Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тапшырылган кызматты бүт дитиңерди салып аткаргыла

Тапшырылган кызматты бүт дитиңерди салып аткаргыла

ЖАКЫН досуңардан кат алганда кандай сезимде болосуңар? Исанын жолун жолдогон Тиметей элчи Пабылдан так ошондой кат алган. Анын каты бизге Ыйык Китептеги 2 Тиметей деп аталган китеп катары белгилүү. Катты алганда Тиметей тынч жер таап, сүйүктүү досунун эмне деп жазганын окуганча шашкан чыгар. Ал: «Ал-акыбалы кандай болду экен? Мага тапшырылган ишке байланыштуу кандай кеп-кеңешин жазды болду экен? Башкаларга кантип кабар айтышым керек, кантип жардам беришим керек? Балким, ушулар тууралуу да жазгандыр»,— деп ойлонгондур. Ооба, Тиметей ал каттан ушул жана башка көп маанилүү нерселерди билген. Эмесе, бизге да пайдалуу боло турган айрым кеңештерге токтололу.

«БАРДЫГЫНА ТУРУКТУУЛУК МЕНЕН ЧЫДАП КЕЛАТАМ»

Тиметей каттын эң алгачкы сөздөрүн окуганда эле Пабылдын жылуу мамилесин сезсе керек. Анткени ал аны «сүйүктүү уулум» деп атаган (2 Тим. 1:2). Бул кат б.з. 65-жылдары жазылган. Ал кезде Тиметей 40ка да чыга элек болсо да, жыйналыштын аксакалы катары бир топ тажрыйбага ээ болуп калган. Буга чейин Пабыл менен он жылдан ашуун убакыт кызматташып, көп нерсеге үйрөнгөн.

Тиметей Пабылдын кыйынчылыктарга моюн сунбай келатканын билгенде демине дем, күчүнө күч кошулса керек. Ошол кезде Пабыл Римдеги түрмөдө өлүм өкүмүн күтүп жаткан болчу (2 Тим. 1:15, 16; 4:6—8). Тиметей анын «бардыгына туруктуулук менен чыдап келатам» деген сөздөрүнөн өлүмгө тике карап, кайратынан жазбаганын сезе алган (2 Тим. 2:8—13). Пабылдын кажыбас кайраты бизге да дем-күч бере алат.

«БЕЛЕГИҢДИ ОТТОЙ ЖАЛЫНДАТЫП ТУР»

Пабыл Тиметейди ага тапшырылган кызматты жогору баалаганга үндөгөн. Ал Кудайдан алган ошол белегин «оттой жалындатып турушун» каалаган (2 Тим. 1:6). Бул аятта Пабыл «белек» дегенди билдирген грек тилиндеги харисма деген сөздү колдонгон. Бул сөз, негизинен, бекер берилген нерсени жана татыксыз болсо да берилген нерсени билдирет. Тиметей алган андай белек анын жыйналышка өзгөчө жол менен кызмат кылганга дайындалганы болгон (1 Тим. 4:14).

Тиметей ага кандай карашы керек эле? Ал «оттой жалындатып турушуң керек» дегенди окуганда кээде жалындаган оттон кызарган бүлбүл чок эле калышы мүмкүн экенин ойлоп элестетсе керек. Андайда табын күчөтүп, жалындап күйгүзүш үчүн чокту көзөп, козгоп коюш керек. Бир сөздүктө ушундай кыймыл-аракетти билдирген Пабыл колдонгон этиштин (грекче аназопирео) «кайрадан күйгүзүү, жандандыруу, отту үйлөө» дегенди билдирери жазылган. Демек, каймана мааниси кайсы бир ишти шымаланып, жандуу аткаруу дегенди билдирет. Ошондуктан Пабыл Тиметейге: «Тапшырылган кызматты бүт дитиңди салып аткар!» — дегендей эле болгон. Ошол өңдүү эле, биз да кызматыбызды бүт жан-жигерибизди төшөп аткарышыбыз керек.

«ӨЗҮҢӨ ТАПШЫРЫЛГАН КЕНЧТИ... САКТА»

Тиметейге кызматын жакшы аткарганга жанындай көргөн досунун дагы башка сөздөрү жардам бермек. Пабыл: «Өзүңө тапшырылган кенчти өзүбүздөгү ыйык рухтун жардамы менен сакта»,— деп жазган (2 Тим. 1:14). Тиметейге эмне болгон кенч ишенип тапшырылды эле? Ага чейинки аятта Пабыл «туура сөздөр», башкача айтканда, Ыйык Жазмада жазылган чындык жөнүндө кеп кылган (2 Тим. 1:13). Исанын жолун жолдогон кызматчы болгондуктан Тиметей ошол чындыкты жыйналыштагыларга да, башкаларга да айтышы керек болгон (2 Тим. 4:1—5). Андан тышкары, ал Кудайдын оторун кайтарган аксакал болуп да дайындалган (1 Пет. 5:2). Тиметей өзүнө тапшырылган кенчти — ал окутуп-үйрөтүшү керек болгон чындыкты — Кудайдын ыйык рухуна жана Сөзүнө таянып гана сактай алмак (2 Тим. 3:14—17).

Бүгүнкү күндө бизге да башкаларга айтышыбыз керек болгон чындык ишенип тапшырылган (Мт. 28:19, 20). Ал кенчти дайыма баалай билиш үчүн эмне кылышыбыз керек? Ан үчүн дайыма Кудайдан тиленип, Сөзүн үзгүлтүккө учуратпай окуп турушубуз керек (Рим. 12:11, 12; 1 Тим. 4:13, 15, 16). Мындан тышкары, бизге аксакалдык милдет да артылышы мүмкүн же балким, толук убакыт кызмат кылышыбыз мүмкүн. Ушул сыяктуу сыймыктуу жоопкерчиликтерибиз бар болсо, момун болгонубуз маанилүү. Ошондой эле ал милдеттерди аткарып жатып Кудайдын жардамына таянышыбыз керек. Ошенте турган болсок, Кудай тапшырган кенчти чындап баалаарыбызды көрсөтөбүз.

«УККАНДАРЫҢДЫ... ИШЕНИМДҮҮ АДАМДАРГА АЙТ»

Тиметейдин милдетине башкаларды өзү кылган нерселерди кылганга окутуп-үйрөтүү да кирген. Мына ошондуктан Пабыл аны: «Менден... уккандарыңды башкаларды үйрөтө ала турган ишенимдүү адамдарга айт»,— деп үндөгөн (2 Тим. 2:2). Ырас, Тиметей өзү үйрөнгөн нерселеринин баарын жыйналыштагы башка эркектерге үйрөтүшү керек болчу. Бүгүнкү күндө да жыйналыштагы ар бир көзөмөлчүнүн ушундай кылганы маанилүү. Жакшы көзөмөлчү тигил же бул ишти кантип жакшы аткарса болорун билип туруп, билгендерин башкаларга айтпай койбойт. Кайра, башкаларды ал ишти кылганга үйрөтөт. Башкалар менден көбүрөөк билип, ишти менден мыктыраак аткарып калат деп коркпойт. Кайсы бир ишти үйрөтүп жатып негизги эле нерселерди үстүртөдөн айтып тим болбойт. Ал үйрөнүп жаткандардын рухий жактан жетилишин, тажрыйбалуу Исанын жолдоочусу болушун көздөйт. Ошондо ал окутуп-үйрөткөн «ишенимдүү адамдардын» жыйналышка тийгизген пайдасы зор болот.

Тиметей үчүн Пабылдын жазган каты аябай кымбат болгону шексиз. Ал катта жазылган кеңештерди кайра-кайра окуп, кызматында кантип колдонсо болорун көп ойлонгон чыгар.

Биз да Пабылдын айткандарына кулак каккыбыз келет. Биз да Кудайдан алган белегибизди оттой жалындатканга, ишенип тапшырылган кенчти сактаганга, ошондой эле билимибиз, тажрыйбабыз менен бөлүшүп, башкаларды окутуп-үйрөткөнгө умтулсак болот. Ошондо, Пабыл Тиметейге жазгандай, кызматыбызды «толугу менен аткарган» болобуз! (2 Тим. 4:5).