Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

27-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула»

«Өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула»

«Ар бириңерге айтам: өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула. Анын ордуна, акыл-эстүүлүктү сактап,.. өзүңөр жөнүндө туура ойдо болгула» (РИМ. 12:3).

130-ЫР: Кечиримдүү бололу

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Филипиликтер 2:3тө кандай кеңеш камтылат жана ал кеңешке кулак какканыбыздын пайдасы кандай?

ЖАХАБА бизге жакшылык гана каалагандыктан мыйзам-осуяттарын бекиткен. Аларга толук баш ийгенге бизге момундук сапаты жардам берет (Эф. 4:22—24). Момун болгондуктан өзүбүз каалаганды эмес, Жахаба каалаганды кылабыз жана башкаларды өзүбүздөн өйдө көрөбүз. Ошондуктан Жахаба менен жана ишенимдештерибиз менен ынак мамиледебиз. (Окугула: Филипиликтер 2:3.)

2. Элчи Пабыл эмнени түшүнгөн жана бул макалада эмнени талкуулайбыз?

2 Анткен менен, абайлабасак, Шайтан бийлеген азыркы дүйнөдөгү текебер жана өзүмчүл адамдардын таасирине алдырып коюшубуз ыктымал *. 1-кылымда да айрымдардын жагдайы ушундай болгон көрүнөт. Анткени элчи Пабыл римдиктерге: «Ар бириңерге айтам: өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула. Анын ордуна, акыл-эстүүлүктү сактап,.. өзүңөр жөнүндө туура ойдо болгула»,— деп жазган (Рим. 12:3). Ал, албетте, ар бир киши өзүн өзү сыйлашы керектигин түшүнгөн. Бирок момун болбосок, өзүбүзгө карата тең салмактуу көз карашта боло албайбыз. Бул макалада жашоодогу кайсы үч тармакта момун болуп, башкалардан өйдөсүнбөшүбүз керектигин талкуулайбыз. Алар: 1) үй-бүлөлүк жашоо, 2) Жахабанын уюмундагы милдеттерди аркалоо жана 3) социалдык тармактарды колдонуу.

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЖАШОО

3. Үй-бүлөдө эмненин айынан кыйынчылыктар пайда болот жана андайда айрымдарга кандай ой келет?

3 Жахаба никени күйөөнүн да, аялдын да бактысы үчүн негиздеген. Бирок үй-бүлөдө казан-аяк кагышпай койбойт. Себеби баарыбыз эле жеткилең эмеспиз. Элчи Пабыл турмуш кургандардын жашоосунда жаңы кыйынчылыктар боло турганын жазган (1 Кор. 7:28). Кээ бир жубайлар дайыма эле уруша бергендиктен баш кошконуна өкүнө башташы мүмкүн. Эгер алар азыркы дүйнөдөгүлөрдүн көз карашына алдырса, шак эле ажырашууну ойлошот. Иши кылса, өзүмө жакшы болсо болду дешет.

4. Кандай ойдон алыс болушубуз керек?

4 Үй-бүлөлүк жашоодо терс мүнөздөгү нерселерге эле көңүл буруп, нааразы боло бергенден сак болушубуз керек. Себеби Ыйык Китепте ажырашканга бир гана себеп бар экенин баарыбыз жакшы билебиз. Ал — жыныстык адеп-ахлаксыздык (Мт. 5:32). Ошондуктан элчи Пабыл жазган кыйынчылыктарга кабылганда текебердикке алдырып: «Ал мени түк ойлобойт. Кадырымды билбейт. Балким, башка бирөө менен бактылуу болот белем...» — дебейбиз. Ушинтип ойлонгон кишинин оюнун баары эле жалгыз өзү болуп жатканын байкадыңарбы? Жахабага сыйынбагандар, атүгүл ажырашканга туура келсе да, «жүрөгүңдү, ички сезимиңди ук, өз бактың үчүн күрөш» деген сыяктуу акыл айтышы мүмкүн. Ал эми Кудайдын Сөзүндө: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула»,— деп жазылган (Флп. 2:4). Жахаба үй-бүлөңөрдүн бузулушун эмес, сакталып калышын каалайт (Мт. 19:6). Ал биринчи кезекте өзүңөрдүн эмес, анын эркин ойлошуңарды каалайт.

5. Эфестиктер 5:33кө ылайык, жубайлар бири-бирине кандай мамиле кылышы керек?

5 Жубайлардын бири-бирин жакшы көргөнү жана кадырлап-сыйлаганы маанилүү. (Окугула: Эфестиктер 5:33.) Ыйык Китеп бизди «алганга караганда берген» киши, башкача айтканда, өзүнүн эмес, башканын жыргалчылыгын ойлогон киши бактылуу деп үйрөтөт (Элч. 20:35). Анда канткенде жубайлар бири-бирин сүйүп, кадырлап-сыйлай алышат? Ал үчүн момундук сапаты болушу керек. Ошондо ар бири өзүнүн эмес, жубайынын «пайдасын көздөйт» (1 Кор. 10:24).

Эгер момун болушса, жубайлар бири-бирине эрегишпей, бир кишидей иш кылат (6-абзацты карагыла)

6. Стивен менен Стефанинин айткандарынан эмнени биле алабыз?

6 Момундук сапаты Жахабага кызмат кылган көптөгөн жубайлардын бактылуу жашашына шарт түзөт. Маселен, Стивен мындай дейт: «Эгер экөөңөр бир кишидей болсоңор, өзгөчө, көйгөйлөр болгондо эриш-аркак иш кыласыңар. „Кандай кылганда мага жакшы болот?“ деп эмес, „Кандай кылганда бизге жакшы болот?“ деп ойлоносуңар». Келинчеги Стефани да: «Эч ким чатакташа берген киши менен жашагысы келбейт,— деп ой бөлүшөт.— Ошондуктан келишпестик болгондо адегенде эмне себептен болуп жатканын түшүнгөнгө аракет кылабыз. Андан соң Кудайдан жардам сурап тиленебиз, адабияттарыбыздан керектүү маалымат издейбиз, анан жай отуруп алып сүйлөшөбүз. Биз бири-бирибизди эмес, көйгөйдү бутага алабыз». Ырас, жубайлар өздөрү жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогондо гана чындап бактылуу болушат.

ЖАХАБАНЫН УЮМУНДАГЫ МИЛДЕТТЕРДИ АРКАЛОО

7. Жооптуу милдет артылгандар кандай көз карашта болушу кажет?

7 Биз Жахабага кылган кызматыбызды, кандай түрү болбосун, зор сыймык катары көрөбүз (Заб. 27:4; 84:10). Эгер жыйналыштагы эркектердин арасында кимдир бирөө кызматтын өзгөчө бир түрүн аркалай алса, бул абдан жакшы. Анткени Ыйык Китептин өзүндө да: «Ким көзөмөлчү болуп кызмат кылууга умтулуп жатса, ал жакшы ишти каалап жатат»,— деп айтылат эмеспи (1 Тим. 3:1). Ошентсе да андай милдет артылган киши өзүн өзгөлөрдөн артык сезбеши керек (Лк. 17:7—10). Кайта, башкаларга кызмат кылганга ынтызар болушу кажет (2 Кор. 12:15).

8. Диотреф, Узия жана Абышаломдун мисалынан кандай жыйынтык чыгарсак болот?

8 Ыйык Китепте эскертүү иретинде менменсинген кишилер жөнүндө да жазылган. Мисалга Диотрефти алалы. Ал жыйналышта «биринчи болууну» көздөгөн (3 Жкн. 9). Текебер Узия болсо Жахаба тапшырбаган ишти кылганга батынган (2 Жылн. 26:16—21). Ал эми Абышалом падыша болууну самагандыктан кыйдылык кылып, эл ал тарапка ооп кеткидей амал кылган (2 Шем. 15:2—6). Ушул кишилердин окуясынан көрүнүп тургандай, Жахаба атак-даңкка умтулгандарды жактырбайт (Накыл 25:27). Эртеби-кечпи текебердик менен атакка умтулгандык адамды каргашага кабылтат (Накыл 16:18).

9. Иса кандай үлгү калтырган?

9 Жогоруда айтылган кишилерден айырмаланып, Иса Машаяк «бейнеси Кудайдыкындай болсо да, Кудайдын абалын ээлеп алууну», «аны менен тең болууну» ойлогон да эмес (Флп. 2:6). Жахабадан кийинки эле абалды ээлесе да, өзү жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлогон эмес. Ал шакирттерине: «Ким араңарда өзүн кичүүдөй алып жүрсө, ошол баарынан чоң»,— деген (Лк. 9:48). Исадан үлгү алган момун пионерлер, кызмат жардамчылары, аксакалдар жана райондук көзөмөлчүлөр менен кызматташуу кандай гана жагымдуу! Жахабанын кызматчылары момун болсо, анын уюмунда сүйүү өкүм сүрүшүнө чоң салым кошо алат. Жахаба Кудайдын элин так ошондой сүйүү айырмалап турат (Жкн. 13:35).

10. Жыйналыштагы кандайдыр бир көйгөйлөргө тийиштүү түрдө көңүл бурулбай жаткандай сезилсе, эмне кылышыңар керек?

10 Ал эми жыйналышта кандайдыр бир көйгөйлөр бардай жана аларга тийиштүү түрдө көңүл бурулбай жаткандай сезилсечи? Андайда момун киши нааразы болбой, жыйналышты жетектегендерди колдойт (Евр. 13:17). Ошенткенге: «Бул ушунчалык эле чоң көйгөйбү? Аны чечкенге азыр ылайыктуу убакпы? Бул менин ишимби? Чын-чынына келгенде биримдикти көздөп жатамбы же өзүмдү көрсөткүм келип жатабы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз жардам берет.

Сыймыктуу жоопкерчилик артылгандардын жөндөмү эле эмес, момун экени да көрүнүп турушу керек (11-абзацты карагыла) *

11. Эфестиктер 4:2, 3тө жазылгандай, Жахабага момундугубуздан жазбай кызмат кылсак, натыйжасы кандай болот?

11 Жахаба жөндөмгө караганда момундукту, иш билгиликке караганда биримдикти көбүрөөк баалайт. Андыктан Жахабага кызмат кылып жатып баарынан да момун болгонго аракет кылгыла. Ошондо жыйналыштагы биримдикке салым кошкон болосуңар. (Окугула: Эфестиктер 4:2, 3.) Кабар айтканда жан-жигериңерди төшөп айткыла. Башкаларга жакшылык кылып, аларга кызмат кылуунун жолун издегиле. Баарына тегиз, анын ичинде жыйналышта сыймыктуу милдет аркалабагандарга да, меймандостук көрсөткүлө (Мт. 6:1—4; Лк. 14:12—14). Эгер момун болсоңор, жыйналыштагылар менен кызматташканда жөндөмдүүлүгүңөр эле эмес, момундугуңар да байкалат.

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДЫ КОЛДОНУУ

12. Ыйык Китеп дос күтүүгө үндөйбү? Түшүндүргүлө.

12 Жахаба бизди досторубуз жана үй-бүлөбүз менен убакыт өткөргөндөн ыракат алып, кубангыдай кылып жараткан (Заб. 133:1). Исанын да жакшы достору болгон (Жкн. 15:15). Ыйык Китепте чыныгы достордун жардамы чоң экени жазылган (Накыл 17:17; 18:24). Адамдын элден обочолонгону жакшы эмес экени да айтылган (Накыл 18:1). Көптөр социалдык тармактарды дос күтүүнүн жолу жана жалгыздыктын дабасы деп ойлойт. Бирок аларды колдонгондо этият болушубуз керек.

13. Социалдык тармактарды колдонгондордун айрымдары эмне себептен жалгызсырап, көңүлү чөгөт?

13 Социалдык тармактарга салынган сүрөттөрдү көрүп, башкалардын жазган пикирин окуп, ошого көп убактысын кетиргендер, тескерисинче, жалгызсырап, көңүлү чөгөрү аныкталган. Эмне үчүн? Анын бир себеби, эл көбүнчө социалдык тармактарга жашоосундагы өзгөчө учурларда түшкөн сүрөттөрүнүн эң жакшыларын, досторунун сүрөттөрүн жана алар менен чогуу барган кызыктуу жерлердин сүрөттөрүн салышат. Аны көргөн кишиге, салыштыра келгенде, өзүнүн жашоосу кунарсыз сезилиши ыктымал. 19 жаштагы бир ишенимдешибиз: «Башкалардын дем алыш күндөрү жыргап көңүл ачып жүргөнүн, мен болсо төрт дубалды тиктеп зеригип отурганымды ойлогондо өзүмдү бир байкуш сезе баштагам»,— деген.

14. 1 Петир 3:8деги кеңеш социалдык тармактарды колдонгондо кандайча пайдалуу болушу мүмкүн?

14 Албетте, социалдык тармактардын пайдалуу да жагы бар. Мисалы, аларды колдонуп үй-бүлөбүз, досторубуз менен байланышып турабыз. Анткен менен кээ бирлер аларды өзүн көрсөтүш үчүн жана башкаларды таасирлентиш үчүн колдонорун байкадыңар беле? Жазган ой-пикирлери болобу, салган сүрөттөрү, видеолору болобу, баары эле «мени кара» деп жаткансыйт. Айрымдар болсо өзү же башкалар салган сүрөттөргө карата адепсиз же одоно сөздөрдү жазып коюшат. Бул да Исанын жолун жолдогондорго жарашпайт. Себеби биз момундук, жөнөкөйлүк жана сүйүү сапатын өрчүтүп-өстүргөнгө үндөлөбүз. (Окугула: 1 Петир 3:8.)

Интернетке сүрөт сала турган болсоңор, башкалар силерди мактанчаак деп ойлойбу же момун, жөнөкөй адам деп ойлойбу? (15-абзацты карагыла)

15. Ыйык Китеп менменсингендиктен алыс болгонго кантип жардам берет?

15 Социалдык тармактарды колдонсоңор: «Ушинтип жазсам, же ушундай сүрөттөрдү, видеолорду салсам, мактангандай болуп калбаймынбы? Башкалардын көз артышын каалап жаткандай болуп калбаймынбы?» — деп ойлонуп көргүлө. Ыйык Китепте: «Дүйнөдөгүнүн баары: дене кумары, көз кумары жана колунда болгон нерселерине мактангандык Атабыздан эмес, бул дүйнөдөн»,— деп жазылган (1 Жкн. 2:16). Ыйык Китептин бир котормосунда «колунда болгон нерселерине мактангандык» деген сөздөр «көйрөңдөнүп, өзүн көрсөткүсү келгендик» деп которулган. Жахабанын кызматчылары өздөрүн антип көрсөткүсү келбейт. Себеби Ыйык Китептеги: «Менменсинбейли, бири-бирибизге атаандашпайлы, ичи тарлык кылбайлы»,— деген сөздөргө кулак кагышат (Гал. 5:26). Эгер момун болсок, бул дүйнөдө өкүм сүргөн менменсингендиктин же өйдөсүнгөндүктүн таасирине алдырбайбыз.

«АКЫЛ-ЭСТҮҮЛҮКТҮ САКТАП,.. ТУУРА ОЙДО БОЛГУЛА»

16. Текебердиктен эмне үчүн алыс болушубуз керек?

16 Бой көтөрүп текеберденгендерге акыл-эстүүлүк жетишпейт. Андыктан текебер болбой, момун болгонго аракет кылышыбыз керек (Рим. 12:3). Текебер киши уруш-талашка жакын болот жана өзүн абдан жакшы көрөт. Ошол себептен көз карашынын жана кылган ишинин айынан өзү да, башкалар да азап тартат. Оюн өзгөртмөйүн, Шайтан анын аң-сезимин көр кылып, бийлей берет (2 Кор. 4:4; 11:3). Ал эми момун кишинин акыл-эси тунук болот. Ошондуктан өзүнө карата тең салмактуу, калыс көз карашта болуп, башкалар андан көп жагынан жакшыраак экенин аңдай билет (Флп. 2:3). «Кудай бой көтөргөндөргө каршы, ал эми момундарга ырайым кыларын» да жакшы билет (1 Пет. 5:5). Андай акыл-эстүү киши эч качан Жахабанын душманы болуп калгысы келбейт.

17. Канткенде момундугубуздан жазбайбыз?

17 Момундугубуздан жазбаш үчүн Ыйык Китептеги: «Эски табиятты иштери менен кошо чечип,.. жаңы табиятты кийгиле»,— деген сөздөрдү аткарышыбыз керек. Бул, албетте, оңой эмес. Ал үчүн Иса Машаяк кандай үлгү калтырганын окуп-изилдеп, мүмкүн болушунча анын үлгүсүнө тыгыз карманганга аракеттенишибиз кажет (Кол. 3:9, 10; 1 Пет. 2:21). Мунун акыбети сөзсүз кайтат. Маселен, момундук сапатын өрчүтө берсек, үй-бүлөдөгү мамиле чыңдалат, жыйналыш бирдиктүү болот жана социалдык тармактарды туура пайдаланабыз. Баарынан маанилүүсү, Жахабаны кубантып, батасын алабыз.

117-ЫР: Жакшылык кылуу

^ 5-абз. Учурда биз текебер, өзүмчүл адамдарга толгон дүйнөдө жашап жатабыз. Андыктан сак болбосок, алардын таасирине алдырып коюшубуз мүмкүн. Бул макалада текебердиктен алыс болуп, өзүбүз жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобошубуз керек болгон үч тармак жөнүндө кеп жүрөт.

^ 2-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Текебер киши башкаларга караганда өзүн көбүрөөк ойлойт. Ошондуктан өзүмчүл болот. Ал эми момун киши өзүн эмес, өзгөнү ойлойт. Момундук — бул текебердиктен же бой көтөрүүчүлүктөн алыс болуп, өзүн төмөн койгондук.

^ 56-абз. СҮРӨТ. Жыйында сөз сүйлөгөнгө, башкаларды жетектегенге жөндөмдүү аксакал ошону менен эле чектелбей, кабар айтуу ишинде да демилгени колго алып, Падышалык залын да тазалап жатат.