Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

51-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахаба көңүлү чөккөндөрдү жубатат

Жахаба көңүлү чөккөндөрдү жубатат

«Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын, кыйналгандарды куткарат» (ЗАБ. 34:18).

30-ЫР: Куткаруучум, Атам, Досум

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Бул макалада кимдер жөнүндө сөз жүрөт?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ адам баласынын өмүрү кыска экени жана «санаага толгону» жазылган (Аюп 14:1). Андыктан кээде ындыныбыз өчүп, көңүлүбүз чөккөнү таң калыштуу деле эмес. Мындай нерсе Жахабага кызмат кылган байыркы учурда жашаган көптөгөн адамдардын да башынан өткөн. Айрымдары атүгүл жашагысы келбей калган (1 Пад. 19:2—4; Аюп 3:1—3, 11; 7:15, 16). Бирок Жахаба — алар таянган Кудай — ар дайым колдоп, кубат берип турган. Алардын башынан өткөндөрү Ыйык Китепке бизге дем-күч бериши үчүн, алардан бир нерсеге үйрөнө алышыбыз үчүн жазылган (Рим. 15:4).

2 Бул макалада кыйынчылыгын көтөрүп кеткен Жахабанын кызматчылары, атап айтканда, Жусуп, жесир калган Наами менен келини Рут, 73-забурду жазган леби жана элчи Петир жөнүндө сөз жүрөт. Жахаба аларга кантип дем-күч берген? Алардан эмнени үйрөнө алабыз? Бул суроолордун жообу бизди «Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын» экенине, көңүлү чөгүп «кыйналгандарды куткарарына» ынандырат (Заб. 34:18).

КОРДУККА, АДИЛЕТСИЗДИККЕ ЧЫДАГАН ЖУСУП

3, 4. Жаш кезинде Жусуптун башынан эмнелер өткөн?

3 17 жаштарында Жусуп эки түш көргөн. Алар кадимки түш эмес болчу: экөө тең Кудайдан болчу. Алар Жусуптун күндөрдүн биринде бүт үй-бүлөсү кадырлап-сыйлаган жогорку даражадагы адам болорунан кабар берген (Башт. 37:5—10). Бирок көп өтпөй эле баары тескерисинче болгон. Жусуптун агалары аны кадырлап-сыйламак турсун, сатып жиберишкен. Ал Мисирдеги ак сарайда кызмат кылган Потипар деген кишинин кулу болуп калган (Башт. 37:21—28). Ошентип, атасынын сүймөнчүгү Жусуп бир заматта эле Жахабага сыйынбаган мисирлик кишинин эрксиз кулу болуп калган (Башт. 39:1).

4 Бирок бул кыйноо тарттырган азаптуу күндөрдүн башталышы эле болгон. Кийинчерээк Потипардын аялы зордуктаганга аракет кылды деп Жусупка жалаа жапкан. Потипар болсо эч нерсени териштирбей туруп эле ага кишен салдырып, түрмөгө каматып салган (Башт. 39:14—20; Заб. 105:17, 18). Зордуктаганга аракет кылды деген жалаа жабылганда Жусуптай жаш жигитке канчалык оор болгонун, ал канчалык жаман болгонун элестетсеңер. Ошонун айынан Жахабанын ысымына канчалык сөз тийиши мүмкүн болгонун да ойлонуп көрсөңөр. Анан кантип Жусуптун көңүлү чөкпөй коймок эле?!

5. Көңүл чөгөттүккө алдырып койбош үчүн Жусуп эмне кылган?

5 Адегенде кул болуп, кийин түрмөгө отуруп калган Жусуптун жагдайга моюн сунгандан башка аргасы калган эмес. Ага үмүтүн үзүп, чөгүп кетпегенге эмне жардам берген? Ал эркинен ажырап, кишенделип калганын эле ойлоп мүңкүрөп калбай, бүт дитин ага тапшырылган ишке койгон. Эң негизгиси, жашоосунда баарынан артык көргөн Жахабаны эч качан көңүлүнөн чыгарган эмес. Ошондуктан эмне иш кылбасын, Жахаба батасын берген (Башт. 39:21—23).

6. Мурун көргөн түштөрү Жусупту кандайча жубатышы мүмкүн эле?

6 Жусупка мурун көргөн пайгамбарлык мааниге ээ түштөрү да күч-кайрат берсе керек. Себеби түштөрү үй-бүлөсү менен кайрадан көрүшөрүнө, жашоосу жакшы нукка буруларына үмүт байлаткан. Арадан убакыт өтүп, так ошондой болгон. Ал 37лерге чыкканда, баягы түшүнө кирген нерселер ойго да келбеген жол менен аткарылган (Башт. 37:7, 9, 10; 42:6, 9).

7. 1 Петир 5:10го ылайык, кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге эмне жардам берет?

7 Кандай жыйынтык чыгарсак болот? Бул окуядан азыркы катаал дүйнөдө адилетсиздикке кабылышыбыз толук мүмкүн экенин билебиз. Ал тургай ишенимдештерибиз да адилетсиз мамиле кылып коюшу ыктымал. Бирок таянар тообуз, баш маанабыз Жахаба болсо, ындыныбызды өчүрүп, кызматыбызды токтотуп койбойбуз. (Заб. 62:6, 7; окугула: 1 Петир 5:10.) Ошондой эле, ойлоп көрсөңөр, Жахаба Жусупка түш көрсөткөндө, ал 17 жаштардагы эле боз улан болчу. Мындан көрүнүп тургандай, Жахаба жаш кызматчыларына да ишеним артат. Арабызда Жусупка окшогон жаштарыбыз көп. Алардын да Жахабага болгон ишеними күчтүү. Кээси атүгүл Кудайга болгон берилгендигинен жазбаганы үчүн адилетсиз түрдө түрмөгө да камалышкан (Заб. 110:3).

КҮЙҮТКӨ КҮЙГӨН ЭКИ АЯЛ

8. Наами менен Рут кандай кыйынчылыкка кабылган?

8 Ачарчылыктын азабынан Наами үй-бүлөсү менен Жүйүт жериндеги үйүн таштап, Маапка жер которуп кеткен. Ал жактан күйөөсү Элимелектин көзү өтүп кетип, эки уулу менен жесир калган. Кийинчерээк эки уулу ошол жерлик Рут, Орпа деген кыздарга үйлөнгөн. Ошондон, чамасы, он жыл өткөндөн кийин артына туяк калтырбай эки уулу да өтүп кеткен (Рут 1:1—5). Ошондо Наами менен келиндеринин күйүтү күч болгону айтпаса да түшүнүктүү! Албетте, Рут менен Орпа кайра турмуш куруп кете алмак, бирок анда жашы өр тартып калган Нааминин көргөн күнү кандай болот эле? Ал ушунчалык күйүткө баткандыктан: «Мени Наами дебегиле, Мара дегиле, анткени Кудурети Күчтүү башыма мүшкүл түшүрдү»,— деген. Ошентип, бечара Наами Бетлехемге кайтып бармакчы болгон. Келини Рут да аны менен кеткен (Рут 1:7, 18—20).

Жахаба Наами менен Рутка көңүлү чөккөн, кайгыга баткан кызматчыларына жардам бере аларын көрсөткөн. Ал силерге да жардам берет (8—13-абзацтарды карагыла) *

9. Рут 1:16, 17, 22-аяттарга ылайык, Рут Наамиге кантип арка-бел болгон?

9 Наамиге ушунун баарын көтөрүп кеткенге эмне жардам берген? Ага көрсөтүлгөн туруктуу сүйүү. Мисалы, Рут кетип калбай, жанында калган. (Окугула: Рут 1:16, 17, 22.) Ал эми Бетлехемге барышканда, экөө күн көрүшү үчүн, машак терген. Көп өтпөй эле ал эл арасында жакшы атка конгон (Рут 3:11; 4:15).

10. Жахабанын Наами менен Рутка окшогон кедейлерге болгон сүйүүсү эмнеден көрүнүп турган?

10 Жахаба ысрайылдыктарга Наами менен Рутка окшогон кедей-кембагалдарга кайрымдуу болгонго үйрөткөн мыйзам берген. Ал мыйзам боюнча, эл түшүм жыйнаганда, бей-бечаралар терип алышы үчүн, талаанын четиндегисин калтырып коюшу керек болчу (Леб. 19:9, 10). Ошондуктан Наами менен Рут кайыр сурап калган эмес. Мунун аркасында алар кадырын жоготпой, нанын ак эмгеги менен таап жешкен.

11, 12. Бууз Наамиге, Рутка кандай жакшылык кылган?

11 Рут Бууз деген бай кишинин талаасында машак терген. Ал Руттун кайненесине кылган мамилесин, жакшылыгын көргөндө аябай таасирленип, алардын үй-бүлөсүнүн мурасын сатып алган, Рутту да аялдыкка алган (Рут 4:9—13). Анан экөө балалуу болуп, атын Обейт коюшкан. Ал кийин Дөөтү падышанын чоң атасы болгон (Рут 4:17).

12 Нааминин ымыркайды колуна көтөрүп алып, Жахабага ыраазычылыгын айтып түгөтө албай жатканын элестетсеңер! Бирок Наами менен Руттун көргөн жакшылыгы ошол эле болгон эмес. Алар кийин тирилип, Обейттин убада кылынган Машаяк Исанын чоң аталарынан болгонун билгенде кандай гана кубанышат!

13. Наами менен Руттун окуясынан кандай маанилүү нерсени биле алабыз?

13 Кандай жыйынтык чыгарсак болот? Турмуштагы кыйынчылыктар менен алышканда көңүлүбүз чөгүп, атүгүл жүрөгүбүз жараланышы мүмкүн. Андайда туюкка кептелип калганыбыздай сезилиши ыктымал. Бирок ошондой учурларда бүт үмүтүбүздү асмандагы Атабызга артышыбыз жана ишенимдештерибиз менен жакын мамиледе болушубуз керек. Албетте, Жахаба бизди кыйынчылыгыбыздан арылтпашы деле мүмкүн. Мисалы, ал Нааминин күйөөсү менен уулдарын тирилтип койгон эмес. Бирок ал бизге ишенимдештерибиз кылган жакшылыктар аркылуу жардам берет (Накыл 17:17).

ТҮЗ ЖОЛДОН ЧЫГЫП КЕТЕ ЖАЗДАГАН ЛЕБИ

Леби жашоосунда Жахабаны биринчи орунга койбогондорду көрүп түз жолдон тайып кете жаздаган. Ага алардын жашоосу телегейи тегиз көрүнгөн. Бизге да ошондой көрүнүшү мүмкүн (14—16-абзацтарды карагыла)

14. Бир лебинин эмнеден улам көңүлү чөккөн?

14 73-забурду бир леби жазган. Ал зор сыймыкка ээ болгон. Себеби леби катары Жахабага сыйынган жайда кызмат кылган. Ошентсе да бир учурда шаабайы сууп, көңүлү катуу чөккөн. Буга эмне себеп болгон? Ал ыймансыз жана текебер адамдарга көз арта баштаган. Албетте, леби алардай болгусу келген эмес. Болгону, алардын гүлдөп, бейкапар жашап жатканына кызыгып кеткен (Заб. 73:2—9, 11—14). Алар эч кандай кем-карчысыз, кайгы-капасыз, телегейи тегиз жашап жаткандай көрүнгөн. Ошондуктан көңүлү чөгүп: «Мен жүрөгүмдү бекер эле тазалап, колумду айыпсыздык менен бекер эле жууп жүргөн экем да»,— деген. Ооба, ал аз жерден түз жолдон тайып кете жаздаган.

15. Забур 73:16—19 жана 22—25-аяттарга ылайык, леби көңүл чөгөттүктөн кантип арылган?

15 Окугула: Забур 73:16—19, 22—25. Ошондон кийин леби «Кудайдын улуу ыйык жайына кирген». Ал жактан, кыязы, Жахабага сыйынган башка адамдардын арасында болуп, бушайман кылып жаткан ой-сезимдерин жай отуруп алып акыл калчап, таразалап чыккан. Анан ошонун баарын Жахабага айткан. Ошондо туура эмес ой жүгүртүп, акылынан адашып жатканын, Жахабадан алыстата турган багытка түшүп баратканын байкаган. Ыймансыздардын жолу тайгак экенин, алар акыры «кырылып жок болорун» түшүнгөн. Ошентип, баарына Жахабанын көз карашы менен карагандан кийин ыймансыздарга көз артпай калган, көңүлү да чөкпөй калган. Мурункудай бушайман болбой, көңүлү тынч жашап калган. Ал: «Жерде... [Жахабадан] башка кубанычым жок»,— деген.

16. Лебинин окуясынан кандай жыйынтык чыгарсак болот?

16 Кандай жыйынтык чыгарсак болот? Эч нерседен бейкапар жашагандай сыяктанган ыймансыз адамдарга эч качан көз артпашыбыз керек. Алар бактылуудай көрүнөт. Бирок, чын-чынына келгенде, андай деле эмес. Ошондой болгон күндө да, бул убактылуу эле (Нас. 8:12, 13). Себеби алардын келечеги жок. Аларга көз арта турган болсок, көңүлүбүз чөгөт, Кудай менен болгон мамилебизге да доо кетет. Андыктан көз артып жатканыңарды байкасаңар, леби кылгандай кылгыла. Жахабанын акыл-насаатына кулак каккыла, анын эркин аткаргандар менен жакын мамиледе болгула. Эгер баарынан да Жахабаны жакшы көрө турган болсоңор, чындап бактылуу болосуңар. «Чыныгы жашоого» алып бара турган жолдон да чыкпайсыңар (1 Тим. 6:19).

КЕМЧИЛИГИ МЕНЕН КҮРӨШКӨН ПЕТИР

Көңүлү чөксө да, Жахабага кылган кызматын токтотпогон Петир жөнүндө ой жүгүртсөк, бул өзүбүзгө да, башкаларга да жардам болот (17—19-абзацтарды карагыла)

17. Петирдин эмнеден улам көңүлү чөккөн?

17 Элчи Петир күчү ашып-ташып турган киши болгон. Кээде ойлогон оюн шарт-шарт эле айтып салчу. Кыялы ушундай болгондуктан, бир нерсени ойлонбой кылып алып же айтып алып, кийин бармагын тиштеп калган учурлары болгон. Мисалы, Иса элчилерине азап тартып өлөрүн айтканда, Петир шак эле: «Мындай нерсе эч качан башыңа түшпөсүн»,— деп жиберген (Мт. 16:21—23). Ошондо Исага анын оюн оңдогонго туура келген. Ал эми Исаны кармап кетиш үчүн бир топ киши келгенде, Петир шашып кетип, алардын арасындагы башкы дин кызматчынын кулунун кулагын шылый чапкан (Жкн. 18:10, 11). Бул жолкусунда да Иса анын туура эмес кылганын айткан. Ага чейин болсо башка элчилер Исадан баш тартып кетсе да, ал эч качан баш тартпай турганын айтып мактанган (Мт. 26:33). Бирок өзүнө ошентип өтө эле ишенип алгандыктан кийинчерээк коркунуч сезимине алдырып, Мырзасынан үч жолу баш тартып кеткен. Ошондо жан дүйнөсү эңшерилип, катуу кайгыргандыктан сыртка чыгып «өксөп ыйлаган» (Мт. 26:69—75). Ал: «Иса мени кечирер бекен?» — деп бушайман болсо керек.

18. Иса Петирге кантип жардам берген?

18 Бирок Петир өзүнө кол шилтеп, кайгыга батып отуруп калган эмес. Жаңылып-жазса да, кайрадан баш көтөрүп, башка элчилер менен бирге Жахабага кызмат кыла берген (Жкн. 21:1—3; Элч. 1:15, 16). Ага эмне жардам берген? Бир жолу Иса ага анын ишеними алсырап калбашын сурап, Кудайдан тиленгенин айткан. Анан өкүнгөндөн кийин бир туугандарын бекемдегенге үндөгөн. Петир ушунун баарын эстесе керек. Жахаба Исанын ошол тилегин уккан. Кийинчерээк Иса Петирдин жеке өзүнө көрүнгөн. Ал анын көңүлүн көтөрүп, дем-күч бергиси келсе керек (Лк. 22:32; 24:33, 34; 1 Кор. 15:5). Андан кийин түнү бою балык кармай албай койгон элчилерине көрүнгөн. Ошол жолкусунда Иса Петирге аны канчалык сүйөрүн билдиргенге мүмкүнчүлүк берген. Иса ал досун кечирип, ага чоң иш тапшырган (Жкн. 21:15—17).

19. Забур 103:13, 14тө жазылгандар күнөө кылып алганда өзүбүзгө Жахаба карагандай караганга кандайча жардам берет?

19 Кандай жыйынтык чыгарсак болот? Исанын Петирге кылган мамилесинен асмандагы Атасындай аябай боорукер, кайрымдуу экендигин биле алабыз. Биз да жаза басып, туура эмес иш кылып алганда Жахаба бизди эч качан кечирбейт деп ойлобошубуз керек. Шайтан так ошентип ойлоп, ошондой терс сезимдердин чеңгелинен чыга албай калышыбызды каалайт. Андыктан өзүбүзгө да, бизге каршы күнөө кылып алгандарга да боорукерлиги, сүйүүсү ашып-ташыган асмандагы Атабыздай караганга болушунча аракет кылалы. (Окугула: Забур 103:13, 14.)

20. Кийинки макаладан эмне жөнүндө билебиз?

20 Жусуп, Наами менен Рут, леби жана Петирдин окуяларынан Жахабанын «жүрөгү жаралангандарга жакын» экендигин көрө алдык (Заб. 34:18). Ал кыйынчылык тартышыбызга, көңүлүбүз чөгүшүнө кээде жол берет. Бирок, кандай болбосун, ошол кыйынчылыктарды Жахабанын жардамы менен көтөрүп кетсек, ишенимибиз ого бетер чыңдалат (1 Пет. 1:6, 7). Кийинки макалада жеткилең эместиктен же башка себептерден улам көңүлү чөккөн кызматчыларын Жахаба дагы кантип колдой турганын карап чыгабыз.

7-ЫР: Жахаба — биздин күчүбүз

^ 5-абз. Жусуп, Наами менен Рут, бир леби жана элчи Петир көңүлдү чөгөргөн кыйынчылыктарга туш болушкан. Ушул макалада Жахабанын аларды кантип кубаттаганын, сооротуп-жубатканын карап чыгабыз. Ошондой эле алардын окуясынан жана Жахабанын аларга кантип жардам бергенинен эмнени биле аларыбызды талдайбыз.

^ 56-абз. СҮРӨТ. Күйөөлөрү каза болуп калгандыктан, Наами, Рут жана Орпа күйүт тартышкан. Кийинчерээк Обейт төрөлгөндө, Рут, Наами, ошондой эле Бууз абдан сүйүнүшкөн.