Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Чөмүлүүгө даярсыңбы?

Чөмүлүүгө даярсыңбы?

«Чөмүлтүлүү... азыр силерди... куткарып жатат» (1 ПЕТ. 3:21).

28-ЫР: Жахаба менен дос бололу

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Үй кургусу келген киши адегенде эмне кылышы керек?

ҮЙ КУРАЙЫН деп жаткан кишини элестетсең. Ал кандай үй кургусу келерин жакшы билет. Бирок дароо базарга чуркап барып, курулушка керектүү нерселерди сатып алып, үй куруп киреби? Андай кылары күмөн. Ал адегенде канча чыгым кетерин шашпай эсептеп чыгышы керек. Бул эмне үчүн маанилүү? Анткени үйүн бүтүрүүгө чамасы жетер-жетпесин аныктап алышы зарыл. Эгер баарын алдын ала жакшылап таразалап алса, үйүн ойдогудай бүтүрө алары бышык.

2. Лука 14:27—30-аяттарга ылайык, чөмүлгөнгө чейин эмне тууралуу терең ойлонушуң керек?

2 Балким, Жахабаны жакшы көргөндүктөн жана анын сага кылган жакшылыктарына ыраазы болгондуктан чөмүлгүң келип жаткандыр. Эгер ошондой болсо, сенин жагдайың үй кургусу келген кишиникине окшош деп айтса болот. Эмне үчүн? Исанын Лука 14:27—30-аяттарда жазылган сөздөрү тууралуу ойлонуп көрсөң. (Аяттарды окугула.) Ал анын шакирти болгусу келген адамдар жөнүндө сөз кылган. Анын жолун жолдогусу келгендер «чыгым» болууга, тактап айтканда, кыйынчылыктарды көтөрүүгө жана айрым нерселерден баш тартууга даяр болушу керек (Лк. 9:23—26; 12:51—53). Андыктан булар тууралуу чөмүлгөнгө чейин терең ойлонгонуң маанилүү. Ошондо жакшы даярдык көргөндүктөн чөмүлгөндөн кийин Кудайга берилгендик менен кызмат кыла бересиң.

3. Бул макалада эмнелер каралат?

3 Исанын жолун жолдош үчүн «чыгым» болгонуңдун акыбети кайтабы? Албетте! Чөмүлгөндөр азыр да, келечекте да Кудайдан мол бата алышат. Анда эмесе, чөмүлүү тууралуу айрым маанилүү суроолорду карап көрөлү. Бул сага өзүңдүн чөмүлгөнгө даяр же даяр эмес экениңди түшүнүүгө көмөк кылат.

АРНАЛУУ ЖАНА ЧӨМҮЛҮҮ

4. а) Арналуу деген эмне? б) Матай 16:24тө айтылгандай, адамдын өзүнөн «баш тартканы» эмнени билдирет?

4 Арналуу деген эмне? Чөмүлөрдөн мурун өзүңдү Жахабага арнашың керек. Арналганда Жахабадан жалындуу тиленип, ага түбөлүккө кызмат кылам деп сөз бересиң. Арналганың өзүңдөн «баш тартканыңды» билдирет. (Окугула: Матай 16:24.) Ошондон баштап Жахабага таандык болуп каласың. Бул абдан чоң сыймык! (Рим. 14:8). Кудайга арналганда ага ошол убактан тартып өз кызыкчылыгыңды эмес, ага кызмат кылууну биринчи орунга коёруңду айтасың. Арналуу Кудайга ант берүүнү, башкача айтканда, олуттуу убада берүүнү билдирет. Жахаба бизди андай убада берүүгө мажбурлабайт. Бирок убада берсек, аны аткарышыбызды күтөт (Заб. 116:12, 14).

5. Арналуунун чөмүлүү менен кандай айырмасы бар?

5 Арналуу менен чөмүлүүнүн ортосунда кандай айырмачылык бар? Жахабага жекече, өз алдыңча арналасың. Аны Жахаба менен сенден башка эч ким билбейт. Ал эми чөмүлгөнүңдү башкалар да көрөт. Анткени Кудайга арналгандар, адатта, жыйындарда чөмүлөт. Чөмүлгөнүңдө башкалар сенин Жахабага арналганыңды билишет *. Ошондой эле чөмүлүү менен Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң, бүт жаның, бүт акылың, бүт күчүң менен сүйөрүңдү жана ага түбөлүккө кызмат кылууну чечкениңди айгинелейсиң (Мр. 12:30).

6, 7. 1 Петир 3:18—22-аяттарга ылайык, кайсы эки себептен улам чөмүлүшүбүз керек?

6 Сөзсүз чөмүлүш керекпи? Буга байланыштуу 1 Петир 3:18—22-аяттарда эмне деп айтылганына көңүл бурсаң. (Аяттарды окугула.) Кеме Нух пайгамбардын Кудайга ишенерин айкын көрсөткөндөй эле, чөмүлгөнүң өзүңдү Жахабага арнаганыңды айкын кылат. Чөмүлүү чындап эле маанилүүбү? Ооба. Элчи Петир мунун бир нече себебин келтирген. Биринчиден, ал «куткарылуу» үчүн зарыл. Бирок ан үчүн Исага, анын биз үчүн өмүрүн бергенине, ошондой эле асманга тирилгенине жана азыр «Кудайдын оң жагында» отурганына ишенерибизди иш жүзүндө көрсөтүшүбүз кажет.

7 Экинчиден, чөмүлүүнүн аркасында «таза абийирге» ээ болобуз. Өзүбүздү Кудайга арнап, чөмүлгөндө аны менен өзгөчө ынак болуп калабыз. Чын жүрөктөн өкүнгөндүктөн жана Исанын биз үчүн кун төлөгөнүнө ишенгендиктен, Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет. Натыйжада анын алдында абийирибиз таза болот.

8. Чөмүлүүгө биринчи кезекте эмне түрткү бериши керек?

8 Чөмүлүүгө эмне түрткү бериши керек? Ыйык Китепти терең изилдөөнүн аркасында Жахабанын сапаттары жана кайсы учурда кандай иш кылары тууралуу көп нерсе билдиң. Ал жөнүндө билгендериң терең таасир этип, аны абдан жакшы көрүп калганың шексиз. Ырас, чөмүлүүгө биринчи кезекте Жахабага болгон сүйүүң түрткү бериши керек.

9. Матай 28:19, 20дагы «Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлүү» деген сөздөр эмнени билдирет?

9 Ыйык Китепте камтылган чындыктарды билип, аларга ишенүү да чөмүлүүгө түрткү берет. Исанын шакирт даярдоого байланыштуу буйрук бергенде эмне дегенине көңүл бурсаң. (Окугула: Матай 28:19, 20.) Анын айткандарына ылайык, чөмүлө тургандар «Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлүшү» талап. Бул эмнени билдирет? Ыйык Китептеги Жахаба, анын Уулу Иса жана ыйык рух жөнүндөгү чындыктарга бүт жүрөгүң менен ишенишиң керек. Мааниси терең ал чындыктар жүрөгүңдү козгобой койбойт (Евр. 4:12). Анда алардын айрымдарына токтололу.

10, 11. Асмандагы Атабыз жөнүндөгү кайсы чындыктар жүрөгүңдү козгоду?

10 Асмандагы Атабыздын ысымы «Жахаба экенин», анын «жер үстүндөгү Эң Жогорку» жана жалгыз «чыныгы Кудай» экенин билгенде кандай сезимде болгонуңду эстеп көрсөң (Заб. 83:18; Ыш. 37:16). Ал — биздин Жаратканыбыз; бизди ал гана куткара алат (Заб. 3:8; 36:9). Жахаба күнөө менен өлүмдөн куткарылышыбыз үчүн чара көрүп, бизге түбөлүк өмүргө жол ачкан (Жкн. 17:3). Өзүңдү Жахабага арнап, чөмүлгөндө анын Күбөсү болгонуңду көрсөтөсүң (Ыш. 43:10—12). Ошондой эле Кудайдын ысмы менен аталганын жана ал тууралуу башкаларга жарыялаганын сыймык көргөн бүткүл дүйнөлүк боордоштукка кошуласың (Заб. 86:12).

11 Жахаба жөнүндө Ыйык Китепте жазылгандарды түшүнүү кандай зор сыймык! Аларды бүт жүрөгүң менен кабыл алганда өзүңдү Жахабага арнап, чөмүлүүгө түрткү аласың.

12, 13. Иса жөнүндөгү кайсы чындыктар жүрөгүңдү козгоду эле?

12 Кудайдын Уулу жөнүндө төмөнкүлөрдү билгенде кандай сезимде болдуң эле? Иса ааламда Кудайдан кийинки эле орунду ээлейт. Ал бизди куткарыш үчүн өмүрүн берген. Буга ишенерибизди ишибиз менен көрсөтсөк, күнөөлөрүбүз кечирилип, Кудай менен ынак мамиле өрчүтө алабыз жана келечекте түбөлүк өмүргө жетебиз (Жкн. 3:16). Ошондой эле Иса — биздин Башкы дин кызматчыбыз. Ал биздин кундун аркасында келчү баталарды алып, Кудай менен жакын мамиледе болушубузду каалайт (Евр. 4:15; 7:24, 25). Андан сырткары, Иса — Кудайдын Падышалыгынын Падышасы. Жахаба ал аркылуу өзүнүн ысмын ыйыктайт, бүт жамандыкты жок кылат жана келечектеги Бейиште адамзатка батасын төгөт (Мт. 6:9, 10; Аян 11:15). Иса — бизге бардык жагынан үлгү (1 Пет. 2:21). Ал бүт жашоосун Кудайдын эркин аткарууга арнап, бизге мыкты үлгү калтырган (Жкн. 4:34).

13 Ыйык Китептен Иса жөнүндө билгенде аны жакшы көрүп калганың бышык. Ошол себептен, ага окшоп, Кудайдын эркин аткарууну жашооңдо башкы орунга коюуну чечтиң. Бул сага өзүңдү Жахабага арнап, чөмүлүүгө түрткү берери шексиз.

14, 15. Ыйык рух жөнүндөгү кайсы чындыктарды билдиң жана алар сага кандай таасир этти?

14 Ыйык рух жөнүндөгү төмөнкү чындыктар сага кандай таасир этти эле? Ыйык рух инсан эмес, ал — Кудайдын көзгө көрүнбөгөн күчү. Жахаба ал күчү аркылуу Ыйык Китептин жазылышын жетектеген. Ыйык рух бизге Ыйык Китепте жазылгандарды түшүнүүгө жана аларды жашоодо колдонууга жардам берет (Жкн. 14:26; 2 Пет. 1:21). Жахаба ыйык рух аркылуу бизге «адаттан тышкаркы күч» берет (2 Кор. 4:7). Мисалы, ыйык рух жакшы кабарды жарыялоого, азгырыкка туруштук берүүгө, көңүл чөгөттүккө алдырбоого, кыйынчылыктарды көтөрүүгө көмөк кылат. Ошондой эле анын жардамы менен «рухтун жемишине» кирген сапаттарды чагылдыра алабыз (Гал. 5:22). Жахаба ага таянгандарга жана чын жүрөктөн сурагандарга ыйык рухун берешендик менен берет (Лк. 11:13).

15 Кудайдын ыйык руху ага кызмат кылууга жардам берерин билүү бизди кандай гана бекемдейт! Ыйык рух жөнүндө билгендериң жүрөгүңө жеткенде, өзүңдү Жахабага арнап, чөмүлүүгө түрткү аларың күмөнсүз.

16. Бул макаладан эмнелерди билдик?

16 Өзүңдү Кудайга арнаганда жана чөмүлгөндө жашооңдогу эң маанилүү кадамды шилтеген болосуң. Жогоруда айтылгандай, «чыгым» болууга, тактап айтканда, кыйынчылыктарды көтөрүүгө жана айрым нерселерден баш тартууга даяр болушуң керек. Бирок ала турган баталарың алардын баарынан ашып түшөт. Чөмүлүү куткарылууга жана Кудайдын алдында таза абийирге ээ болууга жол ачат. Ага баарынан мурда Жахабага болгон сүйүүң түрткү бериши керек. Ошондой эле асмандагы Атабыз, анын Уулу жана ыйык руху тууралуу билгендериңе бүт жүрөгүң менен ишенгениң зарыл. Бул макалада талкуулаган ойлордун негизинде: «Чөмүлүүгө даярмынбы?» — деген суроого эмне деп жооп берет элең?

ЧӨМҮЛГӨНГӨ ЧЕЙИН

17. Чөмүлгөнгө чейин эмнелерди кылуу зарыл?

17 Эгер өзүңдү чөмүлгөнгө даярмын деп ойлоп жатсаң, анда Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүү үчүн көп нерселерди кылганың күмөнсүз *. Маселен, Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдөө менен Жахабаны, Исаны таанып-билдиң. Ошондой эле ишенимиңди өстүрдүң (Евр. 11:6). Азыр сен Жахаба Кудайдын убадаларынын аткарыларына жана Иса Машаяктын биз үчүн өз өмүрүн бергенине толук ишенгендиктен күнөө менен өлүмдөн куткарыларыңа шектенбейсиң. Андан тышкары, күнөөлөрүң үчүн өкүнгөнсүң, башкача айтканда, мурда кылган туура эмес иштериң үчүн Жахабадан кечирим сурагансың. Анан туура эмес жолуңдан бурулгансың: жаман иштериңдин баарын таштап, Кудайга жаккандай жашаганга бел байлагансың (Элч. 3:19). Ишенген нерселериңди башкаларга айтканды жакшы көргөндүктөн, чөмүлө элек жарчы болуп, жыйналыштагылар менен чогуу кабар айтуу ишине катышып жатасың (Мт. 24:14). Ушундай кылып жатканыңды көрүп, Жахабанын кубанары, сени менен сыймыктанары шексиз (Накыл 27:11).

18. Чөмүлөрдөн мурун дагы эмнелерди кылышың керек?

18 Анткен менен чөмүлгөнгө чейин дагы бир нерселерди кылганың маанилүү. Алсак, буга чейин билгенибиздей, өмүрүңдү Кудайга арнашың кажет. Ан үчүн өзүң жалгыз болгондо андан жалындуу тиленип, өмүрүңдү анын эркин аткарууга арнай турганыңды убада кылышың керек (1 Пет. 4:2). Андан соң аксакалдар кеңешинин координаторуна чөмүлгүң келип жатканын айтсаң болот. Ал аксакалдардан сени менен сүйлөшүп көрүшүн суранат. Алар менен жолуккандан коркпо. Анткени алар сени жакшы тааныгандан сырткары, жакшы көрүшөт. Ал бир туугандар сени менен чогуу Ыйык Китептеги негизги окууларды карап чыгышат. Себеби ал окууларды туура түшүнөрүңө жана арналуу менен чөмүлүүнүн маанилүү экенин жакшы билериңе ынанууну каалашат. Эгер даяр экениң айкын болсо, жакын арада өткөрүлө турган жыйында чөмүлсөң болорун билдиришет.

ЧӨМҮЛГӨНДӨН КИЙИН

19, 20. Чөмүлгөндөн кийин эмнелерди кылганың маанилүү?

19 Чөмүлгөндөн кийин эмнелерди кылганың зарыл? * Арналганда Жахабага убада бергениңди унутпа. Ал сөзүңө турушуңду күтөт. Андыктан чөмүлгөндөн кийин ошол убадаңа ылайык жашашың керек. Ан үчүн эмне кылсаң болот?

20 Жыйналыштагы бир туугандар менен ынак бол. Чөмүлгөндөн тартып бүткүл дүйнөлүк боордоштукка кошуласың (1 Пет. 2:17). Жыйналышыңдагылар үй-бүлөңдөй болуп калат. Жыйналыштарды калтырбай барып турсаң, алар менен болгон мамилең чыңдалат. Ыйык Китепти күнүгө окуп, ой жүгүрт (Заб. 1:1, 2). Андан үзүндү окугандан кийин бир азга токтоп, терең ой жүгүрткөндө, окугандарың жүрөгүңө жетет. «Үзгүлтүксүз тилен» (Мт. 26:41). Жахабадан дайыма жалындуу тиленүүнүн аркасында ага жакындайсың. «Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын... издей» бер (Мт. 6:33). Ан үчүн кабар айтуу ишин биринчи орунга коюшуң зарыл. Ага үзгүлтүксүз катышсаң, ишенимиң бекем болот, ошондой эле башкаларга түбөлүк өмүргө алып бара турган жолго түшүүгө жардам бере аласың (1 Тим. 4:16).

21. Чөмүлүү эмнеге шарт түзөт?

21 Өзүңдү Жахабага арнап, чөмүлгөнүң өмүрүңдөгү эң эле маанилүү чечим болуп саналат. Албетте, анын «чыгымдары» болбой койбойт. Бирок акыбети сөзсүз кайтат! Азыркы дүйнөдө кандай кыйынчылыкка туш болбо, алардын баары «кыска мөөнөттүү» жана «анча оор эмес» (2 Кор. 4:17). Чөмүлүү болсо жашооңдун азыртан эле маңыздуу болушуна, ал эми келечекте «чыныгы жашоого» жетишиңе шарт түзөт (1 Тим. 6:19). Андыктан: «Чөмүлүүгө даярмынбы?» — деген суроого жооп берерден мурун Жахабадан тиленип, жакшылап ойлонуп көр.

50-ЫР: Арналуу тиленүүсү

^ 5-абз. Чөмүлүү жөнүндө ойлонуп жүрөсүңбү? Эгер ошондой болсо, бул макала сен үчүн жазылды. Макалада ушул маанилүү чечимге байланышы бар негизги суроолор талкууланат. Алар өзүңдүн чөмүлүүгө даяр же даяр эмес экениңди аныктаганга жардам берет.

^ 19-абз. «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» жана «Кудайдын сүйүүсүнөн канткенде айрылбайбыз?» китептерин бүтө элек болсоң, аларды аягына чейин изилдешиң керек.