Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адамзат жакшы заманга зар!

Адамзат жакшы заманга зар!

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш: «Дүйнө кымгуут түшүп жатат»,— деген. Чын эле ошондой болуп жатканына кошулат чыгарсыңар.

Жаңылыктардан ушундай жаман нерселерди эле угуп калдык:

  • Оору-дарттар, пандемиялар

  • Табигый кырсыктар

  • Жакырчылык, ачарчылык

  • Экологиянын бузулушу, глобалдык ысуу

  • Кылмыштуулук, зордук-зомбулук, паракорлук

  • Согуштар

Адамзат төмөнкүдөй жакшы шарттар өкүм сүргөн заманга зар:

  • Чың ден соолук

  • Коопсуздук, бейкуттук

  • Мол тамак-аш

  • Таза айлана-чөйрө

  • Акыйкаттык

  • Бүткүл дүйнөлүк тынчтык

Бирок биз жакшы заман деп эмнени айткыбыз келип жатат?

Биз жашап жаткан азыркы дүйнө эмне болот?

Жакшы заманда жашаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

«Күзөт мунарасынын» бул санында ушул жана башка суроолорго Ыйык Китептин негизинде жооп берилет.