Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

50-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Өлгөндөр кантип тирилет?»

«Өлгөндөр кантип тирилет?»

«Өлүм, сенин жеңишиң кайда? Өлүм, чага турган ийнең кайда?» (1 КОР. 15:55).

141-ЫР: Жашоонун керемети

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Асманда жашай тургандардын тирилиши жөнүндө билгенге эмне үчүн Исанын жолдоочуларынын баары кызыкдар болушу керек?

ЖАХАБАГА кызмат кылгандардын көбү жер бетинде түбөлүк жашайм деп үмүттөнүшөт. Ал эми Исанын рух менен майланган жолдоочуларынын калдыгынын үмүттөнгөнү башка. Алар асманда жашашат. Андыктан, албетте, асмандагы жашоосу кандай болорун билгенге куштар. Анткен менен бул жерде жашай тургандарга да кызыктуу. Ушул макаладан биле турганыбыздай, асманда жашай тургандардын тирилгенинин аркасында жер бетинде жашай тургандарга да бата тиет. Ошондуктан, үмүтүбүз кандай болбосун, бул баарыбызды кызыктырышы керек.

2 Кудай Исанын алгачкы жолдоочуларынын айрымдарына ушул туурасында жазганга түрткү берген. Мисалы, элчи Жакан: «Биз Кудайдын балдарыбыз, бирок келечекте кандай болорубуз азырынча айкын боло элек. Ал ачык көрүнгөндө, ага окшош болорубузду гана билебиз»,— деп жазган (1 Жкн. 3:2). Демек, майлангандар рух катары тирилип, асманга кеткенде өздөрүнүн кандай болорун билишпейт. Бирок бир нерсе анык: алар өз сыйлыгын алышканда Жахабаны сөздүн түз маанисинде көрө алышат. Ыйык Китепте алардын кантип тирилери жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин айтылган эмес. Ошондой болсо да буга байланышкан айрым нерселерди элчи Пабылдын жазгандарынан билсе болот. Ал кайсы нерселер? «Машаяк бардык өкмөттөрдү, бийликтерди жана күчтөрдү», ошондой эле «акыркы душманды» — өлүмдү — жок кылганда, майлангандар аны менен бирге болушат. Ал эми эң аягында Иса Машаяк жана аны менен кошо башкара тургандар Жахабага өздөрү да баш ийип, башкаларды да баш ийдирет (1 Кор. 15:24—28). Ал кандай гана жүрөк толкуткан учур болот! *

3. 1 Корунттуктар 15:30—32-аяттардан көрүнүп тургандай, өлгөндөрдүн тирилерине ишенгени Пабылга кандайча жардам берген?

3 Пабылдын өлгөндөрдүн тирилерине ишенгени ага көптөгөн кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге жардам берген. (Окугула: 1 Корунттуктар 15:30—32.) Ал корунттуктарга: «Мен күнүгө өлүм менен беттешем»,— деген. Ошондой эле «Эфесте жырткычтар менен... күрөшкөнүн» жазган. Ал Эфес шаарында оюн-зоок коюлчу жерде кадимки жырткычтар менен алышканын айтышы мүмкүн эле (2 Кор. 1:8; 4:10; 11:23). Же жырткычка окшоп, ага азуусун салганга даяр турган жүйүттөр жана башкалар жөнүндө айтса керек (Элч. 19:26—34; 1 Кор. 16:9). Кандай болбосун, Пабылдын жаны кылдын учунда турган учурлары болгон. Бирок ал келечеги жаркын болорун билгендиктен көңүлүн чөгөргөн эмес (2 Кор. 4:16—18).

Ишибизге тыюу салынган жерде жашаган, тоскоолдуктарга карабай ишенимин бекем сактап, Кудайга сыйынып келаткан үй-бүлө. Жахаба алардын эмгегин унутпайт (4-абзацты карагыла)

4. Өлгөндөр тирилет деген үмүт бизге кандайча күч-кайрат берет? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

4 Биз азыр коогалаңдуу мезгилде жашап жатабыз. Айрымдарыбыз кылмыштуулуктан запкы жеп жатабыз. Башкабыз согуш оту тутанган жерде жашагандыктан дайыма өмүрүбүз үчүн коркуп жашайбыз. Кабар айтуу ишине чектөө коюлган же таптакыр эле тыюу салынган жерлерде жашап, Жахабага кызмат кылыш үчүн өмүрүн, эркиндигин садага чапканга даяр болгон ишенимдештерибиз да бар. Мына ушунун баарына карабай Жахабага сыйынып жаткан андай бир туугандарыбыз бизге мыкты үлгү көрсөтүп жатышат. Алар эмне үчүн мынчалык кайраттуу? Себеби азыр өмүрүнөн айрылып кала турган болсо да, эң жакшысы алдыда экенин билишет.

5. Өлгөндөр тирилет деген ишенимибизди кандай көз караш солгундатып коюшу мүмкүн?

5 1-кылымда айрымдар «ичип-жейли, анткени эртең өлөбүз» деп жашашкан. Пабыл ишенимдештерине мындай көз караштын коркунучтуу экенин айтып эскерткен. Андай көз карашта болгондор Пабылдын күндөрүнө чейин эле болгон. Ал ошол жөнүндө айтканда ысрайылдыктардын маанайы чагылдырылган Ышая 22:13төгү сөздөрдү айтса керек. Алар Кудайды сүйгөндүн ордуна, ыракатты сүйүшкөн. Ысрайылдыктар, мындайча айтканда, азыркы учурда кеңири жайылган «жашоо бир келет, ойноп-күлүп алалы» деген көз карашта болушкан. Бирок мунун кесепети кандай болгонун Ыйык Китептен жакшы билебиз (2 Жылн. 36:15—20).

6. Өлгөндөрдүн тирилерине ишенгенибиз кимдер менен достошорубузга кандай таасир этиши керек?

6 Ооба, Жахабанын өлгөндөрдү тирилте аларына ишенсек, кимдер менен достошуп жатканыбызга олуттуу карайбыз. Мисалы, Корунттагы жыйналыштагылар өлгөндөрдүн тирилерин четке каккандар менен жакын мамиледе болгондон сак болушу керек болчу. Бул бизге да тиешелүү. Эгер сайран куруп, шапар тээп жашаганды жакшы көргөндөр менен жакын мамиледе болсок, алардын көз карашы жукпай койбойт. Ошонун айынан Ыйык Китепке негизделген көз карашыбыз, жашоо калыбыбыз бузулуп калышы мүмкүн. Атүгүл андай адамдардын таасирине алдырып, Жахаба жек көргөн иштерди кылганга чейин барышыбыз да ыктымал. Ошондуктан Пабыл: «Эсиңерге келгиле, адил иштерди кылгыла, күнөөгө батпагыла»,— деп бекеринен катуу эскерткен эмес (1 Кор. 15:33, 34).

ДЕНЕСИ КАНДАЙ БОЛОТ?

7. 1 Корунттуктар 15:35—38-аяттарда жазылгандай, өлгөндөрдүн тирилишине байланыштуу кандай суроо туулушу мүмкүн эле?

7 Окугула: 1 Корунттуктар 15:35—38. Өлгөндөрдүн тирилерине шек туудургусу келген кимдир бирөө: «Өлгөндөр кантип тирилмек эле?» — деши мүмкүн болчу. Адам өлгөндөн кийин эмне болоруна байланыштуу азыркы күндө да ар ким ар кандай ойдо болгондуктан, Пабылдын бул суроого кандай жооп бергенине көңүл бурганыбыз маанилүү. Анда бул туурасында Ыйык Китепте эмне делет? Келгиле, ошону карап көрөлү.

Элчи Пабыл урук менен өсүмдүктү мисал катары колдонуп, Кудай өзү тирилте тургандарга каалагандай дене бере аларын түшүндүргөн (8-абзацты карагыла)

8. Асманда жашай тургандардын тирилишин түшүнгөнгө кайсы мисал жардам берет?

8 Өлгөндө адамдын денеси чирип жок болору чын. Бирок жоктон бар кылып, ааламды жараткан Кудай өлгөн адамды тирилтип, ага кандай дене керек болсо, ошондой дене бере алат (Башт. 1:1; 2:7). Пабыл асманда жашаш үчүн тириле тургандарга Кудай мурункудай эле дене бербесин түшүндүргөн. Ал урукту мисал кылган. Себилген урук өнүп чыгат да, жаңы өсүмдүк өсө баштайт. Өсүп чыккан өсүмдүк себилген уруктан кыйла айырмаланат. Пабыл бул салыштырууну Жаратканыбыздын өлгөн адамды тирилтип, «ага өзү каалагандай дене бере» аларын түшүндүрүш үчүн колдонгон.

9. 1 Корунттуктар 15:39—41-аяттарда денелердин түрдүүлүгү жөнүндө эмне делген?

9 Окугула: 1 Корунттуктар 15:39—41. Бул аяттарда Пабыл жаратылган нерселердин түрдүүлүгүн айтып өткөн. Мисалы, жер бетинде эт менен кандан турган мал, канаттуулар жана балык сыяктуу ар кандай жандыктар бар. Пабыл асмандагы жаратылган нерселер тууралуу да кеп кылып, Күн менен Айдын айырмаланарын айткан. Ошондой эле: «Даңкы боюнча жылдыздар да бири-биринен айырмаланат»,— деген. Эч кандай шайманы жок караганда айырмасы билинбесе да, окумуштуулардын айтымында, жылдыздар: кызыл алп жылдыздар, ак кодолор жана биздин Күн сыяктуу сары жылдыздар болуп айырмаланат. Мындан сырткары, Пабыл: «Асманга таандык денелер бар, жерге таандык денелер бар»,— деген. Эмне үчүн? Себеби адамдын денеси топурактан жаратылган болсо, асманда жашагандардыкы, маселен, периштелердики рухий дене.

10. Асманда жашаш үчүн тирилтиле тургандардын денеси кандай болот?

10 Андан соң Пабыл кайрадан урук жөнүндөгү мисалына кайрылган. Анын эмне дегенине көңүл бурсаңар: «Өлгөндөр тирилгенде да ушундай болот. Чирий турган дене урукка окшоп себилип, чирибес болуп тирилет». Албетте, адам өлгөндө денеси чирип, кайра топуракка айланат (Башт. 3:19). Анда «дене... чирибес болуп тирилет» дегенди кандай деп түшүнсөк болот? Пабыл, мисалы, Илияс, Элиша пайгамбарлар жана Иса тирилткен жер бетинде жашаган адамдарды сөз кылган эмес. Ал асманда жашай ала турган «рухий денеге» ээ боло тургандар жөнүндө айткан (1 Кор. 15:42—44).

11, 12. Иса тирилгенде эмне болгон жана ага окшоп, майлангандар да тирилгенде эмне болушат?

11 Иса жерде жашап жүргөн кезинде денеси адамдыкындай болчу. Ал эми тирилгенден кийин ал «өмүр берүүчү рух болуп калган» жана кайрадан асманга кеткен. Анын сыңарындай, Исанын майланган жолдоочуларына да асманда жашай алышы үчүн тирилгенде рухий дене берилет. Пабыл муну: «Биз топурактан жаратылган адамга окшош болгондой эле, кийин асмандан келгенге да окшош болобуз»,— деп түшүндүргөн (1 Кор. 15:45—49).

12 Исага тирилгенде адамдыкындай дене берилген эмес. Пабыл мунун себебин сөзүн жыйынтыктаганда түшүндүргөн. Ал: «Эт менен кандан турган дене... Кудайдын Падышалыгын мурастай албайт»,— деген (1 Кор. 15:50). Демек, элчилер жана башка майлангандар тирилгенде асманга эт менен кандан турган чирий турган денеде барышмак эмес. Алар качан тирилтилмек? Пабыл мунун келечекте болорун айткан. Алар өлөрү менен эле тирилтилмек эмес. Себеби Пабыл корунттуктарга 1-катын жазган учурда айрымдар, алсак, элчи Жакып сыяктуу шакирттер эбак эле «өлүм уйкусуна кеткен» болчу (Элч. 12:1, 2). Ал эми башка элчилер менен майлангандар «өлүм уйкусуна» кийинчерээк кетишмек (1 Кор. 15:6).

ӨЛҮМДҮ ЖЕҢҮҮ

13. Исанын «катышуусунун» убагында эмнелер болмок?

13 Иса да, Пабыл да адамзаттын тарыхындагы эң эле бир өзгөчө убак жөнүндө, Машаяктын катышуусунун убагы жөнүндө, алдын ала айткан. Ал убакта дүйнө жүзү боюнча согуштар, жер титирөөлөр, жугуштуу оорулар жана башка жаман окуялар күч алмак. Биз Ыйык Китепте алдын ала айтылган бул нерселердин 1914-жылдан бери аткарылып келатканын билебиз. Бирок ушул нерселер менен катар дагы бир маанилүү нерсе аткарылмак. Иса ошол учурда Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат деген «жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратыларын», «ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келерин» айткан (Мт. 24:3, 7—14). Пабыл болсо Исанын «өлүм уйкусуна кеткен» майланган жолдоочулары так ошол «Мырзасынын катышуусунун убагында» тирилерин айткан (1 Тес. 4:14—16; 1 Кор. 15:23).

14. Машаяктын катышуусунун убагында өлгөн майлангандар эмне болушат?

14 Бүгүнкү күндө майлангандар көз жумары менен тирилип, асманга кетишет. Муну Пабылдын 1 Корунттуктар 15:51, 52-аяттардагы сөздөрү бышыктап турат. Ал мындай деп жазган: «Өлүм уйкусуна баарыбыз эле кетпейбиз, бирок баарыбыз өзгөрүлөбүз. Бир заматта, көз ачып-жумгуча, акыркы сурнай тартылып жатканда өзгөрүлөбүз». Пабылдын ушул сөздөрү азыр аткарылып жатат. Тирилгенде Машаяктын бир туугандары чоң кубанычка бөлөнүшөт. Алар «дайыма Мырзабыз менен болот» (1 Тес. 4:17).

Исанын майланган жолдоочулары тирилгенден кийин Иса менен бирге ыймансыздардын баарын жок кылат (15-абзацты карагыла)

15. Исанын майланган жолдоочулары асманга барышканда эмне кылышат?

15 Ыйык Китепте Исанын майланган жолдоочулары тирилип, асманга барышкандан кийин эмне кылары жазылган. Иса аларга: «Ким аягына чейин меникиндей иштерди кылып, жеңүүчү болуп чыкса, ага элдердин үстүнөн бийлик берем. Атамдан кандай бийлик алсам, ага ошондой бийлик берем. Ошондо ал элдерди темир таяк менен кайтарат, алар чопо идиштердей талкаланат»,— деген (Аян 2:26, 27). Демек, алар Аскер башчысы менен бирге элдерди темир таяк менен кайтарышат (Аян 19:11—15).

16. Майлангандар жана Кудайга берилген башка адамдар өлүмдү кантип жеңишет?

16 Ооба, майлангандар тирилгенде өлүмдү жеңген болушат (1 Кор. 15:54—57). Тирилгенинин аркасында алар жакында боло турган Армагедон согушунда жер жүзүндөгү бүт ыймансыздыкты жок кылганга катышышат. Ал эми Исанын миллиондогон башка жолдоочулары «улуу алааматтан аман өтүп», жаңы дүйнөдө жашашат (Аян 7:14). Алар өлүмдү багындырган дагы бир жеңишке күбө болушат. Эбак көзү өтүп кеткен миллиарддаган адамдардын тирилгенин өз көзү менен көрүшөт. Ал кубаныч менен шаттыкка бөлөгөн эмне деген жеңиш болот! (Элч. 24:15). Ошондон кийин Жахабага толук берилгендигин далилдегендердин баары атүгүл тукум кууган өлүмдү да жеңишет. Себеби алар түбөлүк жашашат.

17. 1 Корунттуктар 15:58ге ылайык, эмне кылышыбыз керек?

17 Исанын ар бир жолдоочусу өлгөндөр тирилет деген үмүтүн баалап, ыраазы болушу керек. Андай ыраазычылыгыбызды Пабылдын сөзүнө ылайык иш кылып көрсөтө алабыз. Ал «Теңирдин ишин аткаруу үчүн» күжүрмөн эмгектенгенге үндөгөн. (Окугула: 1 Корунттуктар 15:58.) Эгер бул ишти жан жигерибизди төшөп аткарсак, жаркын келечекти көрөбүз деп үмүттөнө алабыз. Ошол учурдагы кереметтүү жашоо биз элестеткенден да ашып түшөт. Ошондо Теңирдин алдында эмгегибиз текке кетпегенин түшүнөбүз.

140-ЫР: Мына, түбөлүк өмүр!

^ 5-абз. Бул макалада корунттуктарга жолдонгон 1-каттын 15-бөлүмүн талкуулап бүтүрөбүз. Бул бөлүгүндө элчи Пабыл, өзгөчө, Исанын майланган жолдоочуларынын тирилерине токтолгон. Бирок анын жазгандары «башка койлор» деп эсептелген жолдоочулары үчүн да кызыктуу болот. Өлгөндөрдүн тирилерине ишенгенибиз азыркы жашообузга кандай таасир этет? Келечекке үмүттүү караганга кантип жардам берет? Макаладан мына ушул суроолорго жооп алабыз.

^ 2-абз. Журналдын ушул санынын «Окурмандардын суроолору» деген рубрикасында Пабылдын 1 Корунттуктар 15:29дагы сөздөрү түшүндүрүлөт.