Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

45-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Машаяктын буйруктарын аткарганды үйрөткүлө

Машаяктын буйруктарын аткарганды үйрөткүлө

«Баргыла да,.. шакирт даярдагыла... Аларга силерге буйруганымдын баарын аткарууну үйрөткүлө» (МТ. 28:19, 20).

89-ЫР: Ук, аткар, бата ал

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Матай 28:18—20-аяттарга ылайык, Иса шакирттерине кандай буйрук берген?

ТИРИЛГЕНДЕН кийин Иса Галилеяда чогулган шакирттерине көрүнгөн. Ал аларга маанилүү бир нерсе айтышы керек болчу. Эмне жөнүндө айткан? Бул тууралуу Матай 28:18—20-аяттардан окуй алабыз. (Аяттарды окугула.)

2. Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

2 Исанын шакирт даярдагыла деген буйругу Жахаба Кудайдын азыркы күндөгү кызматчыларынын ар бирине тиешелүү. Келгиле, Исанын ушул буйругуна байланышкан үч суроону карап чыгалы: 1) Жаңы шакирттерге Кудайдын талаптарын үйрөткөндөн тышкары, дагы эмне кылышыбыз керек? 2) Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын рухий жактан ийгилик кылышына жыйналыштагы жарчылардын баары кантип салым кошо алат? 3) Жигердүү эмес болуп калгандарга кайрадан шакирт даярдоо ишине катыша баштаганга кантип жардам бере алабыз?

АТКАРГАНДЫ ҮЙРӨТКҮЛӨ

3. Иса шакирттерине эмне кылышы керектигин айткан?

3 Исанын шакирттерине так-даана айткан сөзүндө биз көңүл бурчу маанилүү бир нерсе бар. Байкасаңар, ал: «Силерге буйруганымдын баарын окутуп-үйрөткүлө»,— деген эмес. Ал: «Силерге буйруганымдын баарын аткарууну үйрөткүлө»,— деген. Буга ылайык иш кылыш үчүн Ыйык Китепти изилдеп жаткандарды жөн эле окутуп койбошубуз керек. Биз аларга окуган нерселерин турмушта кантип колдонушту көрсөтүп беришибиз керек (Элч. 8:31). Бул эмне үчүн маанилүү?

4. Кимдир бирөөгө Исанын буйругун аткарганды үйрөтүүнү эмнеге салыштырса болот?

4 Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишиге Исанын буйруктарын «аткарганды» кантип үйрөтө алабыз? Мисалга машине айдаганды үйрөткөн нускоочуну алалы. Ал үйрөнчүктөргө жол эрежелерин кантип үйрөтөт? Алгач жол эрежелерин класстан айтып берет. Бирок ошол эрежелерге ылайык машине айдаганды үйрөтүш үчүн дагы бир нерсе кылышы керек. Ал үйрөнчүктүн жанына отурат да, экөө жолго чыгышат. Анан машине айдап бараткан үйрөнчүккө эрежелерди кантип сакташ керектигин түшүндүрүп айтып турат. Бул мисалдын бизге кандай тиешеси бар?

5. а) Жакан 14:15 жана 1 Жакан 2:3кө ылайык, Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишиге эмнени үйрөтүшүбүз керек? б) Ыйык Китептеги принциптерди колдонгонду кантип үйрөтө алабыз?

5 Кимдир бирөө менен Ыйык Китепти изилдеп жатканда ага Кудайдын талаптарын окутуп-үйрөтөбүз. Бирок ошону менен эле чектелип калбай, окуп-билгендерин жашоосунда колдонгонду үйрөтүшүбүз керек. (Окугула: Жакан 14:15; 1 Жакан 2:3.) Мисалы, мектепте, иштеген жеринде же көңүл ачканда Ыйык Китептеги принциптерге кантип карманса болорун үлгүбүз менен көрсөтүшүбүз керек. Ошондой эле ага Ыйык Китептеги кеңештерге кулак какканыбыз бизди кантип коргоп-сактап калганын, туура чечим чыгарганга кандайча жардам бергенин айтып берсек болот. Мындан тышкары, Жахабага чогуу кайрылып, ага ыйык рух берип жетектешин сурансак болот (Жкн. 16:13).

6. Башкаларга Исанын буйруктарын аткарганды үйрөткөнгө эмнелер кирет?

6 Башкаларга Исанын буйруктарын аткарганды үйрөткөнгө эмнелер кирет? Биз Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын шакирт даярдоону жан-дили менен каалашына жардам беришибиз керек. Маселен, айрымдары кабар айткандан коркушу мүмкүн. Андыктан чыдамкайлык керек болот. Балким, Ыйык Китептеги окууларды жакшы түшүнө электир. Ошол себептен жүрөгү козголо электир. Аларга мына ушу жагынан жардам беришибиз керек. Анда аларга жакшы кабарды айтканга түрткү бериш үчүн эмне кылсак болот?

7. Изилдеп жаткан кишиге жакшы кабарды айтканга жардам берип, каалоосун кантип арттырсак болот?

7 Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишиден: «Ыйык Китептеги кеңештерге кулак каккандан бери жашооң кандайча жакшырды? Ыйык Китептеги жакшы кабарды укканы башкаларга да пайдалуу болот деп ойлойсуңбу? Аларга кантип жардам берсең болот?» — деп сурап көргүлө (Накыл 3:27; Мт. 9:37, 38). Негизги окутуу куралдарына кирген баракчаларды көрсөтүп, тууган-туушкандарына, досторуна же жумушундагыларга кайсынысы кызыктуу болорун сурагыла. Анан ошол баракчалардан бир нечени берип, кантип сунуштаса болорун көрсөтүп бергиле. Анан чогуу көнүккүлө. Ал эми ал чөмүлө элек жарчы болгондон кийин, албетте, аны коштоп кабарга чыгышыбыз керек (Нас. 4:9, 10; Лк. 6:40).

ЖЫЙНАЛЫШТЫН САЛЫМЫ

8. Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишинин Кудайга жана жакындарына карата күчтүү сүйүү өрчүткөнү эмне үчүн маанилүү? (« Изилдеп жаткан кишинин Кудайга болгон сүйүүсүн кантип арттыра алабыз?» деген кутучаны да карагыла.)

8 Бир нерсени эстен чыгарбашыбыз керек. Иса башкаларга ал буйругандын «баарын аткарууну үйрөтүшүбүз» керектигин айткан. Ал буйруган нерселерге, албетте, эки улуу осуят да кирет: биринчиси — Кудайды сүйүү, экинчиси — жакыныбызды сүйүү. Экөө тең кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши менен тыгыз байланышта (Мт. 22:37—39). Кандайча? Бизге кабар айтканга түрткү берген негизги нерсе — Кудайга жана жакындарыбызга болгон сүйүү. Албетте, Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын айрымдары башкаларга кабар айткандан коркушу мүмкүн. Бирок аларды Жахаба коркуу сезиминен арылганга жардам берерине ынандырсак болот (Заб. 18:1—3; Накыл 29:25). Ушул макалага берилген кутучада биз окутуп жаткан адамдарга Кудайга болгон сүйүүсүн өрчүткөнгө кантип жардам берсек болору жазылган. Ал эми жыйналыштагылар кантип жардам бере алат?

9. Үйрөнчүк айдоочу машине айдаганды дагы кантип үйрөнөт?

9 Машине айдаганды үйрөнүп жаткан киши жөнүндөгү мисалга кайрадан кайрылалы. Нускоочусу менен жолго чыккан үйрөнчүк машине айдаганды кантип үйрөнөт? Ал нускоочусунун айткандарын угушу керек жана башка жакшы айдоочуларга байкоо салышы керек. Мисалы, нускоочу алдына башка машинени өткөрүп жаткан айдоочуну көрсөтүшү мүмкүн. Же каршы тилке менен келаткан айдоочунун башка айдоочулардын ыңгайын ойлоп жарыгын азайтып жатканына көңүлүн бурушу ыктымал. Ошондо үйрөнчүк да ушинтип айдаш керек экен деп калат.

10. Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишиге ийгилик кылганга эмне жардам берет?

10 Ошол өңдүү эле, Ыйык Китепти изилдеп жаткан жана Жахаба Кудайдын жолуна түшкөн киши да окуткан кишисинен эле эмес, Жахабанын башка да кызматчыларынан көп нерсеге үйрөнө алат. Ошондуктан рухий жактан ийгилик кылышы үчүн Ыйык Китепти изилдегендер эмне кылышы керек? Жыйналыштарга барышы керек. Эгер ал жакка барып, Ыйык Китептеги акыл-насааттарды угушса, билими арбыйт, ишеними курчуйт жана Кудайга болгон сүйүүсү өрчүйт (Элч. 15:30—32). Андан тышкары, ал жактан жашоо-турмушу, жагдайы өзүнүкүнө окшогондор менен таанышат. Кудайга болгон сүйүүсү күчтүү адамдарды өз көзү менен көрүп, үлгү ала алат.

11. Изилдеп жаткан киши жыйналыштан кандай адамдарды көрөт жана алар ага кандай таасир этиши мүмкүн?

11 Мындай жагдайларды элестетип көрсөңөр. Ыйык Китепти изилдеп жаткан жалгыз бой эне жыйналышка келип, ага окшоп балдарын жалгыз чоңойтуп жаткан ишенимдешибизди көрөт. Балдары кичинекей болсо да, аларды ээрчитип алып, Падышалык залына келип жатканы ага күчтүү таасир этет. Ал эми тамекисин таштай албай жүргөн киши мурун так эле ушундай адаты бар жарчыны жолуктурат. Жарчы Жахабага болгон сүйүүсү ошол адатын таштаганга кандайча жардам бергенин айтып берет (2 Кор. 7:1; Флп. 4:13). Анан сен да таштай аласың деп бир топ кубаттап коёт. Же болбосо Ыйык Китепти изилдеп жаткан кыз жыйналышка келип, Жахабага жаркылдап кызмат кылып жүргөн өзү курактуу бир кызды көрөт. Анан ал эмне үчүн бактылуу деп ойлонуп калат.

12. Изилдеп жаткандарга жыйналыштагылардын ар бири жардам бере алат деп эмне үчүн айта алабыз?

12 Ыйык Китепти изилдеп жаткандар ушундай түрдүү жарчылар менен таанышканда Машаяктын Кудайды жана жакыныңарды сүйгүлө деген буйругун аткаруу деген эмне экенин толук түшүнүшөт (Жкн. 13:35; 1 Тим. 4:12). Мындан тышкары, буга чейин айтылгандай, алардыкындай кыйынчылыктары бар жарчылардан көп нерсени үйрөнө алышат. Ошондой эле мен да өзгөрүп, Машаяктын шакирти боло алат турбаймынбы деген тыянакка келишет (Мыйз. 30:11). Ооба, жыйналыштагылардын ар бири Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын ийгилигине ар кандай жол менен салым кошо алат (Мт. 5:16). Андыктан: «Ыйык Китепти изилдеп, жыйналышка келип жаткандарга мен кантип жардам берип жатам?» — деп ойлонуп көргүлө.

ЖИГЕРДҮҮ ЭМЕСТЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ

13, 14. Иса көңүлү чөккөн элчилерине кандай мамиле кылган?

13 Айрым бир туугандарыбыз жигердүү эмес болуп калышы мүмкүн. Бирок биз алардын да Машаяктын шакирт даярдагыла деген буйругун аткарышын каалайбыз. Аларга кантип жардам бере алабыз? Муну Исанын көңүлү чөккөн элчилерине кылган мамилесинен биле алабыз.

14 Иса жердеги кызматын аяктап, өлөрүнө аз калганда элчилеринин баары аны таштап, качып кетишкен (Мр. 14:50; Жкн. 16:32). Рухий жактан алсырап калган элчилерине Иса кандай мамиле кылды эле? Тирилгенден кийин көп өтпөй алардын айрымдарына: «Коркпогула! Барып, бир туугандарыма кабарлагыла»,— деген (Мт. 28:10а). Ал элчилеринен түңүлүп калган эмес. Таштап, качып кеткенине карабай аларды «бир туугандарым» деген. Иса, Жахабадай болуп, ырайымдуу жана кечиримдүү болгон (2 Пад. 13:23).

15. Жигердүү эмес болуп калгандарга кандай сезимдерди туябыз?

15 Анын сыңарындай, биз да аларды ойлобой койбойбуз. Бир туугандарыбыз болгондуктан аларды аябай жакшы көрөбүз. Алардын Жахаба үчүн кылган эмгеги эч качан унутта калбайт. Кээ бирлери ошентип атүгүл ондогон жылдар бою кызмат кылышкан (Евр. 6:10). Аларды дайыма эстеп сагынабыз (Лк. 15:4—7). Анда аларга кантип Иса мамиле кылгандай мамиле кыла алабыз?

16. Жигердүү болбой калгандарды ойлой турганыбызды кантип көрсөтөбүз?

16 Жыйналышка чакыргыла. Иса шаабайы сууп калган элчилерине дем-күч берип, кубаттандырыш үчүн эмне кылды эле? Ал алардын баарын чогулткан (Мт. 28:10б; 1 Кор. 15:6). Биз да бүгүнкү күндө жигердүү эмес болуп калгандарды жыйналышка чакырсак болот. Аларды бир эле жолу эмес, бир нече жолу чакырганга туура келиши мүмкүн. Бирок жыйналышка келишкенде аябай сүйүнөбүз. Исанын да шакирттери ал айткандай кылып, чогулушканда кубанганы шексиз. (Салыштыргыла: Матай 28:16 жана Лука 15:6.)

17. Жигердүү болбой калгандар жыйналышка келгенде эмне кылышыбыз керек?

17 Кучак жайып тосуп алгыла. Шакирттери чогулганда Иса аларды жылуу тосуп алган. Өздөрү келсин деп отуруп албай, биринчи болуп өзү барып, өзү сөз баштаган (Мт. 28:18). Жигердүү болбой калгандар жыйналышка келгенде биз эмне кылабыз? Биз да аларды жылуу тосуп алышыбыз керек. Андайда эмне деп айтам деп ойлонушубуз мүмкүн. Анткени аларды оңтойсуз абалда калтырып койгубуз келбейт. Ошондуктан жөн эле аларды көрүп сүйүнүп жатканыбызды айтсак болот.

18. Жигердүү болбой калгандарды кантип кубаттай алабыз?

18 Чын жүрөктөн кубаттагыла. Исанын шакирттери анын жакшы кабарды бүт дүйнө жүзүнө тараткыла деген буйругун аткара алабызбы деп кабатырланышса керек. Бирок Иса аларды кубаттандырып: «Мен ар дайым силер менен болом»,— деген (Мт. 28:20). Бул сөзү аларга кандай таасир эткен? Ошондон көп өтпөй эле шакирттер «элди.. окутуп,.. жакшы кабарды жарыялоо» иши менен алек болуп калышкан (Элч. 5:42). Жигердүү эмес болуп калган жарчыларга да ошондой дем-күч керек. Алар да мурункудай болуп кабар айта аламбы деп кабатырланышы ыктымал. Андыктан алар менен чогуу кызматташканга дайым даяр экенибизди айтсак болот. Алар мындай жардамыбызды баалабай койбойт. Жигердүү болбой калгандарга бир туугандарыбызга кылгандай мамиле кылсак, кайрадан жалындап кызмат кыла башташы мүмкүн. Муну көрүп жыйналыштагылардын баары кубанат.

ТАПШЫРЫЛГАН ИШТИ АЯГЫНА ЧЫГАРГЫЛА

19. Биз чын дилден эмнени каалайбыз жана эмне үчүн?

19 Шакирт даярдоо иши качанкыга чейин созулат? Бул дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин созулат (Мт. 28:20). Исанын ушул буйругун аткаруу колубуздан келеби? Ооба, биз буга бүт аракетибизди жумшаганга дилгирбиз. «Түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондорду» табыш үчүн убактыбызды, күчүбүздү, каражатыбызды аябайбыз (Элч. 13:48). Мына так ушинтип Исанын жолун жолдогон болобуз. Ал: «Менин тамагым — мени жибергендин эркин аткаруу жана ал тапшырган ишти аягына чыгаруу»,— деп айткан (Жкн. 4:34; 17:4). Биздин да көздөгөнүбүз — ушул. Биз да тапшырылган ишти аягына чыгаргыбыз келет (Жкн. 20:21). Бул иштин аягына биз менен катар башкалардын да, анын ичинде жигердүү эмес болуп калган бир туугандарыбыздын да, чыгышын каалайбыз (Мт. 24:13).

20. Филипиликтер 4:13кө ылайык, Иса буйрук кылган ишти аягына чыгара алабыз деп эмне үчүн айта алабыз?

20 Чынында, Исанын буйругун аткарыш оңой иш эмес. Бирок муну өз күчүбүз менен кылбайбыз. Иса биз менен болорун убада кылган. Шакирт даярдоо ишин аткарыш үчүн биз Кудай менен кызматташабыз (1 Кор. 3:9; 2 Кор. 2:17). Ошондуктан бул ишти аткаруу колубуздан келет! Шакирт даярдоо жана башкаларды ошого үйрөтүү кандай гана чоң сыймык! (Окугула: Филипиликтер 4:13.)

79-ЫР: Аларды бекем турууга үйрөт

^ 5-абз. Иса жолдоочуларына шакирт даярдагыла деп айткан. Алар Иса буйрук кылган нерселердин баарын аткарганды да үйрөтүшү керек болгон. Бул макалада ушул нерселерди кантип кылсак болорун карап чыгабыз. Айрым маалыматтар 2004-жылы чыккан «Күзөт мунарасынын» 1-июлундагы санынын 24—29-беттериндеги макаладан алынды.

^ 66-абз. СҮРӨТ. Бир кыз менен Ыйык Китепти изилдеп жаткан ишенимдешибиз. Ал изилдөө учурунда Кудайга болгон сүйүүсүн арттырыш үчүн эмне кылса болорун түшүндүрүп жатат. Кийинчерээк изилдеп жаткан кыз анын кеңешин колдонуп үч нерсени кылып жатат.