиз керектигин баса белгилеген. Бизде Жахабага ыраазычылык билдирүүгө көптөгөн себептер бар. Мисалы, ага өмүр белеги, кереметтүү жаратылышы, туруктуу сүйүүсү жана бизге берген баа жеткис үмүтү үчүн рахмат айтсак болот. Аннадан дагы кайсы жактан үлгү ала алабыз?

7. Анна күйөөсү менен дайыма каякка барчу?

7 Кыйынчылыктарына карабай Анна күйөөсү менен Шилодогу Жахабага арналган сыйынуу жайына дайыма барып турчу (1 Шем. 1:1—5). Ал так ошол ыйык чатырда жүргөндө, башкы дин кызматчы Эйли ага Жахаба тилегин кабыл кыларын айткан. Анын сөздөрү Аннаны жубатканы шексиз (1 Шем. 1:9, 17).

8. Жыйналыш жолугушуулары эмне кылууга жардам берет? Түшүндүргүлө.

8 Жыйналыштарга дайыма барсак, кайрадан жан дүйнө тынчтыгына ээ болобуз. Жыйналыштын башында тиленген бир тууган, адатта, Кудайдан ыйык руху аркылуу арабызда болушун сурайт. Тынчтык — ошол рухтун жемишине кирген сапаттардын бири (Гал. 5:22). Ошондуктан бушайман болуп турганда да жыйналышка барсак, Жахабага жана ишенимдештерибизге бизди кайраттандырып, акылыбыз менен жүрөгүбүздү тынчтандырууга мүмкүнчүлүк беребиз. Тиленүү жана жыйналыш жолугушуулары Жахабанын бизди сооротуш үчүн колдонгон негизги жолдоруна кирет (Евр. 10:24, 25). Эмесе, Аннанын окуясынан дагы эмнеге үйрөнсөк болоруна токтололу.

9. а) Аннанын жагдайы өзгөргөнбү? Түшүндүргүлө. б) Ага эмне жардам берген?

9 Аннанын жүрөгүн түпөйүл кылган көйгөйлөр дароо чечилип калган эмес. Ыйык чатырда Жахабага сыйынып келгенден кийин деле ага Пенина менен чогуу жашаганга туура келген. Андан тышкары, Пенинанын маанайы өзгөргөн-өзгөрбөгөнү жөнүндө Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт. Андыктан Анна, кыязы, андан ары да күңдөшүнүн кордугуна чыдаганга аргасыз болгон. Бирок анын көңүлү мурункудай чөкпөй калган. Ал баарын Жахабанын колуна тапшырып койгондуктан, кайгынын чеңгелинен чыга алган. Ооба, Анна толугу менен Жахабага таянган. Кийинчерээк Жахаба анын тиленүүсүнө жооп берип, Анна бир нече балалуу болгон (1 Шем. 1:19, 20; 2:21).

10. Аннанын окуясынан эмнени биле алабыз?

10 Көйгөйлөрүбүз чечилбеген күндө да, жан дүйнө тынчтыгын сактай алабыз. Жалындуу тиленгенибизге жана жыйналышка үзгүлтүксүз барганыбызга карабай, айрым кыйынчылыктардан арылбашыбыз мүмкүн. Анткен менен, Аннанын окуясынан билгенибиздей, Жахабага бизди сооротуп, жүрөгүбүздөгү жараатты айыктырууга эч нерсе тоскоолдук кыла албайт. Ал бизди эч качан унутпайт жана сыноолордо туруктуу болгонубуз үчүн, эртеби-кечпи, сөзсүз сыйлык берет (Евр. 11:6).

ЭЛЧИ ПАБЫЛДЫН ҮЛГҮСҮ

11. Пабылдын тынчсызданышына эмнелер себеп болгон?

11 Пабылды кабатыр кылган нерселер көп болгон. Айталы, ишенимдештерин абдан жакшы көргөндүктөн, алардын кыйынчылыктарын ойлоп, жүрөгү сыздаган (2 Кор. 2:4; 11:28). Өзүнө тапшырылган элчилик кызматын аткарып жүргөндө, каршылаштары аны далай жолу ур-токмокко алып, түрмөгө каматышкан. Ошондой эле анын жокчулук сыяктуу кыйынчылыктардан улам да тынчсызданган учурлары болгон (Флп. 4:12). Кеме кыйроого, бери дегенде, үч жолу учурагандыктан, кеме менен жол жүргөндө анын канчалык тынчсызданганын элестетип көрсөңөр (2 Кор. 11:23—27). Ошондой учурларда ага эмне жардам берген?

12. Пабылдын санаасы эмнеден улам азайган?

12 Пабыл башына мүшкүл түшкөн ишенимдештерин ойлоп, санаа тартса да, алардын көйгөйлөрүнүн баарын өз күчү менен чечүүгө аракет кылган эмес. Ал мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экенин түшүнгөн. Ошондуктан жыйналыштагыларга жардам берүүгө башкаларды да катыштырган. Маселен, Тиметей, Тит сыяктуу ишенимдүү бир туугандарга көп жоопкерчиликтерди тапшырган. Алардын көмөк көрсөткөнүнүн аркасында Пабылдын көңүлү бир топ жай алып калганы күмөнсүз (Флп. 2:19, 20; Тит 1:1, 4, 5).

Элчи Пабылдын үлгүсүнөн көрүнүп тургандай, санаабызды азайтыш үчүн эмне кылсак болот? (13—15-абзацтарды карагыла)

13. Аксакалдар Пабылды кантип туурай алышат?

13 Башкалардан жардам сурагыла. Пабылга окшоп, көптөгөн боорукер аксакалдар турмуштун соккусуна кабылган ишенимдештери менен кошо кыйналышат. Бирок жалгыз аксакал баарына жетише албашы мүмкүн. Эгер ал мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экенин эске алса, айрым иштерди ылайыктуу бир туугандарга тапшырат жана жаш ага-инилерге Кудайдын оторуна кам көрүүнү үйрөтөт (2 Тим. 2:2).

14. Пабыл эмнеден корккон эмес жана андан кандай үлгү ала алабыз?

14 Сооротууга муктаж экениңерди айткандан уялбагыла. Пабыл момун болгондуктан досторунан жардам сураган жана аны кабыл ала билген. Ал досторумдун жардам бергенин башкалар билсе, алсыз адамдай көрүнүп калам деп корккон эмес. Филемонго жазган катында: «Сенин сүйүүң жөнүндө укканда абдан кубанып, сооронуп калдым»,— деген (Флм. 7). Дагы бир катында ага оор учурларда дем-шык берген бир нече ишенимдешинин атын атап өткөн (Кол. 4:7—11). Эгер биз да момун болуп, бекемдөөгө муктаж болуп жатканыбызды бир туугандарга билдирсек, алар жан-дилден колдоо көрсөтүшөт.

15. Кыйын кезеңде Пабыл эмне кылган?

15 Кудайдын Сөзүнө ишеним арткыла. Пабыл Ыйык Жазмадан сооронуч ала аларын жакшы билген (Рим. 15:4). Ошондой эле андан сыноо учурунда бекем болгонго көмөк кыла турган даанышман ойлорду таба алмак (2 Тим. 3:15, 16). Римде экинчи жолу камакка алынганда Пабыл өлүм жазасына тартылар убагы жакындап калганын сезген. Ошондой кыйын кезеңде ал эмне кылган? Тиметейден ага тезирээк келишин жана түрмөктөрдү ала келишин суранган (2 Тим. 4:6, 7, 9, 13). Эмне үчүн? Сыягы, ал түрмөктөр Еврей Жазмаларынын бөлүктөрү болгон жана Пабыл аларды өздүк изилдөөсүндө колдоно алмак. Биз да Пабылдан үлгү алып, Кудайдын Сөзүн дайыма изилдесек, башыбызга кандай сыноо түшпөсүн, Жахаба бизди өзүнүн Сөзү аркылуу соорото алат.

ДӨӨТҮ ПАДЫШАНЫН ҮЛГҮСҮ

Олуттуу күнөө кылганда Дөөтү падышага окшоп эмне кылганыбыз маанилүү? (16—19-абзацтарды карагыла)

16. Дөөтү олуттуу күнөө кылгандан кийин кандай сезимде болгон?

16 Дөөтүнү булганган абийири кыйнаган. Ал Батшеба менен ойноштук кылып, анын күйөөсүнүн көзүн тазалаган жана ал иштерин бир нече убакыт бою жашырганга аракет кылган (2 Шем. 12:9). Абийиринин үнүнө дароо кулак салбагандыктан, Жахаба менен болгон мамилеси бузулган, ошондой эле жан дүйнөсү кыйналып, атүгүл ооруп калган (Заб. 32:3, 4). Өз жанын азапка салган Дөөтүгө жүрөгүн уйгу-туйгу кылган сезимдеринен арылууга эмне жардам берген? Эгер биз да олуттуу күнөө кетирип алсак, эмне кылганыбыз маанилүү?

17. Дөөтүнүн чындап өкүнгөнү Забур 51:1—4-аяттардан кандайча көрүнүп турат?

17 Кечирим сурап тиленгиле. Акыры, Дөөтү Жахабага кайрылган жана чын жүрөктөн өкүнүп, кылган күнөөлөрүнүн баарын ачык айткан. (Окугула: Забур 51:1—4.) Ошондо ал кандай гана жеңилдеп калса керек! (Заб. 32:1, 2, 4, 5). Эгер олуттуу күнөө кетирип алсаңар, аны жашырганга аракет кылбагыла. Жахабага кайрылып, болгонун болгондой айтып бергиле. Анын аркасында абийириңер мурдагыдай жемелебей, үстүңөрдөгү жүктөн арылгандай болосуңар. Бирок Жахаба менен болгон достугуңарды кайра калыбына келтириш үчүн дагы бир кадамды жасашыңар керек.

18. Жахаба жазалаганда, Дөөтү эмне кылган?

18 Жазаны туура кабыл алгыла. Жахаба Дөөтүнү ашкерелеш үчүн Натан пайгамбарды жибергенде, Дөөтү актанып кирген эмес же күнөөлөрүн анча олуттуу эместей кылып көрсөтүүгө аракет кылган эмес. Ал Батшебанын күйөөсүнө эле эмес, биринчи кезекте Жахабага каршы күнөө кылганын дароо моюнга алган. Дөөтү Жахабанын жазасын кабыл алган жана Жахаба аны кечирген (2 Шем. 12:10—14). Эгер олуттуу күнөө кетирип алсак, ал тууралуу Жахаба дайындаган койчуларга айтышыбыз керек (Жкп. 5:14, 15). Ошондой эле өзүбүздү актоодон качканыбыз зарыл. Кандай жаза берилбесин, аны канчалык эрте кабыл алып, ага ылайык иш кылсак, жан дүйнө тынчтыгына, кубанычка ошончолук эртерээк ээ болобуз.

19. Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

19 Күнөөлөрүңөрдү кайталабаганга чечкиндүү болгула. Дөөтү падыша мурунку күнөөлөрүн кайра кайталабаш үчүн Жахабанын жардамына муктаж экенин түшүнгөн (Заб. 51:7, 10, 12). Жахаба кечиргенден кийин, ал жаман каалоолорго каршы турууга чечкиндүү болуп калган. Натыйжада кайрадан жан дүйнө бейкуттугуна ээ болгон.

20. Жахабанын кечиримдүүлүгүн баалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

20 Жахабанын кечиримдүүлүгүн баалаарыбыз андан кечирим сурап тиленгенибизден, жазаны туура кабыл алганыбыздан жана күнөөлөрүбүздү кайталабаганга бүт күчүбүздү жумшаганыбыздан көрүнөт. Ушундай иш-аракеттерди кылсак, жан дүйнө тынчтыгына кайрадан ээ болобуз. Олуттуу күнөө кылып алган Жеймс деген бир тууган буга өз тажрыйбасынан ынанган. Ал: «Аксакалдарга баарын ачык айткандан кийин, үстүмөн оор жүк алынып салынгандай эле болду. Ошондо жан дүйнөмө кайрадан тынчтык орной баштады»,— деп бөлүшөт. Жахабанын «жүрөгү жаралангандарга жакын» экенин жана «кыйналгандарды куткарарын» билүү кандай гана дем-күч берет! (Заб. 34:18).

21. Жахаба бизди сооротушу үчүн, эмне кылышыбыз керек?

21 Бул дүйнөнүн аягы жакындаган сайын, жүрөгүбүздү түпөйүл кылган нерселердин көбөйө берери шексиз. Ошондой көйгөйгө туш болгондо дароо Жахабадан жардам издегиле. Ыйык Китепти терең изилдегиле. Аннадан, Пабылдан, Дөөтүдөн үлгү алгыла. Асмандагы Атаңардан эмне үчүн тынчсызданып жатканыңарды аныктаганга көмөк кылышын сурангыла (Заб. 139:23). Жүгүңөрдү, айрыкча, өзүңөр анча-мынча эле өзгөртө ала турган же такыр өзгөртө албай турган көйгөйлөрүңөрдү ага арткыла. Эгер ушуларды кылсаңар, Жахабага: «Тынчымды кетирген ойлор көбөйгөндө, сенин сооротууң жанымды жыргаткан»,— деп ырдаган забурчунукундай сезимде болосуңар (Заб. 94:19).

4-ЫР: «Жахаба — менин Койчум»

^ 5-абз. Баарыбыз эле кээде көйгөйлөрүбүздү ойлоп тынчсызданабыз. Бул макалада Жахабанын байыркы убакта жашаган жана жан дүйнөсүнө бүлүк салган кыйынчылыктар менен күрөшкөн үч кызматчысынын үлгүсүнө токтолобуз. Ошондой эле Жахаба алардын ар бирин кантип сооротуп-жубатканын карап чыгабыз.

^ 1-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Тынчсыздануу бушайман же кыжалат болууну, санаа тартууну билдирет. Буга акча-каражаттын жетишсиздиги, ден соолуктун начардыгы, үй-бүлөдөгү көйгөйлөр же жеке кыйынчылыктарыбыз себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле мурун кетирген каталарыбызды же келечекте кабылышыбыз мүмкүн болгон кыйынчылыктарды ойлоп тынчсызданышыбыз ыктымал.