Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

31-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Пайдубалы бекем, куруучусу жана жаратуучусу Кудай болгон шаарды» күтүп жатасыңарбы?

«Пайдубалы бекем, куруучусу жана жаратуучусу Кудай болгон шаарды» күтүп жатасыңарбы?

«Пайдубалы бекем, куруучусу жана жаратуучусу Кудай болгон шаарды күтүп жүргөн» (ЕВР. 11:10).

22-ЫР: Кудайдын Падышалыгы келсин!

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Көптөр эмнелерден кечип жатышат жана эмне үчүн?

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ Жахаба Кудайдын миллиондогон кызматчылары көп нерседен кечип жатышат. Мисалы, көптөгөн ишенимдештерибиз турмуш курбай эле коюну туура көрүшкөн. Азырынча балалуу болбой эле коё туралы деп чечкен жубайлар да аз эмес. Болгон нерсесине каниет кылып, жөнөкөй жашап жаткан үй-бүлөлөр да арбын. Алардын баары маанилүү бир себептен улам — Жахабага мүмкүн болушунча көбүрөөк кызмат кылгысы келгендиктен — ушундай кылып жатышат жана ошонусуна ыраазы. Себеби Жахабанын аларды чындап керектүү нерсесинен кем кылбасына бекем ишенишет. Алардын ишеничи акталабы? Сөзсүз! Мунун бир себеби, «бардык ишенгендердин атасы» деп саналган Ыбрайым пайгамбарга Жахаба батасын берген (Рим. 4:11).

2. а) Еврейлер 11:8—10 жана 16-аяттарга ылайык, Ыбрайым эмне үчүн Ур шаарынан кетип калган? б) Бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?

2 Ыбрайым Ур шаарындагы бүт ыңгай-шарты жарашкан жылуу ордун таштап, көчүп кеткен. Эмне үчүн? Анткени «пайдубалы бекем... шаардын» курулушун күтүп жүргөн. (Окугула: Еврейлер 11:8—10, 16.) Ал эмне болгон «шаар» эле? Анын курулушун күтүп жүрүп кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөн? Канткенде биз да Ыбрайымдай жана анын үлгүсү боюнча жашаган замандаштарыбыздай боло алабыз?

«ПАЙДУБАЛЫ БЕКЕМ... ШААР» ДЕГЕН ЭМНЕ?

3. Ыбрайым кайсы шаардын курулушун күтүп жүргөн?

3 Ыбрайым курулушун күтүп жүргөн шаар Кудайдын Падышалыгы болгон. Ал Падышалык Иса Машаяктан жана ыйык рух менен майланган анын 144 000 жолдоочусунан турат. Элчи Пабыл ал Падышалыкты «тирүү Кудайдын шаары», «асмандагы Иерусалим» деп атаган (Евр. 12:22; Аян 5:8—10; 14:1). Кудайдын эрки асмандагыдай эле, жерде да аткарылышы үчүн, Иса шакирттерин так ошол Падышалыктын келишин тилеши керектигине үйрөткөн (Мт. 6:10).

4. Башталыш 17:1, 2, 6га ылайык, Ыбрайым Кудай убада кылган шаар, же Падышалык, жөнүндө канчалык деңгээлде билген?

4 Ыбрайым Кудайдын Падышалыгынын кантип түзүлөрүн майда-чүйдөсүнө чейин билди беле? Жок. Бул нерсе көптөгөн кылымдар бою «ыйык сыр» болуп келген (Эф. 1:8—10; Кол. 1:26, 27). Бирок бир билгени — анын урпактарынын айрымдары падыша болмок. Жахаба муну ага өзү убада кылган. (Окугула: Башталыш 17:1, 2, 6.) Ыбрайым Жахабанын убадасын аткарарына ушунчалык бекем ишенгендиктен Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары Майланганды, тактап айтканда, Машаякты өз көзү менен көрүп тургандай эле болгон. Ошол себептен Иса Машаяк жүйүттөргө: «Атаңар Ыбрайым менин күнүмдү көрүүгө үмүттөнүп, абдан кубанган. Ал аны көрдү да, кубанды»,— деген (Жкн. 8:56). Ооба, Ыбрайым анын тукумунан чыккандар Жахаба орното турган Падышалыкты түзөрүн билген жана Жахаба өз убадасын жүзөгө ашыра турган убакты күткөнгө даяр болгон.

Ыбрайым пайгамбар Жахабанын өз убадаларын аткарарына ишенерин кантип көрсөткөн? (5-абзацты карагыла)

5. Ыбрайымдын Кудай кура турган «шаарды» күтүп жүргөнүн эмнеден билсек болот?

5 Ыбрайымдын Кудай кура турган «шаарды» — Падышалыкты — күтүп жүргөнү эмнеден көрүнгөн? Биринчиден, ал жердеги бир да падышалыкка ыктап, анын жараны болгон эмес. Бир жерге тамыр жайып отурукташып, кайсы бир падышанын бийлигин колдоп калбаш үчүн улам бир жерге көчүп-конуп жүргөн. Өз падышалыгын да түзгөн эмес. Жахабага баш ийип, убадасын аткара турган күндү күтө берген. Анын Жахабага болгон ишеними бөтөнчө күчтүү болгон. Эмесе, Ыбрайым кандай кыйынчылыктарды башынан кечиргенин жана андан эмнени үйрөнө аларыбызды карап көрөлү.

БАШЫНАН ӨТКӨРГӨН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРЫ

6. Ур кандай шаар болгон?

6 Ыбрайым бир кезде жашаган Ур шаары салыштырмалуу коопсуз, өнүккөн, жашоо шарты ыңгайлуу шаар болчу. Ал килейген дубал менен тосулган жана үч тарабынан тегерете аң казылып, сууга толтурулган. Тургундары окуп-жазганды, эсеп чыгарганды кыйын билген. Ал жактан көптөгөн ишкердик документтер табылганына караганда, шаар соода-сатыктын чордону болгон көрүнөт. Андагы жеке менчик үйлөр кыштан курулуп, дубалдары шыбалган жана акталган болчу. Короосуна таш төшөлгөн 13, 14 бөлмөлүү үйлөр да табылган.

7. Ыбрайым Жахабанын аны да, үй-бүлөсүн да коргой турганына эмне үчүн бекем ишениши керек эле?

7 Ыбрайым Жахабанын аны да, үй-бүлөсүн да коргой турганына бекем ишениши керек болгон. Себеби Саара экөө Ур шаарындагы коопсуз, ыңгайлуу үйүн калтырып, Канаан жеринин ээн талааларында чатырда жашап калган. Баягыдай тегерете тосуп турган калың дубал, терең суу жок. Эми душман кол сала турган болсо, оңой олжо болмок.

8. Бир жолу Ыбрайым кандай кырдаалга туш болгон?

8 Ыбрайым дайыма Жахабанын эркин аткарып келсе да, бир жолу кыйын кырдаалга туш болгон. Жахаба ага бар деп айткан Канаан жеринде катуу ачарчылык болуп, тамак-аш тартыш боло баштаган. Аргасы түгөнгөн Ыбрайым убактылуу Мисирге көчмөкчү болот. Бирок ал жакка баргандан кийин, Мисирдин фараону аялы Саараны өзүнө аялдыкка алыш үчүн үйүнө алдыртып алат. Ошондо Жахаба фараонду жазалап, ал Саараны кайтарып бергиче, Ыбрайымдын жаны жай албай, канчалык санаага батканын элестетип көрсөңөр (Башт. 12:10—19).

9. Ыбрайымдын үй-бүлөсүндө кандай кыйынчылыктар болгон?

9 Ыбрайымдын үй-бүлөсүндө ич ара да кыйынчылыктар болгон. Анын сүйүктүү жубайы Сааранын согончогу канаган эмес. Бул алардын жылдан жылга созулган арманы болгон. Арадан убакыт өтүп, бала төрөп берсин деп Саара күңү Ажарды Ыбрайымга берген. Ажар болсо кош бойлуу экенин билгенде Саараны тоготпой баштаган. Жагдай ушунчалык курчуп кеткендиктен, Саара акырында Ажарды үйүнөн кетирип жиберген (Башт. 16:1—6).

10. Кандай окуялардан улам Ыбрайымдын Жахабага болгон ишеними сыналган?

10 Саара акыры боюна бүтүп, Ыбрайымга уул төрөп берген. Атасы атын Ыскак койгон. Ал Ажар төрөп берген Ысмайылды да, Ыскакты да аябай жакшы көргөн. Бирок Ысмайылдын Ыскакка жаман мамиле кылганынан улам энеси экөөнү кетирип жибергенге аргасыз болгон (Башт. 21:9—14). Ошондон бир нече жыл өткөндөн кийин Жахаба ага уулу Ыскакты курмандыкка чал деп айткан (Башт. 22:1, 2; Евр. 11:17—19). Ыбрайым ошол эки жагдайда тең уулдарына байланыштуу Жахабанын берген убадасын аткарарына бекем ишениши керек болгон.

11. Эмне үчүн Ыбрайым чыдамкай болуп, Жахабанын өз убадасын аткара турган убактысын күтүшү керек болгон?

11 Ыбрайымга чыдамкай болуп, Жахабанын өз убадасын аткара турган убактысын көп жыл бою күткөнгө туура келген. Анткени үй-бүлөсү менен Ур шаарынан кеткенде ал 70тен ашып калган көрүнөт (Башт. 11:31—12:4). Ошондон кийин дээрлик жүз жылдай Канаан жеринде улам жер которуп чатырда жашаган. Анан 175ке чыгып көз жумган (Башт. 25:7). Бирок Жахабанын Канаан жерин анын урпактарына берем деген убадасын аткарганын көргөн эмес. Өзү күтүп жүргөн шаардын курулушун, тактап айтканда, Кудайдын Падышалыгынын орногонун да көргөн эмес. Анткен менен Ыйык Китепте ал жөнүндө «узак жашап, өмүргө тоюп көз жумган» деп жазылган (Башт. 25:8). Башына кандай кыйынчылык түшпөсүн, Ыбрайым ишенимин бек сактаган жана Жахаба өз убадасын аткара турган убакты күтүп жашаганына ыраазы болуп өткөн. Мунун себеби эмнеде болгон? Жахаба Ыбрайымды өмүр бою коргоп келген жана досундай мамиле кылган. Мына ушул нерсе ага күч берген (Башт. 15:1; Ыш. 41:8; Жкп. 2:22, 23).

Ыбрайым менен Саарага окшоп, Кудайдын кызматчылары ишенимин жана чыдамкайлыгын кантип көрсөтүп жатышат? (12-абзацты карагыла) *

12. Биз эмнени күтүп жатабыз жана эмнеге токтолобуз?

12 Ыбрайымга окшоп, биз да «пайдубалы бекем» шаарды күтүп жатабыз. Бирок биз анын курулушун күткөн жокпуз. Себеби Кудайдын Падышалыгы 1914-жылы эле орногон жана учурда асманды толугу менен башкарып жатат (Аян 12:7—10). Биз анын эми бүт жер жүзүнө бийлик жүргүзө турган убактысын күтүп жатабыз. Ал ортодо Ыбрайым менен Саараныкына окшогон кыйын-кысталыш учурларга дуушар болушубуз ыктымал. Анда биз, Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчылары, Ыбрайымдай боло алабызбы? «Күзөт мунарасында» жазылган өмүр баяндар ишеними, чыдамкайлыгы Ыбрайым менен Саараныкындай адамдар арабызда аз эмес экенин көрсөтүп турат. Эмесе, айрым өмүр баяндарга токтолуп, эмнени үйрөнө аларыбыз жөнүндө ойлонуп көрөлү.

ЫБРАЙЫМДАН ҮЛГҮ АЛГАНДАР

Бил Уолден Жахаба үчүн көп нерседен кечкенге даяр болгон жана анын батасын алган

13. Бил Уолдендин окуясынан эмнени үйрөндүңөр?

13 Айрым нерселерден кечкенге даяр болгула. Эгер Кудай курган шаарды — Падышалыкты — жашообузда биринчи орунга койсок, Кудайга жагыш үчүн көп нерседен кечкен Ыбрайымдай иш кылган болобуз (Мт. 6:33; Мр. 10:28—30). Бил Уолден аттуу ишенимдешибизди мисалга алалы *. 1942-жылы ал АКШдагы архитектуралык инженерия университетин бүтүргөнү жатканда Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ошол учурда сабак берген бир профессор Билге окуусун бүткөндөн кийин иштей турган жумуш таап койгонун айткан. Бирок ал мартабалуу жумушта иштеп карьера жасабай эле, Кудайга көбүрөөк кызмат кылгысы келерин айтып андан баш тарткан. Көп өтпөй эле аны аскердик кызматка чакырышкан. Ал эмне себептен андай кызмат өтөй албай турганын сылык түшүндүрүп берген. Бирок 10 000 доллар айып пул салынып, 5 жылга түрмөгө кесилип кеткен. Бил 3 жылдан кийин бошотулган. Кийинчерээк болсо Гилат мектебине чакырылып, Африкага миссионер катары жөнөтүлгөн. Анан Ева деген кызга үйлөнүп, экөө Африкадан далай кыйынчылыкты көрүшкөн. Бир нече жылдан кийин алар Билдин энесин караш үчүн АКШга кайтып барышкан. Өткөн жашоосу жөнүндө ал: «Жахаба Кудайга 70 жылдан ашык убакыттан бери кызмат кылып келе жатканымды сыймык катары көрөм. Бул жөнүндө ойлогондо көзүмдүн чарасы жашка толуп чыгат»,— деген. Ошондой эле Жахабага ага кызмат кылууну карьерасы кылганга, тактап айтканда, жашоосундагы эң негизги иши кылганга жардам бергенине абдан ыраазы экенин айткан. Силер да Кудайга толук убакыт кызмат кылууну карьераңар кыла аласыңарбы?

Элени менен Аристотелис Жахабанын аларды кубаттап жатканын сезишкен

14, 15. Аристотелис менен Эленинин окуясынан эмнени үйрөндүңөр?

14 Баары телегейи тегиз болот деп күтпөгүлө. Ыбрайымдын жашоосунан бүт өмүрүн Жахабага арнагандардын жашоосунда деле кыйынчылыктар болбой койбой турганын билдик (Жкп. 1:2; 1 Пет. 5:9). Буга Аристотелис Апостолидис деген бир тууганыбыздын жашоосу далил боло алат *. Ал 1946-жылы Грецияда чөмүлгөн. 1952-жылы өзүнүкүндөй рухий максаттары бар Элени аттуу кыз экөө баш кошобуз деп убадалашкан. Көп өтпөй эле Эленинин мээсинде шишик бар экени билинген. Анан операция жасап шишикти алышкан, бирок үйлөнгөндөн бир нече жыл өтүп-өтпөй эле шишик кайра пайда болгон. Ага экинчи жолу операция жасашкан. Тилекке каршы, мунусунда жарым-жартылай шал болуп, жакшы сүйлөй албай калган. Оорусуна жана ошол учурда өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн кысымга карабай, Элени Кудайга ынталуу кызмат кыла берген.

15 Аристотелис оорукчан жубайын 30 жыл бою караган. Ошол арада жыйналышта аксакал болгон, жыйындын комитетинде кызмат кылган, жыйын залын курганга жардам берген. Өкүнүчтүүсү, 1987-жылы Элени кабар айтып жатканда оор темир эшик капысынан жабылып кетип, ал жерге жыгылып, оор жаракат алган. Ал 3 жыл комада жатып, ошол бойдон көз жумган. Аристотелис жашоосу жөнүндө: «Жашоомдогу жылдан жылга созулган кыйынчылыктар, оор жагдайлар жана күтүлбөгөн сыноолор аябагандай көп чыдамкайлыкты, туруктуулукту талап кылды. Бирок ошонун баарын көтөрүп кеткенге Жахаба дайыма күч берип келди»,— деп айткан (Заб. 94:18, 19). Тарткан азабына карабай ал үчүн колунан келгендин баарын кылгандарды Жахаба кандай гана жакшы көрөт!

Келечекте ала турган сыйлыгына көңүл топтогондуктан Одри Хайддын маанайы чөккөн эмес

16. Нейтан Норр жубайына эмнени кеңеш кылган?

16 Жаркын келечекке көңүл топтогула. Ыбрайым Жахабадан сыйлык аларын унуткан эмес. Баарына чыдаганга ага ушул нерсе күч-кубат берген. Жакшылыктан үмүт үзбөгөнү Одри Хайд деген ишенимдешибизге да жардам берген. Анын биринчи күйөөсү Нейтан Норр рактан каза тапкан, экинчи күйөөсү Гленн Хайд болсо Альцгеймер оорусу менен ооруп калган *. Одриге биринчи күйөөсү Нейтандын өлөрүнө бир нече жума калганда айткан сөздөрү кайрат берген. Ал мындай деген: «Нейтан мага: „Өлүм менен баары бүтүп калбайт. Биздин үмүтүбүз күчтүү. Жакында биз азап-кайгы дегенди унутабыз“,— деген». Анан аны: «Дайыма алдыны, ала турган сыйлыгыңды, ойло»,— деп кайраттандырган. Акырында болсо: «Дайыма иш менен алек бол, жашооңду башкаларга жакшылык кылганга арна. Ошондо кубанычтан өксүбөйсүң»,— деп айтыптыр. Кандай гана мыкты сөздөр! Биз да башкаларга талыкпай жакшылык кылып, «үмүт менен кубана» берели! (Рим. 12:12).

17. а) Бизде келечектеги нерселерге көңүл топтогонго эмне үчүн себеп көп? б) Микей 7:7ге ылайык иш кылсак, келечекте бул Кудайдын батасын алышыбызга кандайча өбөлгө түзүлөт?

17 Азыр бизде келечекте боло турган нерселерге көңүл топтогонго мурункудан да себептер көп. Дүйнөдөгү окуялардан азыркы түзүлүштүн акыркы күндөрүнүн акыркы бөлүгүндө жашап жатканыбызды даана көрүп жатабыз. Жакында бүтүндөй жер жүзүн башкара турган, пайдубалы бекем шаарды күтүүнүн зарылдыгы болбой калат. Кудайдын көптөгөн жакшылыктары менен бирге көзү өтүп кеткен жакындарыбызды тирилткенин да көрөбүз. Ал заман келгенде Жахаба Ыбрайымды да үй-бүлөсү менен кошо тирилтип, ишеними, чыдамкайлыгы үчүн сыйлык берет. Силер да ошол заманды көрөсүңөрбү? Эгер Ыбрайымга окшоп, Кудайдын Падышалыгы үчүн көп нерседен кечкенге даяр болсоңор, кыйынчылыктарга карабай ишенимиңерден тайбасаңар жана чыдамкай болуп, Жахабанын өз убадаларын аткара турган убактысын күтө билсеңер, сөзсүз көрөсүңөр! (Окугула: Микей 7:7.)

74-ЫР: Падышалык ырын коштогула!

^ 5-абз. Кудайдын убадалары аткарыла турган күндү күтүп жатып чыдамыбыз кетиши мүмкүн. Атүгүл ишенимибиз да солгундап калышы ыктымал. Буга байланыштуу Ыбрайым пайгамбардан эмнени үйрөнсөк болот? Андан үйрөнгөн нерселерибиз Жахабанын убадаларынын аткарылышын күтүп, чыдамдуу болгонго кандайча жардам берет? Жахабанын биздин күндөрдөгү айрым кызматчылары кандай үлгү көрсөтүшкөн?

^ 14-абз. Аристотелис Апостолидистин өмүр баяны 2002-жылдын 1-февралындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 24—28-беттеринде жазылган.

^ 56-абз. СҮРӨТ. Кыйынчылыктарына карабай, улгайган жубайлар Жахабага мурункудай эле ишенимдүү кызмат кылып жатышат. Жахабанын убадаларына көңүл топтогондуктан алардын ишеними дагы деле күчтүү.