Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзүн өзү кармай билүү. Жахабага жагыш үчүн зарыл болгон сапат

Өзүн өзү кармай билүү. Жахабага жагыш үчүн зарыл болгон сапат

«Таякем менен уруша кеткенде, аны кекиртектен алып муунта баштадым. Өлтүрүп салгым келди» (Пол).

«Өзгөчө, үйдө жүргөндө сиркем суу көтөрбөйт. Жиним келгенде эмерек болобу, балдарымдын оюнчуктары болобу, көзүмө эмне көрүнсө талкалап салчумун» (Марко).

Ачуулансак да көбүбүз мынчалыкка барбайттырбыз. Бирок кээде сабырдуу болуп, өзүбүздү башкаруу чынында эле кыйынга турат. Себеби баарыбызга эң биринчи жаратылган Адам атадан жаман нерсеге болгон жакындык тукум кууп өткөн (Рим. 5:12). Айрымдар Пол менен Маркодой болуп чорт кыялы менен күрөшөт. Башкалар ойлорун башкара албай, коркунучка алдырат же терс сезимдери менен алпурушат. Кимдир бирөөгө болсо жыныстык адеп-ахлаксыздык кылганга, ичкиликти көбүрөөк ичкенге, баңгизат колдонгонго азгырылганда туруштук бериш оңой эмес.

Ою менен каалоосун башкара албаган, ойлонбой иш кылган киши өз жашоосун өзү талкалап алышы ыктымал. Бирок биз андай нерседен тыш боло алабыз. Ал үчүн өзүн өзү кармай билүү сапатын өрчүтүшүбүз керек. Алгач келгиле, буга жардам берген үч суроого токтололу: 1) Өзүн өзү кармай билүү деген эмне? 2) Бул эмне үчүн зарыл? 3) «Рухтун жемишине» кирген сапаттардын бири болгон бул сапатты кантип өрчүтө алабыз? (Гал. 5:22, 23). Андан соң өзүбүзгө алыбыз жетпей калган учурларда эмне кылсак болорун карап чыгабыз.

ӨЗҮН ӨЗҮ КАРМАЙ БИЛҮҮ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Өзүн өзү кармай билген киши каалаган нерсесинин баарын эле кыла бербейт. Ал Кудайга жакпаган сөздөрдү сүйлөбөйт, ага жакпаган иштерди кылбайт.

Өзүн өзү кармай билүү жагынан Иса мыкты үлгү калтырган

Иса Машаяк бул сапат өз ичине эмнени камтый турганын үлгүсү менен көрсөткөн. Ыйык Китепте ал тууралуу: «Кордошкондо, эч кимди кордогон эмес. Азап тартканда эч кимди коркуткан эмес, тескерисинче, өзүн адилеттүү Сотко тапшырган»,— делет (1 Пет. 2:23). Жаза устунунда асылып турган Исаны душмандары мыскылдап-кордошкондо, ал өзүн кармай билген (Мт. 27:39—44). Андан мурунураак диний жетекчилер сөзүнөн кармоонун амалын кылышканда да зор сабырдуулук көрсөткөн (Мт. 22:15—22). Ал эми жаалданган жүйүттөр ташбараңга алмакчы болгондо эмне кылды эле? Өздөрүнө жараша жооп кайтарбай, «жашынып калып», «ибадатканадан чыгып кеткен» (Жкн. 8:57—59).

Биз Исадай боло алабызбы? Кандайдыр бир деңгээлде боло алабыз. Пабыл: «Машаяк... силер үчүн азап тартып, анын изи менен так жүрүшүңөр үчүн, силерге үлгү калтырган»,— деген (1 Пет. 2:21). Ооба, жеткилең эмес болсок да, колдон келишинче Исанын үлгүсүнө карманып, өзүбүздү кармай алабыз. Бул эмне үчүн зарыл?

ЭМНЕ ҮЧҮН ЗАРЫЛ?

Бул сапатсыз Жахаба Кудайыбызга жагуу мүмкүн эмес. Ага көптөн бери берилип кызмат кылып келатсак да, сүйлөгөн сөзүбүзгө, кылган ишибизге маани бербесек, аны менен мамилебизди бузуп алышыбыз этимал.

«Жер бетинде жашаган адамдардын ичинен эң жумшак адам» катары сыпатталган Муса пайгамбардын окуясын эстесеңер (Сан. 12:3). Ал ондогон жылдар бою ысрайылдыктардын наалып-напчыганына чыдап келсе да, бир жолу өзүнө ээ боло албай калган. Эл суунун тартыштыгынан улам наалыганда, ачууга алдырып: «Кулак салгыла, козголоңчулар! Эмне, ушул аскадан силерге суу чыгарып берелиби?» — деп өктөм сүйлөгөн (Сан. 20:2—11).

Муса пайгамбардын ошондо сабыры жетпей калган. Ачууга алдырып ийип, аскадан керемет жолу менен чыккан суу үчүн даңкты Жахабага ыйгарбай калган (Заб. 106:32, 33). Ошонун кесепетинен Жахаба аны өз элине берем деп убада кылган жерге киргизбей койгон (Сан. 20:12). Муса пайгамбар өзүн кармай албай сабырын жоготуп койгону үчүн өмүрүнүн аягына чейин өкүнсө керек (Мыйз. 3:23—27).

Бул окуядан эмнени үйрөнө алабыз? Жахабага көп жылдан бери сыйынып келатсак да, кыжырыбызга тийгендерге же оңолушу керек болгондорго өктөм сүйлөбөшүбүз керек (Эф. 4:32; Кол. 3:12). Ырас, жаш өткөн сайын ден соолуктун айынан көп нерсени сүйбөй, чыдамыбыз жетпей калат. Андайда Муса пайгамбарды эстейли. Кудайга көп жылдан бери кызмат кылып жүрүп ээ болгон жакшы атыбызды өзүбүздү кармай албай калып кылган бир жолку ишибиз менен булгап албайлы. Анда бул сапатты кантип өрчүтсөк болот?

КАНТИП ӨРЧҮТСӨК БОЛОТ?

Ыйык рух сурап тиленгиле. Өзүн өзү кармай билүү сапаты — ыйык рухтун жемишин түзгөн сапаттардын бири. Жахаба ыйык рухту сурагандарга берет (Лк. 11:13). Ошол руху аркылуу өзүбүздү кармаганга күч берет (Флп. 4:13). Ошондой эле рухтун жемишине кирген башка сапаттарды, алсак, сүйүүнү өрчүткөнгө жардам берет. Эгер бизде сүйүү сапаты болсо, өзүбүздү кармай билүү жеңилирээк болот (1 Кор. 13:5).

Өзүңөрдү кармоону кыйындаткан нерселердин баарынан оолак болгула

Өзүңөрдү кармоону кыйындаткан нерселерден оолак болгула. Мисалы, интернет колдонгондо же көңүл ачканда жаман иштерге түрткөн нерселерден оолак болушубуз керек (Эф. 5:3, 4). Негизи эле жаман ишке азгырган бардык нерседен качканыбыз оң (Накыл 22:3; 1 Кор. 6:12). Ал эми жыныстык ыпыластыкка жаткан иштерге жакындыгы бар киши, балким, сүйүү жөнүндөгү китептерди такыр эле окубаганы жана ошондой тасмаларды такыр эле көрбөгөнү дурус болот.

Бул кеңешке кулак кагуу кыйын болушу ыктымал. Бирок бүт күчүбүздү жумшасак, Жахаба өзүбүздү башкарганга күч берет (2 Пет. 1:5—8). Ойлонгондо, сүйлөгөндө өзүбүздү ооздуктаганга жана акыл калчап иш кылганга жардам берет. Буга макаланын башында айтылган Пол менен Марко далил боло алат. Алар ачуусун басканды үйрөнүшкөн. Келгиле, дагы бир ишенимдешибизди мисал кылалы. Ал өзгөчө машине айдап баратканда тез эле ачууга алдырып, уруша кетчү. Ошонусун жеңиш үчүн эмне кылган? Ал мындай дейт: «Кудайдан күнүгө жалбарып тиленчүмүн. Өзүн өзү кармай билүү жөнүндөгү макалаларды окучумун жана Ыйык Китептеги керектүү аяттарды жаттап алчумун. Чорт кыялым менен бир топ жыл күрөшсөм да, эртең менен турган сайын сабырдуу болушум керек деп өзүмө эскертип турам. Бир жерге барарда эртерээк чыкканга да аракет кылып калдым».

ӨЗҮБҮЗГӨ АЛЫБЫЗ ЖЕТПЕЙ КАЛГАНДА

Өзүбүздү кармай албай калган учурлар болбой койбойт. Андайда Жахабага кайрылып тиленгенден уялышыбыз мүмкүн. Бирок так ошондой учурларда жардам тилешибиз керек. Андыктан дароо Жахабага кайрылгыла. Кечиришин өтүнүп, кийинкиде өзүңөрдү кармаганга күч беришин сурагыла жана катаңарды экинчи кайталабайм деп бек чечип алгыла (Заб. 51:9—11). Жахаба ырайым кылышын сурап тиленгениңерди укпай койбойт (Заб. 102:17). Элчи Жакан Кудайдын уулу «Исанын каны бизди ар кандай күнөөдөн тазалай» турганын айткан (1 Жкн. 1:7; 2:1; Заб. 86:5). Жахаба өз кызматчыларын кайра-кайра кечирерин айтканын унутпагыла. Ошондуктан кечирерине түк да шектенбесек болот (Мт. 18:21, 22; Кол. 3:13).

Муса пайгамбардын чөлдө жүргөндө өзүн өзү кармай албай калганы Жахабаны капалантса да, ал аны кечирген. Ыйык Китепте ал Кудайга болгон ишеними бекем киши катары жазылган (Мыйз. 34:10; Евр. 11:24—28). Жахаба аны өз элине убада кылган жерге киргизбей койсо да, жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашаганга мүмкүндүк берет. Биз да өзүн өзү кармай билүү сапатын өрчүтсөк, ошондой жаркын келечекке ээ болуп, түбөлүк өмүр сүрө алабыз (1 Кор. 9:25).