Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңарбы? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңарбы?

Исанын майланган жолдоочуларына кандай мамиле кылышыбыз керек?

Биз алардын Кудайга болгон ишенимин жогору баалайбыз. Бирок аларга өзгөчө мамиле кылбайбыз. Аларды аздектегенден алыспыз (Жүй. 16). Үмүтүнө байланыштуу жеке мүнөздөгү суроолорду бербейбиз (w20.01, 29-б.).

Жахабанын жеке силерге көңүл бурарына эмнелер ынандырышы керек?

Ыйык Китепке ылайык, Кудай силерди түйүлдүк кезиңерде эле билчү. Тиленгениңерде да угат. Ойлоруңарды, жүрөгүңөрдү билет жана кылган ишиңер анын сезимдерине таасир этет (1 Жылн. 28:9; Накыл 27:11). Ал силерди өзүнө жакындаткан (w20.02, 12-б.).

Качан сүйлөш керек, качан сүйлөбөш керек?

Албетте, Жахаба жөнүндө сүйлөшөбүз. Кимдир бирөө туура эмес жолдо баратса, айтып эскертебиз. Зарыл болгондо аксакалдар кеңеш айтышат. Ал эми ишибизге тыюу салынган жерде ишибиз кандайча жүргүзүлүп жатканы жөнүндө башкаларга айтпайбыз, ал туурасында билиш үчүн да сурабайбыз. Купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбайбыз (w20.03, 20, 21-б.).

Жоел 2-бөлүмдө айтылган чегирткелер менен Аян 9-бөлүмдө айтылган чегирткелердин кандай айырмачылыгы бар?

Жоел 2:20—29-аяттарда Кудайдын чегирткелерди кууп салып, алар келтирген зыяндын ордун толтурары айтылган. Ошондон кийин ал ыйык рухун төккөн. Ушул нерселер бабылдыктар Ысрайылды басып алганда жана андан кийин аткарылган. Ал эми Аян 9:1—11-аяттарда биздин күндөрдөгү майлангандар чегирткелер катары сүрөттөлгөн. Алар Кудайдын бул ыймансыз дүйнөгө чыгарган өкүмдөрүн жарыялап, бул дүйнөнү колдогондорго тынчтык бербей келет (w20.04, 3—6-б.).

Азыркы тапта түндүк падышасы ким?

Орусия менен анын шериктештери. Алар кабар айтуу ишине тыюу салып жана Күбөлөрдү жек көрүп Кудайдын элине түздөн-түз таасир этип жатат. Ал түштүк падышасы менен тирешип жатат (w20.05, 13-б.).

«Рухтун жемишин» Галатиялыктар 5:22, 23тө айтылган 9 эле сапат түзөбү?

Жок. Кудайдын ыйык руху, алсак, адилеттүүлүк сыяктуу башка да жакшы сапаттарды өрчүткөнгө жардам берет (Эф. 5:8, 9) (w20.06, 17-б.).

Интернетке өзүңөр жөнүндө маалымат салгандын кандай коркунучтуу жактары бар?

Интернетке өзүңөр жөнүндө маалымат салганда мактанып жаткандай көрүнөсүңөр, бул момун эмес экениңерден кабар берип калат (w20.07, 6, 7-б.).

Исанын жолдоочулары жакшы балыкчылардан эмнени үйрөнө алышат?

Балыкчылар балыкты алар көп болгон жерде жана көп болгон учурда уулашат. Керектүү шаймандарды колдонушат. Аба ырайына карашпайт. Биз да кызматта алардай болсок болот (w20.09, 5-б.).

Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга Жахабага болгон сүйүүсүн өрчүткөнгө жардам берүүнүн айрым жолдору кайсылар?

Аларды Ыйык Китепти күнүгө окуганга жана ой жүгүрткөнгө үндөсөк болот. Тиленгенди да үйрөтүшүбүз керек (w20.11, 4-б.).

«Машаяк аркылуу баары өмүр алат» деген сөздөр кимдерге тиешелүү? (1 Кор. 15:22)

Элчи Пабыл ар бир өлгөн адам тирилерин айткан эмес. Ал «Машаяк Исанын шакирттери катары ыйыкталгандар», анын майланган жолдоочулары, жөнүндө айткан (1 Кор. 1:2; 15:18) (w20.12, 5, 6-б.).

Исанын тирилген майланган жолдоочулары «акыркы сурнай тартылганда» эмне кылышат? (1 Кор. 15:51—53)

Алар Машаяк менен бирге «элдерди темир таяк менен кайтарышат» (Аян 2:26, 27) (w20.12, 12, 13-б.).