Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

40-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Өзүңөргө тапшырылганды сактагыла

Өзүңөргө тапшырылганды сактагыла

«Тиметей, өзүңө тапшырылганды сакта» (1 ТИМ. 6:20).

29-ЫР: Атыбызга жараша жашайлы

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. 1 Тиметей 6:20га ылайык, Тиметейге эмне тапшырылган?

АДАТТА абдан баалуу нерсебизди ишеничтүү бирөөгө тапшырабыз. Маселен, акчабыз болсо, банкка сактайбыз. Ошондо бирөө уурдап кетет же жоголуп кетет деп кабатыр болбойбуз. Ошондуктан баалуу нерсени кимдир бирөөгө ишенип тапшыруу дегенди баарыбыз эле жакшы түшүнөбүз.

2 Окугула: 1 Тиметей 6:20. Элчи Пабыл Тиметейге ага баа жеткис кенч — Кудайдын адамзатка карата ой-ниети жөнүндөгү билим — тапшырылганын эсине салган. Тиметейде «жакшы кабар айтуу ишине катышуу» сыймыгы да болгон (2 Тим. 4:2, 5). Пабыл ага ошол нерселерди сакташы керектигин айткан. Тиметейге окшоп бизге да баалуу нерселер тапшырылган. Алар эмнелер? Жахаба тапшырган кенчти эмне үчүн сакташыбыз керек?

БАА ЖЕТКИС ЧЫНДЫКТАР

3, 4. Кудайдын Сөзүндөгү чындыктардын эмне үчүн баасы кымбат?

3 Жахаба бизге баа жеткис чындыктарды ачып берген. Алар анын Сөзүндө, Ыйык Китепте, камтылган. Анда жазылган чындыктардын наркы өтө бийик. Себеби ошол нерселерди билгендин аркасында Жахаба менен жакшы мамиледе боло алабыз жана чыныгы бакыттын даамын тата алабыз. Ал чындыктарды кабыл алып, ошого жараша жашагандар жалган окуулардын, түшүнүктөрдүн торунан бошонуп, жаман иштеринен арыла алышат (1 Кор. 6:9—11).

4 Кудайдын Сөзүндөгү чындыктардын баасы кымбат болгонунун дагы бир себеби бар: Жахаба аларды «туура көз карашта болгон» момун адамдарга гана ыйгарат (Элч. 13:48). Андай кишилер ал чындыктарды Жахаба белгилүү бир адамдардын тобу аркылуу гана жеткирерин түшүнүшөт (Мт. 11:25; 24:45). Биз ал чындыктарды эч качан өз акылыбыз менен түшүнө алмак эмеспиз. Андай билимге эч нерсе тең келбейт (Накыл 3:13, 15).

5. Жахаба бизге дагы эмнени ишенип тапшырган?

5 Жахаба бизге өзү жана ой-ниети жөнүндөгү чындыктарды элге жеткирип, аларды окутуу сыймыгын да тапшырган (Мт. 24:14). Биз жарыялаган кабар абдан маанилүү, анткени адамдарга Жахабанын үй-бүлөсүнө кошулганга жана түбөлүк өмүргө жеткенге жол ачат (1 Тим. 4:16). Кошкон салымыбыз аз болобу, көп болобу, азыркы тапта биз эң эле бир маанилүү ишти колдоп жатабыз (1 Тим. 2:3, 4). Ойлоп көрсөңөр, Кудайдын кызматташтары болгондон өтөр нерсе барбы?! (1 Кор. 3:9)

КӨЗҮҢӨРДҮН КАРЕГИНДЕЙ САКТАГЫЛА

Башкалар чындык жолунан баш тартып кеткенде, Тиметей чындык жолунда бекем болушу керек болгон (6-абзацты карагыла)

6. Кудайдын кызматташтары болуу сыймыгын баалабай калышкандар эмне болгон?

6 Тиметейдин замандаштарынын кээси Кудайдын кызматташтары болуу сыймыгынын баркын билбей калышкан. Мисалы, Димас бул дүйнөнү сүйүп, Пабылдын шериги катары кызмат кылгандан кечкен (2 Тим. 4:10). Пигел менен Эрмоген болсо Пабылдай болуп куугунтук жеп калабыз деп коркуп кызматын токтотуп коюшкан көрүнөт (2 Тим. 1:15). Ал эми Именей, Искендер жана Пилет чындык жолунан четтеп, Жахабага сыйынбай калышкан (1 Тим. 1:19, 20; 2 Тим. 2:16—18). Ушул кишилердин баары кезинде рухий жактан күчтүү болушкан, бирок чындап баалуу болгон нерселердин наркын сактай алышкан эмес.

7. Шайтан бизге каршы кандай амалдарды колдонот?

7 Жахаба берген баа жеткис кенчтин баркын билбей калышыбыз үчүн, Шайтан кандай амал колдонот? Мисалы, көңүл ачууну жана жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуп белгилүү бир баалуулуктарга, көз карашка, жүрүм-турумга үгүттөйт. Ошолордон пайдаланып, бизди Жахабадан тымызын алыстаткысы келет. Кабар айтканыбызды токтотушубуз үчүн башкалардын кысымы, куугунтугу аркылуу коркутат. Ошондой эле чындык жолун таштап кетишибиз үчүн андан четтегендердин жалган окууларына кулак төшөгөнгө азгырат (1 Тим. 6:20, 21).

8. Дэниелдин окуясынан эмнени билдиңер?

8 Эгер сак болбосок, акырындап отуруп чындык жолунан чыгып кетишибиз мүмкүн. Видеооюндарды жата калып ойногон Дэниелди * мисалга алалы. Ал мындай дейт: «Видеооюндарды он жашыман тартып ойной баштагам. Башында эч кандай деле зыяны жок жакшы эле оюндарды ойночумун. Бирок бара-бара сыйкырчылык аралашкан, атышмай, мушташмай оюндарды ойной баштадым». Ошентип жүрүп Дэниел күнүнө 15 сааттай ойноп калган. «Ошондой жаман оюндарга баш-отум менен берилип кетип, Жахабадан алыстап баратканымды түшүнүп эле жаттым. Бирок Ыйык Китепте жазылгандардын мага тиешеси деле жок деп өзүмдү алдай бердим»,— дейт ал. Ооба, көңүл ачуунун астыртан тийгизген таасиринен улам чындык жолунан оңой эле тайып кетишибиз ыктымал. Ошондой болуп калса, анда Жахаба тапшырган баалуу нерселерден айрылып калабыз.

ЧЫНДЫККА КАНТИП БЕК КАРМАНА АЛАБЫЗ?

9. 1 Тиметей 1:18, 19га ылайык, Пабыл Тиметейди эмнеге үндөгөн?

9 Окугула: 1 Тиметей 1:18, 19. Пабыл Тиметейди жоокерге салыштырган (2 Тим. 2:3). Андыктан аны «ийгиликтүү салгылашканга» үндөгөн. Ал кадимки эмес, рухий согушту кеп кылган. Машаяктын жолдоочулары жоокерлерге кайсы жагынан окшош? Машаяктын жоокерлери катары дасыгыш үчүн бизге кандай сапаттар керек? Анда Пабылдын мисалындагы беш нерсени карап чыгалы. Алар бизге чындыкка бек карманганга жардам берет.

10. Кудайга болгон берилгендик деген эмнени билдирет жана аны эмне үчүн өрчүтүшүбүз керек?

10 Кудайга болгон берилгендикти өрчүткүлө. Жакшы жоокер берилгендикти сактайт. Жанындай көргөн адамдарын же баалаган нерселерин коргош үчүн кашык каны калгыча салгылашат. Пабыл Тиметейди Кудайга болгон берилгендикти, тактап айтканда, терең кастарлоону, күчтүү сүйүүнү өрчүткөнгө үндөгөн (1 Тим. 4:7). Анткени Кудайды канчалык сүйсөк, ага канчалык берилсек, чындыкка ошончолук бек кармангыбыз келет (1 Тим. 4:8—10; 6:6).

Бир күн кечке иштеп, чарчап келгенде жыйналышка барыш үчүн өзүбүздү күчкө салышыбыз керек болот. Бирок мунун акыбети кайтпай койбойт! (11-абзацты карагыла)

11. Эмне себептен өзүбүздү башкара билишибиз керек?

11 Өзүңөрдү башкара билгиле. Согушканга дайым даяр туруш үчүн жоокер өзүн башкара билиши керек. Тиметей рухий мааниде так ошондой жоокер болгон. Себеби Пабылдын кеңешине кулак кагып жаман каалоолору менен күрөшкөн, Кудайга жаккан сапаттарды өстүргөнгө умтулган жана ишенимдештерине жакын болгон (2 Тим. 2:22). Ушунун баарына күчтүү эрк талап кылынган. Күнөөкөр табиятыбыздын кумарлары менен күрөшүш үчүн биз да өзүбүздү башкара билишибиз керек (Рим. 7:21—25). Мурунку эски табиятыбызды «чечип», жаңысын «кийип», улам жаңылана бериш үчүн да өзүбүздү теске сала билишибиз керек (Эф. 4:22, 24). Бир күн кечке иштеп шайыбыз ооп калганда да өзүбүздү күчкө салып жыйналышка барышыбыз керек болот (Евр. 10:24, 25).

12. Кайсы жактан дасыгышыбыз керек?

12 Жоокер куралын чебер колдоно билиши керек. Ан үчүн эмне кылат? Дайыма машыгып турат. Ошол сыяктуу эле, биз да Кудайдын Сөзүн мыкты колдонгонго үйрөнүшүбүз зарыл (2 Тим. 2:15). Айрым нерселерди жыйналыштан үйрөнөбүз. Бирок Ыйык Китепте жазылган чындыкты билгени канчалык пайдалуу экенине башкаларды ынандыргыбыз келсе, Ыйык Китепти өз алдынча үзгүлтүксүз изилдегенибиз маанилүү. Бул өзүбүздүн ишенимибизди чыңдаганга керек. Бирок Ыйык Китепти жөн эле окуп койбой, акылга салып, адабияттарыбыздан маалымат издеп изилдешибиз керек. Ошондо аяттардын маанисин өзүбүз туура түшүнүп, башкаларга да туура түшүндүрө алабыз (1 Тим. 4:13—15). Ошонун аркасында кимдир бирөөнү окутканда Кудай Сөзүн чебер колдонобуз. Бирок анда да жөн эле окуп берип койбойбуз. Аяттардын маанисин жана аларга кандай тиешеси бар экенин түшүнгөнгө жардам беребиз. Ооба, Ыйык Китепти өз алдынча изилдөөнүн тартибине бек кармансак, башкаларды окутканда Кудайдын Сөзүн колдонуу жагынан дасыга беребиз (2 Тим. 3:16, 17).

13. Накыл сөздөр 22:3кө ылайык, эмне үчүн кыраакы болушубуз керек?

13 Кыраакы болгула. Жоокер кооптуу жагдайды алдын ала көрүп, андан кача билиши керек. Биз да өзүбүзгө зыян келтире турган нерселерди көрө билип, андан качыш үчүн чара көрүшүбүз керек. (Окугула: Накыл сөздөр 22:3; Евр. 5:14.) Мисалы, кантип көңүл ачып, кантип эс алып жатканыбызга олуттуу маани беришибиз кажет. Анткени телеберүүлөрдө, кинолордо адеп-ахлаксыз, бузуку жүрүм-турум көп көрсөтүлөт. Андай нерселерди Кудай жек көрөт жана алар бизге сөзсүз зыянын тийгизет. Ошондуктан Кудайга болгон сүйүүбүздүн күчүн тымызын солгундата турган көңүл ачуудан жаа бою качабыз (Эф. 5:5, 6).

14. Дэниел эмнени түшүнгөн жана бул ага кантип жардам берген?

14 Жогоруда айтылган Дэниел ал ойногон видеооюндардын жакшы эмес экенин түшүнө баштаган. Анан бул туурасында Күзөт мунарасы коомунун электрондук китепканасынан маалымат издеп окуп көргөн. Ошондон кийин аларды ойнобой калган. Катталган оюндарынын баарынан чыгып, башка оюнчулар менен байланышын үзгөн. «Видеооюндарга сайылып отура бербей, сыртка чыгып ар нерсе кылып, жыйналыштагы досторум менен көбүрөөк көрүшө баштадым»,— дейт ал. Азыр Дэниел жыйналышта пионер жана аксакал.

15. Жалган сөз эмне үчүн залалдуу?

15 Тиметейге окшоп, биз да кыраакы болуп чындыктан четтегендер жайылткан маалыматтын канчалык залалдуу экенин аңдай билишибиз керек (1 Тим. 4:1, 7; 2 Тим. 2:16). Маселен, алар ишенимдештерибизди жамандашы же Жахабанын уюмуна шек туудурушу мүмкүн. Андай нерселер ишенимибизди солгундатат. Андыктан алданып калгандан сак болушубуз керек. Себеби аларды «ой жүгүртүүсү бурмаланып, чындыктан четтеп кеткендер» таркатат. Алардын көздөгөнү — талаш-тартыш жаратып, бизди араздаштыруу (1 Тим. 6:4, 5). Эгер жапкан жалаасына ишенип, бир туугандарыбыздан шек санай баштасак, анда самаганына жетишти дей бер.

16. Эмнелерге алаксыбашыбыз керек?

16 Алаксыбагыла. Тиметей «Машаяк Исанын мыкты жоокери катары» дүнүйө-мүлк жыйнабай же дагы башка максаттарды көздөбөй, бүт көңүлүн Кудайга кылган кызматына топтогон (2 Тим. 2:3, 4). Ага окшоп, биз да кененчилик-беленчиликке умтулбашыбыз керек. Себеби «алдама байлыктын» айынан Жахаба Кудайыбызга болгон сүйүүбүз муздап, анын Сөзүнө болгон ыраазычылыгыбыз басаңдап, жакшы кабар айтканга анчалык ынтызар болбой калышыбыз этимал (Мт. 13:22). Андыктан мындан ары да жөнөкөй жашап, убактыбыз менен күчүбүздү «биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын... издегенге» жумшай бергенибиз эп (Мт. 6:22—25, 33).

17, 18. Рухий залалдан коргонуш үчүн эмне кылсак болот?

17 Тез иш-аракет кылганга даяр болгула. Жоокер кантип коргонушту күн мурун ойлонуштурушу керек. Эгер Жахаба бизге ишенип тапшырган нерселерди сактап калгыбыз келсе, опурталдуу жагдайда биз да тезинен иш-аракет кылышыбыз керек. Ан үчүн эмне кыларыбызды алдын ала билгенибиз зарыл, болбосо алапайыбызды таппай калабыз.

18 Мисалы, көпчүлүк чогулган жерге барганда кооптуу жагдайда чыгып кетсе боло турган эшиктин кайсы жерде экенин алдын ала билип алганыбыз жакшы. Эмне үчүн? Себеби кокус бир нерсе болуп кетсе, тезинен чыгып кете алабыз. Ошол өңдүү эле, интернетке киргенде же телевизор көрүп жатканда капысынан ыпыластык, мыкаачылык камтылган көрүнүштөр же чындыктан четтегендердин маалыматы чыга кала турган болсо, дароо качып чыгып кете турган «эшикти» таап коюшубуз керек. Ошондойго дайын турсак, ыкчам иш-аракет кылып, өзүбүздү рухий залалдан коргоп калабыз жана Жахабанын көз алдында булганып калбайбыз (Заб. 101:3; 1 Тим. 4:12).

19. Жахаба берген кенчти сактай билгенибиздин үзүрү кандай болот?

19 Биз Жахаба берген кенчти — Ыйык Китептеги баа жеткис чындыктарды жана башкаларды окутуп-үйрөтүү сыймыгын — сактай билишибиз керек. Ошондо анын алдында жүзүбүз жарык болот, жашообуз да маңыздуу болот. Андан сырткары, башкаларга Жахабаны таанып-билгенге жардам бергендиктен көөдөнүбүз кубанычка толот. Ооба, Жахабанын жардамы менен ал бизге ишенип тапшырган нерселерди сактай алабыз (1 Тим. 6:12, 19).

127-ЫР: Кандай адам болушум керек?

^ 5-абз. Биз чындыкты билебиз жана аны башкаларга окутуп-үйрөтөбүз. Бул — зор сыймык. Бул макаладагы ойлор ушул сыймыкты жогору баалаганга жана андан кол жууп калбаганга жардам берет.

^ 8-абз. Ысмы өзгөртүлдү.