Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

52-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Көңүл чөгөттүк менен кантип күрөшсө болот?

Көңүл чөгөттүк менен кантип күрөшсө болот?

«Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт» (ЗАБ. 55:22).

33-ЫР: Жүгүңдү Жахабага арт

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Көңүл чөгөттүк кишиге кандай таасир этет?

БИЗ күн сайын ар кыл көйгөйлөр менен алышабыз. Бирок бир нерсеге баарыңар эле кошулат болушуңар керек. Көңүлүбүз жай, маанайыбыз жакшы кезде аларга башкача карап, жакшыраак чечебиз. Ал эми көңүл чөккөндө көйгөйлөрдү көтөрүү алда канча кыйынга турат. Ошондуктан көңүл чөгөттүктү адамдын ишенимдүүлүгүн, кайратын, кубанычын уурдаган ууруга салыштырса болот. Накыл сөздөр 24:10до: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү ындының өчсө, алдан-күчтөн таясың»,— делген. Ооба, көңүл чөгөттүк бүт күч-кубатыбызды алып койгондуктан турмуштагы көйгөйлөргө туруштук бере албай калышыбыз мүмкүн.

2. Эмнеден улам ындыныбыз өчүшү мүмкүн жана бул макалада эмнени карап чыгабыз?

2 Көңүлдү көп нерсе — кээде ичтеги, кээде сырттагы нерселер — чөктүрүшү мүмкүн. Мисалы, айрым учурда жеткилең эместигибизден, кемчиликтерибизден же ден соолугубуздун начардыгынан улам ындыныбыз өчүп калат. Ошондой эле өзүбүз каалаган кызматтын түрүнө жетпегенибиз же элдин айткан кабарыбызды жакшы укпай жаткандай сезилгени шаабайыбызды суутуп коёт. Келгиле анда, көңүл чөгөттүккө алдырбаш үчүн эмне кылсак болорун карап чыгалы.

ЖЕТКИЛЕҢ ЭМЕСТИК, КЕМЧИЛИКТЕР СЕБЕП БОЛГОНДО

3. Ката-кемчиликтерибизден улам көңүл чөккөндө эмне жардам берет?

3 Жеткилең эместигибиздин, кемчиликтерибиздин айынан өзүбүзгө карата оңой эле туура эмес көз караш өрчүтүп алышыбыз мүмкүн. Ошондон улам жаңылып-жазганда атүгүл: «Жахаба менин жаңы заманда жашашымды каалабайт болуш керек»,— деп ойлошубуз ыктымал. Бул абдан коркунучтуу. Анда өзүбүздүн ката-кемчиликтерибизге кандай караганыбыз туура болот? Ыйык Китепте «бардыгы күнөө кетиргени» айтылат (Рим. 3:23). Анткен менен ошол китепти жаздырган Кудай бизден кемчилик издей бербейт, жеткилеңдикти да талап кылбайт. Кайра, мээримдүү Ата катары жардам бергиси келет, абдан чыдамдуу дагы. Ал кемчиликтерибизден, өзүбүз жөнүндөгү туура эмес көз караштан арылуу биз үчүн канчалык кыйын экенин көрүп эле турат. Ошондуктан көтөрмөлөп, колдогонго дилгир (Рим. 7:18, 19).

Жахаба мурун кылган, азыр да кылып жаткан жакшы иштерибизди билет (5-абзацты карагыла) *

4, 5. 1 Жакан 3:19, 20нын негизинде эки бир тууганыбызга көңүл чөгөттүк менен күрөшкөнгө эмне жардам берген деп айтсак болот?

4 Дебора менен Мариянын мисалына токтололу *. Бала кезинде Деборага үйүндөгүлөрү катаал мамиле кылышчу экен. Ал дээрлик жылуу сөз, мактоо укпагандыктан өзү жөнүндө төмөн ойдо болуп калган. Кичинекей катачылык кетиргенде өзүн эч нерсеге жараксыз сезчү экен. Мариянын жагдайы да ушул сыяктуу болгон. Үйүндөгүлөрү аны басмырлашчу экен. Ошондуктан ал да өзүн болумсуз киши көрүп кыйналган. Атүгүл Жахабанын жолуна түшкөндөн кийин да өзүн Жахабанын Күбөсү болгонго татыксыз сезе берчү экен.

5 Ошентсе да экөө тең Жахабага кызмат кылганын токтотуп койгон эмес. Аларга эмне жардам берген? Алар Жахабага кайрылып жүрөгүндөгүсүн төгүп, тынчын алган нерсесин ага артышкан (Заб. 55:22). Асмандагы Атабыздын баштан өткөн жаман нерселер өзүбүзгө болгон көз карашка терс таасир этерин жакшы билерин да түшүнүшкөн. Ошондой эле өзүбүз көрө билбеген жакшы жактарыбызды көрө билерине ынанышкан. (Окугула: 1 Жакан 3:19, 20.)

6. Катасын кайталап алгандар өзүн кандай сезиши мүмкүн?

6 Кан-жанына сиңип калган жаман адаты менен күрөшүп жаткандар адатына кайра эле алдырып койгондо өзүнөн түңүлө башташы ыктымал. Албетте, баарыбыз эле туура эмес иш кылып алганда өзүбүздү күнөөлүү сезебиз (2 Кор. 7:10). Бирок: «Мен эч качан оңолбойм. Жахаба мени кантип кечирмек эле?» — деп ойлоп аша чаап кетпешибиз керек. Антип ойлогонубуз, биринчиден, туура эмес. Экинчиден, ошондон улам Жахабага кылган кызматыбызды токтотуп коюшубуз мүмкүн. Накыл сөздөр 24:10до эмне деп жазылганын эстесеңер. Ооба, ындыныбыз өчсө, алдан-күчтөн таябыз. Андан көрө, Жахабадан кечирим сурап, «ортобуздагы мамилени» ошентип оңдогонубуз жакшы (Ыш. 1:18). Чын жүрөктөн өкүнүп жатканыбызды көрүп, ал бизди кечирет. Мындан сырткары, аксакалдарга да кайрылыш керек. Алар рухий жактан кайрадан бутка турганга жардам берет (Жкп. 5:14, 15).

7. Туура иш кылуу кыйынга туруп жатса, эмне үчүн көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз керек?

7 Францияда жашаган Жан-Лук деген аксакал кайсы бир алсыздыгы менен алышып жүргөндөргө: «Жахаба адил адам деп эч качан жаңылбаган адамды эмес, жаңылса да өкүнүп, оңолгонго бүт күчүн жумшаган адамды эсептейт»,— деп дем-күч берет (Рим. 7:21—25). Ошондуктан кайсы бир алсыздыгыңар менен күрөшүп жүрсөңөр, өзүңөрдү ашкере эле айыптай бербегиле. Кудайдын алдында эч кимибиз толугу менен адил боло албасыбызды эстен чыгарбагыла. Биз анын ырайымына биз үчүн кун төлөнгөндүктөн гана ээ болуп жатабыз (Эф. 1:7; 1 Жкн. 4:10).

8. Көңүлүбүз чөккөндө кимдерге кайрылсак болот?

8 Жыйналыштагы Кудай кошкон бир туугандарыбыз бизге дем-күч бере алат. Алар арыз-муңубузду угуп, жылуу сөзүн айтып кубаттай алышат (Накыл 12:25; 1 Тес. 5:14). Бир кезде көңүлү чөгүп жүргөн нигериялык Жой: «Ушундай боордоштугубуз болбосо кантет элем?! Ишенимдештерим мага дайыма күч-кубат берип турушат. Ошондон улам Жахаба үнүмдү угуп жатканына ынанам. Аларды көрүп мен да кайгыга баткандарды жөлөп-таяганды үйрөндүм»,— деп айткан. Бирок бир нерсени унутпашыбыз керек: жылуу сөзгө муктаж болуп жатканыбызды бир туугандарыбыз дайыма эле биле бербейт. Ошондуктан андайда рухий жактан жетилген ишенимдештерибизге өзүбүз кайрылышыбыз керек болоттур.

ООРУ МЕНЕН АЛЫШКАНДА

9. Забур 41:3төгү жана 94:19дагы сөздөр бизге кандайча күч берет?

9 Жахабадан жардам сурагыла. Ооруп калганда жана өзгөчө өнөкөт оору менен алышканда жакшы маанай сактап, жакшы нерсе жөнүндө ойлонуу оңой эмес. Азыркы учурда Жахаба бизди керемет кылып айыктырып койбосо да, жубатып, ооруну көтөргөнгө күч бере алат. (Окугула: Забур 41:3; 94:19.) Мисалы, үй жумуштарына жардам бергенге же дүкөнгө барып зарыл нерсебизди алып келип бергенге ишенимдештерибизге түрткү берип коё алат. Алар биз менен отуруп тилениши да мүмкүн. Андан сырткары, Жахаба өзүнүн Сөзүндөгү канат байлаткан ойлорду эсибизге салып коё алат. Мисалы, андайда оору-сыркоосуз, азап-кайгысыз жаңы замандагы накта жашоого үмүтүбүз бар экенин эстеп сооронушубуз мүмкүн (Рим. 15:4).

10. Исеңге мүңкүрөп калбаганга эмне жардам берген?

10 Нигериялык Исең кырсыкка кабылып, шал болуп калган. Доктур анын эч качан кайра баспай турганын айткан. Ошондо Исең кайгыга батып, катуу кыйналган. Бирок ал мүңкүрөп калганбы? Жок. Ага эмне жардам берген? «Жубайым экөөбүз Жахабадан тиленгенибизди, анын Сөзүн окуп-изилдегенибизди түк да токтоткон жокпуз. Алып жаткан баталарыбызга, анын ичинде Кудайдын жаңы заманында жашайбыз деген үмүтүбүзгө, ыраазы болуп, баалай билели деп чечтик»,— дейт ал.

Атүгүл кыймыл-аракети чектелүү болгондор да кабар айтуунун жолун таап, кубанычтуу кызмат кыла алышат (11—13-абзацтарды карагыла)

11. Синдиге эмне кубаныч тартуулаган?

11 Мексикалык Синдиге доктурлар өмүрүнө коркунуч туудурган ооруга чалдыкканын айтышкан. Ошондо ал эмне кылган? Дарыланып жаткан учурда күнүгө кабар айтам деп максат коюп алган. Синди мындай деп жазган: «Бул көңүлүмдү операцияга, жанымдын сыздаганына эмес, башкаларга топтогонго жардам берди. Доктурлар, медайымдар менен сүйлөшкөндө адегенде үй-бүлөсү, бала-бакырасы жөнүндө сурачумун. Андан соң эмне үчүн ушундай оор кесипти тандап алганын сурачумун. Ошондо алар менен эмне жөнүндө сүйлөшсөм кызыктуу болорун байкачумун. Айрымдары алардын ал-жайын сураган бейтаптар чанда эле кездешерин айтып, ыраазы болуп калышчу. Кээси телефон номурун, дарегин да берчү. Ушинтип, жашоомдун эң кыйын мезгилинде Жахаба мени өзүм күтпөгөндөй чоң кубанычка бөлөгөн» (Накыл 15:15).

12, 13. Оорукчан, бейкаруу айрым бир туугандарыбыз кантип кабар айтышкан жана натыйжасы кандай болгон?

12 Ооруп жаткандар же ден соолугу начарлар Жахабага өздөрү каалаганчалык кызмат кыла албай жатканын ойлоп кейиши мүмкүн. Ошентсе да көбү жолун таап жатышат. Америкалык Лорел аттуу бир тууганыбыз дем алдыра турган темир аппаратта 37 жыл бою жаткан. Ал рак болгон, өнөкөт тери оорусу да бар болчу. Ага татаал операциялар да жасалган. Бирок ошондой бөтөнчө оор кыйынчылыктар да аны токтото алган эмес. Ал медайымдарга, үйүнө келгендерге кабар айта берген. Натыйжада, бери дегенде, 17 кишиге Жахабаны таанып-билгенге жардам берген *.

13 Франциялык Ричерд деген аксакал үйүнөн чыга албагандарга же карылар үйүндө жашагандарга пайдалуу бир сунуш айткан: «Мен аларга эл көргүдөй жерге адабияттарды жайып койгула демекмин. Ошондо нары-бери өткөндөр кызыгып, сөз башталып кетиши мүмкүн. Андай маектер үймө-үй кабар айта албай калгандарга бир топ дем-шык берет». Үйүнөн чыга албай калгандар телефон чалып же кат жазып да кабар айтышса болот.

ЭҢСЕГЕН КЫЗМАТТЫ АРКАЛАЙ АЛБАГАНДА

14. Дөөтү кайсы жагынан жакшы үлгү калтырган?

14 Курагыбыздан, ден соолугубуздан же дагы башка себептен улам жыйналыштагы же районубуздагы кайсы бир сыймыктуу жоопкерчиликтер бизге тапшырылбашы мүмкүн. Андайда Дөөтү падышадан көп нерсеге үйрөнсөк болот. Ал Кудайга арнап ибадаткана курсам деп самап жүргөн болчу. Бирок Кудай ибадаткананы ал курбай турганын айтканда, бул ишке Кудай өзү тандаган кишини колдоп, колунан келген бүт жардамын кылган. Атүгүл чоң тартуу кылган. Ал бизге кандай гана сонун үлгү калтырган! (2 Шем. 7:12, 13; 1 Жылн. 29:1, 3—5).

15. Юэг кантип көңүлүн чөгөргөн эмес?

15 Франциялык Юэг ден соолугунан улам жыйналышта аксакал болуп кызмат кыла албай калган. Үйдөгү жөнөкөй жумуштарга да жарабай калган. «Башында өзүмдү эч нерсеге жараксыз сезип, көңүлүм катуу чөктү. Бирок бара-бара баарына көнүп, жагдайга моюн суна билиш керек экенин түшүндүм. Ошондон кийин ушундай абалда да Жахабага кубанып кызмат кыла баштадым. Багынбаганга бел байладым. Чарчап-чаалыкканына карабай салгылашканын уланта берген Гидон менен анын 300 кишисине окшоп, мен да мындан ары күрөшө берем»,— дейт ал (Бий. 8:4).

16. Периштелерден эмнеге үйрөнсөк болот?

16 Кудайга берилген периштелер да бизге жакшы үлгү боло алат. Ахап падышанын тушунда Жахаба периштелерден ал ыймансыз падышаны кантип адаштырса болорун сураган. Ошондо айрымдары өз оюн айтышкан. Кудай алардын арасынан бир периштенин сунушун эп көргөн (1 Пад. 22:19—22). Ошондо башкалары: «Анда мен эмнеге ойлонуп убара болдум?!» — деп көңүлү чөктү беле? Албетте, антишкен эмес. Анткени периштелер чындап момун жана бүт даңктын Жахабага ыйгарылышын каалашат (Бий. 13:16—18; Аян 19:10).

17. Өзүбүз эңсеген кызматтын түрүн аркалай албагандыктан көңүлүбүз чөксө, эмне кылсак болот?

17 Кудайдын ысымын алып жүргөнүбүз жана анын Падышалыгы жөнүндөгү кабарды жарыялаганыбыз чоң сыймык экенин унутпагыла. Дайындоолор бүгүн бар, эртең жок. Ошондуктан бизди Кудайдын көз алдында баалуу кылган нерсе алар эмес. Жахабанын жана бир туугандарыбыздын көз алдында бизди чындап баалуу кылган нерсе — момундугубуз. Андыктан Жахабадан момундугуңардан жазбаганга жардам сурагыла. Анын Сөзүндө жазылган момун кызматчылары жөнүндө ой жүгүрткүлө. Ишенимдештериңерге колуңардан келишинче кызмат кылгыла (Заб. 138:6; 1 Пет. 5:5).

АЙМАГЫБЫЗ ЖЕМИШСИЗДЕЙ СЕЗИЛГЕНДЕ

18, 19. Айткан кабарыбызга эл кулак какпай жаткандай сезилгенде кубанычтуу кызмат кылганга эмне жардам берет?

18 Кабар айтып жүргөн аймагыбыздагы эл сөзүбүзгө кулак какпагандай сезилгенде же көптөр үйүндө жок болгондо көңүлүңөр чөгөбү? Андайда шаабайыбызды суутпаш үчүн, атүгүл кызматыбызды кубанычтуураак кылыш үчүн эмне кылсак болот? Айрым пайдалуу кеңештер « Кызматыбызды жемиштүүрөөк кылуунун жолдору» деген кутучада берилген. Аларды колдонгондон тышкары, кызматыбызга карата туура көз карашта болушубуз керек. Бул эмнени билдирет?

19 Кабар айтканыбыздын негизги себеби элге Кудайдын ысымын таанытуу жана анын Падышалыгы жөнүндө айтуу экенин эсиңерден чыгарбагыла. Иса өмүр жолуна салыштырмалуу аз гана киши түшөрүн ачык эле айткан (Мт. 7:13, 14). Кабар айтканда биз Жахаба, Иса жана периштелер менен чогуу эмгектенген болобуз (Мт. 28:19, 20; 1 Кор. 3:9; Аян 14:6, 7). Жахаба ага кызмат кылууну каалаган адамдарды издейт (Жкн. 6:44). Ошондуктан кимдир бирөө айткан кабарыбызды азыр укпай койсо, балким, кийинчерээк угаттыр.

20. Жеремия 20:8, 9да айтылгандар кызматта көңүл чөгөттүккө алдырбаганга кандайча жардам берет?

20 Биз Жеремия пайгамбардан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Ал кабар айткан аймак чындап эле жемишсиз болгон. Айткан кабары үчүн эл аны «эртеден кечке» шылдыңдаган. (Окугула: Жеремия 20:8, 9.) Бир кезде ушунчалык ындыны өчкөндүктөн баарына кол шилтеп койгусу келген. Бирок анте алган эмес. Себеби жүрөгүндө алоолонуп күйгөн «Жахабанын сөзүн» ичине сактап, ката алган эмес. Эгер акылыбыз менен жүрөгүбүздү Кудайдын Сөзүнө толтурсак, биз да аны ичибизге катып жүрө албайбыз. Мына, ушун үчүн да Ыйык Китепти күнүгө окуп, окугандарыбыз жөнүндө ойлонушубуз керек. Мунун аркасында кубанычыбыз артат да, кызматыбыз жемиштүүрөөк болот (Жер. 15:16).

21. Көңүл чөгөттүккө эмне себеп болбосун, аны кантип жеңе алабыз?

21 «Көңүл чөгөттүк Шайтандын колундагы күчтүү курал»,— дейт жогоруда айтылган Дебора. Бирок Шайтандын бир да куралы Жахабанын алдында туруштук бере албайт. Ошондуктан, кандай гана себептен улам көңүлүңөр чөкпөсүн, Жахабадан жалбарып, жардам беришин сурангыла. Ал силерге кемчиликтериңер менен күрөшкөнгө күч берет, ооруганыңарда колдойт. Кудайга кылган кызматыбыздагы сыймыктуу жоопкерчиликтерге тең салмактуу караганга жардам берет. Кабар айтканыбыздын негизги максатын унутпай, оң маанайда болгонго да көмөк кылат. Андан сырткары, асмандагы Атаңарга жан дүйнөңөрдү кыйнаган нерселердин баарын айткыла. Ошондо анын жардамы менен көңүл чөгөттүк менен болгон кармашта жеңип чыгасыңар!

41-ЫР: Тиленүүмдү уга көр

^ 5-абз. Баарыбыздын эле көңүлүбүз чөккөн учурларыбыз болот. Андайда эмне кыла алабыз? Бул макалада Жахабанын жардамы менен көңүл чөгөттүктү кантип жеңе аларыбызды карап чыгабыз.

^ 4-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 12-абз. Лорел Нисбеттин өмүр баянын «Ойгонгула!» (англ.) журналынын 1993-жылдын 22-январындагы санынан окуй аласыңар.

^ 69-абз. СҮРӨТ. Көңүлү чөккөн бир ишенимдешибиз мурунку кызматын эстеп, Жахабага кайрылып тиленип жатат. Ал анын мурун да, азыр да кылган эмгегин унутпай турганына шектенбейт.