Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

«Биз барабыз! Бизди жибергиле»

«Биз барабыз! Бизди жибергиле»

КӨБҮРӨӨК кызмат кылыш үчүн жарчылар аз жерге, балким, чет өлкөгө баргыңар келип жүргөндүр. Анда Жэк менен Мэри-Лин бир туугандардын айтып бергендери силерге пайдалуу болору шексиз.

Алар 1988-жылдан бери чогуу толук убакыт кызмат кылып келишет. Ал бир туугандар ылайыкташууга даяр болгондуктан Гваделупанын жана Француздук Гвиананын ар кайсы жерлеринде кызмат кылышкан. Эки өлкө тең Франциядагы филиалга карайт. Эмесе, аларга бир нече суроо узаталы.

Силерге толук убакыт кызматты баштоого эмне түрткү берди?

Мэри-Лин: Мен Гваделупада чоңоюп-өскөм. Бала кезимде апам мени кабарга көп алып чыгар эле. Экөөбүз эртеден кечке кызмат кылчубуз. Апам Жахабага өмүрү өткөнчө ынталуу кызмат кылды. Мен адамдарды аябай жакшы көрөм. Ошон үчүн 1985-жылы мектепти бүтөрүм менен пионер болдум.

Жэк: Өспүрүм кезде толук убакыт кызмат кылгандар менен көп жүрөр элем. Алар кызмат дегенде жанын беришчү. Каникулга чыкканда көмөкчү пионер болуп кызмат кылчумун. Кээ бир дем алыш күндөрү автобуска түшүп алып пионерлер менен чогуу аймактарына барчубуз. Бир күн кечке кабар айтып, кечинде көл жээкте эс алар элек. Ал күндөр эстен кетпейт!

Мэри-Лин экөөбүз 1988-жылы баш коштук. Көп өтпөй: «Колу-бутубузду байлаган эч нерсе жок, дагы көбүрөөк кызмат кылсак болчудай»,— деп ойлондум. Ошентип, мен да пионер болдум. Бир жылдан кийин пионердик мектепке барып, андан соң атайын пионер болуп дайындалдык. Мэри-Лин экөөбүз Гваделупанын ар кайсы жерлеринде кызмат кылып, сонун күндөрдү өткөрдүк. Андан кийин бир туугандар Француздук Гвианага көчүп барууну сунуш кылышты.

Ушунча жылдан бери ар кайсы жерлерде кызмат кылып келдиңер. Силерге жаңы жерге көнгөнгө эмне жардам берет?

Мэри-Лин: Француздук Гвианадагы филиалда кызмат кылган жооптуу бир туугандар жакшы көргөн аятыбыз Ышая 6:8 экенин билишчү. Алар бизге телефон чалып: «Жакшы көргөн аятыңар эсиңердеби?» — деп тамашалай баштаганда эле, сөздүн төркүнүн дароо түшүнчүбүз. Бизди башка жерге дайындайын деп жатышканын билгендиктен: «Биз даярбыз! Бизди жибергиле»,— дечүбүз.

Кызмат кылган жерлерди бири-бири менен салыштыра бербейбиз. Антсек, учурдагы кызматыбыздан кубаныч ала албай калабыз. Ошондой эле жергиликтүү бир туугандар менен достошконго өзүбүз биринчи аракет кылабыз.

Жэк: Мурда кээ бир досторубуз кетиргиси келбегендиктен башка жакка көчүп кетпегенге көндүргөнгө аракет кылышкан. Бирок бир бир тууган, Гваделупадан кетип жатканыбызда, Исанын Матай 13:38деги: «Талаа — дүйнө»,— деген сөздөрүн эсибизге салган. Ошондуктан кайсы жерге дайындалбайлы, эң негизгиси, бир эле талаада кызмат кыларыбызды жакшы түшүнчүбүз. Чынында эле, дайындалган жериңде кабар айтканга кишилер болсо, ошол баарынан маанилүү.

Жаңы жерге барганда жергиликтүү элдин башкалардай эле жыргап-куунап жашап жатканын көрөбүз. Ошон үчүн алардан бөтөнчөлөнбөйбүз. Тамак-ашы айырмаланса да, алар жегенди жеп, алар ичкенди ичебиз. Ошол эле учурда ооруп калбаш үчүн сак болобуз. Кайсы жерге дайындалбайлы, анын жакшы жагын гана айтабыз.

Мэри-Лин: Жергиликтүү бир туугандар да бизге көп нерсени үйрөтөт. Француздук Гвианага биринчи жолу барганда болгон бир окуя такыр эсимден кетпейт. Бир бир тууган менен кабарга чыкмакпыз. Жаан болсо нөшөрлөп төгүп жаткан. Мен жаан токтогончо күтөбүз деп ойлогом. Бирок берки бир тууган: «Кеттикпи?» — деди. Мен таң кала: «Азырбы?» — десем, ал: «Ооба, кол чатырыбызды алып, велосипедибизди тээп кете берели»,— деди. Ошентип, бир эле учурда кол чатырды кармаганды да, велосипед тепкенди да үйрөнүп алдым. Ошенткеним жакшы болуптур. Антпесе жаан-чачындуу мезгилде кабарга чыкпай жүрө бермек экенмин.

Буга чейин 15 жолудай көчүптүрсүңөр. Башка жакка көчөйүн деп жаткандар эмне дейт элеңер?

Мэри-Лин: Жаңы жерге, жаңы үйгө көнүш оңой эмес. Жашаган жериң өзүңө жат болбошу үчүн аны ыңгайлуу, жакшынакай кылып жасап алганың жакшы. Ошондо кызматтан келгенде жакшы эс алып, сергий аласың.

Жэк: Адатта, жашаган үйүбүздү маал-маалы менен сырдап турам. Филиалдагы бир туугандар башка жакка кетерибизди билсе, телефон чалып: «Жэк, сырыңды бекер коротпосоңчу?» — деп тамашалап калышат.

Мэри-Лин буюмдарды салыштырган жагынан кыйын. Баарын коробкаларга тыпырайтып салып, сыртына «жуунчу бөлмөгө», «уктоочу бөлмөгө», «ашканага» деп жазып коёт. Жаңы үйгө барганда кайсынысын каякка киргизиш керектигин билебиз. Жубайым ар бир коробкадагы нерселердин тизмесин да жазып алат. Ошон үчүн бир нерсе керек болуп калса, бат эле таап алабыз.

Мэри-Лин: Баарын жакшы ойлонуштуруп алгандыктан жаңы жерге барганда кызматка дароо эле киришип кетебиз.

Кызматыңарды «толугу менен аткарыш» үчүн убактыңарды кантип пландаштырасыңар? (2 Тим. 4:5).

Мэри-Лин: Дүйшөмбү күндөрү эс алабыз, жыйналышка даярданабыз. Шейшембиден баштап кабарга чыгабыз.

Жэк: Ай сайын белгилүү бир саат кабар айтышыбыз керек болсо да, көңүлүбүздү ошого эле топтобойбуз. Биз үчүн баарынан да кабар айтуу маанилүү. Үйдөн чыккандан баштап кайтып келгенге чейин жолдон жолуктурган ар бир киши менен сүйлөшкөнгө аракет кылабыз.

Мэри-Лин: Жаратылышка эс алганы чыкканда дайыма баракчаларды алып алам. Жахабанын Күбөсү экенибизди айтпасак деле кээ бирөөлөр өздөрү келип адабият сурап калышат. Ошондуктан кийимибизге, жүрүм-турумубузга аябай маани беребиз. Адамдар буга сөзсүз көңүл бурат.

Жэк: Биз жакшы кошуналардан болгонго да аракет кылабыз. Мисалы, мен тегерек-четтеги кагаздарды терип, таштандыларды чыгарып, жалбырактарды шыпырып коём. Кошуналарыбыз муну байкабай койбойт. Айрымдары: «Силерден Ыйык Китеп сурайын дедим эле»,— деп кайрылып калышат.

Алыскы аймактарда көп кызмат кылдыңар. Ошол жакта болгон кызыктуу окуяларыңардан айтып бербейсиңерби.

Жэк: Гвианадагы айрым аймактарга оңой менен жете албайсың. Көп учурда бир жума бою өңгүл-дөңгүл жолдор менен 600дөн ашуун километр жол жүрүүгө туура келчү. Амазонка токоюндагы Сент-Ели деген жерге барганыбыз эсте каларлык болгон. Ал жакка жолтандабас менен, андан кийин моторлуу кайык менен бир канча саатта жеткенбиз. Тургундарынын көбү алтын казып иштечү. Адабияттарыбызга ушунчалык ыраазы болгондуктан кээ бирлери уюган нак алтын тартуу кылышкан. Кечинде уюмубуз чыгарган тасмаларды көрсөткөнбүз. Ошондо ал жакта жашагандардын көбү келген.

Мэри-Лин: Бир нече жыл мурун Жэкти Камопиге Эскерүү кечесинде баяндама айтууга чакырышкан. Ал жакка да моторлуу кайык менен Ояпоки дарыясы аркылуу сүзүп отуруп 4 саатта жеткенбиз. Ал эстен кеткис сапар болгон.

Жэк: Дарыянын таштуу жерлеринде суунун агымы аябай катуу болот. Андай жерлер бир топ эле кооптуу. Шар аккан сууга жакындап келатканда жүрөгүң тим эле опколжуй түшөт. Мындай жерлерден кайыкты башкарган киши чебердик менен айланып өткөндү билиши керек. Ошол сапарыбыз укмуш болгон. Ал жакта 6 эле Жахабанын Күбөсү бар болсо да, Эскерүү кечесине 50дөй киши, анын ичинде америкалык индейлер катышкан.

Мэри-Лин: Эгер жаштар Жахабага көбүрөөк кызмат кылса, жашоосу ушундай кызыктуу окуяларга бай болот. Мындай жагдайларда Жахабага таянганды үйрөнөсүң. Ал эми анын аркасында ишенимиң чыңдалат. Биз Жахабанын жетектеп жатканына далай жолу ынандык.

Бир нече тил үйрөнүптүрсүңөр. Силерге тил үйрөнгөн оңойбу?

Жэк: Жок, андай деле эмес. Ал тилдерди башка арга жок болгондуктан үйрөнгөм. Мисалы, бир жолу срана-тонга * тилинде «Күзөт мунарасын» изилдөөнү алып барууга туура келди. Ал кезде мага атүгүл Ыйык Китепти окуу тапшырмасы бериле элек болчу! Журналды талкуулап бүткөндөн кийин бир бир туугандан кандай алып барганымды сурадым. Ал: «Кээ бир сөздөрүң эле түшүнүксүз болуп калганы болбосо, сонун өткөрдүң»,— деди. Тил үйрөнүүгө балдар бир топ жардам беришти. Бир нерсени туура эмес айтып алсам, алар сөзсүз айтышчу. Чоңдор болсо антишчү эмес.

Мэри-Лин: Бир аймакта француз, португал, срана-тонга тилинде ыйык китептик изилдөө өткөрчүмүн. Бир бир тууган адегенде мен үчүн аябай оор болгон португал тилинде сүйлөгөндөр менен, аягында өзүм жакшы билген тилдерде сүйлөгөндөр менен изилдегеним жакшы болорун айтты. Эмне үчүн экенин анча түшүнгөн эмесмин.

Бирок көп өтпөй мындай окуя болду: срана-тонга тилинде ыйык китептик изилдөө өткөрүп, экинчисин португал тилинде өткөрөйүн деп жаткам. Экинчисин баштаганымда, жанымдагы бир тууган: «Мэри-Лин, башка тилде сүйлөп жатасың го»,— деди. Көрсө, бразилиялык аялга португалча сүйлөбөй эле, өзүм жакшы билген срана-тонга тилинде сүйлөй бериптирмин! Баягы бир туугандын айтканын ошондо түшүндүм.

Силер менен кызматташкан бир туугандар силерди аябай жакшы көрүшөт. Алар менен эмненин аркасында ынак болуп калдыңар?

Жэк: Накыл сөздөр 11:25те: «Берешен жан тоюнат»,— делет эмеспи. Биз башкалардан убактыбызды, күчүбүздү аябайбыз. Падышалык залын жууп-тазалоо сыяктуу иштер болгондо айрымдар: «Сен жөн эле кой, аны жарчылар эле кылып коёт»,— дешет. Андайда аларга: «Мен деле жарчымын. Ал иштерди кылганга мен да милдеттүүмүн»,— деп айтам. Албетте, кээде өзүнчө болгубуз келет. Бирок өзүбүзгө убакыт бөлүшүбүз керек деп башкаларга жакшылык кылбай койбойбуз. Муну дайыма эсибизге салып турабыз.

Мэри-Лин: Биз бир туугандарга чын дилден көңүл бөлгөнгө умтулабыз. Мисалы, кээде кимдир бирөөнүн баласын карап туруш керек болуп калат же мектептен алып келиш керек болот. Андайда иштерибизди жылдыра турабыз да, көмөк кылабыз. Ошондой нерселерден улам алар менен аябай ынак болуп калдык.

Жарчыларга муктаждык бар жерде кызмат кылып кандай бата алдыңар?

Жэк: Толук убактагы кызматты аркалоонун аркасында мол бата алдык. Көбүнчө түрдүүлүккө бай жаратылыштын кучагында кызмат кылдык. Албетте, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок, кайсы жерге барбайлы, Жахабанын элинин бизди колдой турганын билгендиктен жан дүйнөбүз тынч болду.

Бейтараптуу болгонум үчүн жаш кезимде Француздук Гвианадагы түрмөгө камалгам. Ошол жакка кийин миссионер болуп дайындалып, түрмөдө отургандарга кабар айтарым үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Жахаба батасын чынында эле мол төктү!

Мэри-Лин: Убактымды, күчүмдү башкаларга арнагандан зор кубаныч алам. Жахабага кызмат кылуу биз үчүн чоң бакыт. Жэк экөөбүз да бири-бирибизге ого бетер ынак болуп калдык. Кээде жолдошум кайсы бир жубайларды чайга чакырып, көңүл буруп коюуну айтканда: «Мен да ошентип ойлоп жаткам»,— дейм. Экөөбүздүн оюбуз бир чыгып калган учурлар көп болот.

Жэк: Бир нече жыл мурун жыныс безинин рагына чалдыктым. Кээде Мэри-Линге жакпаса да: «Алтыным, эгер жаш бойдон өтүп кете турган болсом, „өмүргө тоюп көз жумган“ болом. Анткени Жахабага кызмат кылып, жашоомду чындап маңыздуу, арзырлык иштерге арнадым»,— деп айтып калам (Башт. 25:8).

Мэри-Лин: Жахаба бизди оюбузга келбеген жерлерге, өзүбүз такыр элестетпеген иштерге дайындады. Жашообуз жакшы нерселерге байыды. Биз Кудайга толук ишеним артып, анын уюму кайсы жерге жибербесин, ошол жакка жөнөгөнгө даярбыз!

^ 32-абз. Срана-тонга тили африкалык кулдардын англис, нидерланд, португал жана Африка тилдерин аралаштырып сүйлөгөнүнүн аркасында келип чыккан.