Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

47-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Күндөн күнгө оңоло берели

Күндөн күнгө оңоло берели

«Бир туугандар, дайыма кубангыла, оңолгула» (2 КОР. 13:11).

54-ЫР: «Мына жол»

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Матай 7:13, 14кө ылайык, биз кайсы жолдо баратабыз?

БАРДЫГЫБЫЗ бир жакка сапар тартып баратабыз. Көздөгөнүбүз — Жахаба өзү бийлик кыла турган жаңы заман. Өмүргө алып бара турган бул багыттан жазбаш үчүн күнүгө аракет кылабыз. Бирок, Иса айткандай, бул жол кууш жана аны менен жүрүш кээде кыйынга турат. (Окугула: Матай 7:13, 14.) Жеткилең эмес болгондуктан ошол жолдон оңой эле адашып кетишибиз мүмкүн (Гал. 6:1).

2. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз? (« Момун болсок, кадамыбызды оңой түздөйбүз» деген кутучаны карагыла.)

2 Өмүргө алып бара турган ушул кууш жолдон чыкпаш үчүн оюбузду, көз карашыбызды жана жүрүм-турумубузду өзгөрткөнгө дилгир болушубуз керек. Элчи Пабыл Корунт шаарында жашаган Исанын жолдоочуларын андан ары да «оңоло» бергенге үндөгөн (2 Кор. 13:11). Анын айткандары бизге да тиешелүү. Бул макалада өмүр жолундагы кадамыбызды түздөгөнгө Ыйык Китеп кандайча жардам берерин карап чыгабыз. Ошондой эле Кудайдын мыйзам-принциптерин терең түшүнгөн досторубуз бул жагынан кантип көмөк көрсөтөрүн талкуулайбыз. Андан тышкары, Жахабанын уюму аркылуу берип жаткан жетекчилигине баш ийүү кайсы учурларда кыйын болоруна токтолобуз. Момун болгонубуз ындыныбызды өчүрбөй, багытыбызды тууралаганга кандайча жардам берерин да карайбыз.

КАДАМЫҢАРДЫ КУДАЙДЫН СӨЗҮНӨ КАРАП ТҮЗДӨГҮЛӨ

3. Кудайдын Сөзү бизге кандайча жардам берет?

3 Ойлорубузду, сезимдерибизди таразалаш оңой-олтоң иштерден эмес. Себеби жүрөгүбүз митаам. Анын бизди каякка жетелеп баратканын атүгүл өзүбүз да билбей калабыз (Жер. 17:9). Ошондуктан «туура эмес ой жүгүртүп», өзүбүздү өзүбүз оңой эле алдап коёбуз (Жкп. 1:22). Демек, кадамыбызды Кудайдын Сөзүнө карап түздөшүбүз керек. Анткени Кудайдын Сөзү чындап кандай адам экенибизди, жүрөктүн тереңинде жаткан ойлорду, ниеттерди айкын кылат (Евр. 4:12, 13). Аны рентгенге салыштырсак болот. Бирок Кудайдын Ыйык Китеп же ишенимдештерибиз аркылуу берген кеңешинин пайдасын көрүш үчүн момун болушубуз керек.

4. Шабулдун текебер болуп кеткени эмнеден көрүнгөн?

4 Шабул падыша менен болгон окуя момун болбосок, кесепети кандай болорун айкын көрсөтүп турат. Шабул падыша ушунчалык текеберденип кеткендиктен оңолушу керектигин такыр мойнуна алгысы келген эмес (Заб. 36:1, 2; Хаб. 2:4). Бул качан айкын болгон? Бир жолу Жахаба ага Амалыктын тукумдарын басып алгандан кийин эмне кылышы керектигин так-таасын айткан. Бирок ал Жахаба айткандай кылган эмес. Анан Шемуел пайгамбар айыбын мойнуна койсо да, көшөрүп туруп алган. Анан калса, кемчилигин кемитип айтып, күнөөсүн башкаларга оодара салып актанып кирген (1 Шем. 15:13—24). Ал мурунураак да ушундай калпыс иш кылган (1 Шем. 13:10—14). Ооба, Шабул текеберденип кеткен. Ал оюн оңдобогондуктан, Жахаба аны ашкерелеп, четке каккан.

5. Шабул падыша менен болгон окуядан кандай сабак алсак болот?

5 Шабул падышанын катасын кайталабаш үчүн мындай деп ойлонуп көрүшүбүз керек: «Кудайдын Сөзүн окуп жатканда кайсы бир жактан аксап жатканымды байкасам, актанып кирбейминби? Анчалык деле жаман иш кылып жаткан жокмун деп ойлобоймбу? Күнөөнү башка бирөөгө оодара салбаймбы?» Эгер ушундай болсо, оюбузду жана көз карашыбызды өзгөртүшүбүз керек. Болбосо текеберденип кетип, Жахабанын ырайымынан айрылып, аны менен дос боло албай калабыз (Жкп. 4:6).

6. Дөөтү падыша Шабулдан эмнеси менен айырмаланган?

6 Эми Шабулдан кескин айырмаланган жана андан кийин такка отурган Дөөтү падышанын мисалына токтололу. Ал Жахабанын мыйзамын жакшы көргөн киши болгон (Заб. 1:1—3). Дөөтү Жахабанын момундарды куткарарын, ал эми бой көтөргөндөргө каршы экенин билген (2 Шем. 22:28). Ошондуктан Кудайдын мыйзамын окуп, акылын ошого ылайык калыптаган. «Мага кеңеш берген Жахабаны алкайм. Жан дүйнөм мени түнкүсүн да үйрөтүп турат»,— деп жазган ал (Заб. 16:7).

КУДАЙДЫН СӨЗҮ

Туура жолдон чыгып баратсак, Кудайдын Сөзү эскертет. Эгер момун болсок, Кудайдын Сөзүнө карап оюбузду оңдойбуз. (7-абзацты карагыла)

7. Момун болсок, эмне кылабыз?

7 Эгер момун болсок, Кудайдын Сөзүнүн жардамы менен жаман ишке түртө турган ойду жок кылабыз. Кудайдын Сөзү: «Мына жол, ушул жол менен жүргүлө» — деп, кадамыбызга багыт берип турат. Ал бизге түз жолдон оңго же солго бурулуп адашып баратсак, эскертип турат (Ыш. 30:21). Жахабанын үнүнө кулак какканыбыз өзүбүзгө эле жакшы (Ыш. 48:17). Мисалы, өзүбүз билип эле оңоло берсек, башкалардан кеңеш угуп, ыңгайсыз абалда калбайбыз. Ошондой эле Жахабанын бизге мээримдүү атадай мамиле кылып жатканын сезип, ага жакыныраак болуп калабыз (Евр. 12:7).

8. Жакып 1-бөлүм 22—25-аяттарда айтылгандай, Кудайдын Сөзү бизге кандайча күзгү болуп берет?

8 Кудайдын Сөзү бизге эмне болуп берет? Күзгү болуп берет. (Окугула: Жакып 1:22—25.) Көпчүлүгүбүз эле эртең менен үйдөн чыгып баратканда күзгүгө каранабыз. Ошондо бирөө жарым байкаганча эле чачы-башыбызды оңдоп алабыз. Анын сыңарындай, Ыйык Китепти күнүгө окусак, оңдочу жактарыбызды байкап, оюбузду, көз карашыбызды түздөп алабыз. Көптөр күндөлүк аятты эртең менен үйдөн чыкканга чейин окуган жакшы экенин байкашкан. Алар окугандары тууралуу ойлонуп, ошол күнү колдонгонго аракет кылышат. Андан тышкары, күнүгө Ыйык Китепти окуп, ой жүгүрткөнгө да убакыт бөлүшүбүз керек. Бул — жөнөкөй эле нерсе көрүнгөнү менен, өмүргө алпара турган кууш жолдон чыкпаганга жардам берген маанилүү нерселердин бири.

КУДАЙГА БЕРИЛГЕН ДОСТОРУҢАРДЫ УККУЛА

КУДАЙГА БЕРИЛГЕН ДОСТОР

Кудайга берилген досубуз жылуу-жумшак акыл айтышы мүмкүн. Андайда анын тайманбай кеңеш айтканына ыраазы болобузбу? (9-абзацты карагыла)

9. Дос кандай учурларда акыл айтышы мүмкүн?

9 Жахабанын жолунан чыгып кете жаздаган учурларыңар болду беле? (Заб. 73:2, 3). Андайда Кудайга берилген досуңар тайманбай силерге кеңеш айткандыр. Ошондо айтканына кулак салып, оңолгонго аракет кылдыңар беле? Эгер ушундай кылсаңар, эң туура кылгансыңар. Азыр ага аябай ыраазы болуп жатсаңар керек (Накыл 1:5).

10. Досуңар туура жолго салса, эмне кыласыңар?

10 Кудайдын Сөзүндө: «Жакшы көргөндүн жаралаганы ишенимдүүлүгүнөн»,— делет (Накыл 27:6). Бул сөздөрдү кандай түшүнсөк болот? Бир мисалга токтололу. Машине кыйма-чийме жүргөн көчөдөн өткөнү жатып, телефонуңарга алаксып кеттиңер дейли. Анан эки жакты карабай эле жолдун аркы бетине өтө баштайсыңар. Бир маалда досуңар колуңардан шап кармап, артка тартат. Ал ушунчалык катуу кармагандыктан колуңар көгөрүп калат. Бирок антпесе, силерди машине коюп кетмек. Колуңар көпкө чейин ооруп жүрсө да, бул үчүн досуңарга таарынат белеңер? Албетте жок. Кайра ага ыраазы болмоксуңар. Ошол сыяктуу эле, досуңар сүйлөгөн сөзүңөр, ишиңер Кудайдын талаптарына ылайык келбей жатканын айтса, адегенде жаман болушуңар мүмкүн. Бирок анын сөзүнө теригип, таарынып калбашыңар керек. Таарынсаңар, акылсыздык болуп калат (Нас. 7:9). Андан көрө, тайманбай туура жолго салганына ыраазы болушуңар керек.

11. Эмнеден улам досубуздун кеңешине кулак какпай коюшубуз мүмкүн?

11 Биз үчүн күйүп-бышкан досубуздун кеңешин эмне үчүн четке кагып коюшубуз мүмкүн? Текебер болгон үчүн. Текебер адамдар чындыкты уккандан баш тартып, «өздөрү уккусу келген нерселерди» эле угушат (2 Тим. 4:3, 4). Андай адамдар өз кадырын, акылын башкалардыкынан жогору санашат. Ошондуктан элчи Пабыл: «Эгерде кимдир бирөө эч ким эмес болуп туруп өзү жөнүндө жогору ойдо болсо, ал өзүн өзү алдап жатат»,— деп жазган (Гал. 6:3). Сулайман падыша да буга байланыштуу таамай сөздөрдү айткан. Ал: «Кары, бирок эскертүүнү кабыл ала билбеген акылсыз падышага караганда жакыр, бирок акылдуу бала артык»,— деген (Нас. 4:13).

12. Галатиялыктар 2:11—14-аяттарда жазылгандай, элчи Петирден эмнеге үйрөнө алабыз?

12 Элчи Пабыл элдин көзүнчө ашкерелегенде элчи Петирдин эмне кылганына көңүл бурсаңар. (Окугула: Галатиялыктар 2:11—14.) Ал Пабылдын элдин көзүнчө бетке айтканына тырчып калган эмес. Себеби акылдуу болгон. Ал таарынып, ичине кек сактап калбай, Пабылдын сөзүн эп көргөн. Атүгүл кийинчерээк ал тууралуу «сүйүктүү бир тууганыбыз» деп жазган (2 Пет. 3:15).

13. Кимдир бирөөгө кеңеш берерде эмнелерди эске алышыбыз керек?

13 Эгер досуңардын кайсы бир жагынан оңолушу керек экенин байкасаңар, эмнелерди эске алышыңар керек? Ага кеңеш айтардан мурун: «Өтө адилсинген жокмунбу?» — деп ойлонуп көргүлө (Нас. 7:16). Өтө адилсинген киши башкаларга Жахабанын талаптарына эмес, өзүнүн талаптарына ченеп баа берет. Андай киши анча жумшак, боорукер болбойт. Эгер ушинтип ойлонуп көргөндөн кийин да досуңар менен сүйлөшүүнү туура көрсөңөр, көйгөйдүн тамырын таап, анын көз карашын сурап билгенге аракет кылсаңар болот. Ошондо кемчилигин көргөнгө жакшыраак жардам бере аласыңар. Досуңар силердин алдыңарда эмес, Жахабанын алдында жооптуу экендигин эсиңерден чыгарбагыла. Ошондуктан кеңешти өз акылыңардан эмес, Ыйык Китепке таянып бергиле (Рим. 14:10). Акылмандык Кудайдын Сөзүндө камтылганын эсиңерден чыгарбагыла. Ошондой эле кеңеш берип жатканда Исадай болуп боорукер болгула (Накыл 3:5; Мт. 12:20). Эмне үчүн? Анткени Жахаба бизге башкаларга кылган мамилебизге жараша мамиле кылат (Жкп. 2:13).

КУДАЙДЫН УЮМУ КӨРСӨТКӨН БАГЫТ МЕНЕН ЖҮРГҮЛӨ

КУДАЙДЫН УЮМУ

Кудайдын уюму белендеп берген адабияттар, видеолор жана жыйналыштар Кудайдын Сөзүндөгү кеңештерди колдонгонго жардам берет. Кээде Жетектөөчү Кеңеш уюмдагы айрым нерселерди өзгөртүп турат. (14-абзацты карагыла)

14. Кудайдын уюму бизге эмне берип жатат?

14 Өмүр жолунда Жахаба бизди уюмунун жердеги бөлүгү аркылуу жетектейт. Уюм чыгарып жаткан видеолор, адабияттар жана жыйналыштар Ыйык Китептеги кеңештерди күнүмдүк турмушта колдонгонго жардам берет. Алардын баары ишеничтүү, себеби Кудайдын Сөзүнө негизделген. Кабар айтууга байланыштуу чечим чыгарып жатканда Жетектөөчү Кеңеш ыйык рухка таянат. Ошондой болсо да чечимдерин маал-маалы менен кайра карап, талдап турат. Эмне үчүн? Себеби «бул дүйнөнүн көшөгөсү алмашып» жатат. Ошондуктан Кудайдын уюму замандын көчү кайсы жакка оосо, ошого ылайыкташып турат (1 Кор. 7:31).

15. Айрым жарчыларга эмнеге көнгөнгө туура келип жатат?

15 Ыйык Китептеги окуулар жаңыча түшүндүрүлгөндө же адеп-ахлактык нормаларга тиешелүү көрсөтмө берилгенде дароо эле кабыл алабыз. Ал эми жашообуздун башка тармактарына тиешелүү нерселер өзгөрсөчү? Андайда эмне кылабыз? Маселен, акыркы жылдары сыйынган жайларыбызды курганга же оңдоп-түзөгөнгө кеткен чыгымдар бир топ көбөйүп кеткен. Ошондуктан Жетектөөчү Кеңеш Падышалык залдары толук колдонулсун деп көрсөтмө берген. Натыйжада айрым жыйналыштар бириктирилип, айрым Падышалык залдары сатылган. Ошондон үнөмдөлгөн каражат Падышалык залдарга аябай зар болуп жаткан жерлердеги курулушка жумшалып жатат. Эгер залдар сатылып, жыйналыштар бириктирилген жерде жашасаңар, жаңы жагдайга көнүш кыйын болушу мүмкүн. Айрымдарга жыйналышка барыш үчүн узагыраак жол жүргөнгө туура келип калды. Ал эми залдарды курганга же оңдоп-түзөгөнгө катышкандар: «Эмне үчүн сатылып жатат?» — деп бушайман болушу ыктымал. Аларга убактысы, күчү текке кеткендей сезилиши мүмкүн. Ошентсе да алар жаңы шарттарга көнүп жатышат. Бул мактоого татырлык!

16. Колосалыктар 3:23, 24төгү кеңешти колдонсок, эмне үчүн кубанычыбыз бөксөрбөйт?

16 Кылып жаткан ишибиз Жахабаныкы экенин жана уюмду ал жетектеп жатканын эстен чыгарбасак, кубанычыбыз эч качан бөксөрбөйт. (Окугула: Колосалыктар 3:23, 24.) Дөөтү падыша ибадаткананын курулушуна тартуу кылып, бизге жакшы үлгү калтырган. Ал мындай деген: «Ушундай тартуу бере алгыдай мен ким элем, менин элим ким эле? Мунун баарын сен бергенсиң. Биз сенден алганды эле кайра өзүңө бердик» (1 Жылн. 29:14). Биз да тартуу кылганыбызда Жахабадан алган нерселерибизди кайра өзүнө берген болобуз. Ошондой болсо да Жахаба анын ишине убактыбызды, күчүбүздү жана каражатыбызды жумшап жатканыбызды жогору баалайт (2 Кор. 9:7).

КУУШ ЖОЛДОН ЧЫКПАГЫЛА

17. Кадамыңарды түздөшүңөр керектей сезилсе, эмне үчүн көңүлдү чөгөрбөш керек?

17 Өмүргө алып барган кууш жолдон чыкпаш үчүн Исанын изи менен так басышыбыз керек (1 Пет. 2:21). Бирок кадамыңарды түздөшүңөр керектей сезилип жатса, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Мунуңар жакшы. Анткени бул Жахабанын жетекчилигине баш ийгенге дилгир экениңерден кабар берип турат. Жахаба бизден — күнөөкөр пенделерден — так эле Исанын өзүндөй болушубузду күтпөйт. Ушуну эсиңерден чыгарбагыла.

18. Бет алган бейиш заманга жетиш үчүн эмне кылышыбыз керек?

18 Келгиле, алдыдагы жаркын келечек менен жашайлы жана оюбузду, көз карашыбызды, жүрүм-турумубузду оңдогонго даяр бололу (Накыл 4:25; Лк. 9:62). Ошондой эле момундугубуздан жазбайлы, кубанычыбызды суутпайлы, мындан ары да оңоло берели (2 Кор. 13:11). «Ошондо сүйүүнүн жана тынчтыктын Кудайы» биз менен болот (2 Кор. 13:11). Ошентсек, бет алган бейиш заманга жетебиз. Болгондо да, кубанычтан өксүбөй жетебиз!

34-ЫР: Кудайдын алдында кынтыксыз жүрөм

^ 5-абз. Айрымдарыбызга оюбузду, көз карашыбызды жана жүрүм-турумубузду өзгөртүү кыйынга турат. Бул макаладан эмне үчүн баарыбыз оңоло беришибиз керектигин жана андайда канткенде көңүлүбүз чөкпөй турганын карап чыгабыз.

^ 76-абз. СҮРӨТ. Туура эмес чечим чыгарып алып, кесепетин айтып берип жаткан жаш ишенимдешибиз. Улуураагы (оң жакта) кеңеш айтыштын зарылдыгы бар-жогун аныкташ үчүн кунт коюп угуп отурат.