Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

29-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Алсыз болгонумда күчтүүмүн»

«Алсыз болгонумда күчтүүмүн»

«Машаяк үчүн алсыз болуудан, кордук көрүүдөн, муктаж болуудан, куугунтукталуудан жана кыйынчылык тартуудан ырахат алам» (2 КОР. 12:10).

38-ЫР: Кудай сени күчтүү кылат

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Элчи Пабыл эмнени мойнуна алган?

ЭЛЧИ ПАБЫЛ кээде өзүн алсыз сезгенин ачык эле айткан. Ал денеси «көөнөрүп баратканын», туура нерсени өзү менен күрөшүп жатып кыларын, ошондой эле Жахабанын дайыма эле анын тилегин орундата бербегенин моюнга алган (2 Кор. 4:16; 12:7—9; Рим. 7:21—23). Ага каршы чыккандар аны алсыз, болумсуз киши катары санаарын да билген *. Анткен менен башкалардын оюнан же өзүнүн кемчиликтеринен улам эч нерсеге жарабаган бир байкушмун деген ойго алдырып койгон эмес (2 Кор. 10:10—12, 17, 18).

2. 2 Корунттуктар 12:9, 10до жазылгандай, элчи Пабыл кайсы маанилүү нерсени түшүнгөн?

2 Элчи Пабыл маанилүү бир нерсени — адам өзүн алсыз сезгенде да күчтүү боло аларын — түшүнгөн. (Окугула: 2 Корунттуктар 12:9, 10.) Жахаба Пабылга Анын күчү «алсыздык аркылуу жеткилең болорун», башка сөз менен айтканда, Пабылга жетпеген күчтү ал толуктап берерин айткан. Эмесе, каршы болгондор кордошкондо эмне үчүн көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз керектигине токтололу.

«КОРДУК КӨРҮҮДӨН... ЫРАХАТ АЛГЫЛА»

3. Кордук көргөндөн кандайча рахат ала алабыз?

3 Кордогон сөздөрдү эч кимибиз уккубуз келбейт. Бирок душмандарыбыздын андай сөздөрүнө өтө эле көп көңүл бура берсек, ындыныбыз өчүшү мүмкүн (Накыл 24:10). Анда аларга кандай карашыбыз керек? Пабылга окшоп, биз да «кордук көрүүдөн... ырахат ала» алабыз (2 Кор. 12:10). Себеби башкалардын андай мамилеси Исанын чыныгы шакирттери экенибизден кабар берет (1 Пет. 4:14). Иса жолдоочуларынын куугунтукталарын айткан (Жкн. 15:18—20). 1-кылымда да так ошондой болгон. Гректердин маданиятынын таасирине алдыргандар Исанын жолдоочуларын акылы тайкы, кем адамдардай көрүшкөн. Жүйүттөр да аларды «билими жок карапайым кишилер» деп эсептешкен (Элч. 4:13). Исанын жолдоочулары алсыздай көрүнгөн. Себеби саясий да, аскердик да күчү болгон эмес. Аларга элден чыгып калган бечаралардай мамиле кылышчу.

4. Исанын алгачкы жолдоочулары душмандарынын кордогон сөздөрүн кандай кабыл алган?

4 Ошондой нерселерден улам алар Исанын жолун жолдобой калышканбы? Жок. Алсак, элчи Петир менен элчи Жакан Исанын жолун жолдоп, ал тууралуу элди окутуп-үйрөткөнүн сыймык катары көрүшкөн (Элч. 4:18—21; 5:27—29, 40—42). Ооба, Исанын шакирттеринде уялганга эч кандай себеп жок болчу. Керек болсо, алардын адамзатка кылган жакшылыгын душмандарынын бири да кылган эмес. Мисалы, Кудайдын жетеги менен алардын айрымдары жазган китептер ушу күнгө дейре миллиондогондорго жардам берип, үмүт байлатып келатат. Алар жарыялаган Падышалык учурда асманда башкарып жатат, ал эми жакында бүт адамзатка бийлик жүргүзөт (Мт. 24:14). Аларды кысымга алган улуу, кубаттуу держава эмне болду? «Тарыхтын таштандысы» болуп калды. Ал эми Исанын ошол кездеги жолдоочулары — сөөгү эбак сөпөт болгон душмандарынан айырмаланып, ушу тапта асмандагы падышалар. Алардын душмандары кийин тирилген күндө да, эгер тирилсе, өздөрү жек көргөн Исанын жолдоочулары жактаган Падышалыктын бийлигине баш иет (Аян 5:10).

5. Жакан 15:19га ылайык, Жахабанын элин эмне үчүн басмырлашат?

5 Бүгүнкү күндө Жахабанын эли катары бизди да кээде акылы пас, болумсуз кишидей көрүп кемсинтип, шылдыңдашы мүмкүн. Эмне үчүн? Себеби биз башкалардан айырмаланып, момун, жумшак болгонго аракет кылабыз. Ал эми азыркы дүйнөдө текебер, бой көтөргөн, баш бербеген адамдарга суктанып, андайларды кадыр тутушат. Ошондой эле саясатка аралашпайбыз, бир да мамлекеттин аскер күчтөрүнө кошулбайбыз. Дүйнөнүн калыбына түшпөйбүз. Ошондуктан башкалар бизди басмырлашат. (Окугула: Жакан 15:19; Рим. 12:2.)

6. Жахаба өз элин колдонуп кандай иштерди жүргүзүп жатат?

6 Бул дүйнө биз тууралуу кандай ойдо болбосун, Жахаба бизди колдонуп зор иштерди аткарууда. Алсак, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жакшы кабарды жайылтып жатат. Мындай иш тарыхта болгон эмес. Жахабанын кызматчылары бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң көп тилге которулган жана таратылган журналдарды чыгарып жатышат. Ыйык Китепти колдонуп миллиондогон адамдарга оңолгонго жардам берип жатышат. Ушул жетишкендиктин баарынын артында Жахаба турат. Ал ушундай чоң ишке алсыздай көрүнгөн элди колдонуп жатат. Ал эми жеке ар бирибиз жөнүндө эмне дешке болот? Жахаба бизди күчтүү кылып коё алабы? Ал үчүн биз тараптан кандай аракет талап кылынат? Эмесе, элчи Пабылдан үйрөнө турган үч нерсени талкуулайлы.

ӨЗ КҮЧҮҢӨРГӨ ТАЯНБАГЫЛА

7. Пабылдан эмнени үйрөнсөк болот?

7 Биринчиден, Пабылдын мисалынан Жахабага кызмат кылып жатып өз күчүбүзгө же жөндөмүбүзгө таянбашыбыз керектигин үйрөнсөк болот. Адамдык көз караш боюнча, Пабылга өзүнө таянган текебер киши болсо да жарашмак. Ал Рим провинциясы Киликиянын борбор калаасы Тарста — илим-билимдин чордону болгон гүлдөп-өскөн шаарда — чоңойгон. Анын үстүнө, ошол учурда жүйүттөрдүн эң эле кадыр-барктуу төбөлдөрүнүн бири Гамалеил аттуу кишинин шакирти болгон (Элч. 5:34; 22:3). Өзү да бир кезде жүйүттөрдүн арасында бедели бийик, таасири күч киши катары саналган. Ал: «Жүйүт дининде элимдин арасындагы өзүм теңдүүлөрдүн көпчүлүгүнө караганда көбүрөөк ийгиликке жеткем»,— деп жазган (Гал. 1:13, 14; Элч. 26:4). Бирок өзүнө таянган эмес.

Пабыл бул дүйнөдө баалуу деп саналган артыкчылыктарынын баарын Машаяктын жолун жолдогонго салыштырмалуу «таштанды» деп эсептеген (8-абзацты карагыла) *

8. Филипиликтер 3:8ге ылайык, Пабыл өзү кечип койгон нерселерге кандай караган жана кандайча «алсыз болуудан... ырахат алган»?

8 Пабыл бул дүйнөнүн көз карашы менен алып караганда аны көкөлөтө турган нерселерден оңой эле кечип койгон. Ал тургай баалуу деп саналган мурун ээ болгон артыкчылыктарынын «баарын таштанды деп эсептеген» (Окугула: Филипиликтер 3:8.) Исанын жолун жолдой баштаганда болсо көп азап тарткан. Өз элине жек көрүндү болгон (Элч. 23:12—14). Ал эми мекендештери болгон римдиктер ур-токмокко алып, түрмөгө камап салышкан (Элч. 16:19—24, 37). Анысы аз келгенсип, өзүнүн да күнөөгө болгон жакындыгы менен алышып айласы кеткен (Рим. 7:21—25). Ошентсе да кастарына да, өзүнүн кемчиликтерине да багынып бербей, «алсыз болуудан... ырахат алган». Эмне үчүн? Анткени өзүн алсыз сезгенде Кудайдын күчүн даана сезе билген (2 Кор. 4:7; 12:10).

9. Бул дүйнөдө баалуу деп эсептелген нерселердин бизде жок болгонуна кандай карашыбыз керек?

9 Жахаба бизге күч берсин десек, анын көз алдындагы баалуулугубуз каруу-күч, билим, тек жай же байлык менен өлчөнөт деп ойлобошубуз керек. Бизди Жахабанын кызматына жарактуу кылган ал нерселер эмес. Чынында, арабызда «пенделик көз караш боюнча акылман, күчтүү же тектүү болгондор» аз. Жахаба андайларды эмес, «дүйнөдө алсыз деп эсептелгендерди» колдонууну чечкен (1 Кор. 1:26, 27). Андыктан жогоруда саналган нерселердин жоктугун кызматыбыз үчүн тоскоолдук деп эсептебей, Жахабанын силер аркылуу көрсөтө турган күчүн көргөнгө мүмкүнчүлүк катары эсептешибиз керек. Маселен, ишенген нерселериңерди четке каккан адамдардан корксоңор, Жахабага кайрылып, ишенимиңерди тайманбай жактаганга жардам беришин тиленгиле (Эф. 6:19, 20). Өнөкөт оору менен алышып жатсаңар, Жахабадан ага мүмкүн болушунча көбүрөөк кызмат кылганга күч беришин сурагыла. Ошондо Жахабанын жардамын сезген сайын, ишенимиңер бекемделип, чыңдала бересиңер.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ МИСАЛДАР

10. Еврейлер 11:32—34-аяттардагы Жахабанын берилген кызматчылары сыяктуу адамдардын үлгүсүн эмне үчүн окуп-изилдешибиз керек?

10 Пабыл Ыйык Китепти дыкат изилдеген. Ал китептен көп нерсени билген, бирок ошондон тышкары, башынан өткөн окуялары баяндалган адамдардын үлгүсүнөн да көптү үйрөнгөн. Ошондуктан Исанын жолун жолдогон еврейлерге жазган катында алардан Жахабага берилген адамдар жөнүндө ойлонуп көрүүнү суранган. (Окугула: Еврейлер 11:32—34.) Алардын бирине эле — Дөөтү падышага — токтололу. Дөөтү душмандарынын эле эмес, бир кезде анын санаалаштары болгондордун да каршылыгына туш болгон. Дөөтү тууралуу ой жүгүртө турган болсок, анын үлгүсү Пабылга кандайча күч бергенин жана Пабылдан кандай үлгү алсак болорун түшүнөбүз.

Дөөтү алсыз көрүнгөн жаш бала болсо да, Голиат менен беттешкенден корккон эмес. Себеби Жахабанын Голиатты күм-жам кылганга күч берерине бекем ишенип, ага таянган (11-абзацты карагыла)

11. Дөөтү эмне үчүн алсыздай көрүнгөн? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

11 Далысы кере кулач Голиат аттуу дасыккан жоокер Дөөтүнү чабал санаган. Нечен жоону эки чайнап, бир жуткан алда канча алибеттүү ал баатыр аны «кемсинте караган». Себеби өзү эле эмес, куралы да мыкты болгон. Дөөтү болсо согушканга эч бир жарагы жок, эне сүтү эрдинен кете элек бала көрүнгөн. Анткен менен ал алсыздыктай көрүнгөн нерсени күчкө айланткан. Ал Жахабанын күчүнө таянып, Голиатты набыт кылган (1 Шем. 17:41—45, 50).

12. Дөөтү дагы кандай кыйынчылыкка туш болгон?

12 Дөөтүнүн жашоосунда өзүн алсыз сездирген дагы бир кыйынчылык болгон. Кезинде ал Жахаба Ысрайылга падыша кылып дайындаган Шабулга берилип кызмат кылган. Башында падыша аны сыйлачу. Бирок кийинчерээк текеберденип кетип, ага көз арта баштаган. Мамилеси бузулуп, атүгүл көзүн тазалаганга аракет кылган (1 Шем. 18:6—9, 29; 19:9—11).

13. Шабул падышанын айынан азап тартканда Дөөтү эмне кылган?

13 Ак жерден азап тартканына карабай, Дөөтү Жахаба дайындаган ал падышаны кадыр тута берген (1 Шем. 24:6). Анын кылган жамандыгы үчүн Жахабаны күнөөлөгөн эмес. Кайра, Жахаба күч берсе, ошол кыйынчылыкты көтөрүп кетерине толук ишенген (Заб. 18:1 жана бөлүмдүн башындагы сөздөр).

14. Дөөтүгө окшоп, Пабыл кандай кыйынчылыкка туш болгон?

14 Пабыл да так эле ушундай күндү көргөн. Анын да душмандары бир топ кубаттуу болгон. Элдин аттуу-баштуулары аны жек көргөн. Көп жолу сабатып, каматып салышкан. Дөөтүгө окшоп, Пабыл да досу болушу керек болгондордун касына айланган. Ага атүгүл жыйналыштагылардын айрымдары каршы чыккан (2 Кор. 12:11; Флп. 3:18). Бирок алардын баарын жеңген. Кандай мааниде? Кабар айтканын токтоткон эмес. Көңүлүн ооруткан күндө да ишенимдештерине болгон берилгендигинен жазган эмес. Баарынан маанилүүсү, өмүрүнүн аягына чейин Кудайдын алдында ишенимдүү болгон (2 Тим. 4:8). Ал тоодой тоскоолдуктарды өз күчү менен эмес, Жахабанын күчү менен жеңген.

Ишенген нерселериңер талашка салынганда да урмат-сый көрсөтүп, сыпаа сүйлөгүлө (15-абзацты карагыла) *

15. Биздин максатыбыз эмне жана канткенде ага жете алабыз?

15 Силерге да классташтарыңардын, жумуштагылардын же Жахабага сыйынбаган туугандарыңардын кемсинткенине, куугунтуктаганына чыдаганга туура келип жатабы? Же балким, жыйналыштагылардын бири жаман мамиле кылып жаткандыр? Эгер ошондой болсо, Дөөтү менен Пабылды эстегиле. Силер да жамандыкты «жакшылык менен жеңе» аласыңар (Рим. 12:21). Бирок максатыңар, Дөөтүгө окшоп, душмандын чекесине таш батыруу эмес, ак пейил адамдардын акылы менен жүрөгүнө Кудайдын Сөзүн сиңирүү болсун. Алардын суроолоруна жоопту Ыйык Китептен таап берсеңер, жаман мамиле кылгандарга да сый-сыпат көрсөтсөңөр жана дегеле баарына, ал тургай душманыңарга да жакшылык кылсаңар, ал максатыңарга жете аласыңар (Мт. 5:44; 1 Пет. 3:15—17).

БАШКАЛАРДЫН ЖАРДАМЫН КАБЫЛ АЛГЫЛА

16, 17. Пабыл эмнени эч качан унуткан эмес?

16 Пабыл Исанын шакирти болгонго чейин анын жолдоочуларын күн көрсөтпөй кысымга алган жигит болчу (Элч. 7:58; 1 Тим. 1:13). Ал кезде Шабыл деген ат менен белгилүү болгон Пабылды Иса өзү токтоткон. Ал ага Дамаскка баратканында асмандан сүйлөгөн жана сокур кылып койгон. Ошондо көзү көрүшү үчүн Пабыл өзү бир кезде кордоп жүргөн адамдардын жардамына зар болуп калган. Ал моюн сунуп, Исанын Анания деген жолдоочусуна барган. Ошондон кийин көзү кайра көрүп калган (Элч. 9:3—9, 17, 18).

17 Арадан убакыт өтүп Пабыл Исанын жолдоочуларынын арасында кадырлуу, айтылуу киши болуп калган. Анткен менен Дамаскка бараткан жолдогу ошол окуя көкүрөгүнөн түк кеткен эмес. Ошондон сабак алып, момундугунан жазган эмес, ишенимдештеринин жардамын кабыл алганды үйрөнгөн. Аларды «жөлөк болчу» адамдар катары көргөн (Кол. 4:10, 11).

18. Башкалардын жардамын эмне үчүн кабыл алгыбыз келбеши мүмкүн?

18 Пабылдан эмнени үйрөнсөк болот? Жахабанын элине аралаша баштаганыбызда рухий жактан ымыркай экенибизди, көп нерсени билбей турганыбызды түшүнүп, башкалардын жардамын жан деп кабыл алып келгендирбиз (1 Кор. 3:1, 2). Азырчы? Эгер Жахабага көп жылдан бери кызмат кылып, такшалып калган болсок, өзгөнүн, айрыкча чындык жолуна кийинчерээк түшкөндөрдүн, көмөгүн кабыл алгыбыз келбеши мүмкүн. Бирок Жахаба бизге дем-күч бериш үчүн көбүнчө ишенимдештерибизди колдонот (Рим. 1:11, 12). Андыктан Жахабанын күчүн сезгибиз келсе, алардын жардамын четке какпашыбыз керек.

19. Пабыл эмне үчүн тоодой иштерди бүтүрө алган?

19 Исанын жолдоочусу болгондон кийин Пабыл тоодой иштерге жараган. Анткени адамдын ийгилиги өзүнүн күчүнөн, билиминен, байлыгынан же тек жайынан эмес, момундугунан жана Жахабага таянганынан көз каранды экенин жакшы билген. Эмесе, баарыбыз андан үлгү алып, 1) Жахабага таяналы, 2) Ыйык Китепте жазылган инсандардан үйрөнөлү жана 3) ишенимдештерибиздин жардамын кабыл ала билели. Ошондо өзүбүздү канчалык алсыз, кубатсыз көрбөйлү, Жахаба бизди күчкө толтурат!

71-ЫР: Биз Кудайдын аскерибиз!

^ 5-абз. Бул макалада элчи Пабылдын үлгүсүнө токтолобуз. Эгер момун болсок, башкалар шылдыңдаганда же өзүбүздү алсыз сезгенде Жахаба бизге күч-кайрат берерин билебиз.

^ 1-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Өзүбүздү бир канча себептен улам, алсак, күнөөкөр пенде болгондуктан, жакыр тургандыктан, ооругандыктан же анча сабаттуу болбогондуктан алсыз сезишибиз мүмкүн. Андан тышкары, душмандарыбыз да бизге кол салып же кордогон сөздөрдү айтып, ошентип ойлошубузга себепкер болушу мүмкүн.

^ 57-абз. СҮРӨТ. Машаяк жөнүндө кабар айтканы чыгып бараткан Пабыл. Ал, кыязы, фарисей болгон кездеги колдончу түрмөктөрдү, ошондой эле Жазманын үзүндүлөрү салынган кутучасын таштап, колдонбой калган.

^ 61-абз. СҮРӨТ. Бир ишенимдешибизди жумушундагылар туулган күндү белгилегенге катыштырууга аракет кылып жатышат.