Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

35-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жыйналыштагы ар бир кишинин ордун сыйлагыла

Жыйналыштагы ар бир кишинин ордун сыйлагыла

«Көз колго: „Сенин мага керегиң жок“,— деп айта албайт же баш бутка: „Сенин мага керегиң жок“,— дей албайт» (1 КОР. 12:21).

124-ЫР: Берилгендик көрсөтөбүз

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахаба ар бир ишенимдүү кызматчысына эмне берген?

ЖАХАБА сүйүүсүнөн улам ар бир ишенимдүү кызматчысына жыйналышында орун берген. Аткарган ролубуз ар кандай болсо да, ар бирибиз баалуубуз жана бири-бирибизге абдан керекпиз. Мунун калетсиздигин түшүнгөнгө элчи Пабылдын айткандары жардам берет.

2. Эфестиктер 4:16га ылайык, эмне үчүн бири-бирибизди баалап, эриш-аркак кызматташышыбыз керек?

2 Макала негизделген аятта Пабыл баса белгилегендей, биз Жахабанын башка кызматчысына: «Сенин мага керегиң жок»,— дегендей мамиле кылбашыбыз керек (1 Кор. 12:21). Жыйналышта бейкуттук өкүм сүрүшүн кааласак, бири-бирибизди баалап, эриш-аркак кызматташышыбыз керек. (Окугула: Эфестиктер 4:16.) Бирдиктүү иш кылсак, арабызда сүйүү болот, жыйналыш да бекем болот.

3. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

3 Кудайдын кызматчыларына кантип урмат-сый көрсөтө алабыз? Адегенде жыйналыштагы аксакалдар бири-бирин кантип урматтай аларына токтолобуз. Андан соң бой жүргөн ишенимдештерибизди баалай турганыбызды баарыбыз кантип көрсөтсөк болорун карап чыгабыз. Акырында биздин тилибизди үйрөнүп жаткандарды сыйлаарыбыз эмнеден көрүнөрүн талкуулайбыз.

БАШКА АКСАКАЛДАРДЫ УРМАТТАГЫЛА

4. Аксакалдар элчи Пабылдын кайсы кеңешине ылайык иш кылышы керек?

4 Жыйналыштагы аксакалдын ар бири Жахабанын ыйык рухунун жетеги менен дайындалган. Бирок алардын шык-жөндөмү ар түрдүү (1 Кор. 12:17, 18). Айрымдары жакында эле дайындалып, жакшы такшала элек болсо, башкалары карылыктын, начар ден соолуктун айынан өздөрү каалагандай кызмат кыла алышпайт. Ошентсе да бир да аксакал башкасына, мындайча айтканда: «Сенин мага керегиң жок»,— дебеши керек. Андан көрө, элчи Пабылдын Римдиктер 12:10догу кеңешине ылайык иш кылышы зарыл. (Аятты окугула.)

Сөзгө конок берип, бири-бирин сыйлаарын көрсөтүп жаткан аксакалдар (5, 6-абзацтарды карагыла)

5. Аксакалдар бири-бирине кантип урмат-сый көрсөтө алат жана бул эмне үчүн маанилүү?

5 Аксакалдар бири-бирине кантип урмат-сый көрсөтө алат? Мунун бир жолу — бири-бирин дит коюп угуу. Бул айрыкча орчундуу маселелерди талкуулаганда маанилүү. Эмне үчүн? «Күзөт мунарасынын» 1988-жылдын 1-октябрындагы санында буга байланыштуу эмне делгенине көңүл бурсаңар. Ал жакта мындай делет: «Аксакалдар көйгөйдү чечүүгө же маанилүү бир чечим чыгарууга керектүү Ыйык Китептеги принципти тапканга Машаяк ыйык рух аркылуу аксакалдар кеңешиндеги кайсы аксакалга болбосун түрткү берип коё аларын түшүнөт (Элч. 15:6—15). Ыйык рух аксакалдар кеңешиндеги бир эле аксакалга таасир этпейт».

6. Аксакалдар канткенде биримдикте кызматташа алышат жана мунун жыйналышка тийгизген пайдасы кандай?

6 Башка аксакалдарды сыйлаган аксакал дайыма биринчи болуп сөз баштаганга ашыкпайт. Талкуу учурунда үстөмдүк кылбайт, өзүнүкүн эле туура деп эсептебейт. Анын ордуна, момун болуп, оюн сылык-сыпаа билдирет. Сөзгө конок берип, башкаларды кунт коюп угат. Андан да маанилүүсү, Ыйык Жазмадагы принциптерди талкуулаганга, «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» кеңешине кулак какканга дилгир болот (Мт. 24:45—47). Аксакалдар чогулганда бири-бирине жылуу-жумшак мамиле кылып, бири-бирин кадыр тутушса, Кудайдын руху таасир этип, жыйналыштын бекем болушуна шарт түзгөн чечимдерди чыгарышат (Жкп. 3:17, 18).

ЖАЛГЫЗ БОЙ ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗДИ АРДАКТАЙЛЫ

7. Иса Машаяктын бойдоктукка карата көз карашы кандай болгон?

7 Кудайдын элинин арасында түгөйлөр да, бала-чакалуулар да бар. Бирок бойдок ишенимдештерибиз да аз эмес. Аларга кандай карашыбыз керек? Иса Машаяктын бойдоктукка карата көз карашын карап көрөлү. Жерде жүргөндө ал үйлөнгөн эмес. Бүт убактысын, көңүлүн кызматына арнаган. Ал Кудайдын кызматчыларынын турмуш курушу же бой жүрүшү талап деп эч качан окуткан эмес. Анткен менен айрымдардын турмуш курбай эле коюуну туура көрөрүн айткан (Мт. 19:11, 12). Иса бойдок жүргөндөрдү сыйлаган. Аларды башкалардан кем адамдардай же бир нерседен куру калып жаткандардай көргөн эмес.

8. 1 Корунттуктар 7:7—9-аяттарга ылайык, элчи Пабыл Исанын жолдоочуларын эмне кылганга түрткү берген?

8 Исанын жолун жолдоп жүргөн кезинде элчи Пабыл да Исадай болуп бойдок болгон. Ошентсе да Исанын жолдоочусунун турмуш курганы туура эмес деп эч качан окуткан эмес. Себеби бул ар кимдин өз эрки экенин билген. Анткен менен Исанын жолдоочуларын бойдок калып, Жахабага кызмат кыла алар-албасын ойлонуп көргөнгө үндөгөн. (Окугула: 1 Корунттуктар 7:7—9.) Ооба, анын бойдокторду баркы жок бирөөлөрдөй көрбөгөнү шексиз. Ал атүгүл Тиметейди жаш, бойдок болсо да, олуттуу кызматка тандаган * (Флп. 2:19—22). Демек, жыйналыштагы эркектерди үй-бүлөлүү же бойдок болгону үчүн эле кайсы бир кызматка жарактуу же жараксыз деп эсептөө туура эмес экени айдан ачык (1 Кор. 7:32—35, 38).

9. Нике жана бойдоктук тууралуу эмне айтууга болот?

9 Ооба, Иса да, Пабыл да Кудайдын кызматчылары үйлөнүшү керек же бойдок калышы керек деп окутушкан эмес. Анда биз бул тууралуу эмне дей алабыз? 2012-жылдын «Күзөт мунарасынын» 1-октябрындагы санында бул жөнүндө жакшы айтылган: «[Экөөнү тең] никени да, бойдоктукту да Кудай берген белек деп айтууга болот. Бойдок калгандарды Жахаба Кудай бактысыз, уятка калган адамдар деп эсептебейт». Ушуну эске алып бой жүргөн ишенимдештерибиздин жыйналыштагы ордун кадырлашыбыз керек.

Бойдок ишенимдештерибизди урматтасак, эмне кылбайбыз? (10-абзацты карагыла)

10. Канткенде бойдокторду сыйлай алабыз?

10 Канткенде андай бир туугандарыбыздын сезимин эске алып, сыйлай алабыз? Алардын бой жүргөнүнө ар кандай себептер бар экенин унутпашыбыз керек. Мисалы, айрымдар өздөрү каалагандыктан бойдок жүрүшөт. Башкалары үй-бүлө кургусу келип, бирок ылайыктуу жар таба албай жүрүшү мүмкүн. Дагы бирөөлөрүнүн өмүрлүк жары каза болуп калган. Кандай болбосун, алардан: «Эмне үчүн дагы деле турмуш курбай жүрөсүң?» — деп сураганыбыз же: «Бирөө менен тааныштырайынбы?» — дегенибиз туура болобу? Айрымдардын бул жагынан жардам сурашы мүмкүн экени чын. Ал эми сурабасачы? Анда ушул сыяктуу нерселерди айтканыбыз аларга кандай тиет? (1 Тес. 4:11; 1 Тим. 5:13). Келгиле анда, Кудайга берилип кызмат кылып келаткан бойдок ишенимдештерибиздин эмне деп айтканына көңүл буралы.

11, 12. Канткенде бойдоктордун көңүлүнө катуу тийип алышыбыз мүмкүн?

11 Кызматын натыйжалуу аткарган бир райондук көзөмөлчү бойдок болгондун көп жакшы жактары бар экенин байкаган. Бирок кээ бир ишенимдештеринин жаман ою жок эле: «Эмнеге үйлөнбөй жүрөсүң?» — дегени көңүлгө катуу тиерин айткан. Ал эми филиалда кызмат кылган дагы бир бойдок байке: «Кээде бир туугандарыбыздын айрымдары бойдокторду бир байкуштай көрүп, боору ооруй берерин байкагам. Ушундан улам бойдоктук белек эмей эле, жүктөй сезилип калат»,— деп ой бөлүшөт.

12 Бейтелде кызмат кылган бир кыз мындай дейт: «Бойдоктордун баары эле жар издеп жүрөт же эл чогулган жерге барса эле, бирөөнү караштырып жүрөт деп ойлогон жарчылар бар. Бир жолу Бейтелдин иши менен башка шаарга барып калып, кечинде болгон жыйналышка туш келип калдым. Мени үйүнө түнөгөнгө чакырган эже жыйналышында мен курактуу эки жигит бар экенин айтып калды. Бирок: „Сага түгөй таап бергени жатат деп ойлоп калба“,— деген болчу. Анан эле Падышалык залына киргенибизде мени так ошол эки жигиттин жанына ээрчитип барып беттештирип койсо болобу! Ошондо үчөөбүз тең аябай оңтойсуз болдук».

13. Турмушка чыга элек бир кызга кимдердин үлгүсү таасир эткен?

13 Бейтелде кызмат кылган дагы бир кыз мындай деген: «Мен Жахабага көп жыл бою кызмат кылып келаткан, акылдуу, так-айкын максаттары бар, өз жанын аябаган, жыйналыш үчүн көп жакшы иштерди кылган бактылуу бойдок пионерлерди билем. Алар бойдоктугуна тең салмактуу карашат. Бойдокмун деп бой көтөрүшпөйт, ошол эле учурда өмүрлүк жарым, балдарым жок деп басырынышпайт». Ооба, ар бир киши өзүн керектүү, кадырлуу сезгендиктен, жыйналышка таандык болуу баарыбызга аябай жагымдуу. Эч ким сени байкуштай көрбөйт, көз да артпайт, көзгө илбей да койбойт, көкөлөтүп да жибербейт. Сени баары жакшы көрөт.

14. Бой жүргөн ишенимдештерибизди урматтаарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

14 Бой жүргөн ишенимдештерибиз башкалардын аларды жакшы сапаттары үчүн баалашын каалашат. Аларга бойдоксуң деп боор ачыгандын ордуна, Кудайга ишенимдүү кызмат кылып келатканы үчүн баалаганыбыз туура. Ошондо аларга: «Сенин мага керегиң жок»,— деп айтып жаткандагыдай туюлбайт (1 Кор. 12:21). Кайра, өздөрүн жана жыйналыштагы ордун кадырлап-барктаарыбызды сезишет.

ТИЛ ҮЙРӨНҮП ЖАТКАНДАРДЫ УРМАТТАГЫЛА

15. Көбүрөөк кызмат кылыш үчүн айрымдар эмне кылышкан?

15 Акыркы жылдары көптөгөн жарчылар көбүрөөк кызмат кылыш үчүн башка тилди үйрөнгөнгө аракет кылып жатышат. Ан үчүн аларга жашоосунда көп нерсени өзгөрткөнгө туура келет. Мисалы, алар Падышалыктын жарчыларына көбүрөөк муктаж болгон жыйналыштарга жардам бериш үчүн өз эне тилиндеги жыйналыштан башка тилдеги жыйналышка которулушат (Элч. 16:9). Падышалыктын ишин алдыга жылдырыш үчүн ал бир туугандарыбыз муну өз эрки менен кылышат. Тилди жакшы өздөштүрүп кетиш үчүн көп жыл талап кылынса да, алардын жыйналышка кошкон салымы чоң. Жакшы сапаттары менен бай тажрыйбасы айкалышкан андай ишенимдештерибиз жыйналыштагыларга канат-бутак болуп келишет. Көп нерседен кечкен андай бир туугандарыбызды кандай гана баалайбыз!

16. Ага-инилерибиздин аксакал же кызмат жардамчысы катары дайындалышы эмненин негизинде чечилиши керек?

16 Аксакалдар кеңеши тил үйрөнүп жаткан ага-инилерибизди жакшы сүйлөй албаганы үчүн эле аксакал же кызмат жардамчысы болгонго сунуштабай койбошу керек. Алардын ага тилди канчалык жакшы өздөштүргөнүнө эмес, аксакалдарга жана кызмат жардамчыларына коюлган Ыйык Жазмадагы талаптарга канчалык жооп берерине карап баа бергени туура (1 Тим. 3:1—10, 12, 13; Тит 1:5—9).

17. Башка өлкөгө көчүп баргандар эмне жөнүндө ойлонуп көрүшү керек?

17 Кудай жолундагы кээ бир үй-бүлөлөр мекениндеги абал өтө начар болгондуктан же жумушсуздуктун айынан башка өлкөгө көчүп барышат. Андайда балдарына көчүп барган өлкөнүн тилиндеги мектепте окуганга туура келет. Ата-энеси да жумуш табыш үчүн тил үйрөнүшү керек болот. Ал эми көчүп барган жагында эне тилиндеги жыйналыш же топ бар болсочу? Алар кайсы жыйналышка барышы керек? Жергиликтүү тилдегиби же өз эне тилиндегиби?

18. Галатиялыктар 6:5ке ылайык, үй-бүлө башчысынын чечимин эмне үчүн сыйлашыбыз керек?

18 Кайсы жыйналышка барарын үй-бүлө башчысы чечиши керек. Бул жеке чечим болгондуктан, ал биринчи кезекте үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгын ойлошу керек. (Окугула: Галатиялыктар 6:5.) Биз анын чечимин сыйлашыбыз кажет. Андыктан үй-бүлө башчысы кандай чечим чыгарбасын, үй-бүлөсүн жыйналышыбызга жылуу кабыл алалы (Рим. 15:7).

19. Үй-бүлө башчысы эмне тууралуу ойлонушу жана тилениши керек?

19 Дагы бир жагдайга токтололу. Башка жакка көчүп кеткендердин кээ бирлери өз эне тилиндеги жыйналышта кызмат кылышат, бирок балдары ал тилди жакшы билбей калышат. Эгер жыйналышы өлкөнүн негизги тили колдонулган аймакта жайгашса, балдары жыйналышта айтылгандарды жакшы түшүнө албай, рухий жактан өспөй калышат. Эмне үчүн? Анткени балдар ата-энесинин тилиндеги эмес, көчүп барган өлкөнүн тилиндеги мектепте окушат. Андайда үй-бүлө башчысы балдарынын Кудай менен ынак мамиле түзүшүнө, анын эли менен бат аралашып кетишине эмне көбүрөөк шарт түзөрүн аңдай билиши үчүн Кудайдан акыл тилеши керек. Алар же балдарына эне тилин үйрөтүшү керек болот, же балдары жакшы түшүнгөн жыйналышка которулушу керек болот. Үй-бүлө башчысы кандай чечим чыгарбасын, ал тандаган жыйналыштагылар аны жана үй-бүлөсүн урматтап-сыйлашы, баалашы керек.

Жаңы тил үйрөнүп жаткандарды баалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз? (20-абзацты карагыла)

20. Жаңы тилди үйрөнүп жаткандарды сыйлаарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

20 Жогоруда талкууланган себептерден улам көптөгөн жыйналыштарда жаңы тил үйрөнгөнгө далалат кылып жаткан бир туугандарыбыз бар. Алар өз оюн эркин билдире албай кыйналышы мүмкүн. Ошентсе да, алардын тил үйрөнүү жөндөмүнө эмес, Жахабаны канчалык жакшы көрөрүнө, кызмат кылганга канчалык ынтызар экенине көңүл топтогонубуз маанилүү. Эгер ушундай жакшы жактарын көрө билсек, аларды терең урматтайбыз, жогору баалайбыз. Биздин тилде жакшы сүйлөй албаганы үчүн эле: «Сенин мага керегиң жок»,— дегендей кылбайбыз.

ЖАХАБА ҮЧҮН БААЛУУБУЗ

21, 22. Бизге кандай сыймык ыйгарылган?

21 Жахаба бизге зор сыймык ыйгарган: ар бирибизге жыйналышынан орун берген. Аялбызбы, эркекпизби, бойдокпузбу, үй-бүлөлүүбүзбү, жашпызбы, карыбызбы, кайсы бир тилде эркин сүйлөйбүзбү же жокпу, Жахаба үчүн да, бири-бирибиз үчүн да баалуубуз (Рим. 12:4, 5; Кол. 3:10, 11).

22 Келгиле, мындан ары да элчи Пабылдын адамдын денеси жөнүндөгү мисалында камтылган насаатка ылайык иш кыла берели. Ошентсек, өзүбүздүн да, башкалардын да Жахабанын жыйналышындагы ордун көбүрөөк баалайбыз.

90-ЫР: Бири-бирибизди бекемдейли

^ 5-абз. Жахабанын эли ар кандай адамдардан чогулган жана ар биринин жыйналышта өз ролу бар. Бул макаладан Жахабанын үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсүн кадырлап-сыйлаганыбыз эмне үчүн маанилүү экенин билебиз.

^ 8-абз. Тиметейди эч качан үйлөнгөн эмес деп так айта албайбыз.