Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ж. Рутерфорд жана башкалардын Европага барышы

1920. Жүз жыл мурун

1920. Жүз жыл мурун

1920-ЖЫЛДАРДЫН баш жагында Жахабанын эли алдыда турган ишке жаңы күү менен киришкен. Ошондуктан жылдын аяты катары «ТЕҢИР — менин кубатым жана ырым» деген аят тандалган (Заб. 118:14, «Король Яковдун Ыйык Китеби»).

Жахаба жакшы кабар тараткан жалындаган ал жарчыларды кубаттап-колдогон. Ошол жылы адабият таратуучулардын, же башкача айтканда, пионерлердин саны 225тен 350гө чейин жетип көбөйгөн. Ошондо биринчи жолу башкы башкармалыкка 8 000ден ашуун жарчы кабар айтуу отчётун тапшырган. Жахаба алардын ошондой аракетине батасын мол төккөн.

ЖАРЧЫЛАРДЫН ЖАЛЫНДАГАН РУХУ

1920-жылдын 21-мартында ошол кездеги Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн ишин жетектеген Жозеф Рутерфорд Нью-Йорк шаарында «Азыр жашап жаткан миллиондогон адамдар эч качан өлбөйт» деген баяндама айтмакчы болгон. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр ал баяндамага бирин да калтырбай элдин баарын жапырт чакырганга аракет кылышкан. Алар Нью-Йорктогу эң чоң театрлардын бирин ижарага алып, 320 000дей чакыруу барагын таратышкан.

«Азыр жашап жаткан миллиондогон адамдар эч качан өлбөйт» деген баяндаманын гезитте жарнамаланышы

Баяндаманы укканы келгендердин саны алар күткөндөн кыйла ашып түшкөн. 5 000 орундук театр элге жык-жыйма толуп, дагы 7 000 киши батпай калган. «Күзөт мунарасында» ал чогулуштун Эл аралык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр өткөргөн эң бир ийгиликтүү, эң бир чоң чогулуштардын бири болгону айтылган.

Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр «азыр жашап жаткан миллиондогон адамдар эч качан өлбөйт» деп жар салгандар катары таанымал болуп калган. Ал кезде алар жакшы кабардын андан да кенен кулач жаярын билген эмес, ошентсе да абдан ынталуу болгон. 1902-жылы жыйналышка бара баштаган Ида Олмстид: «Биз Кудайдын жакында бүт адамзатка батасын төгөрүн билчүбүз. Ошондуктан бул кабарды жолуккандардын баарына айтчубуз»,— деп эскерет.

АДАБИЯТТАРДЫ БАСЫП ЧЫГАРЫШЫБЫЗ

Кудайдын элин рухий тамак менен камсыз кылыш үчүн айрым адабияттарды Бейтел өзү басып чыгара баштаган. Ан үчүн жабдыктар сатылып алынып, Бруклиндеги (Нью-Йорк) Бейтел үйүнөн бир нече көчө алыс жайгашкан Миртл Авеню 35теги ижарага алынган имаратка орнотулган.

1920-жылы январь айында Лео Пелле менен Уолтер Кесслер деген ишенимдештерибиз Бейтелге кызмат кылганы келишкен. Уолтер мындай деп эскерген: «Биз келгенде басмакананын көзөмөлчүсү бизди карап туруп: „Түшкү тамакка чейин дагы бир жарым саат бар экен“,— деп койду. Анан жер төлөөдөн китептер салынган коробкаларды ташыгыла деди».

Лео болсо: «Эртеси имараттын биринчи кабатынын дубалдарын жууй баштадык. Андай кир жумушту өмүрүмдө кылып көргөн эмесмин. Бирок ал Теңирдин иши болчу, ошондуктан арзый турган иш болчу»,— деген.

«Күзөт мунарасын» басып чыгарган машине

Ошентип, бир нече жуманын ичинде эле ынталуу ишенимдештерибиздин күчү менен «Күзөт мунарасы» басыла баштаган. Имараттын экинчи кабатындагы басма машинеден «Күзөт мунарасынын» 1920-жылдын 1-февралындагы санынын 60 000 нускасы чыккан. Ал ортодо жер төлөөгө бир туугандарыбыз «Аскердик кеме» деп атап коюшкан басма машине орнотулган. «Алтын кылым» журналы да 1920-жылдын 14-апрелиндеги санынан тартып басыла баштаган. Жахабанын күжүрмөн эмгектенген ошол кызматчыларына батасын төккөнү шексиз.

«Ал Теңирдин иши болчу, ошондуктан арзый турган иш болчу»

«ТЫНЧТЫКТА ЖАШАЙЛЫ»

Жахабанын берилген кызматчылары жаңы ишке жапа тырмак киришип, жүрөктөрү кубанычка толгон. Бирок Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн айрымдары 1917—1919-жылдар аралыгындагы кыйын кезеңде уюмду таштап кетишкен болчу. Аларга кантип жардам берсе болот эле?

«Күзөт мунарасынын» 1920-жылдын 1-апрелдеги санына «Тынчтыкта жашайлы» деген макала чыккан. Ал макалада мындай жылуу сөздөр жазылган: «Биз Мырзабыз колдонгон рухка жетектелгендердин баары өткөн-кеткенди унутуп, биримдикте жашап, бир кишидей иш кыларына кымындай да шектенбейбиз».

Бул сөздөр көптөрдүн жүрөгүн жылыткан. Ошондон кийин бир жубайлар минтип жазышкан: «Бир жылдан ашык убакыттан бери башкалар кабар айтып жүргөндө кабар айтпай туура эмес кылыптырбыз... Мындан кийин эч качан адашпайбыз деп үмүттөнөбүз». Ошентип, кабар айтуу ишине кайрадан белсенип киришкендерди алдыда тоодой иштер күтүп турган.

«ТОЛУК АЧЫЛГАН СЫРДЫН» ТАРАТЫЛЫШЫ

1920-жылы 21-июнда Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр «ZG» деп белгиленген жумшак мукабалуу «Толук ачылган сыр» деген китепти таратуу өнөктүгүн башташкан. 1918-жылы ал китепке тыюу салынганда көп нускасы калып калган. *

Ал китепти таратканга пионерлер эле эмес, жарчылардын баары чакырылган. Бир адабиятыбызда: «Ар бир жыйналыштагы чөмүлгөндөрдүн жана ушул ишке катыша ала тургандардын баары муну бүт ыкласы менен кылышы керек. Келгиле, биздин ураан „Бир гана нерсе айкын: мен “ZGны” таратам“ деген сөздөр болсун!» — деп жазылган. Эдмунд Хопер деген ишенимдешибиз ошол өнөктүк учурунда көптөр өмүрүндө биринчи жолу үймө-үй кыдырып кызмат кылышканын айткан. Ал: «Ошондо канчалык зор ишке киришкенибизди түшүнө баштадык. Көрсө, ал иштин кулачы биз ойлогондон алда канча кең болмок экен»,— деп кошумчалаган.

ИШТИ ЕВРОПАДА КАЙРА УЮШТУРУУ

Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда башка өлкөдөгү Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр менен байланышыш кыйындап калган. Рутерфорд аларга дем-шык берип, кабар айтуу ишин кайрадан уюштургусу келген. Ошондуктан 1920-жылы 12-августта 4 бир тууганыбызды алып жолго чыккан. Алар Британияны, Европа континентин жана Ортоңку Чыгышты кыдырып чыкмай болушкан.

Ж. Рутерфорд Египетте

Британияга барышканда ал жактагы Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр 3 жыйын, 12 жыйналыш өткөргөн. Катышкандардын жалпы саны 50 000 киши болгон. Ал тууралуу «Күзөт мунарасында» мындай делген: «Бүт баары кадимкидей сергип, шыктанып калышкан. Бири-бири менен жүз көрүшүп, бири-бири менен кызматташкандыктан кадыресе жанданып, кубанычка бөлөнүшкөн». Ал эми Парижге барышканда Рутерфорд «Азыр жашап жаткан миллиондогон адамдар эч качан өлбөйт» деген баяндамасын кайра айткан. Сөзүн баштаганда залдын ичи элге толуп калган. Бүткөндөн кийин 300 киши кошумча маалымат алгысы келерин билдирген.

Лондондогу «Роял Альберт Холлдо» айтыла турган баяндаманын жарнамасы

Кийинки жумаларда Рутерфорд шериктери менен Афиныга, Каирге, Иерусалимге жол тарткан. Анан ал жактагылардын кызыгуусун арттырыш үчүн Рутерфорд Иерусалимден анча алыс эмес жайгашкан Рамалла деген шаарчага филиал ачкан. Андан кийин Европага кайтып келип, Борбордук Европа филиалын ачып, адабият басып чыгарууну тапшырган.

АДИЛЕТСИЗДИКТИН АЧЫККА ЧЫГАРЫЛЫШЫ

1920-жылы күзүндө «Алтын кылым» журналынын 27-саны чыккан. Ал өзгөчө чыгарылыш болгон. Себеби анда 1918-жылы Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдү куугунтуктагандар ашкереленген. «Аскердик кеме» деп атап коюшкан басма машине ал журналдын 4 миллиондон ашык нускасын чыгарыш үчүн күнү-түнү токтобой иштеген.

Эмма Мартиндин полициядагы сүрөтү

Аны окугандар Эмма Мартиндин иши жөнүндө биле алышкан. Ал бир тууганыбыз Калифорниядагы Сан-Бернардинодо адабият таратуучу болгон. 1918-жылдын 17-мартында ал Э. Хэм, Э. Ж. Соненбург жана Е. А. Стивенс деген үч ишенимдеши болуп Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн чакан жыйналышына барган.

Ошол жыйналышка катышкандардын бири ал жакка башка ниет менен барган. Ал киши кийинчерээк мындай деген: «Мен ал жакка прокуратуранын тапшырмасы менен баргам. „Далил“ табышым керек болчу». Ал тапкан далил «Толук ачылган сырдын» бир нускасы болчу. Бир нече күндөн кийин Эмма жана аны менен барган үч бир тууганыбыз тыюу салынган китепти таратты деген айып менен камакка алынган.

Андан соң төртөө тең айыптуу деп табылып, 3 жылга кесилген. Алар бир нече жолу доо арыз жазышкан, бирок майнап чыккан эмес. Ошентип, 1920-жылы 17-майда түрмөгө отургузулушкан. Бирок көп өтпөй жагдай жакшы жакка өзгөргөн.

1920-жылы 20-июнда Рутерфорд алар жөнүндө Сан-Франциско шаарындагы жыйында айтып берген. Ушундай адилетсиздик жөнүндө укканда жыйынга баргандар АКШнын президентине телеграмма жөнөткөн. Телеграммада мындай деп жазылган: «Эмма Мартинге чыгарылган өкүмдү адилетсиздик деп эсептейбиз... Федералдык кызматкерлер... Э. Мартинди айыпка жыгыш үчүн күчүн кыянат колдонуп атайлап иш кылышкан. Андан кийин ага каршы иш козгоп,.. түрмөгө отургузганын жеткен кыянатчылдык деп санайбыз».

Эртеси эле АКШнын президенти Вудро Вильсон Эмма менен жанындагыларды бошотконго буйрук берген. Ошентип, алар түрмөдөн чыгышкан.

1920-жылдын аяк ченинде Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдү кубанткан көптөгөн окуялар болгон. Алсак, башкы башкармалыктын иши дагы кеңейген. Ошондой эле Исанын чыныгы жолдоочулары Кудайдын Падышалыгы адамзаттын жалгыз үмүтү экендигин болуп көрбөгөндөй ынталуу жарлашкан (Мт. 24:14). Ал эми кийинки 1921-жыл Падышалык жөнүндөгү чындык андан да катуу жарыяланган жыл болгон.

^ 18-абз. «Толук ачылган сыр» «Жазманы изилдөө» деген 7 томдуу эмгектин жетинчиси болгон. Анын жумшак мукабалуу түрү «ZG» деп аталган жана «Күзөт мунарасынын» 1918-жылдын 1-мартындагы саны катары басылып чыккан. «Z» тамгасы англис тилиндеги «Сион Күзөт мунарасын» билдирген. Ал эми «G» тамгасы англис алфавитинин 7-тамгасы болгондуктан 7-томду билдирген.