Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

39-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабанын жолундагы аялзатына арка-тирек болгула

Жахабанын жолундагы аялзатына арка-тирек болгула

«Жакшы кабар айткан аялдар чоң кошуунду түзөт» (ЗАБ. 68:11).

137-ЫР: Жахабаны даңктаган аялзаты

БУЛ МАКАЛАДА *

Жыйналышка, кабар айтуу ишине, Падышалык залын оңдоп-түзөө иштерине жигердүү катышкан жана жыйналыштагыларга көңүл бөлүп турган мээнеткеч, ынталуу аялзаты (1-абзацты карагыла)

1. Аялзаты уюмду кантип колдошот жана көбүнүн кандай кыйынчылыктары бар? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

БИЗ жыйналыштарыбызда мээнети катуу аялзатынын көп болгонуна кандай гана ыраазыбыз! Алар кылып жаткан нерселер жөнүндө айта турган болсок, жыйналыштарга келип, жигердүү катышышат, жакшы кабар таратып, башкаларды окутушат. Айрымдары Падышалык залдарын оңдоп-түзөө иштерине кол кабыш кылышат. Ишенимдештеринен да жылуу сөзүн, жардамын аяшпайт. Алардын өз башында турган кыйынчылыктары да бар. Кээ бирлери карып калган ата-энесин багышат. Башкаларынын үйүндөгүлөрү Жахабага сыйынышына каршы. Кара жанын карч уруп иштеп, балдарын жалгыз чоңойтуп жаткандар да бар.

2. Аялзатын эмне үчүн жөлөп-таяп турушубуз керек?

2 Аялзатын эмне үчүн жөлөп-таяп турушубуз керек? Анткени азыркы заманда көптөр алардын кадырын билбейт. Анын үстүнө, Ыйык Китеп да бизди ушуга үндөйт. Мисалы, элчи Пабыл Рим шаарындагы жыйналыштагыларды Фибини кучак жайып тосуп алып, «бардык жагынан жардам бергенге» үндөгөн (Рим. 16:1, 2). Мурун фарисей болгондуктан Пабыл аялды киши катары көрбөгөндөрдүн чөйрөсүндө калыптанган. Ал эми Исанын жолун жолдогондон тартып андан үлгү алып, аялзатын сый тутуп, жылуу-жумшак мамиле кылып калган (1 Кор. 11:1).

3. Иса аял кишилерге кандай мамиле кылган? Ал эми Атасынын эркин аткаргандарына кандай караган?

3 Иса аял кишилерге ардактап мамиле кылган (Жкн. 4:27). Аларга ошол учурдагы диний жетекчилердей караган эмес. Ыйык Китепти түшүндүргөн бир эмгекте мындай делген: «Иса эч качан аялдардын кадырын түшүрүп, басмырлаган эмес». Ал эми Атасынын эркин аткаргандарын бөтөнчө сыйлаган. Аларды эже-карындаштарындай көрүп, эркектер менен катар эле рухий үй-бүлөсүнүн мүчөсүндөй көргөн (Мт. 12:50).

4. Бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?

4 Иса рухий эже-карындаштарына жардам бергенге куштар болчу. Аларды баалап-барктаган, таламын талашып коргогон. Эмесе, канткенде арабыздагы аялзатына Исага окшоп мамиле кыла аларыбызга токтололу.

АЛТЫНДАЙ АЯЛЗАТЫНАН КӨҢҮЛ АЯБАЙЛЫ

5. Айрымдар эмнеден улам көңүлдөн өксүп калышат?

5 Баарыбыз — эркектер да, аялдар да — көңүлгө, чер жазыша сүйлөшкөнгө муктажбыз. Бирок кээде аялзаты ушундан өксүп калат. Айрымдарынын айткандарына көңүл бурсаңар. Жордина *: «Жалгыз бой болгондуктан өзүмдү жыйналыштан ордумду таппай, эч жерге батпай жаткандай сезген учурларым көп болот»,— дейт. Көбүрөөк кызмат кылыш үчүн башка жакка көчүп барган Кристина деген пионер болсо: «Жаңы жыйналышка которулганда жалгызсырайт экенсиң»,— дейт. Ал эми Жахаба Кудайга сыйынганын жактырбаган үй-бүлөдө жашагандар же үй-бүлөсү менен камыр-жумур боло албай, же жыйналыштагыларга жакшы аралаша албай кыйналышат. Ден соолугунун айынан үйүнөн чыга албагандар да, үйүндө ооруп жаткан жакынын карагандар да жалгызсырап, көңүлгө муктаж болушат. Мисалы Анита: «Апамды караганга менден башка киши жок болгондуктан чакырган жерге бара алчу эмесмин»,— дейт.

Исадай болуп, Кудайга берилген аялзатынын камын ойлойлу (6—9-абзацтарды карагыла) *

6. Лука 10:38—42-аяттарга ылайык, Иса Мариям менен Мартага кантип жардам берген?

6 Иса аялзатына убакыт бөлгөн. Аларга чыныгы дос болуп берген. Анын, сыягы, жалгыз бой болгон Мариям жана Марта менен дос болгону өзгөчө көңүлгө аларлык. (Окугула: Лука 10:38—42.) Иса жакшы сүйлөп, жакшы мамиле кылгандыктан алар корунбай өздөрүн эркин сезишкен. Алсак, Мариям шакирти сыңары бут алдына отуруп алып акыл-насаатын уккандан тартынган эмес *. Марта болсо Мариямдын кол кабыш кылбаганына нааразы экенин ага айбыкпай эле айткан. Иса кадимки күнүмдүк турмуштагы ошол жагдайда экөөнө тең акыл-насаатын айткан. Ал алардын жана бир тууганы Лазардын ал-жайын билип туруш үчүн үйүнө көп бара турган (Жкн. 12:1—3). Ошондуктан Лазар оорудан баш көтөрө албай калганда, Мариям менен Мартанын шак эле Исага билдирип, жардам сураганы таң калыштуу эмес (Жкн. 11:3, 5).

7. Жыйналыштагы аялзатына дем-күч берүүнүн бир жолу кайсы?

7 Айрым апаларыбыз менен кыз-келиндерибиз ишенимдештери менен көбүнчө жыйналыштан гана көрүшүшөт. Ошондуктан андай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, аларга көңүл бөлүп, сүйлөшүп, канчалык жакшы көрөрүбүздү билдиргибиз келет. Буга чейин сөз кылынган Жордина мындай дейт: «Кимдир бирөө жооп бергенимди байкап мактаганда, кызматташканга чакырганда же дагы башка ушу сыяктуу нерселерди кылып көңүл бурганда кадимкидей канат байлап калам». Ооба, жыйналыштагы аялзаты аларды баалап-барктаарыбызды сезгидей болушу керек. «Жыйналышка барбай калсам, бирөө жарым ал-жайымды сурап сөзсүз чалат же жазып жиберет. Ошондо мени ойлогондор бар экен деп сүйүнүп калам»,— дейт Киа.

8. Исадан дагы кайсы жактардан үлгү алсак болот?

8 Исага окшоп, биз да жыйналыштагы апаларга, эже-карындаштарыбызга көңүл буруп, сүйлөшүп турганга убакыт бөлсөк болот. Аларды чайга же чогуу эс алганга чакырып туралы. Андайда жарпын жазып, дем-күч бергенге аракет кылышыбыз керек (Рим. 1:11, 12). Аксакалдар да Исаныкындай көз карашта болушу зарыл. Ал айрымдар үчүн жалгыз болгон оңой эмес экенин түшүнгөн, ошол эле учурда чындап бактылуу болуш үчүн адам сөзсүз эле турмуш курушу же балалуу болушу керек эмес экенин да айкын көрсөткөн (Лк. 11:27, 28). Ооба, Жахабага сыйынууну жашообузда башкы орунга койгондо гана чындап бактылуу болобуз (Мт. 19:12).

9. Аксакалдар жыйналыштагы эже-карындаштарга кантип жардам бере алышат?

9 Өзгөчө аксакалдар жыйналыштагы аял кишилерге эже-карындаштарындай, энелериндей мамиле кылышы керек (1 Тим. 5:1, 2). Алар менен жыйналышка чейин же андан кийин пикирлешип турганы жакшы. «Бир аксакал менин эч нерсеге жетишпей чуркап эле жүргөнүмдү байкап, иштеримди сурап көңүл бурган,— дейт Кристина.— Мага ошентип күйүп-бышканына аябай ыраазы болдум». Аксакалдар жыйналыштагы аялзатына дайыма көңүл бөлүп турса, алардын жыргалчылыгын ойлой турганын көрсөтүшөт *. Анита аксакалдар менен тез-тез сүйлөшүп тургандын жакшы экенин айтып мындай дейт: «Мунун аркасында аларды жакшы билип калат экенсиң. Алар да сени жакшы билип калат. Ошондуктан кыйынчылыктарга кабылганда жардам сурап ээн-эркин кайрыла аласың».

БААЛАЙЛЫ

10. Жыйналыштагы аялзатына кантип кубаныч тартууласак болот?

10 Эркекпизби, аялбызбы, башкалар жакшы жактарыбызды байкап, кылгандарыбызды баалай турганын айтканда көңүлүбүз эргип калат. Ал эми эч ким этибарга албаса, тескерисинче, шаабайыбыз сууп калат. Пионер болуп кызмат кылган турмушка чыга элек Абигейил кээде башкалар аны көзгө илбей коёрун кеп кылып мындай дейт: «Кээде жөн эле баланчанын кызы, түкүнчөнүн эжеси эле болуп каласың. Ошон үчүн өзүмдү санда жок кишидей сезип кетем». Пэм деген ишенимдешибиздин айткандарына да көңүл бурсаңар. Ал көп жыл бою миссионер болуп кызмат кылган, турмушка чыккан эмес. Кийин ата-энесин караш үчүн өз өлкөсүнө кайтып барган. Учурда жетимиштен ашып калса да, дагы деле пионер. Ал: «Мага баарынан да башкалардын эмгегимди баалай турганын айтышканы күчүмө күч, демиме дем кошот»,— дейт.

11. Кызматта аны коштоп жүргөн аялдарды баалаарын Иса кантип көрсөткөн?

11 Иса «өздөрүнүн каражатын... [ага] кызмат кылууга жумшаган» Кудайга берилген аялдарга абдан ыраазы болгон (Лк. 8:1—3). Аны ошентип колдогонго жардам бергенге мүмкүнчүлүк берип эле койбой, аларга мааниси терең нерселерди түшүндүрүп берген. Мисалы, өзүнүн өлүмгө буйрулуп, кайра тирилерин айткан (Лк. 24:5—8). Элчилериндей эле, аларды да алдыдагы мүшкүл күнгө даярдаган (Мр. 9:30—32; 10:32—34). Аны кас-душман кармап кеткенде элчилери качып кетишсе да, аялдар качып кетпей, жаза устунунда жаны сыздап илинип турган Мырзасын карап турушкан (Мт. 26:56; Мр. 15:40, 41).

12. Иса аялдарга кантип ишеним арткан?

12 Иса аялдарга маанилүү иштерди да ишенип тапшырган. Алсак, тирилгенинде адегенде эле аялдарга көрүнгөн. Анан аларды элчилерге сүйүнчүлөп барганга жиберген (Мт. 28:5, 9, 10). Б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамында ыйык рух төгүлгөндөрдүн арасында аялдар да болсо керек. Эгер ошондой болсо, майланган ал аялдар керемет жолу менен башка тилдерде сүйлөп, «Кудайдын улуу иштери жөнүндө айта» башташкан (Элч. 1:14; 2:2—4, 11).

13. Апаларыбыз, эжелерибиз, кыз-келиндерибиз Жахабанын жолунда кандай эмгек кылышат жана аларды баалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

13 Апаларыбыз, эжелерибиз, кыз-келиндерибиз Жахабанын жолунда күжүрмөн эмгектенип жатканы үчүн алкышыбызга татыктуу. Алар уюмга таандык имараттарды курганга, оңдоп-түзөгөнгө көмөк кылышат, башка тилдеги топторду колдошот, Бейтелде кызмат кылышат, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам беришет, адабияттарыбызды которушат, пионер, миссионер катары кызмат кылышат. Уюмдагы эркектердей эле, Пионердик мектептен, Падышалыктын жарчыларынын жана Гилат мектебинен билим алышат. Андан тышкары, зайыптар жыйналыштагы, уюмдагы көптөгөн иштер тапшырылган күйөөлөрүнүн оор жүгүн жеңилдетишет. Антип колдошпосо, чоң жоопкерчилик артылган эркектер «адам түрүндөгү белек» катары толук кандуу кызмат кыла алышмак эмес (Эф. 4:8). Ушундай мээнеткеч аялзатын кантип колдой алабыз?

14. Забур 68:11де аялзаты жөнүндө эмне делет жана акыл-эстүү аксакалдар эмне кылышат?

14 Акыл-эстүү, кеменгер аксакалдар жыйналыштагы аялзаты эмгекти сүйгөн «чоң кошуунду түзөрүн» жана көбүнчө жакшы кабардын чебер жарчылары так ошол аялзаты экенин жакшы түшүнүшөт. (Окугула: Забур 68:11.) Ошондуктан аксакалдар алардын бай тажрыйбасынан үйрөнгөнгө дилгир болушат. Абигейил жыйналыштагы ага-инилерибиз кабар айтканда кантип сөз баштаса жакшы болорун сурап калышканда кудуңдап сүйүнүп каларын айткан. Ал: «Ошондо Жахабанын уюмунда баалуу ордум бар экенин сезем»,— деп кошумчалайт. Мындан тышкары, аксакалдар жыйналыштагы Жахабага берилген акылы жетик улуураак эжелердин кыз-келиндерге кыйынчылыктары менен күрөшкөнгө жакшы жардам бере аларын танышпайт (Тит 2:3—5). Ооба, Жахаба Кудайдын жолундагы аялдар сый-урматыбызга арзый тургандыгы талашсыз!

КОЛДОП-КОРГОЙЛУ

15. Эже-карындаштарыбыз кайсы жактардан колдоп-коргогонго муктаж болушат?

15 Өзгөчө бир кыйынчылыкка кабылганда эже-карындаштарыбыз кимдир бирөөнүн аларды колдоп-коргошуна муктаж болушат (Ыш. 1:17). Маселен, жесир калган же ажырашып кеткен ишенимдешибиздин таламын талашыш керек болуп калат же мурун күйөөсү кылып жүргөн башка нерселерди кылып жардам көрсөтүш керек болуп калат. Апаларыбызга болсо доктурлар менен сүйлөшкөндө көмөк керек болот. Же кээде уюмубуздун долбоорлоруна катышкан пионер эже-карындаштарыбыз башка пионерлердей болуп кызматка көп чыкпаганы үчүн сынга алынышы мүмкүн. Андайда аларга болушуш керек болуп калат. Жыйналыштардагы аялзатын дагы кантип колдоп-коргой алабыз? Келгиле, кайра эле Исанын үлгүсүнө кайрылалы.

16. Марк 14:3—9-аяттарда айтылгандай, Иса Мариямга кантип болушкан?

16 Башкалар аялдарды туура эмес түшүнүп алганда, Иса аларга болуша турган. Мисалы, Марта Мариямга нааразы болгондо, ал Мариямды коргогон (Лк. 10:38—42). Бир жолу Мариямга кылган иши үчүн туш тараптан сын жааганда Иса кайра эле аны колдоп-коргогон. (Окугула: Марк 14:3—9.) Ал Мариямдын ниетин билген жана кылган ишин мактап: «Бул мен үчүн жакшы иш кылды... Бул аял колунан келгенди кылды»,— деген. Атүгүл: «Жакшы кабар дүйнөнүн кайсы гана жеринде таратылбасын, бул аялды да эстеп, кылган иши жөнүндө айтышат»,— деп пайгамбарлык сөзүн айткан. Бул макала муну тастыктап турат. Кызыктуусу, Иса жакшы кабардын дүйнөнүн чар тарабына тарай турганын ошол аялдын жакшылыгы менен бирге айткан. Ошондогу жылуу сөздөрү жеме уккан Мариямга майдай эле жакса керек.

17. Жахабанын жолундагы аялдарга кантип болушсак болот?

17 Силер да керек учурда Жахабанын жолундагы аялдарга болушасыңарбы? Мындай жагдайды элестетип көрсөңөр. Айрым жарчылар жолдошу Жахабанын Күбөсү эмес бир келиндин жыйналышка кечигип келип, бүтөр замат үйүнө кетип каларын байкашат. Балдарын бирде алып келсе, бирде алып келбегенин да көрүшөт. Ошондуктан чечкиндүү болуп өз көз карашын коркпой жактай билбейби деп айыпташат. Бирок, чын-чынында, ал келин колунан келгендин баарын кылат. Анын өзүнүн убактысына өзү ээ эмес экенин, балдарына да өзү туура көргөндөй тарбия бергенге колу байлануу экенин эске алыш керек. Ушундайда силер эмне кылсаңар болот? Эгер башкаларга анын жакшы иштерин кеп кылып мактасаңар, сын сөзгө бөгөт коёсуңар.

18. Жыйналыштагы аялзатына дагы кантип жардам берсек болот?

18 Аялзатына колуна кол, бутуна бут болуп, иш жүзүндө да жардам берсек болот (1 Жкн. 3:18). Оорукчан апасын баккан Анита мындай дейт: «Досторум келип апамды карап берип турушчу. Ал ортодо иштеримди бүтүрүп алчумун. Же тамак алып келип беришчү. Ошондо алардын мени жакшы көрөрүн, жыйналышка керек экенимди сезип, жүрөгүм жылый түшчү». Жордина да жардамсыз калган эмес. Жыйналыштагы бир байке машинемдин тияк-биягын караганды үйрөтүп койгон. «Ишенимдештериң бөөдө кырсыктан алыс болсо экен деп камыңды ойлоп жатса кубанбай койбойсуң»,— дейт ал.

19. Аксакалдар дагы кантип жардам берсе болот?

19 Аксакалдар да колдон келген жардамын аяшпайт. Анткени Жахабанын аялзатына кандай мамиле жасалып жатканына кайдыгер карабасын билишет (Жкп. 1:27). Алар эреже чыгаргандын ордуна, Исадан үлгү алып, зарыл учурларда эже-карындаштарды түшүнө билип, кайрымдуу болгонго умтулушат (Мт. 15:22—28). Аксакалдар жардам бергенге ынтызар болушса, аялзаты Жахабанын жана анын уюмунун камкордугун сезе алышат. Тобунун көзөмөлчүсү Кианын башка үйгө көчүп жатканын укканда шак эле жардам уюштура салган. «Ошентип мени бир топ түйшүктөн арылтышты,— деп эскерет Киа.— Кубаттаган сөздөрүнөн, көрсөткөн жардамынан улам жыйналыштагылар мени баалай турганына жана кыйын кезеңде жалгыз калбай турганыма дагы да ынандым».

КАНАТ-БУТАК БОЛУШУБУЗГА МУКТАЖ

20, 21. Арабыздагы аялзатын асыл тутарыбызды кантип далилдейбиз?

20 Арабызда чоң кошуунду түзгөн мээнеткеч апалардын, эжелердин, кыз-келиндердин баарына канат-бутак болуп беришибиз керек. Исанын үлгүсүнөн билгенибиздей, аларга убакыт бөлүп көңүл бурганга, ал-жайын жакшыраак билгенге умтулсак, жардам берген болобуз. Жахаба Кудайыбызга кылган кызматы үчүн мактап турсак да болот. Ошондой эле зарыл учурларда аларды колдоп-коргошубуз керек.

21 Римдиктерге жазган катынын соңунда элчи Пабыл Исанын жолун жолдогон тогуз аялдын атын атап өткөн (Рим. 16:1, 3, 6, 12, 13, 15). Алар Пабылдын саламын алганда жана жылуу сөзүн укканда кубанычка бөлөнгөнү күмөнсүз. Эмесе келгиле, биз да жыйналыштагы аялзатына арка-бел бололу. Ошондо рухий үй-бүлөбүздө аларды асыл тутарыбызды далилдейбиз!

136-ЫР: Жахаба берген сыйлык

^ 5-абз. Жахабанын жолундагы аялзаты түмөн түйшүк менен алышат. Бул макалада Исадан үлгү алып, аларга кантип арка-жөлөк боло аларыбызды карап чыгабыз. Иса аялзатына көңүл бөлүп, убактысын аяган эмес, аларды баалаган, колдоп-коргогон.

^ 5-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 6-абз. Бир эмгекте: «Шакирттер устаттарынын бут алдына отуруп алып таалим алышчу. Зээндүүлөрү устатчылыкка даярдалчу. Бирок аял кишилерге устат болгонго жол берилчү эмес. Исанын ар бир сөзүнө кулак төшөп бут алдында отурган Мариямды көрсө, жүйүттөрдүн эркектери чалкасынан кетмек болуш керек»,— делген.

^ 9-абз. Аксакалдар жыйналыштагы эже-карындаштарга жардам бергенде сак боло турган нерселер бар. Мисалы, кимдир бирөөгө жалгыз баргандан качышы керек.

^ 65-абз. СҮРӨТ. Аялзатынын камын ойлогон Исадан үлгү алган эркектер: бири машиненин дөңгөлөгүн алмаштырып берип жатат, экинчиси жыйналыштагы бир апанын ал-акыбалын сурап жатат, дагы бири жубайы экөө кызы бар жалгыз бой келиндин үйүнө барып, үй-бүлөлүк сыйынууну өткөрүп жатат.