Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

24-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Ысмыңдан коркушум үчүн, жүрөгүмдү бир бүтүн кыл»

«Ысмыңдан коркушум үчүн, жүрөгүмдү бир бүтүн кыл»

«Ысмыңдан коркушум үчүн, жүрөгүмдү бир бүтүн кыл. Оо, Жахаба Кудайым, сени бүт жүрөгүм менен даңазалайм» (ЗАБ. 86:11, 12).

7-ЫР: Жахаба — биздин күчүбүз

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Кудай андан кандай мааниде коркушубузду каалайт жана эмне үчүн аны сүйгөндөр андан коркушу керек?

ИСАНЫН ЖОЛДООЧУЛАРЫ Кудайды сүйүшөт жана андан коркушат. Кээ бирлерге Кудайды бир эле учурда сүйүү да, андан коркуу да мүмкүн эместей сезилет. Бирок бул макалада адамдын жүрөгүнүн үшүн алган коркунуч жөнүндө эмес, коркуу сезиминин өзгөчө түрү жөнүндө сөз жүрөт. Андай сезимге ээ болгондор Кудайды кастарлап, аны бүт жүрөгү менен терең урматташат. Алар асмандагы Атасын капа кылгысы келбейт, себеби аны менен болгон мамилесин бузуп алгандан коркушат (Заб. 111:10; Накыл 8:13).

2. Дөөтү падышанын Забур 86:11деги сөздөрүнүн негизинде кайсы эки нерсени талкуулайбыз?

2 Окугула: Забур 86:11. Ушул сөздөрдөн Дөөтү падыша жөнүндө эмнени биле алабыз? Кудайга берилген ал падыша Кудайды терең урматтоо маанилүү экенин түшүнгөн. Эмесе, анын айткандарынын бизге кандай тиешеси бар экенине токтололу. Биринчиден, Кудайдын ысмын эмне себептен кастарлашыбыз керектигин билебиз. Экинчиден, кастарлаганыбыз күнүмдүк жашообуздан кантип көрүнөрүн талкуулайбыз.

ЖАХАБАНЫН ЫСМЫН ЭМНЕ ҮЧҮН КАСТАРЛАШЫБЫЗ КЕРЕК?

3. Муса пайгамбардын Кудайдын атын андан ары да кастарлай беришине кайсы окуя себеп болгон?

3 Муса пайгамбар асканын жаракасында туруп, Жахабанын даңкын ал өтүп кеткенден кийин көргөндө кандай сезимге чулганганын элестетип көрсөңөр. Ошол көрүнүш Иса Машаяк жерге келгенге чейин адам баласы күбө болгон кереметтердин эң укмуштуусу болсо керек. Муса пайгамбар ошондо Кудайдын периште аркылуу: «Жахаба, Жахаба — кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү менен чындыгы чексиз Кудай. Ал — адамдын миңинчи тукумуна чейин мээримдүүлүк көрсөтө турган жана жаңылыштыкты, кылмышты, күнөөнү кечире турган... Кудай»,— деп айтканын уккан (Чыг. 33:17—23; 34:5—7). Ошондон кийин Жахаба дегенде көз алдына ошол окуя тартыла берсе керек. Андыктан кийинчерээк анын ысрайыл элине: «Кудайыңдын даңктуу, коркунучтуу ысмынан корк»,— деп эскерткени таң калыштуу эмес (Мыйз. 28:58).

4. Жахабанын кайсы сапаттары жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз аны кастарлаганга түрткү берет?

4 Жахаба деген ысымды колдонгонубузда ал ысымдын ээси жөнүндө ойлонгонубуз жакшы. Айталы, кудурети, акылмандыгы, адилеттүүлүгү, сүйүүсү жана башка касиет-сапаттары жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек. Ошондо аны ого бетер кастарлап калабыз (Заб. 77:11—15).

5, 6. а) Кудайдын атынын мааниси кандай? б) Чыгуу 3:13, 14тө жана Ышая 64:8де жазылгандарга ылайык, Жахаба ой-ниетин кантип аткарат?

5 Кудайдын атынын мааниси кандай? Көптөгөн окумуштуулар «Жахаба» деген ысым «болтурат» дегенди билдирет деп эсептешет. Жахабанын ысмы анын ой-ниетинин аткарылышына эч нерсе тоскоол боло албай турганын жана эмнени кааласа, ошону кыла аларын билдирет. Кандайча?

6 Эң алды Жахаба эрки аткарылышы үчүн ким болушу зарыл болсо, ошол боло алат. (Окугула: Чыгуу 3:13, 14.) Кастарлоо сезимин туудурган Кудайдын табиятынын ушундай өзгөчөлүгү жөнүндө буга чейин көп эле жолу ойлонсок керек. Бирок андан тышкары, Жахаба жеткилең эмес пенделери да ага кызмат кылып, эркин аткара алышы үчүн ким болушу зарыл болсо, ошол кыла алат. (Окугула: Ышая 64:8.) Жахаба өз ой-ниетин мына ушинтип ишке ашырат. Ага эч ким жолтоо боло албайт (Ыш. 46:10, 11).

7. Асмандагы Атабыздын табиятына канткенде суктанабыз жана аны терең урматтай алабыз?

7 Асмандагы Атабызга болгон ыраазычылыгыбыз анын эмнелерди кылганы жана бизди кандай иштерди аткарганга жөндөмдүү кылып жатканы тууралуу ой жүгүрткөндө артат. Алсак, кереметтүү жаратылыш жөнүндө ойлонгонубузда Жахабанын колунан бүткөн нерселер суктандырбай койбойт (Заб. 8:3, 4). Ошондой эле анын эркин аткарыш үчүн бизге кантип жардам берип жатканын ойлогонубузда жүрөгүбүз ага болгон урмат-сыйга толот. Ооба, Жахабанын ысмы чынында эле кастарлоо сезимине чулгайт! Ал ысым асмандагы Атабыздын табиятынын бардык кырларын, буга чейин кылып келген жана кыла турган нерселеринин баарын камтыйт (Заб. 89:7, 8).

«ЖАХАБАНЫН ЫСМЫН ЖАРЫЯ КЫЛАМ»

Муса пайгамбардын окутуп-үйрөткөнү элди сергиткен. Ал Жахабанын ысымына жана кандай Кудай экенине басым жасаган (8-абзацты карагыла) *

8. Мыйзам 32:2, 3кө ылайык, Жахаба кызматчыларынан анын ысмына байланыштуу эмне кылышыбызды каалайт?

8 Ысрайылдыктар Убадаланган жерге кирердин алдында Жахаба Муса пайгамбарга бир ырдын сөзүн жаздырган (Мыйз. 31:19). Ал болсо аны ысрайыл элине үйрөтүшү керек болчу (Окугула: Мыйзам 32:2, 3.) Мыйзам 32:2, 3-аяттардагы сөздөргө көңүл бура турган болсок, Жахаба өз ысмын жашыргысы келбей турганын, өтө ыйык деп ысмынан атабай коюшубузду каалабай турганын биле алабыз. Ооба, ал анын ысмы өзү жараткан аң-сезимдүү тирүү жандардын баарына белгилүү болушун каалаары бышык! Муса пайгамбардын ошондо Жахаба жана анын даңктуу аты жөнүндө үйрөткөнү ысрайылдыктар үчүн кандай гана чоң сыймык болгон! Анын айткандары, себелеп жааган жамгырга окшоп, алардын жан дүйнөсүн сергитип, Кудайга болгон ишенимин бекемдеген. Биз андан кантип үлгү алсак болот?

9. Жахабанын атынын ыйыкталышына кантип салым кошо алабыз?

9 Маселен, үймө-үй кыдырып же башка жерде кабар айтканыбызда элге Ыйык Китептен Кудайдын Жахаба деген жеке ысмын көрсөтүп берсек болот. Жахабанын ысмы даңазаланып-даңкталган адабияттарыбызды, видеолорду жана сайтыбыздагы башка материалдарды көрсөтө алабыз. Жумуштан, мектептен же жол жүргөндө да сүйүктүү Кудайыбыз жөнүндө, анын касиет-сапаттары жөнүндө бирөөгө айтып бергенге аракет кылсак болот. Себеби Жахабанын адамзатка жана жерге байланышкан ой-ниети жөнүндө айтып бергенибизде башкаларда анын чынында кандай Кудай экенин билгенге мүмкүнчүлүк болот. Асмандагы сүйүктүү Атабыз жөнүндө чындыкты айтканыбызда атынын ыйыкталышына салым кошкон болобуз. Ошондой эле башкаларга Жахаба Кудай туурасындагы калпка алданып келишкенин түшүнгөнгө жардам бере алабыз. Ыйык Китептеги чындык алардын жан дүйнөсүн кадимкидей сергите алат (Ыш. 65:13, 14).

10. Бирөө менен Ыйык Китепти изилдегенде эмне үчүн Кудайдын адил мыйзам-талаптарын окутуп эле тим болбошубуз керек?

10 Кимдир бирөөлөр менен Ыйык Китепти изилдегенде да Кудайдын атын билип, аны колдонушуна жардам бергибиз келет. Алар да Жахаба Кудайыбызды таанып-билсе экен дейбиз. Ал үчүн анын көрсөтмөлөрү, жол-жоболору, жүрүм-турумга карата берген мыйзамдары менен тааныштырып койгонубуз эле жетиштүүбү? Ыйык Китепти жакшы изилдегендер Кудайдын мыйзамдарын жакшы түшүнүп, ал тургай абдан жактырышы мүмкүн. Бирок ошол мыйзамдарга Жахабаны сүйгөндүктөн баш иеби? Обо эне деле Кудайдын мыйзамын билген, бирок мыйзамды бергендин өзүн чындап сүйгөн эмес. Адам ата тууралуу да ушуну айтсак болот (Башт. 3:1—6). Ошондуктан Кудайдын адил мыйзам-талаптарын окутуп эле тим болбошубуз керек.

11. Кудайдын мыйзам-талаптарын окутканда Мыйзам чыгаруучунун өзүн сүйгөнгө кантип жардам бере алабыз?

11 Жахабанын мыйзам-талаптары баарыбызга пайдалуу (Заб. 119:97, 111, 112). Анткен менен Ыйык Китепти жаңыдан изилдеп жаткандар муну Жахаба мыйзамдарын бизди сүйгөндүктөн бекиткенин түшүнмөйүн түшүнбөшү ыктымал. Андыктан алардан: «Кудай өзүнүн кызматчыларынан ушундай кылгыла же кылбагыла деп эмне үчүн талап кылат деп ойлойсуң? Мындан анын кандай сапатын билсек болот?» — деп сурап көрсөк болот. Эгер аларга Жахабанын табияты жөнүндө ой жүгүртүп, анын даңктуу ысмын сүйгөнгө жардам берсек, жүрөгүн козгой алабыз. Ошондо алар мыйзамды эмес, Мыйзам чыгаруучуну сүйүшөт (Заб. 119:68). Ага болгон ишеними чыңдалып, келечектеги оор сыноолорго туруштук бере алышат (1 Кор. 3:12—15).

«БИЗ БОЛСО... ЖАХАБА КУДАЙЫБЫЗДЫН ЫСМЫ МЕНЕН АТАЛАБЫЗ»

Бир жолу Дөөтү жүрөгүнүн бөлүнүп калышына жол берип койгон (12-абзацты карагыла)

12. Дөөтү падышанын жүрөгү бир жолу кантип бөлүнгөн жана кесепети кандай болгон?

12 Забур 86:11де көңүл бурчу дагы бир маанилүү сөздөр жазылган. Дөөтү падыша Кудайдын жетеги менен: «Жүрөгүмдү бир бүтүн кыл»,— деп жазган. Жүрөктүн оңой эле бөлүнүп кетерин ал өз тажрыйбасынан билген. Бир жолу ал ак сарайдын үстүнө чыгып сейилдеп жүргөндө башка бирөөнүн аялынын жуунуп жатканын көрүп калган. Ошол учурда анын жүрөгү бүтүн беле же бөлүнгөн беле? Ал Жахабанын «жакыныңдын... аялына... көз артпа» деген мыйзамын беш колдой билген (Чыг. 20:17). Ошентсе да аны карай берген. Жүрөгү экиге бөлүнүп, жүрөгүндө, мындайча айтканда, Батшеба аттуу ошол аялга болгон кумары менен Жахабага жагууга болгон каалоосу орун талашып калган. Ошондо, Жахабаны сүйүп, андан коркуп жашап келгенине эчен жыл болсо да, кумарына алдырып койгон. Анан жаман иштерге барып, Жахабанын атына сөз тийгизген. Анын кылган ишинин кесепетин бейкүнөө адамдар, анын ичинде үйүндөгүлөрү да, тартышкан (2 Шем. 11:1—5, 14—17; 12:7—12).

13. Дөөтүнүн жүрөгү кайрадан бир бүтүн болгонун кайдан билебиз?

13 Жахаба Дөөтү падышага күнөөсүнүн олуттуулугун түшүнгөнгө жардам берген. Ошондон кийин Жахаба менен болгон мамилеси кайрадан оңолгон (2 Шем. 12:13; Заб. 51:2—4, 17). Жүрөгүнүн бөлүндү болуп калышына жол берип койгонунун арты азаптуу болгонун Дөөтү эзели унуткан эмес. Анын Забур 86:11деги сөздөрүн «мага бөлүнбөгөн жүрөк бер» деп да которсо болот. Жахаба анын жүрөгүнүн бөлүндү болбой, бүтүн болушуна жардам бергенби? Ооба. Себеби Ыйык Китепте Дөөтү «Жахаба Кудайына... бүт жүрөгү менен берилген» киши катары сыпатталган (1 Пад. 11:4; 15:3).

14. Эмне жөнүндө ойлонуп көрүшүбүз керек жана эмне үчүн?

14 Дөөтүнүн ушул окуясын ары дем-күч берерлик, ары сестентерлик деп айтсак болот. Анын олуттуу күнөөгө батканы Кудайдын азыркы кызматчыларына жакшы эскертүү боло алат. Жахабага кызмат кылганыбызга аз болдубу, көп болдубу, ар бирибиз: «Шайтандын жүрөгүмдү бөлүп-жарышына жол берип жаткан жокмунбу?» — деп ойлонуп көрүшүбүз зарыл.

Шайтан жүрөгүңөрдү бөлүп-жарыш үчүн баарын кылганга аракет кылат. Ага жеңдирбегиле! *

15. Бузуку каалоолорду ойготкон нерселерди көрүп калганда Кудайдан коркконубуз бизди кантип коргойт?

15 Маселен, телевизордон же интернеттен кумарды ойготушу мүмкүн болгон нерселерди көрүп калсаңар, эмне кыласыңар? Андайда: «Бул порнография эмес да»,— деп өзүбүздү алдашыбыз мүмкүн. Бирок чынында ал Шайтандын жүрөгүңөрдү бөлүндү кылыш үчүн кылып жаткан аракети эмеспи? (2 Кор. 2:11). Андай нерселерди чоң дөңгөчтү жарыш үчүн колдонулган кичинекей шынаага окшоштурса болот. Дөңгөчтү жарыш үчүн адегенде ага шынаанын учтуу башы киргизилет. Ал терең кагылган сайын дөңгөч экиге бөлүнө баштайт. Адепсиз каалоону ойготкон андай нерселер дал ошондой шынаанын учтуу башы болуп жүрбөсүн? Башында зыянсыз көрүнгөн кымындай эле нерселер тез эле адамдын жүрөгүн бөлүп-жарып, Жахабанын алдында күнөө кылганга түртүп коюшу ыктымал. Ошол себептен андай нерселердин бирин да жүрөгүңөргө жуутпагыла! Жахабанын атынан коркуш үчүн жүрөгүңөрдү бүтүн сактагыла!

16. Жаман иш кылганга азгырылып жатканда эмне деп ойлонуп көрүшүбүз керек?

16 Шайтан бизди жаман ишке түртүш үчүн, адепсиз каалоону ойготкон элестерден тышкары, толгон-токой башка амалдарды да колдонот. Аларга кандай карайбыз? Андайда мунун жаман деле жери жок деп ойлошубуз ыктымал. Мисалы: «Мындай иш үчүн жыйналыштан чыгарылбайт да, демек, анчалык деле жаман эмес»,— дешибиз мүмкүн. Бирок ошентип ойлогонубуз такыр туура эмес. Андан көрө: «Шайтан ушуну колдонуп жүрөгүмдү бөлгүсү келип жаткан жокпу? Жаман каалоого алдырып койсом, Жахабанын атына сөз тийбейби? Ушундай кылганым Жахабага жакындатабы же алыстатабы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз оң. Андан соң чынчыл болуп, ушул суроолорго өзүңөрдү алдабай жооп бериш үчүн Жахабадан акыл сурап тиленгиле (Жкп. 1:5). Ушинткениңер силерди чындап коргоп калышы мүмкүн. Ошондо: «Кет жанымдан, Шайтан!» — деп айткан Исага окшоп, азгырыкка алдырбайсыңар (Мт. 4:10).

17. Жүрөктүн бөлүндү болгону эмне үчүн жаман? Мисал келтиргиле.

17 Жүрөктүн бөлүндү болгону жаман. Ич ара келишпеген спорт оюнчуларынан турган топту элестетсеңер. Кээ бири өзүнүн гана атак-даңкын ойлосо, башкалары эрежени бузганга жакын болсо, дагы башкасы машыктыруучусун тоготпой, айтканын укпаса, кандай болот? Жеңишке алар эмес, оюнчулары бирдиктүү топ ээ болору бышык. Эгер оюңар, каалооңор, сезимиңер бир болсо жана Жахабанын талаптарына төп келсе, жүрөгүңөр жеңишке жеткен оюнчулардын тобуна окшош болот. Шайтан жүрөгүңөрдү бөлүп-жарууну көздөй турганын унутпагыла. Ал оюңардын, каалооңордун жана сезимиңердин каршы-терши болушун жана Жахабанын талаптарына төп келбешин көксөйт. Ал эми Жахабага кызмат кылыш үчүн жүрөгүңөр бир бүтүн болушу керек (Мт. 22:36—38). Андыктан Шайтандын жүрөгүңөрдү бөлүп салышына эч качан жол бербегиле!

18. Микей 4:5те жазылгандарга ылайык, эмне кылгыңар келет?

18 Дөөтүгө окшоп, Жахабадан: «Жүрөгүмдү бир бүтүн кыл»,— деп тиленгиле жана тилегениңерге жараша иш кылганга бүт күчүңөрдү жумшагыла. Чыгарган чечимиңердин ар биринен, майда-чүйдөсүнөн тартып чоңуна чейин, Жахабанын ыйык ысмын абдан кастарлай турганыңар көрүнүп турсун. Ошонун аркасында Жахабанын Күбөсү катары анын атын ыйыктаган болосуңар (Накыл 27:11). Ошондо баарыбыз Микей пайгамбардын сөзүнө кошулуп: «Биз болсо кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө Жахаба Кудайыбыздын ысмы менен аталабыз»,— дей алабыз (Мик. 4:5).

41-ЫР: Тиленүүмдү уга көр

^ 5-абз. Бул макалада Дөөтү падышанын Кудайдан тиленгенде айткан сөздөрүнө көңүл бурабыз. Алар Забур 86:11, 12де жазылган. Кудайдын ысмынан коркуу деген эмнени билдирет? Анын улуу ысмын эмне үчүн кастарлашыбыз керек? Кудайдан коркконубуз азгырыкка алдыргандан кантип сактайт?

^ 53-абз. СҮРӨТ. Муса пайгамбар ысрайыл элине Жахабаны даңктаган ырдын сөзүн үйрөткөн.

^ 57-абз. СҮРӨТ. Обо эне азгырыкты четке кага алган эмес. Андан айырмаланып, биз адепсиз каалоону ойготкон жана Кудайдын атына сөз тийгизе турган иш кылууга түрткөн нерселерди четке кагабыз.