Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

23-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Ысмың ыйыкталсын»

«Ысмың ыйыкталсын»

«Оо, Жахаба, сенин ысмың түбөлүктүү» (ЗАБ. 135:13).

10-ЫР: Жахаба Кудайды даңктагыла!

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Жахабанын Күбөлөрү үчүн кайсы маселелер маанилүү?

АЗЫРКЫ тапта бизге тиешелүү болгон абдан орчундуу талаш маселелер бар. Алар — Жахабанын эгедерлиги жана анын ысмынын ыйыкталышы. Жахабанын Күбөсү болгондуктан ушул нерселерди талкуулоо бизге абдан кызыктуу.

2 Ыйык Китепти изилдегендин аркасында Кудайдын караланган аты акталышы керектигин билебиз. Жахабанын эгедерлиги, башкача айтканда, жүргүзгөн бийлиги эң мыкты экени далилдениши керектигин да түшүнөбүз. Бул эки маселе тең бирдей эле олуттуу жана бири-бирине байланышпаган эки бөлөк нерсе эмес.

3. Жахабанын аты өз ичине эмнени камтыйт?

3 Чынында, Жахабанын аты анын өзүнө байланышкан нерсенин баарын, анын ичинде жүргүзгөн бийлигин да, камтыйт. Ошондуктан Жахабанын атынын акталышын баарынан маанилүү маселе деп эсептегенибиз — Жахаба жүргүзгөн бийлик эң жакшы экени далилдениши керек дегенибиз. Себеби анын ысмы кудурети чексиз Эгедер катары кантип бийлик кылганы менен тыгыз байланышта. (« Чоң талаш маселе эмнелерди камтыйт?» деген кутучаны карагыла.)

4. Забур 135:13тө Кудайдын аты жөнүндө эмне деп айтылган жана бул макалада кайсы суроолорго жооп алабыз?

4 Жахабанын ысмы бардык ысымдардан өзгөчө. (Окугула: Забур 135:13.) Эмне үчүн минтип айта алабыз? Ага кандайча көө жабылган? Кудай өз атын кантип ыйыктайт? Анын атынын корголушуна биз кантип салым кошо алабыз? Келгиле анда, ушул суроолорго жооп алалы.

ЫСЫМ КАНДАЙ МААНИГЕ ЭЭ?

5. Кудайдын ысмынын ыйыкталышына байланыштуу кандай суроолор пайда болушу мүмкүн?

5 «Ысмың ыйыкталсын» (Мт. 6:9). Иса Машаяк Кудайга кайрылганда биринчи кезекте так ушуну тилешибиз керектигин айткан. Бул сөздөрдүн мааниси кандай? Бир нерсени ыйыктоо деген аны кандайдыр бир булганыч нерседен тазартууну билдирет. Бирок кээ бирлер: «Жахабанын ысмы ансыз деле ыйык, таза эмеспи? Ал эмне үчүн ыйыкталышы керек?» — деп таң калышы мүмкүн. Муну түшүнүш үчүн эң оболу кимдир бирөөнүн ысмы өз ичине эмнени камтый турганын түшүнүп алыш керек.

6. Ысымды ысым кылган эмне?

6 Ысым бул тамгалардан куралып кагаз бетине жазылган же айтылган жөн эле сөз эмес. Ыйык Китепте эмне делгенине көңүл бурсаңар: «Жакшы ат көп байлыктан артык» (Накыл 22:1; Нас. 7:1). Ысым эмне үчүн ушунчалык маанилүү? Анткени анын артында ошол ысымдын ээсинин аброю, башкалардын ага карата ою, көз карашы турат. Ошондуктан кеп ысымдын жазылышында же айтылышында эмес, артында ким турганында жана ал ысымды көргөндө же укканда башкалардын оюна дароо эле эмне келгенинде.

7. Адамдар Кудайдын атына кантип кол салган?

7 Адамдар Жахаба жөнүндө калп айтканда анын аброюна кол салган болот. Аброюна кол салганда, атын булгаганга аракеттенген болот. Кудайдын атына, аброюна эң биринчи ирет адамзат тарыхынын башында кол салынган. Ал окуядан эмнелерди билебиз?

КУДАЙДЫН АТЫНА ЖАБЫЛГАН АЛГАЧКЫ ЖАЛАА

8. Адам ата менен Обо эне эмнени билишкен жана кандай суроолор туулат?

8 Адам ата менен Обо эне Кудайдын аты Жахаба экенин, ошондой эле анын өзү туурасында да көптөгөн маанилүү нерселерди билишкен. Алар Жахабаны ыракатын көрсүн деп өмүрдү, жашасын деп Бейишти, төрт тарабынан төп келишкен түгөйдү берген Кудайы катары таанышкан (Башт. 1:26—28; 2:18). Бирок кылган жакшылыктарынын баарын көкүрөгүнө түйүп, баалашты беле? Ошол ысымдын Ээсине болгон сүйүүсүн, ыраазычылыгын арттырышты беле? Бул кийинчерээк Кудайдын душманы аларды сынаганда айкын болгон.

9. Башталыш 2:16, 17 жана 3:1—5-аяттарга ылайык, Жахаба биринчи түгөйгө эмне деп айткан жана Шайтан чындыкты кантип бурмалаган?

9 Окугула: Башталыш 2:16, 17 жана 3:1—5. Шайтан жылан аркылуу Обо энеден: «Чын эле Кудай силерге бактагы дарактардын баарынан эле жей бербешиңер керектигин айтты беле?» — деп сураган. Ошол суроосунда акылды тунарткан калп катылган эле. Чынында, Кудай аларга бир бактан башкасынын баарынан жей бергиле деп айткан. Алар жесе боло турган эчен түркүн мөмөлүү бак бар болчу (Башт. 2:9). Ооба, Жахабанын марттыгында шек жок. Ал бир гана бактын жемишинен жегенге тыюу салган. Андыктан Шайтандын ошентип сураганынын өзү эле чындыкты бурмалагандыкка жаткан. Ал Кудайды адам баласына жакшы бир нерсени ыраа көрбөй жаткан бирөөдөй кылып көрсөткөн. Ошонун айынан Обо эне: «Кудай чын эле бизден жакшы бир нерсе жашырып жатабы?» — деп шектене баштаса керек.

10. Шайтан Кудайдын атын кантип ачыктан ачык эле каралаган жана андан кийин эмне болгон?

10 Ал кез Обо эне Жахабага баш ийип турган кез болчу. Ал Шайтанга жооп бергенде Кудай айткан сөздөрдү кайталаган, атүгүл ал бакка тийбеши керектигин да айткан. Кудайдын айтканын укпай койсо, өмүрүнөн айрыларын билген. Ошондо Шайтан: «Жок, өлбөйсүңөр»,— деп айтып кызылдай эле калпка өткөн (Башт. 3:2—4). Ал Кудайды калпычы кылып көрсөтүп, атын ачыктан ачык эле каралаган. Ошентип, ибилис, же башкача айтканда, жалаачы болуп калган. Обо эне ага алданып калган (1 Тим. 2:14). Ал Жахабага караганда ага көбүрөөк ишенип, катуу жаңылган. Жахабаны укпай, жебе деген жемиштен жеген. Адам атага да берген (Башт. 3:6).

11. Түпкү ата-энебиз эмне кыла алышмак?

11 Обо эне Шайтанга эмне деши керек эле? Анын: «Эмне деп жатасың?! Мен сенин ким экениңди билбейм, Жахаба Атамды эле билем! Аны жакшы көрөм, ага гана ишенем! Жолдошум экөөбүзгө баарын берген — ошол. Аны жамандагандай сен кимсиң?! Бар кет!» — деп айтканын элестетип көрсөңөр. Кызынын ушундай берилгендигин көргөндө Жахаба кандай гана кубанмак! (Накыл 27:11.) Бирок, атаганат, Обо энеде да, Адам атада да андай берилгендик, сүйүү болгон эмес! Жаратканына болгон сүйүүсү бөксө болгондуктан алар анын атын коргошкон эмес.

12. Шайтан Обо энени кантип шектендирген жана түпкү ата-энебиз эмне кылышкан эмес?

12 Буга чейин айтылгандардан байкаганыбыздай, Шайтан адегенде Обо эненин оюна шек салган. Ал Жахабанын кандай Кудай экенин талашка салган. Ошондо Адам ата менен Обо эне анын атын жана аброюн коргогон эмес. Ошол үчүн Шайтандын айтканына көнүп, Атасына каршы чыгышкан. Шайтан бүгүн ошол эле ыкманы колдонот. Ал Жахабанын атын жалаа жаап каралайт. Анын калпына ишенгендер Жахабанын адил мыйзамдарын оңой эле бузушат.

ЖАХАБАНЫН ӨЗ ЫСМЫН ЫЙЫКТАШЫ

13. Ыйык Китептин өзөк ою Жезекиел 36:23тө кантип түшүндүрүлгөн?

13 Жахаба өз ысмынын караланганына көз жумуп коёбу? Жок, эч качан көз жумбайт! Эйден багында ысмына жалаа жабылганда аны акташ үчүн Жахабанын кандай чара көргөнүнө бүтүндөй Ыйык Китепте басым жасалат (Башт. 3:15). Чынында, Жахабанын өз ысмын ыйыкташы жана Уулу башкарган Падышалык аркылуу жер бетине кайрадан адилдик менен тынчтыкты орнотушу Ыйык Китептин өзөк ою деп айтсак болот. Эгер аны окусак, Жахаба өз ысмын кантип ыйыктай турганын түшүнө алабыз. (Окугула: Жезекиел 36:23.)

14. Жахабанын Эйдендеги окуядан кийинки кылган иш-аракети ысмын кандайча ыйыктаган?

14 Жахабанын өз эркин аткарышына бөгөт коюш үчүн Шайтан колунан эмне келсе, ошонун баарын кылып келатат. Бирок канчалык аракет кылбасын, мүдөө-максатына жетпей келет. Ыйык Китепти окуй турган болсок, Жахабанын кандай иш-аракет кылганын жана ага теңдеш эч ким жок экенин биле алабыз. Шайтандын жана анын тарабына өтүп кеткендердин каршы көтөрүлгөнү Жахабанын жүрөгүн оорутпай койгон эмес (Заб. 78:40). Ошентсе да ал акылмандык, сабырдуулук жана калыстык менен иш кылган. Баарынан да сүйүүсү күчтүү экенин көрсөткөн (1 Жкн. 4:8). Ооба, Жахаба ысмы үчүн күрөшкөнүн эч качан токтоткон эмес.

Шайтан Обо энеге Жахаба жөнүндө калп айткан жана кылымдар бою ага жалаа жапканын токтотпой келет (9, 10, 15-абзацтарды карагыла) *

15. Шайтан Кудайдын атын бүгүн кантип каралоодо жана ошонун айынан эмне болуп жатат?

15 Шайтан азыркыга чейин Кудайдын атын каралап жатат. Ал Кудайдын кудуретине, адилеттүүлүгүнө, акылмандыгына жана адам баласын сүйөрүнө шек туудуруп келет. Мисалы, бардыгын Жахаба жараткан эмес дегенге ишендиргенге аракеттенет. Ал эми кимдир бирөө Кудайдын бар экенине ишенсе, Кудайдын өзү да, талабы да катуу, адилетсиз дегенге ынандыргысы келет. Ал тургай Жахаба адам баласын тозокто куйкалап кыйнаган ырайымсыз, мыкаачы Кудай деп окутат. Адам ушу сыяктуу калпка ишенди дегиче эле, Жахабанын адил мыйзамдарына кол шилтеп коёт. Кудай Шайтанды жок кылмайынча, ал анын атын каралаганын токтотпойт, бизди да андан алыстатканга аракет кыла берет. Бирок көздөгөнүнө жетеби?

ТАЛАШ МАСЕЛЕГЕ КАНДАЙ КАТЫШТЫГЫҢ БАР?

16. Адам ата менен Обо энеден айырмаланып эмне кыла алабыз?

16 Жахаба өз атынын ыйыкталышына салым кошконго күнөөкөр пенделерине да мүмкүндүк берип жатат. Чынында, сен Адам ата менен Обо эне кыла албаганды кыла аласың. Жахабанын ысмын каралап, ага акарат кылган адамдарга толгон дүйнөдө жашап жатсаң да, Жахабанын ыйык, адил, боорукер жана мээримдүү Кудай экенин тайманбай айтып чындыкты жактай аласың (Ыш. 29:23). Жахабанын бийлигин колдой аласың. Анын бийлиги гана адилеттүү экенин, анын бийлиги гана баарын тынчтык менен бакытка бөлөй турганын башкаларга түшүнгөнгө жардам бере аласың (Заб. 37:9, 37; 146:5, 6, 10).

17. Иса Атасынын атын кантип ачып берген?

17 Эгер Жахабанын аты үчүн күрөшүп, аны коргосок, Иса Машаяктан үлгү алган болобуз (Жкн. 17:26). Ал башкаларга Атасынын атын, аны атап эле эмес, аброюн коргоп да ачып берген. Алсак, Жахабаны талапты катуу койгон, мерез, ырайымсыз Кудай кылып көрсөткөн фарисейлерге каршы болгон. Элге Атасы адам баласын түшүнө билген, чыдамдуу, мээримдүү жана кечиримдүү экенин түшүнгөнгө жардам берген. Ошондой эле анын кандай Кудай экенин, сапаттарын өз жашоосунда айкын чагылдырып көрсөткөн (Жкн. 14:9).

18. Жахабага жабылган жалааны кантип төгүнгө чыгара алабыз?

18 Исага окшоп биз да Жахабанын кандай мээримдүү, ырайымдуу Кудай экенин башкаларга айтып, ал жөнүндө билгендерибиз менен бөлүшө алабыз. Ошондо Жахабага жабылган жалааны төгүнгө чыгарган болобуз. Башкаларга Жахабанын атын ыйык көргөнгө жардам бергенибиз — аны ыйыктаганыбыз. Андан сырткары, Жахабанын сапаттарын чагылдыра алабыз. Бул жеткилең эмес адамдардын да колунан келет (Эф. 5:1, 2). Сөзүбүз мененби, ишибиз мененби, Жахабанын чынында кандай Кудай экенин көрсөтсөк, анын атынын ыйыкталышына салым кошобуз. Биз анын атын башкаларга ал жөнүндөгү жалган ой-түшүнүктөрдөн арылганга жардам берип да актай алабыз *. Ошондой эле Жахабанын ысмын жеткилең эмес болгонубузга карабай анын алдында кынтыксыздыгыбызды сактап ыйыктай алабыз (Аюп 27:5).

Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга Жахабанын боорукер, мээримдүү экенин түшүнгөнгө жардам бергибиз келет (18, 19-абзацтарды карагыла) *

19. Башкаларды окутканыбыздын негизги максатын түшүнгөнгө Ышая 63:7де жазылгандар кантип жардам берет?

19 Жахабанын ысмын ыйыкташ үчүн биз кыла ала турган дагы бир нерсе бар. Адатта кимдир бирөөгө Ыйык Китептеги чындыктарды окутуп жатканда Жахаба Кудайдын эгедерлигин, бүтүндөй ааламды башкарганга укуктуу экенин көп эле баса белгилеп айтабыз. Бул эң туура. Кудайдын мыйзамдарын окутуп-үйрөтүү маанилүү. Анткен менен негизги максатыбыз — башкаларга асмандагы Жахаба Атабызды сүйгөнгө жана ага берилип, ишенимдүү болгонго жардам берүү. Ал үчүн Жахаба деген ысымдын ээсинин кандай Кудай экенин, табиятын баса белгилеп, адамдардын көңүлүн анын касиет-сапаттарына бурушубуз керек. (Окугула: Ышая 63:7.) Ошондо алар Жахабаны сүйүп, ага берилгендигинен улам баш ийишет.

20. Кийинки макалада эмне тууралуу сөз жүрөт?

20 Жахабанын ысмын ыйыктаганга жаткан нерселердин маанилүүлүгүн карап чыккандан кийин: «Жүрүм-турумубуз жана башкаларды окутканыбыз канткенде Жахабанын ысымын ыйыктайт жана аларды Жахабага жакындатат?» — деген суроо туулат. Мунун жообу кийинки макалада талкууланат.

2-ЫР: Сенин ысмың — Жахаба

^ 5-абз. Аң-сезимдүү жандардын баары үчүн маанилүү болгон талаш маселе кайсы? Ал эмне үчүн мынчалык маанилүү жана анын чечилишине биздин кандай тиешебиз бар? Ушул жана башка суроолордун жообун билсек, Жахаба Кудай менен болгон мамилебиз ого бетер бекемделет.

^ 18-абз. Кээде биздин адабияттарда Жахабанын атын актоонун зарылдыгы жок, себеби Кудайдын Жахаба деген ысымды алып жүргөнгө укуктуу экенин эч ким талашка салган эмес деп түшүндүрүлүп келген. Анткен менен 2017-жылдын жылдык жолугушуусунда бул нерселер такталып, кайра түшүндүрүлгөн. Төрага мындай деп айткан: «Жөнөкөй сөз менен айтканда, Жахабанын ысмынын акталышы жөнүндө тиленгенибиздин эч жаман жери жок. Анткени анын жакшы аты жалаадан тазаланып, акталышы керек». (jw.org® сайтынан 2018-жылдын январь айындагы программаны карагыла. Жолу: КИТЕПКАНА > JW ТЕЛЕБЕРҮҮСҮ)

^ 62-абз. СҮРӨТ. Ибилис Обо энеге Кудайды жалганчы кылып көрсөтүп ага жалаа жапкан. Шайтан кылымдар бою Кудай ырайымсыз, ошондой эле адамдарды Кудай жараткан эмес деген сыяктуу жалган ой-түшүнүктөрдү жайылтып келет.

^ 64-абз. СҮРӨТ. Жарчы Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип жатып Кудайдын касиет-сапаттарын баса белгилеп түшүндүрүп жатат.