Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Түндүктөн жасалган чабуул

Түндүктөн жасалган чабуул

«Менин жериме... бир эл келди» (ЖОЕЛ 1:6).

95-ЫР: Жарык уламдан-улам жаркыроодо

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Расселл менен анын шериктери Ыйык Китепти кантип изилдешкен жана ал эмне үчүн натыйжалуу болгон?

МЫНДАН жүз жылдан ашуун убакыт мурун Чарлз Тейз Расселл жана анын шериктери — Кудайдын Сөзүн изилдеген чакан топ — чогуу изилдөө жүргүзө баштаган. Алар Ыйык Китепте Жахаба Кудай, Иса Машаяк, өлгөндөрдүн абалы жана кун жөнүндө чынында эмне айтыларын билүүнү каалашкан. Ал топ жөнөкөй жол менен изилдөө жүргүзгөн. Кимдир бирөө суроо көтөрчү. Анан ошол суроого тиешеси бар аяттардын ар бирин карап чыгышчу. Акырында чыгарган бүтүмүн кагаз бетине түшүрүшчү. Жахаба батасын бергендиктен, алар Ыйык Китепте камтылган көптөгөн негизги чындыктарды табышкан. Ал чындыктарды азыркы күндө биз да жогору баалайбыз.

2. Ыйык Китепте жазылган кайсы бир пайгамбарлыкты эмнеден улам туура эмес түшүнүп алышыбыз мүмкүн?

2 Бирок көп өтпөй Кудайдын ал кызматчылары Ыйык Китептеги кайсы бир окууну түшүнгөнгө караганда анда жазылган пайгамбарлыктын маанисин туура түшүнүү алда канча оор экенин байкашкан. Бул эмне үчүн оор болушу мүмкүн? Мунун бир себеби Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарды көбүнчө аткарылып жатканда же аткарылгандан кийин айкыныраак түшүнүүгө болот. Анткен менен эске алчу дагы бир нерсе бар: кайсы бир пайгамбарлыкты туура түшүнүү үчүн анын контекстине да көңүл буруу керек. Эгер анын бир эле бөлүгүнө көңүл топтоп, калганын эске албай койсок, туура эмес тыянак чыгарып алышыбыз мүмкүн. Жоел китебинде камтылган пайгамбарлык тууралуу да ушуну айтууга болот. Анда эмесе, ошол пайгамбарлыкты карап чыгалы жана ал жөнүндөгү түшүнүгүбүздү эмне үчүн өзгөртүүгө туура келгенин талкуулайлы.

3, 4. Жоел 2:7—9-аяттарда жазылгандарды буга чейин кантип түшүнүп келгенбиз?

3 Окугула: Жоел 2:7—9. Жоел пайгамбар чегирткелердин Ысрайыл жерин бүлгүнгө учуратарын алдын ала айткан. «Тиштери менен жаагы арстандыкындай» болгон ал чегирткелердин чабуулунан кийин Ысрайыл жеринде бир да өсүмдүк калмак эмес (Жоел 1:4, 6). Көп жылдар бою бул пайгамбарлыкты Жахабанын элинин кабар айтуу ишине байланыштырып келгенбиз. Себеби чегирткелердин каптаганын эч нерсе токтото албагандай эле, алардын кабар айтуу ишине да эч нерсе тоскоолдук кыла албайт болчу. Биз ал иш Жоел 1:6да айтылган «жерге», башкача айтканда, диний жетекчилер үстөмдүк кылган адамдарга күчтүү таасир эткендиктен, алар андай жагдайда эмне кыларын билбей жатышат деп түшүндүрчүбүз *.

4 Эгер Жоел 2:7—9-аяттарды эле окусак, ал пайгамбарлыкты мурун туура эле түшүнүп келгендей сезилет. Бирок контекстин толугу менен карап чыксак, анын мааниси башкачараак экенин баамдайбыз. Эмесе, эмне үчүн ошентип ойлоп жатканыбыздын төрт себебин карап көрөлү.

ТӨРТ СЕБЕП

5, 6. а) Жоел 2:20га байланыштуу кандай суроо туулат? б) Жоел 2:25ке байланыштуу кандай суроо туулат?

5 Биринчиден, чабуул жасаган чегирткелер жөнүндө Жахабанын эмне дегенине көңүл буралы. Ал: «Түндүктөн келгендерди [чегирткелерди] силерден алыс жакка... кууп жиберем»,— деп убада берген (Жоел 2:20). Эгер чегирткелер Исанын кабар айтуу жана шакирт даярдоого карата берген буйругун аткарып жаткан Жахабанын Күбөлөрүн билдирсе, анда Жахаба эмне үчүн аларды алыс жакка кууп жиберерин убада кылмак эле? (Жез. 33:7—9; Мт. 28:19, 20). Анын өзүнүн берилген кызматчыларын эмес, аларды жек көргөндөрдү кууй турганы айдан ачык.

6 Экинчи себебин билиш үчүн Жоел 2:25те жазылгандарды карап чыгалы. Ал аятта Жахаба: «Мен силерге каршы жиберген улуу аскеримдин: чегирткенин, чегирткенин куртунун, коңуздун, малактын бир канча жыл бою жеген түшүмүнүн ордун толтурам»,— деген. Анын чегирткелер келтирген зыяндын ордун толтурарын убада кылганына көңүл бурсаңар. Эгерде чегирткелер Падышалыктын жарчыларын билдирсе, алардын айткан кабары кандайча башкаларга зыян алып келмек эле? Чын-чынында, түбөлүк өмүргө жетүүгө жол ачкан ал кабар ыймансыздардын айрымдарына өкүнүүгө түрткү берет (Жез. 33:8, 19). Бул алар үчүн кандай чоң бата!

7. Жоел 2:28, 29дагы «анан» деген сөзгө эмне үчүн маани беришибиз керек?

7 Окугула: Жоел 2:28, 29. Үчүнчү себеби пайгамбарлыкта айтылган окуялардын ирети менен байланышта. Жахабанын: «Анан [чегирткелер баарын жеп бүткөндөн кийин]... рухумду төгөм»,— дегенин байкадыңарбы? Эгер чегирткелер Падышалыктын жарчыларын билдирсе, эмне үчүн Жахаба аларга ыйык рухун алар кабар айтуу ишин бүткөндөн кийин төкмөк эле? Чынында, Кудай ыйык руху менен жардам бергендиктен, алар каршылыкка жана тыюу салынганына карабай ондогон жылдардан бери кабар айтып келатышат.

Жозеф Рутерфорд жана башка майланган ишенимдештерибиз Кудайдын ыймансыз дүйнөгө чыгарган өкүмдөрүн кайраттуулук менен жарыялашкан (8-абзацты карагыла)

8. Аян 9:1—11-аяттарда жазылган чегирткелер кимдерди билдирет? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

8 Окугула: Аян 9:1—11. Эми төртүнчү себебине токтололу. Жоел пайгамбар айткан чегирткелердин чабуулу кабар айтуу ишин билдирет деп ойлоп келгенибиздин себеби Аян китебинде да ошого окшогон пайгамбарлык жазылган. Аян китебинде чегирткелердин «жүздөрү адамдыкындай», «баштарында алтын таажыга окшогон нерселер бар» экени айтылат (Аян 9:7). Алар «чекесине Кудайдын мөөрү басылбаган адамдарды», Кудайдын душмандарын, 5 ай кыйнашмак; чегирткелер орто эсеп менен ушунча убак жашайт (Аян 9:4, 5). Ал аяттарда жазылгандар Жахабанын майланган кызматчыларын сүрөттөп турат. Анткени алар Кудайдын азыркы ыймансыз дүйнөгө каршы чыгарган өкүмдөрүн тайманбастык менен жарыялап жатышат. Анын натыйжасында бул дүйнөнү жактагандар аябай «кыйналууда».

9. Жоел жана Аян китептеринде жазылган чегирткелердин ортосунда кандай айырмачылыктар бар?

9 Аян жана Жоел китептеринде жазылган пайгамбарлыктар бири-бирине окшош болсо да, ортосунда чоң айырмачылыктар бар. Мисалы, Жоел китебинде чегирткелердин өсүмдүктөрдүн бирин да калтырбай жегени айтылат (Жоел 1:4, 6, 7). Ал эми элчи Жакан көргөн аяндагы чегирткелерге «жер бетиндеги өсүмдүктөргө» зыян келтирбеши керектиги айтылган (Аян 9:4). Жоел көргөн чегирткелер түндүктөн келген (Жоел 2:20). Жакан көргөн чегирткелер болсо түпсүз туңгуюктан чыккан (Аян 9:2, 3). Жоел китебиндеги чегирткелерди Кудай алыс жакка кууп салган. Ал эми Аян китебиндеги чегирткелерди кууган эмес, тескерисинче, аларга өздөрүнүн ишин аягына чыгарууга жол берген. Алардын Жахабага жакпай калганы Ыйык Китептин эч жеринде айтылбайт. (« Чегирткелер жөнүндөгү пайгамбарлыктар. Алардын айырмачылыктары» деген кутучаны карагыла.)

10. а) Жоел жазган чегирткелер менен Аян китебиндеги чегирткелер бир эле нерсени билдиреби? б) Ыйык Китепте бир эле нерсе эки башка мааниде колдонулушу мүмкүн экенин көрсөткөн мисал келтиргиле.

10 Эки пайгамбарлыктын ортосундагы айырмачылыктар алардын бири-бири менен байланышы жок экенин көрсөтүп турат. Анда Жоел жазган чегирткелер менен Аян китебиндеги чегирткелер эки башка нерсени билдиреби? Ооба. Ыйык Китептен бир эле нерсенин ар кайсы учурда ар башка мааниде колдонулганын кездештирүүгө болот. Алсак, Аян 5:5те Иса «Жүйүт уруусунан чыккан Арстан» деп айтылса, 1 Петир 5:8де Ибилис «арылдаган арстан» деп сүрөттөлгөн. Жогоруда талкуулангандардан улам Жоел жазган пайгамбарлык сөздөрдүн маанисин жаңыча түшүндүрүүгө туура келүүдө. Алар эмнени билдирет?

ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

11. Чегирткелердин кимдерди билдирерин түшүнүүгө Жоел 1:6 жана 2:18, 11-аяттар кандайча жардам берет?

11 Жоел жазган пайгамбарлыктын контекстин кылдат карап чыгуунун аркасында анын аскерлердин чабуулу жөнүндө айтканын билүүгө болот (Жоел 1:6; 2:1, 8, 11). Жахаба тоң моюн ысрайылдыктарды жазалаш үчүн өзүнүн «улуу аскерин» (бабылдык жоокерлерди) колдонорун айткан (Жоел 2:25). Ал аскердин «түндүктөн келген» деп айтылганы орундуу болгон, себеби бабылдыктар Ысрайыл жерине түндүктөн кол салмак (Жоел 2:20). Алардын жакшы уюшулган аскери чегирткелердин үйүрүнө салыштырылган. Жоел алар тууралуу: «[Ар бири] баскан жолунан чыкпайт... Алар шаарларга кирип барышат, дубалдарга чуркап чыгышат. Үйлөрдүн үстүнө чыгышат. Ууруга окшоп, терезелерден киришет»,— деп айткан (Жоел 2:8, 9). Ошол учурду көз алдыңарга тартып көрсөңөр. Каякты карабагыла, жер жайнаган жоокерлер. Алардын ушунчалык көптүгүнөн жашынганга жер жок. Жалаңдаган кылычтан бир да жан качып кутула албайт.

12. Жоел пайгамбардын чегирткелер жөнүндө айткандары кантип аткарылган?

12 Б. з. ч. 607-жылы бабылдыктар (каздимдиктер) Иерусалимди чегирткелердей болуп каптап киришкен. Бул Ыйык Китепте мындай деп баяндалат: «[Каздимдиктердин падышасы] алардын... уландарын кылычтап өлтүрдү,.. уландарын да, кыздарын да, карыларын да, алдан-күчтөн тайгандарын да аяган жок. Кудай бардыгын анын колуна салып берди. Ошондой эле чыныгы Кудайдын үйүн өрттөп, Иерусалимдин дубалын талкалады. Ал жердеги мунаралуу чептер менен баалуу нерселердин баары өрттөлдү, бардыгы талкаланды» (2 Жылн. 36:17, 19). Бабылдыктар салган кызыл кыргындан кийин Ысрайыл жерин көргөндөр: «Бул жер — адам да, үй айбанаттары да байыр албаган, каздимдиктерге берилген ээн жер»,— деп айтышмак (Жер. 32:43).

13. Жеремия 16:16, 18де жазылгандарды түшүндүрүп бергиле.

13 Жоел пайгамбарлык кылгандан 200 жылдай өткөндөн кийин, Жахаба ошол чабуул жөнүндө Жеремия пайгамбарга дагы бир нерсени жаздырган. Ал бабылдыктардын бүт жакты тинтип, жаман иштерге берилип кеткен ысрайылдыктардын баарын таап, туткундап кетерин айткан. Ыйык Китепте бул жөнүндө мындай делет: «„Мына, мен көптөгөн балыкчыларды чакыртып жатам,— дейт Жахаба.— Балыкчылар аларды кармашат. Андан кийин көптөгөн аңчыларды чакыртам. Аңчылар аларга бардык тоолордо, адырларда, аска-зоолордо аңчылык кылышат... Мен аларга бүт кылмыштары үчүн, бүт күнөөлөрү үчүн тиешесин берем“». Ооба, каймана маанидеги бир да деңиз, бир да токой өкүнбөгөн ысрайылдыктарды бабылдык жоокерлерден жашыра албайт болчу (Жер. 16:16, 18).

КАЛЫБЫНА КЕЛИШИ

14. Жоел 2:28, 29дагы сөздөр качан аткарылган?

14 Жоел пайгамбар кубанычтуу нерсе жөнүндө да айткан: ээн калган жер кайрадан мол түшүм бермек (Жоел 2:23—26). Ошондой эле убакыттын өтүшү менен көптөр Кудай жөнүндөгү чындыкты таанып-билмек. Анткени Жахаба: «Мен ар кандай адамдарга рухумду төгөм. Ошондо уул-кыздарыңар пайгамбарлык кылышат... Кулдарым менен күңдөрүмө да рухумду төгөм»,— деген (Жоел 2:28, 29). Бул сөздөр ысрайылдыктар Бабылдан мекенине кайтып келери менен аткарылган эмес. Кудай ыйык рухун ошондон бир канча кылым өткөндөн кийин, б. з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында, төккөн. Муну кайдан билебиз?

15. Элчилер 2:16, 17ден көрүнгөндөй, Петир Жоел 2:28де жазылгандардын кайсы жерин өзгөрткөн жана бул эмнени көрсөтүп турган?

15 Ыйык рухтун жетеги менен элчи Петир Жоел 2:28, 29да жазылгандарды Элүүнчү күн майрамында болгон окуяга карата колдонгон. Ошол күнү эртең мененки тогуздарда Исанын шакирттерине кереметтүү түрдө ыйык рух түшүп, алар «Кудайдын улуу иштери жөнүндө» ар кайсы тилдерде жарыялай башташкан (Элч. 2:11). Ыйык рухтун жетеги менен Петир Жоелдин айткандарын бир аз өзгөртүп колдонгон. Ал анын кайсы жерин өзгөрткөн? (Окугула: Элчилер 2:16, 17.) Петир сөзүн Жоелге окшоп «анан» деп баштаган эмес. Ал: «Акыркы күндөрдө»,— деп баштаган. Бул жерде Петир «акыркы күндөр» деп Иерусалим менен ал жактагы ибадаткананын талкаланарына аз калган убакты айткан. Кудай ошол убакта ыйык рухун «ар кандай адамдарга» төкмөк. Бул Жоел пайгамбардын сөздөрү аткарылганга чейин бир топ убакыт өткөнүн көрсөтүп турат.

16. Кудайдын ыйык руху 1-кылымда кабар айтуу ишине кандай таасир эткен жана бүгүнкү күн тууралуу эмне десе болот?

16 1-кылымда Кудай ыйык рухун төккөндөн кийин, кабар айтуу иши укмуштуудай кулач жая баштаган. Элчи Пабыл б. з. 61-жылдары Колосадагы ишенимдештерине жазган катында: «Бул кабар асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланды»,— деген (Кол. 1:23). Бул аяттагы «бардык жаратылгандар» деген сөздөр Пабыл жана башка шакирттер барган жерлерди билдирет. Ал эми бүгүнкү күндө жакшы кабар Жахабанын ыйык рухунун жардамы менен «жердин учу-кыйырына чейин» жарыяланууда (Элч. 13:47). (« Рухумду төгөм» деген кутучаны карагыла.)

ЭМНЕ ӨЗГӨРДҮ?

17. Жоелдин чегирткелер жөнүндө айткандарына байланыштуу түшүнүгүбүз кандайча өзгөрдү?

17 Эмне өзгөрдү? Азыр биз Жоел 2:7—9-аяттарда камтылган пайгамбарлык сөздөрдү айкыныраак түшүнүп калдык. Жөнөкөй сөз менен айтканда, ал жерде жазылгандар жан-дилибиз менен аткарып жаткан кабар айтуу ишибизди эмес, б. з. ч. 607-жылы Иерусалимди басып алган бабылдыктардын иш-аракетин билдирет.

18. Жахабанын элине байланыштуу эмне өзгөргөн жок?

18 Эмне өзгөргөн жок? Жахабанын эли азыр да ар кандай жолдор менен жакшы кабарды бардык жакта жарыялоодо (Мт. 24:14). Бийликтегилер кандай чектөөлөрдү койбосун, бул ишти аткарышыбызга эч тоскоол боло албайт. Жахаба батасын бергендиктен, биз анын Падышалыгы жөнүндөгү кабарды кайраттуулук менен айтып, мурдагыдан да жигердүү кызмат кылып жатабыз. Ыйык Китептеги пайгамбарлык сөздөрдү туура түшүнүү үчүн мындан ары да момундук менен Жахабадан жетекчилик издей беребиз. Анткени анын өз убагы келгенде «чындыкты толук түшүнүүгө» жардам береринен эч шектенбейбиз! (Жкн. 16:13).

97-ЫР: Өмүрүбүз Кудайдын Сөзүнөн көз каранды

^ 5-абз. Көптөгөн жылдар бою Жоел китебинин 12-бөлүмүндө жазылган пайгамбарлык сөздөр азыркы күндө аткарылып жаткан кабар айтуу ишибизге тиешелүү деп ойлоп келгенбиз. Бирок олуттуу төрт себептен улам ал түшүнүгүбүздү өзгөртүүгө туура келди. Бул макалада ошол себептерге токтолобуз.

^ 3-абз. Мисал катары төмөнкү журналды карагыла: «Күзөт мунарасы», 2009-жыл, 15-апрель, «Табият Жахабанын акылмандыгын чагылдырат» деген макаланын 14—16-абзацтары.