Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Акыркы убактагы «түндүк падышасы»

Акыркы убактагы «түндүк падышасы»

«Акыркы убакта түштүк падышасы аны [түндүк падышасы] менен салгылашат» (ДАН. 11:40).

150-ЫР: Куткаруучу Кудайды издейли

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктан эмненин биле алабыз?

ЖАХАБАНЫН эли жакында эмнелерди башынан өткөрөт? Муну божомолдоонун зарылдыгы жок. Себеби Ыйык Китепте жазылган пайгамбарлыктардан баарыбызга таасир эте турган орчундуу окуялар тууралуу биле алабыз. Өзгөчө, Даниел китебинин 11-бөлүмүндөгү пайгамбарлыкта жер жүзүндөгү кубаттуу империялардын айрымдарынын эмне кылары баяндалган. Ал жерде бири-бири менен атаандашып келген эки держава — «түндүк падышасы» менен «түштүк падышасы» — тууралуу айтылган. Ал пайгамбарлыктын көп бөлүгү аткарылган. Андыктан калган бөлүгүнүн да аткарыларынан эч күмөн санабасак болот.

2. Башталыш 3:15ке, Аян 11:7ге жана 12:17ге ылайык, Даниелдин пайгамбарлыгын изилдөөдө эмнени эске алышыбыз керек?

2 Даниел 11-бөлүмдөгү пайгамбарлыктын маанисин түшүнүш үчүн бир нерсени эске алышыбыз керек: ал жакта Кудайдын элине түздөн-түз таасир эткен башкаруучулар менен өкмөттөр жөнүндө гана айтылган. Ошондой эле Кудайдын эли дүйнө калкынын аз эле бөлүгүн түзсө да, алар көп учурда дүйнөдөгү абдан маанилүү окуялардын чордонунда болуп келишет. Эмне үчүн? Анткени Шайтан менен анын дүйнөсүнүн негизги максаты — Жахабага жана Исага кызмат кылгандарды жок кылуу. (Окугула: Башталыш 3:15; Аян 11:7; 12:17.) Эске алчу дагы бир нерсе, Даниелдин пайгамбарлыгы Кудайдын Сөзүндөгү башка пайгамбарлыктарга да шайкеш келет. Андыктан ал пайгамбарлыкты Ыйык Жазмадагы башка аяттар менен салыштырганда гана туура түшүнө алабыз.

3. Ушул жана кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?

3 Жогоруда айтылгандарды эсибизде сактап, азыр Даниел 11:25—39-аяттарды талкуулайбыз. Мунун аркасында 1870-жылдан 1991-жылга чейин кайсы өкмөттөр түндүк падышасы жана түштүк падышасы болгонун билебиз. Ошондой эле бул пайгамбарлыкка байланыштуу айрым түшүнүктөрүбүздү өзгөртүшүбүз керектигин баамдайбыз. Ал эми кийинки макалада Даниел 11-бөлүмдүн 40-аятынан 12-бөлүмдүн 1-аятына чейин карап чыгабыз. Бул бизге пайгамбарлыктын кайсы бөлүгү 1990-жылдардан тартып Армагедон согушу башталганга чейинки убакыт аралыгына тиешелүү экенин түшүнгөнгө жардам берет. Мунун да жаңыча түшүндүрүлгөнүн байкайбыз. Ушул эки макаланы изилдеп жатканда «Акыркы убакта атаандашкан падышалар» деген схемага кайрылганыбыз чоң жардам болот. Бирок адегенде, келгиле, эки падышаны аныктап алалы.

ТҮНДҮК ПАДЫШАСЫ МЕНЕН ТҮШТҮК ПАДЫШАСЫН АНЫКТОО

4. Түндүк падышасы менен түштүк падышасын аныктоого кайсы үч нерсе жардам берет?

4 «Түндүк падышасы» жана «түштүк падышасы» деген сөздөр башында байыркы Ысрайылдын түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү падышаларга карата айтылган. Эмне үчүн минтип айта алабыз? Даниел пайгамбарга кабар жеткирген периштенин эмне дегенине көңүл бурсаңар. Ал: «Сага акыркы күндөрдө элиң эмне болорун билдиргени келдим»,— деген (Дан. 10:14). Б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамына чейин байыркы ысрайылдыктар Кудайдын эли болуп келген. Бирок ошондон кийин Жахаба Исанын ишенимдүү жолдоочуларын өзүнүн эли кылып тандаганын айкын кылган. Андыктан Даниел 11-бөлүмдөгү пайгамбарлыктын көп бөлүгү байыркы ысрайыл элине эмес, Машаяктын жолдоочуларына тиешелүү (Элч. 2:1—4; Рим. 9:6—8; Гал. 6:15, 16). Айта кетчү нерсе, ар кайсы убакта ар кайсы башкаруучулар менен өкмөттөр «түндүк падышасы» жана «түштүк падышасы» болуп келген. Бирок айрым нерселер өзгөргөн эмес. Биринчиден, ал падышалар Кудайдын элинин көбү жашаган жерди башкарган же аларга кол салган. Экинчиден, алардын Кудайдын элине жасаган мамилесинен Жахаба Кудайды жек көрөрү айкын көрүнгөн. Үчүнчүдөн, ал экөө бийлик талашып бири-бири менен атаандашып келген.

5. Б.з. 2-кылымынан 19-кылымдын аягына чейинки мезгил аралыгында түндүк падышасы жана түштүк падышасы болгон деп айта алабызбы? Түшүндүргүлө.

5 Б.з. 2-кылымында Исанын чыныгы жолдоочуларынын жыйналышына Машаяктын жолдоочулары атанган кишилер кире баштаган. Алар жалган окууларды жайылтып, Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты жашырган. Ошондон тартып 19-кылымдын аягына чейинки мезгилде жерде Кудайдын уюшкан эли болгон эмес. Христиан дүйнөсү отоо чөптөй дүркүрөп өсүп, Исанын чыныгы жолдоочуларын басып салган (Мт. 13:36—43). Бул эмне себептен көңүлгө аларлык? Мындан түндүк падышасы менен түштүк падышасы деген сөздөрдү 2-кылымдан 19-кылымдын экинчи жарымына чейинки убакыт аралыгында башкарган падышаларга карата айтууга болбой турганын биле алабыз. Себеби ал убакта алар кол сала турган Кудайдын уюшкан эли жок болчу *. Анткен менен 19-кылымдын аяк ченинде ал эки падышанын кимдерди билдирери кайрадан айкын болгон. Эмне үчүн минтип айтууга болот?

6. Кудайдын элинин кимдер экени качан кайрадан айкын боло баштаган? Түшүндүргүлө.

6 1870-жылдан тартып Кудайдын эли кайрадан уюшула баштаган. Ошол жылы Чарлз Рассел шериктери менен Ыйык Китепти изилдөө тобун уюштурган. Алар Малакинин пайгамбарлыгында айтылган, Машаяк башкарган Падышалык орногонго чейин «жол даярдай» турган кабарчы болушкан (Мал. 3:1). Ошентип, Кудайдын эли кимдер экени кайрадан айкын болгон! Ошол убакта Жахабанын кызматчыларына чабуул жасаган өкмөттөр болду беле? Муну билиш үчүн, келгиле, төмөндө жазылгандарга токтололу.

ТҮШТҮК ПАДЫШАСЫ КИМ?

7. 1917-жылга чейин түштүк падышасы ким болгон?

7 1870-жылы Британия жер жүзүндөгү чоң империя болуп калган. Анын аскер күчтөрү эң эле кубаттуу болгон. Ал империя Даниелдин пайгамбарлыгында үч мүйүздү, тагыраак айтканда, Францияны, Испанияны, Нидерландияны жеңген анча чоң эмес мүйүз катары сүрөттөлгөн (Дан. 7:7, 8). Ошондон тартып 1917-жылга чейин Британия түштүк падышасы болуп келген. Ошол эле убакта Америка Кошмо Штаттары экономикасынын өскөнү боюнча алдыңкы орунга чыккан жана Британия менен тыгыз кызматташа баштаган.

8. Акыркы күндөр башталгандан бүткөнгө чейин түштүк падышасы ким болмок?

8 Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Кошмо Штаттар менен Британия аскер күчтөрүн бириктирип, душмандарга каршы чогуу согушкан. Ошол убактарда Британия менен Кошмо Штаттар Англия-Америка дүйнөлүк державасына айланган. Даниел пайгамбарлык кылгандай, ал держава «аябагандай көп, күчтүү аскер» топтогон (Дан. 11:25). Акыркы күндөр башталгандан бүткөнгө чейин Англия-Америка державасы түштүк падышасы болмок *. Ал эми түндүк падышасы ким болгон?

ТҮНДҮК ПАДЫШАСЫ КИМ?

9. Түндүк падышасы ким экени качан айкын болгон жана Даниел 11:25 кандайча аткарылган?

9 1871-жылы, Расселл менен анын шериктери Ыйык Китеп изилдөө тобун уюштургандан кийин, түндүк падышасы ким экени айкын болгон. Ошол жылы Германия империясы негизделген. Анын түптөлүшүнө Отто фон Бисмарк чоң салым кошкон. Пруссиялык Вильгельм I ал империянын биринчи императору, ал эми Бисмарк биринчи канцлери болуп дайындалган *. Ошондон кийинки бир нече он жылдыкта Германия көп колониялуу державага айланган жана Африкадагы, Тынч океандагы аймактарда бийлик жүргүзүп, Британиядан да күчтүү боло баштаган. (Окугула: Даниел 11:25.) Андан тышкары, Германия империясынын аскер күчтөрү кубаттуу болуп, аскер-деңиз флотунун чоңдугу боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээлеген. Так ошол аскер күчтөрүн колдонуп, Германия Биринчи дүйнөлүк согушта душмандарына чабуул жасаган.

10. Даниел 11:25б жана 26 кандайча аткарылган?

10 Андан ары Даниелдин пайгамбарлыгында Германия империясынын жана анын аскер күчтөрүнүн эмне болору баяндалган. Анда түндүк падышасынын «туруштук бере албай» турганы айтылган. Эмне үчүн? Анткени табакташтары «ага каршы айла-амал ойлонуштурмак» жана «анын түбүнө жетмек» (Дан. 11:25б, 26а). Даниел пайгамбар жашаган убакта падышанын табакташтарына ак сарайда «падышага кызмат кылган» кишилер кирген (Дан. 1:5). Анда пайгамбарлыкта «табакташтар» деген сөз кимдерге карата айтылган? Алар Германия империясында көрүнүктүү абалды ээлеген кызматчыларды, анын ичинде генералдарды жана аскер кеңешчилерин билдирет. Так ошол кишилер, акыры, империянын кулашына себепкер болушкан *. Кызыктуусу, пайгамбарлыкта империянын кулашы эле эмес, анын түштүк падышасы менен беттешкенинин натыйжасы кандай болору да айтылган. Анда түндүк падышасы тууралуу: «Аскерлери туш тарапка чачырап кетет, ошондо көптөр өлөт»,— делген (Дан. 11:26б). Алдын ала айтылгандай эле, Биринчи дүйнөлүк согушта Германиянын аскери талкаланып, «көптөр өлгөн». Ал тарыхта ага чейин болбогон эң эле кыргындуу согуш болгон.

11. Түндүк падышасы менен түштүк падышасы эмне кылган?

11 Биринчи дүйнөлүк согушка чейин түндүк падышасы менен түштүк падышасынын эмне кылары тууралуу Даниел 11:27, 28де: «Алар бир дасторкондо отуруп, бири-бирине калп айтышат»,— деп айтылган. Ошондой эле анда түндүк падышасынын «көп мүлк» топтоору айтылган. Анан так ошондой болгон. Германия менен Британия бири-бирине тынчтык сактоону убада кылышкан. Анткен менен 1914-жылы согуш тутанганда, анын баары жалган экени айкын болгон. Андан сырткары, 1914-жылга чейин ондогон жылдар мурун Германия байып, экономикасынын гүлдөгөнү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган. Анан, Даниел 11:29да жана 30-аяттын биринчи бөлүгүндө айтылгандай, Германия түштүк падышасы менен согушкан. Бирок жеңишке жеткен эмес.

ПАДЫШАЛАР КУДАЙДЫН ЭЛИНЕ КАРШЫ ЧЫГАТ

12. Биринчи дүйнөлүк согушта эки падыша эмне кылган?

12 1914-жылдан баштап эки падыша бири-бирине жана Кудайдын элине жасаган чабуулун күчөткөн. Маселен, Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Германия өкмөтү да, Британия өкмөтү да колуна курал алуудан баш тарткан Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктаган. Ошондой эле, Аян 11:7—10-аяттардагы пайгамбарлыкка ылайык, Кошмо Штаттарда кабар айтуу ишин жетектеген ишенимдештерибиз түрмөгө камалган.

13. 1930-жылдары жана Экинчи дүйнөлүк согуш маалында түндүк падышасы эмне кылган?

13 Кийин 1930-жылдары, өзгөчө, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында түндүк падышасы Кудайдын элине аёосуз кол салган. Германияда нацисттердин партиясы бийликке келгенде, Гитлер менен анын жактоочулары Жахабанын эли жүргүзгөн ишти токтотууга аракет кылган. Түндүк падышасы жүздөгөн Жахабанын Күбөлөрүн өлтүргөн, миңдегендерин түзөтүү эмгек абактарына айдаган. Ал окуялардын баары Даниелдин пайгамбарлыгында айтылган болчу. Түндүк падышасы «ыйык жайды» арамдап, «күнүгө чалынуучу курмандыкты токтоткон». Башкача айтканда, Жахабанын элине анын ысмын башкаларга жарыялоого катуу тыюу салган (Дан. 11:30б, 31а). Ал тургай, аларды куугунтуктагандардын башында турган Гитлер Германиядан Кудайдын элин кырып жок кылам деп ант берген.

ЖАҢЫ ТҮНДҮК ПАДЫШАСЫНЫН ЧЫГЫШЫ

14. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түндүк падышасы ким болгон? Түшүндүргүлө.

14 Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин коммунисттер башкарган Советтер Союзу бийликке келген. Ал мурда Германияга караган көптөгөн жерлерди басып алып, түндүк падышасы болуп калган. Тоталитардык режим өкүм сүргөн Германиядай болуп, Советтер Союзу да мамлекетке толук баш ийүүдөн баш тарткан, чыныгы Кудайга сыйынган адамдарды ырайымсыздык менен куугунтуктаган.

15. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин, түндүк падышасы эмне кылган?

15 Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан көп узабай, түндүк падышасы — Советтер Союзу менен анын шериктештери — Кудайдын элине чабуул койгон. Аян 12:15—17-аяттардагы пайгамбарлыкка ылайык, ал падыша кабар айтуу ишине тыюу салып, миңдеген Жахабанын Күбөлөрүн сүргүнгө айдаган. Акыркы күндөр башталгандан бери түндүк падышасы Кудайдын элине «дарыядай сууну коё берүүдө», тагыраак айтканда, куугунтуктоодо. Бирок ал кабар айтуу ишин токтото алган жок *.

16. Советтер Союзу Даниел 11:37—39-аяттарды кантип аткарган?

16 Окугула: Даниел 11:37—39. Бул пайгамбарлыкка ылайык, түндүк падышасы кандайча «аталарынын Кудайы менен... эсептешкен» эмес? Советтер Союзу дин аттуунун баарын жок кылууну көздөп, терең тамыр алып калган диний уюмдарды бийлигинен ажыратканга аракет кылган. Максатына жетиш үчүн ал 1918-жылы мектептерде атеизмдин окутула башташына негиз салган буйрук чыгарган. Ал падыша кандайча «чептердин кудайын... даңктаган»? Советтер Союзу аскер күчтөрүн чыңдоого көптөгөн акча-каражаттарды жумшаган жана бийлигин бекемдеш үчүн миңдеген ядролук куралдарды чыгарган. Акыры, түндүк падышасы да, түштүк падышасы да миллиарддаган адамдарды набыт кыла ала турган күчтүү куралдарды топтогон!

ЭКИ ПАДЫШАНЫН КЫЗМАТТАШЫШЫ

17. «Бүлүндүрүүчү жийиркенич» эмнени билдирет?

17 Түндүк падышасы менен түштүк падышасы абдан маанилүү бир нерсени ишке ашырууда бирге кызматташышкан: алар «бүлүндүрүүчү жийиркеничти коюшкан» (Дан. 11:31). Ал «жийиркенич» Бириккен Улуттар Уюмун билдирет.

18. Эмне үчүн Бириккен Улуттар Уюму «жийиркенич» деп сүрөттөлгөн?

18 Бириккен Улуттар Уюмунун «жийиркенич» деп сүрөттөлгөнүнүн себеби, ал Кудайдын Падышалыгы гана жүзөгө ашыра турган нерсени — тынчтыкты — дүйнө жүзү боюнча орното аларын убада кылууда. Пайгамбарлыкта жийиркеничтин «бүлүндүрөрү» айтылган, анткени Бириккен Улуттар Уюму жалган диндерди жок кылууда негизги ролду аткарат. («Акыркы убакта атаандашкан падышалар» деген схеманы карагыла.)

МУНУ ЭМНЕ ҮЧҮН БИЛИШИБИЗ КЕРЕК?

19, 20. а) Түндүк падышасы менен түштүк падышасынын тарыхы тууралуу эмне үчүн билишибиз керек? б) Кийинки макалада кайсы суроого жооп алабыз?

19 Түндүк падышасы менен түштүк падышасынын тарыхы тууралуу билгенибиз абдан маанилүү. Себеби Даниел пайгамбардын ал эки падыша жөнүндө айткандары 1870-жылдан 1991-жылга чейин аткарылган. Андыктан ал пайгамбарлыктын калган бөлүгү да аткарыларынан шектенбесек болот.

20 1991-жылы Советтер Союзу кулаган. Анда бүгүнкү күндө түндүк падышасы кимди билдирет? Кийинки макаладан ушул суроого жооп алабыз.

128-ЫР: Акырына чейин чыдайлы

^ 5-абз. Биз Даниелдин «түндүк падышасы» менен «түштүк падышасы» жөнүндөгү пайгамбарлыгынын аткарылып жатканына күбө болуудабыз. Мындан эмне үчүн шектенбесек болот? Бул пайгамбарлыкты майда-чүйдөсүнө чейин түшүнгөнүбүз эмне үчүн абдан маанилүү?

^ 5-абз. Ушундан улам Рим императору болгон Аврелианды (б.з. 270—275-ж.) «түндүк падышасы», ал эми Зенобия канышаны (б.з. 267—272-ж.) «түштүк падышасы» болгон деп айта албайбыз. Бул — «Даниелдин пайгамбарлыгына көңүл бургула!» китебинин (ор.) 13, 14-бөлүмдөрүндө жазылгандардын жаңыча түшүндүрүлүшү.

^ 9-абз. 1890-жылы император Вильгельм II Бисмаркты бийликтен кетирген.

^ 10-абз. Алардын айрым иштери империянын кулашын тездеткен. Алсак, императорду колдоодон баш тартышкан, согушка байланыштуу купуя маалыматтарды башкаларга айтып салышкан жана падышаны бийликтен баш тартууга мажбурлашкан.

^ 15-абз. Даниел 11:34төн көрүнүп тургандай, түндүк падышасы кыска убакытка Кудайдын кызматчыларын куугунтуктаганын токтоткон. Бул 1991-жылы Советтер Союзу кулаган учурда болгон.