Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Мен силерди досторум деп атадым»

«Мен силерди досторум деп атадым»

«Мен силерди досторум деп атадым, себеби силерге Атамдан уккандарымдын баарын ачып бердим» (ЖКН. 15:15).

13-ЫР: Машаяк бизге үлгү

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Кимдир бирөө менен кантип жакын дос боло алабыз?

КИМДИР БИРӨӨ менен ынак мамиле өрчүтүү үчүн аны менен чогуу убакыт өткөрүшүбүз керек. Бири-бирибиз менен ой-сезимдерибизди бөлүшүп, пикир алмашкан сайын, достугубуз чыңдала берет. Ал эми Иса менен дос болуу жөнүндө эмне айтууга болот? Аны менен ынак болуу үчүн айрым тоскоолдуктарды жеңүүгө туура келиши мүмкүн. Кандай тоскоолдуктарды?

2. Иса менен дос болууга тоскоолдук кылган биринчи кыйынчылык кайсы?

2 Биринчиден, биз Исаны көргөн эмеспиз. 1-кылымда да көптөгөн шакирттер аны көрүшкөн эмес. Бирок Петир аларга: «Машаякты эч качан көрбөсөңөр да, силер аны жакшы көрөсүңөр. Азыр да көрбөгөнүңөргө карабай, ага ишенип... жатасыңар»,— деген (1 Пет. 1:8). Ооба, Исаны көрбөсөк да, аны менен дос боло алабыз.

3. Иса менен дос болууга тоскоолдук кылган экинчи кыйынчылык кайсы?

3 Экинчиден, Иса менен сүйлөшө албайбыз. Тиленгенде Жахаба менен сүйлөшөбүз. Албетте, биз Жахабага Исанын атынан кайрылабыз, бирок Исанын өзү менен сүйлөшпөйбүз. Ал өзү да биздин андан тиленишибизди каалабайт. Эмне үчүн? Себеби тиленүү — сыйынуунун бир түрү; биз болсо Жахабага гана сыйынышыбыз керек (Мт. 4:10). Бирок Исадан тиленбесек да, аны жакшы көрөрүбүздү көрсөтө алабыз.

4. Үчүнчү кыйынчылык кайсы жана бул макалада эмнелерди карайбыз?

4 Үчүнчүдөн, Иса асманда жашагандыктан, аны менен чогуу боло албайбыз. Ошентсе да ал жөнүндө көптү биле алабыз. Бул макалада Иса менен болгон мамилебизди чыңдай турган төрт нерсеге токтолобуз. Бирок адегенде Иса менен дос болгонубуз эмне үчүн маанилүү экенин карап чыгалы.

ЭМНЕ ҮЧҮН ИСА МЕНЕН ДОС БОЛУШУБУЗ КЕРЕК?

5. Эмне үчүн Иса менен дос болушубуз керек? (« Иса менен дос болуу Жахаба менен дос болууга жол ачат» жана « Исанын ролуна карата тең салмактуу көз караш» деген кутучаларды да карагыла.)

5 Жахаба менен ынак мамиледе болуш үчүн Иса менен дос болушубуз керек. Эмне үчүн? Мунун эки эле себебин карап көрөлү. Биринчиси Иса шакирттерине: «Мени жакшы көр[гөнүңөр]... үчүн, Атам да силерди жакшы көрөт»,— деп айткан (Жкн. 16:27). Ошондой эле ал: «Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деген (Жкн. 14:6). Иса менен ынак мамиле өрчүтпөй туруп Жахаба менен дос болууга умтулуу имаратка эшиги аркылуу эмес, башка жагынан кирүүгө аракет кылганга окшош. Иса: «Мен койлор кире турган эшикмин»,— дегенде ушул сыяктуу мисал келтирген (Жкн. 10:7). Экинчи себеби Иса Атасынын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган. Ал шакирттерине: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айткан (Жкн. 14:9). Демек, Жахабаны таанып-билүүнүн эң маанилүү жолу — Исанын жашоосу тууралуу окуп-изилдөө. Иса жөнүндө канчалык көбүрөөк биле берсек, ага болгон сүйүүбүз ошончолук өсө берет. Ал эми аны менен болгон достугубуз бекемделген сайын, анын Атасына болгон сүйүүбүз тереңдей берет.

6. Иса менен жакын мамиледе болушубуз керектигинин дагы бир себеби кайсы? Түшүндүргүлө.

6 Жахаба тиленүүбүзгө жооп бериши үчүн, Иса менен жакын мамиледе болушубуз керек. Бул тиленүүнүн аягында тек гана «Иса аркылуу кабыл кыла көр» деп коюудан да көптү билдирет. Жахабанын тиленүүбүзгө жооп беришине Исанын кандай катыштыгы бар экенин айкын түшүнүшүбүз абзел. Иса элчилерине: «Менин атыман эмне сурабагыла,.. баарын аткарам»,— деп айткан (Жкн. 14:13). Жахаба тиленүүбүздү өзү угуп, өзү жооп берсе да, чечимдерин жүзөгө ашырууну Исага тапшырган (Мт. 28:18). Ал тиленүүбүзгө жооп берерден мурун Исанын айткандарын колдонгон-колдонбогонубузга көңүл бурат. Мисалы, Иса: «Эгерде башкалардын катасын кечирсеңер, асмандагы Атаңар да силерди кечирет. Эгер алардын катасын кечирбесеңер, Атаңар да силердин катаңарды кечирбейт»,— деп айткан (Мт. 6:14, 15). Андыктан Жахаба менен Иса бизге кандай мамиле кылса, биз да башкаларга ошондой мамиле кылганыбыз маанилүү.

7. Исанын куткаруу курмандыгынан кимдер пайда алат?

7 Иса менен ынак мамиледе болгондор гана анын куткаруу курмандыгынан пайда алышат. Муну кайдан билебиз? Иса «достору үчүн өз жанын берерин» айткан (Жкн. 15:13). Жахабанын Иса жерге келгенге чейин жашаган ишенимдүү кызматчылары да Исаны таанып-билип, ага карата сүйүү өрчүтүшү керек болот. Келечекте Ыбрайым, Саара, Муса, Рахап сыяктуу ишенимдүү эркек-аялдар тирилет. Бирок түбөлүк өмүр сүрүш үчүн алардан да Иса менен ынак мамиле өрчүтүү талап кылынат (Жкн. 17:3; Элч. 24:15; Евр. 11:8—12, 24—26, 31).

8, 9. Жакан 15:4, 5ке ылайык, Иса менен дос болсок, эмне кыла алабыз? Иса менен биримдикте болгонубуз эмне үчүн маанилүү?

8 Биз Падышалык жөнүндө жакшы кабар айтууда жана башкаларды окутууда Иса менен кызматташуу сыймыгына ээбиз. Ал жерде жүргөндө көптөрдү окуткан. Асманга кайтып баргандан кийин жыйналыштын башчысы болуп дайындалган. Ошондон тартып кабар айтуу жана окутуу ишин жетектөөдө. Ал мүмкүн болушунча көптөргө аны жана Атасын таанып-билгенге жардам бериш үчүн жумшаган аракетибизди көрүп турат жана жогору баалайт. Ооба, бул ишти Жахабанын жана Исанын жардамы менен гана жүзөгө ашыра алабыз. (Окугула: Жакан 15:4, 5.)

9 Ыйык Китепте Жахабага жагыш үчүн Исаны сүйүшүбүз жана ал сүйүүбүздү сакташыбыз керектиги ачык-айкын айтылат. Анда Иса менен дос болуш үчүн кылышыбыз керек болгон төрт нерсени карап чыгалы.

ИСА МЕНЕН КАНТИП ДОС БОЛО АЛАБЫЗ?

1) Иса жөнүндө көбүрөөк биле берсеңер, 2) Исадай иш кылганга жана ой жүгүрткөнгө үйрөнө берсеңер, 3) анын бир туугандарын жана 4) Жахабанын уюмундагы иш-чараларды колдосоңор, Исанын досу боло аласыңар (10—14-абзацтарды карагыла) *

10. Иса менен дос болуу үчүн зарыл болгон биринчи кадам кайсы?

10 1) Иса жөнүндө көбүрөөк билүү. Биз ал тууралуу Матайдын, Марктын, Луканын жана Жакандын Инжилинен окуй алабыз. Ал билдирүүлөрдө Исанын башкаларга боорукердик менен мамиле кылганы жазылган. Алардын үстүнөн ой жүгүртсөк, Исаны жакшы көрүп, урматтоого түрткү алабыз. Алсак, ал Устат болсо да, шакирттерин басынтып, аларга кулдай мамиле кылган эмес. Тескерисинче, ойлорун, сезимдерин алар менен бөлүшүп турган (Жкн. 15:15). Ошондой эле шакирттери менен кошо кайгырган, ыйлаган учурлары болгон (Жкн. 11:32—36). Атүгүл ага каршы болгондор да анын жакшы кабарга кулак каккандар менен дос болгонун тана алышкан эмес (Мт. 11:19). Башкаларга Иса шакирттерине мамиле кылгандай мамиле кылсак, ортодогу мамилебиз жакшырат, ыраазы боло билип, бактылуураак болобуз жана Машаякка болгон ыраазычылыгыбыз артат.

11. Иса менен дос болуу үчүн зарыл болгон экинчи кадам кайсы жана ал эмне үчүн маанилүү?

11 2) Исадай иш кылганга жана ой жүгүрткөнгө үйрөнүү. Исанын ой жүгүртүүсүн жакшыраак билип, ага окшоп ой жүгүрткөндү үйрөнө берсек, аны менен болгон достугубуз бекемделе берет (1 Кор. 2:16). Биз андан кантип үлгү алсак болот? Бул жөнүндө ойлонуп көрөлү: Иса өзүнө жаккан нерселерди кылууну эмес, башкаларга жардам берүүнү көбүрөөк ойлогон (Мт. 20:28; Рим. 15:1—3). Ошондуктан жан аябас, кечиримдүү болгон. Ал өзү жөнүндөгү ар кандай кеп-сөздөргө теригип, тез эле таарынып калчу эмес (Жкн. 1:46, 47). Кимдир бирөөнүн мурун кылган күнөөсүнөн улам ал тууралуу терс ойдо болуп жүрө берчү эмес (1 Тим. 1:12—14). Ал: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жкн. 13:35). Андыктан: «Исадан үлгү алып, ишенимдештерим менен тынчтыкта болуш үчүн колуман келгендин баарын кыламбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз жакшы.

12. Иса менен дос болуу үчүн зарыл болгон үчүнчү кадам кайсы жана ал өз ичине эмнени камтыйт?

12 3) Машаяктын бир туугандарын колдоо. Иса анын майланган бир туугандары үчүн кылган иштерибизди өзүнө кылынгандай кабыл алат (Мт. 25:34—40). Майлангандарды колдоонун негизги жолу — Иса жолдоочуларына тапшырган кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине толук кандуу катышуу (Мт. 28:19, 20; Элч. 10:42). Исанын бир туугандары дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу ишин «башка койлордун» жардамы менен гана аткара алышат (Жкн. 10:16). Эгер сен башка койлорго кирсең, кабар айтуу ишине катышкан сайын майлангандарды эле эмес, Исаны да жакшы көрөрүңдү көрсөтөсүң.

13. Исанын Лука 16:9дагы кеңешин кантип колдонсок болот?

13 Жахаба жана Иса менен дос болуунун дагы бир жолу — алар жетектеп жаткан ишти материалдык жактан колдоо. (Окугула: Лука 16:9.) Мисалы, бүткүл дүйнөлүк ишибизге тартуу кылсак болот. Ал каражат жакшы кабардын алыскы аймактарга таратылышына, чыныгы сыйынууда колдонула турган имараттардын курулушуна жана жакшы абалда күтүлүшүнө, ошондой эле табият кырсыгынан же дагы башка каргашадан жапа чеккендерге жардам берүүгө жумшалат. Андан тышкары, жыйналышыбыздын чыгымдарын жабууга салым кошуп, жардамга муктаж болуп жаткан ишенимдештерибизге көмөк көрсөтсөк болот (Накыл 19:17). Машаяктын бир туугандарына ушундай жолдор менен колдоо көрсөтө алабыз.

14. Эфестиктер 4:15, 16дан көрүнүп тургандай, Иса менен дос болуу үчүн зарыл болгон төртүнчү кадам кайсы?

14 4) Жахабанын уюмундагы иш-чараларды колдоо. Бизге кам көрүүгө дайындалгандар менен кызматташканда да жыйналыштын башчысы Иса менен болгон достугубуз бекемделет. (Окугула: Эфестиктер 4:15, 16.) Мисалы, биз Падышалык залдарын жакшы колдонгонго умтулабыз. Ошондуктан айрым жыйналыштар бириктирилип, алардын аймактары өзгөртүлүүдө. Ушундай чаранын аркасында тартуу кылынган каражат бир топ үнөмдөлүп жатат. Ошол эле учурда кээ бир жарчыларга жаңы жагдай-шартка ылайыкташууга туура келүүдө. Ал ишенимдүү бир туугандар кайсы бир жыйналышта көп жылдан бери кызмат кылышы жана ал жактагы ишенимдештери менен ынак болуп калышы мүмкүн. Эми аларга башка жыйналышка которулууга туура келип жатат. Андай ишенимдүү жолдоочуларынын бул чараны колдоп жатканын көргөндө Исанын абдан сүйүнөрү шексиз!

ИСА МЕНЕН ТҮБӨЛҮККӨ ДОС БОЛОЛУ

15. Иса менен болгон достугубуз келечекте кандайча бекемделет?

15 Ыйык рух менен майлангандар Кудайдын Падышалыгында Иса менен чогуу бийлик жүргүзүшөт. Ошондой эле алар Машаякты көрүүгө, аны менен сүйлөшүүгө жана түбөлүккө бирге болууга үмүттөнүшөт (Жкн. 14:2, 3). Жерде жашаганга үмүттөнгөндөр да Исанын сүйүүсүнө бөлөнүшөт. Алар Жахаба менен Иса тартуулаган жашоодо ыракаттанып өмүр сүрүшөт. Исаны көрө алышпаса да, аны менен болгон достугу барган сайын бекемделе берет (Ыш. 9:6, 7).

16. Иса менен болгон достугубуздун аркасында Кудайдан кандай баталарды алуудабыз?

16 Иса менен дос болуунун аркасында Кудайдан көп бата алуудабыз. Мисалы, анын сүйүүсүн, колдоосун сезип жатабыз. Келечекте түбөлүк өмүр сүрөбүз. Баарынан маанилүүсү, Иса менен дос болуу анын Атасы Жахаба менен ынак дос болууга жол ачат. Бул — баа жеткис байлык. Ооба, Исанын досу болуу — зор сыймык!

17-ЫР: «Каалайм»

^ 5-абз. Исанын элчилери аны менен бир нече жыл чогуу кызмат кылып, пикир алышкандыктан ынак достордон болуп калышкан. Иса биз менен да дос болгусу келет. Бирок бизге аны менен достук мамиле өрчүтүү элчилерге караганда кыйыныраак болушу мүмкүн. Бул макалада мунун бир нече себебин талкуулайбыз. Ошондой эле Иса менен кантип ынак мамиле өрчүтсөк болорун жана ал мамилени кантип сактай аларыбызды карап чыгабыз.

^ 55-абз. СҮРӨТТӨР: 1) Үй-бүлө менен сыйынуу учурунда Исанын жашоосу жана кызматы тууралуу изилдесек болот. 2) Жыйналышта ишенимдештерибиз менен тынчтыкта болууга бүт күчүбүздү жумшагыбыз келет. 3) Кызматка толук кандуу катышсак, Машаяктын бир туугандарын колдойбуз. 4) Жыйналыштар бириктирилгенде, аксакалдардын чечимдерин колдоп, алар менен кызматташа алабыз.