Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

43-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Уюмду Жахаба өзү жетектейт

Уюмду Жахаба өзү жетектейт

«“Мунун баары аскер күчтөрү менен эмес, күч менен да эмес, менин рухум менен ишке ашат”,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба» (ЗАК. 4:6).

40-ЫР: Биз кимге таандыкпыз?

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахабанын чөмүлгөн кызматчылары эмне кыла бериши керек?

СЕН чөмүлдүң беле? Эгер чөмүлгөн болсоң, Жахабага ишенериңди, анын уюму * менен бирге кызмат кылгың келерин эл алдында көрсөткөнсүң. Албетте, Жахабага болгон ошол ишенимиңди мындан ары да чыңдай беришиң керек. Ошондой эле Жахаба бүгүнкү күндө өз уюмун жетектеп жатат деген ишенимиңди да бекемдей беришиң керек.

2, 3. Жахабанын өз уюмун жетектегенинен табиятынын кайсы өзгөчөлүктөрүн байкаса болот?

2 Бүгүнкү күндө Жахабанын өз уюмун кантип жетектеп жатканынан анын касиет-сапаттарын, ой-ниетин жана нормаларын айкын көрсө болот. Келгиле анда, Жахабанын уюмунан анын табиятынын кайсы үч өзгөчөлүгүн байкасак болорун карап чыгалы.

3 Биринчиден, Жахаба бет карама эмес (Элч. 10:34). Ал өз Уулун «бардыгы үчүн... кун катары берген» (1 Тим. 2:6; Жкн. 3:16). Анан ошол кундун пайдасын мүмкүн болушунча көп адам көрүшү үчүн, өз эли аркылуу жакшы кабарды бардыгына жарыялап жатат. Экинчиден, Жахаба — «баш аламандыктын эмес, тынчтыктын Кудайы» (1 Кор. 14:33, 40). Демек, ага сыйынгандардын уюмунда да тартип, уюшулгандык жана тынчтык болушу керек. Үчүнчүдөн, Жахаба — «Улуу Насаатчы» (Ыш. 30:20, 21). Ошондуктан Жахабанын уюмунда анын Сөзү болгон Ыйык Китепти окутканга басым жасалат. Бул жыйналышка да, кабар айтуу кызматына да тиешелүү. Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары Жахабанын табиятынын ушул үч өзгөчөлүгүн кантип чагылдырышкан? Ал эми бүгүнкү күндөгү жолдоочулары кантип чагылдырып жатышат? Жахабанын уюмунда кызмат кылганга бизге ыйык рух кантип жардам берет?

ЖАХАБА БЕТ КАРАМА ЭМЕС

4. Элчилер 1:8ге ылайык, Иса жолдоочуларына эмнени буйрук кылган жана аларга эмне жардам бермек?

4 1-кылымда. Иса бүт адамзатка үмүт байлаткан кабарды жарыялаган (Лк. 4:43). Ал өзү чыйыр салган бул ишти улантууну шакирттерине буйрук кылган. Алар бул кабарды «жердин учу-кыйырына чейин» жарлашы керек болгон (Окугула: Элчилер 1:8.) Албетте, шакирттери муну өз күчү менен кыла алмак эмес. Алар Иса убада кылган «жардамчыга» — ыйык рухка — муктаж болушкан (Жкн. 14:26; Зак. 4:6).

5, 6. Исанын жолдоочуларына ыйык рух кантип жардам берген?

5 Исанын жолдоочулары ыйык рухту б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында алган. Ошол рухтун деми менен алар шак эле кабар айта башташкан. Натыйжада кыска эле убакытта жакшы кабарды миңдегендер кабыл алган (Элч. 2:41; 4:4). Бирок көп өтпөй Исанын шакирттери куугунтуктала баштаган. Ошондо алар коркунучка алдырып, кабар айтканын токтотуп койбой, Кудайдан жардам сурашкан. Алар: «Кулдарыңа сенин сөзүңдү зор кайраттуулук менен айта бергенге күч бере көр»,— деп тиленишкен. Анан «ыйык рухка толуп, Кудайдын сөзүн кайраттуулук менен айта» беришкен (Элч. 4:18—20, 29, 31).

6 Алардын башка да кыйынчылыктары болгон. Мисалы, ыйык жазмалардын көчүрмөлөрү саналуу эле болчу. Аларды түшүнгөнгө жардам берген азыркыдай адабияттар жок болчу. Анын үстүнө, жакшы кабарды башка тилде сүйлөгөн көптөгөн элдерге жеткириши керек эле. Мына ушундай кыйынчылыктардын баарына бел алдырбай, кызмат дегенде жанын берген шакирттер аткаруу мүмкүн эместей сезилген ишти аткарышкан. Отуздай жылдын ичинде эле жакшы кабар «асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланган» (Кол. 1:6, 23).

7. Бир кылымдан ашык убакыт мурун Жахабанын кызматчылары алардан эмне талап кылынарын каяктан билген жана алар эмне кылган?

7 Биздин доордо. Жахаба азыркы күнгө дейре өз элин жетектеп, эркин аткарганга күч берип келет. Ал көбүнчө ыйык рухунун таасири менен жазылган өзүнүн Сөзү аркылуу жетектейт. Ыйык Китептен биз Исанын кызматы жөнүндө жана ал баштаган иштин учугун улашыбыз керектигин биле алабыз (Мт. 28:19, 20). 1881-жылы июлда чыккан «Күзөт мунарасында» мындай делген: «Биз даңкыбыз чыгып, байлыкка тунуш үчүн эмес, бар нерсебизди да, өзүбүздү да сарпташ үчүн жана жакшы кабарды жарыялаш үчүн чакырылып, майланганбыз». Азыркы күндө деле так эле ошондой. Ал эми 1919-жылы жарык көргөн «Иш кимге тапшырылган?» деген китепчеде: «Алдыбызда опол тоодой иш турат, бирок ал Мырзабыздыкы. Ошондуктан ал ишти анын күчү менен аткара алабыз»,— деп жазылган. Ооба, ташкан суудай кайраттуу ал кызматчылар, Исанын алгачкы жолдоочуларындай болуп, бул ишке катуу киришкен. Ыйык рух аларга жакшы кабарды баардыгына жеткиргенге жардам береринен шектенишкен эмес. Буга биз да шектенбейбиз.

Жакшы кабарды таратыш үчүн Жахабанын уюму колдонгон эң мыкты куралдар (8, 9-абзацтарды карагыла)

8, 9. Жакшы кабар таратуу ишин илгерилетиш үчүн Жахабанын уюму кандай ыкмаларды колдонгон?

8 Жакшы кабарды таратыш үчүн Жахабанын уюму дайыма эң мыкты куралдарды колдонуп келет. Маселен, мурун адабияттардан тышкары, «Жаратуу фотодрамасы», патефондор, үн күчөткүч орнотулган машинелер, радио колдонулчу. Жакындан бери болсо компьютер, интернет сыяктуу заманбап техника колдонулуп жатат. Мындан сырткары, котормо ишин ала турган болсок, Кудайдын уюмунда буга аябагандай көп күч жумшалат. Буга тарыхта бизден башка эч ким мынчалык күч жумшаган эмес. Себеби бардык элдер кабарды эне тилинде угушу керек. Жахаба бет карама эмес. Ал жакшы кабардын «бардык улуттарга, урууларга, тилдерге жана элдерге жарыяланарын» алдын ала айткан (Аян 14:6, 7). Ал Падышалык жөнүндөгү кабарды баарынын угушун каалайт.

9 Ал эми биз бара албай тургандар жөнүндө, балким, катуу кайтарылган үйлөрдө жашагандар жөнүндө эмне дешке болот? Мына так ошондой адамдарга жакшы кабарды жеткириш үчүн Жахабанын уюму эл көп жерде кабар айтуунун ар кандай түрүн ойлонуштура баштаган. Мисалы, 2001-жылы Жетектөөчү Кеңеш Франциядагы жарчыларга адабият текчелерин жана башка ушу сыяктуу нерселерди колдонгонго уруксат берген. Кийинчерээк бул ыкма башка өлкөлөрдө да колдонула баштаган. Анын натыйжасы мыкты болгон. Ал эми 2011-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарынын эл кайнаган жерлеринин биринде жаңы программа ишке киргизилген. Ошондо бир жылдын ичинде эле 102 129 китеп, 68 911 журнал таратылган. Андан тышкары, 4 701 киши Ыйык Китепти изилдегиси келерин билдирген. Мындан Жахабанын ыйык руху менен колдоп жатканы айкын көрүнгөн. Ошентип, Жетектөөчү Кеңеш адабият текчелерин дүйнө жүзү боюнча колдонгонго макулдук берген.

10. Кызматта жакшырыш үчүн эмне кылсак болот?

10 Кантип салым кошсок болот? Жахаба бизге кантип кабар айтышты жыйналыштан үйрөтөт. Мындан толук пайдаланганга аракет кылышыбыз керек. Андыктан кабар айтуу тобундагылар менен дайыма кызматташкыла. Мунун аркасында башкалар силерге кайсы бир жагынан жакшырганга жардам берет. Башкалардын үлгүсүн көрүп шыктанып да каласыңар. Кыйынчылыктарга карабай туруктуу болуп, кабар айта бергиле. Ошондо, бул макала негизделген аятта айтылгандай, Кудайдын эркин өз күчүбүз менен эмес, ыйык рухунун жардамы менен аткара алабыз (Зак. 4:6). Себеби бул — Кудайдын иши.

ЖАХАБА — БАШ АЛАМАНДЫКТЫН ЭМЕС, ТЫНЧТЫКТЫН КУДАЙЫ

11. Кудайдын элинин арасында биримдик болушу үчүн жетектөөчү кеңеш кантип иш алып барган?

11 1-кылымда. Иерусалимдеги жетектөөчү кеңеш Кудайдын элинин арасында тартип, тынчтык болушу үчүн чогуу-чаран иш алып барган (Элч. 2:42). Алсак, болжолу б.з. 49-жылы сүннөткө отургузууга байланыштуу маселе көтөрүлгөндө, жетектөөчү кеңеш ыйык рухтун жетеги менен бул маселени кылдат карап чыккан. Эгер Исанын жолдоочуларынын бул маселеге байланыштуу талашы чечилбей ырбап кетсе, кабар айтуу ишине жолтоо болмок. Өздөрү жүйүт болсо да элчилер менен башка аксакалдар жүйүттөрдүн каада-салттарынын жана ошого бекем кармангандардын таасирине алдырбай чечим чыгарышкан. Алар Кудайдын Сөзүнө жана ыйык рухка жетектелишкен (Элч. 15:1, 2, 5—20, 28). Мунун натыйжасы кандай болгон? Жахаба алардын чечимине батасын берип, жыйналышта тынчтык, биримдик өкүм сүргөн. Кабар айтуу иши болсо илгерилей берген (Элч. 15:30, 31; 16:4, 5).

12. Бүгүнкү күндө Жахабанын уюмунда тартип жана тынчтык бар экени эмнеден көрүнүп турат?

12 Биздин доордо. Жахабанын уюму анын элинин арасында уюшулгандык, тартип жана тынчтык дайыма болушуна кам көрүп келет. «Сион күзөт мунарасы жана Машаяктын катышуусунун жарчысы» деген журналдын 1895-жылдын, 15-ноябрындагы санына 1 Корунттуктар 14:40ка негизделген «Бардыгы өз орду, өз тартиби менен болсун» деген макала чыккан. Ал макалада мындай делген: «Элчилер алгачкы жыйналышка тартип жөнүндө көп нерселерди жазган. Андыктан бизге насаат катары мурун жазылгандын баарына дыкат кармана бергенибиз маанилүү» (Рим. 15:4). Ооба, 1-кылымдагы жыйналыштагыдай эле, бүгүнкү күндө да Жахабанын уюму тынчтык менен тартипти сактаганга умтулат. Мисалы, «Күзөт мунарасы» журналын изилдөөнү эле алалы. Эгер башка жыйналышка барып калсаңар, атүгүл башка өлкөдө болсоңор да, журнал кандайча изилденерин, ошол жумада кайсы макала изилденерин беш колдой билесиңер. Ошондуктан өз жыйналышыңарда жүргөндөй эле болосуңар. Кудайдын руху болбосо, мындай биримдик каяктан болот эле!? (Сеп. 3:9)

13. Жакып 3:17нин негизинде эмне жөнүндө ойлонуп көрсөк болот?

13 Кантип салым кошсок болот? Жахаба өз элинин рух берген «биримдикти сактоого жана тынчтыкта жашоого умтулушун» каалайт (Эф. 4:1—3). Андыктан: «Мен жыйналыштын биримдигине жана тынчтыгына салым кошуп жатамбы? Жыйналышты жетектегендерге баш иемби? Жыйналыштагылар мага таяна алабы? Өзгөчө, кандайдыр бир сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болсом, мага таянышабы? Так жүрөмбү? Башкаларга жардам бергенге дилгирминби?» — деп ойлонуп көргүлө. (Окугула: Жакып 3:17.) Кайсы бир жагынан жакшырышыңар керек экенин байкасаңар, ыйык рух сурап тиленгиле. Ыйык рухтун табиятыңарды калыпташына, иш-аракетиңерге таасир этишине канчалык жол берсеңер, жыйналыштагылар силерди ошончолук жакшы көрүп, ошончолук баалайт.

ЖАХАБА БИЗДИ ОКУТУП-ҮЙРӨТҮП ЖАТАТ

14. Колосалыктар 1:9, 10го ылайык, Жахаба 1-кылымда өз элин кантип окутуп-үйрөткөн?

14 1-кылымда. Жахаба өз элин окутуп-үйрөткөндү жакшы көрөт (Заб. 32:8). Алардын аны таанып-билишин, жакшы көрүшүн, сүйүктүү балдары катары түбөлүк жашашын каалайт. Ушунун баары Жахаба бизди окутуп-үйрөткөндүн аркасында гана болот (Жкн. 17:3). 1-кылымда Жахаба өз элин жыйналыш аркылуу окутуп-үйрөткөн. (Окугула: Колосалыктар 1:9, 10.) Бул нерседе Иса убада кылган жардамчынын — ыйык рухтун — таасири чоң болгон (Жкн. 14:16). Ыйык рух шакирттерге Кудайдын Сөзүн түшүнгөнгө жардам берген. Ошондой эле Исанын мурун айткан сөздөрүн, кылган иштерин эске салган. Алардын баары кийинчерээк Инжилге жазылган. Ушул нерселерди билгени Исанын алгачкы жолдоочуларынын ишенимин бекемдеген, Кудайга, анын Уулуна жана бири-бирине болгон сүйүүсүн чыңдаган.

15. Ышая 2:2, 3тө жазылган сөздөрдүн аткарылышына кандайча күбө болуп жатасыңар?

15 Биздин доордо. Жахаба «акыркы күндөрдө» бүт элдер анын акыл-насаатын угуш үчүн каймана маанидеги тоосуна чогуларын алдын ала айткан. (Окугула: Ышая 2:2, 3.) Бул нерсенин аткарылып жатканына баарыбыз күбөбүз. Азыркы тапта чыныгы, таза сыйынуу жалган сыйынуудан канчалык жогору турары айкын болуп турат. Жахаба рухий дасторконун кенен жайып жатат (Ыш. 25:6). Анын «ишенимдүү жана акылдуу кулду» колдонуп белендеген дасторконунун молчулугу эле эмес, түрдүүлүгү да таңдантат. Мисалы, окуйм десек макалалар, угам десек баяндамалар, көрөм десек мультфильмдер менен видеолор белен. Баары мол (Мт. 24:45). Биз бул үчүн: «[Кудайдай] насаатчы барбы?» — деп айткан Аюптун досу Элиудай болуп ыраазы болуп бүтө албайбыз (Аюп 36:22).

Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты дилиңерге сиңирип, турмушта колдонгула (16-абзацты карагыла) *

16. Рухий жактан өркүндөй бериш үчүн эмне кылсаңар болот?

16 Кантип салым кошо алабыз? Кудайдын ыйык руху силерге анын Сөзүнөн окуп-билген нерселериңерди күнүмдүк турмушта колдонгонго жардам берет. Бир забурчу: «Мени өз жолуңан чыкпоого үйрөт, оо, Жахаба. Мен дайыма чындыгыңда жүрөм. Ысмыңдан коркушум үчүн, жүрөгүмдү бир бүтүн кыл»,— деп тиленген (Заб. 86:11). Силер да Жахабадан ушуну тилесеңер болот. Ошондой эле Ыйык Китепти жана Жахаба өз уюму аркылуу берип жаткан адабияттарды окуп-изилдегениңерди токтотпогула. Албетте, максатыңар тек гана билим алуу болбошу керек. Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты дилиңерге сиңирип, турмушта колдонгонго аракет кылгыла. Жахабанын ыйык руху силерге сөзсүз жардам берет. Мындан тышкары, ишенимдештериңерге да дем-шык бергенге умтулгула (Евр. 10:24, 25). Себеби бардыгыбыз бир үй-бүлөдөйбүз. Ишенимдештериңерди кубатташ үчүн Жахабадан ыйык рух сурап, жыйналыштан чын дилден жооп бергенге, тапшырмаңар болсо, мыкты аткарганга аракет кылгыла. Ошондо Жахабанын жана анын Уулунун көз алдында баалуу болгон «койлорун» жакшы көрөрүңөрдү далилдейсиңер (Жкн. 21:15—17).

17. Жахабанын уюмун колдой турганыңар эмнеден көрүнөт?

17 Жакын арада жер жүзүндө Кудайдын руху жетектеген бир гана уюм калат. Ошон үчүн Жахабанын уюму менен бирге болуп, аны бар күчүңөр менен колдогула. Бардык адамдарга тегиз караган Кудайыбыздан үлгү алып, жакшы кабарды бардыгына жарыялай бергиле. Жыйналыштын биримдигине салым кошкула. Ошондо тартипти жана тынчтыкты жакшы көргөн Жахабанын табиятын чагылдырган болосуңар. Улуу Насаатчыбызга кулак кагып, ал жайган дасторкондон жакшы тамактангыла. Ошондо Шайтан башкарган азыркы дүйнө кыйратылганда коркпойсуңар. Кайра, кайраттуу болуп, Жахабага берилген элдин арасында болосуңар!

3-ЫР: Күч, үмүт, кайрат бересиң

^ 5-абз. Жахаба Кудайдын бүгүнкү күндө өз уюмун жетектеп жатканына ишенесиңерби? Бул макалада Жахабанын өз элин 1-кылымда кантип жетектегенин жана азыр кантип жетектеп жатканын карап чыгабыз.

^ 1-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ: Жахабанын уюму эки бөлүктөн турат: бир бөлүгү асманда, бир бөлүгү жерде. Бул макалада «уюм» деген сөз жердеги бөлүгүнө карата колдонулган.

^ 52-абз. СҮРӨТ. Жарчылар керек болгон жерде кызмат кылгандар жөнүндөгү видеону көрүп, ошондой жерге баргысы келип жаткан пионер. Ал акыры ошол максатына жетет.