Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бул дүйнөнүн жок болоруна аз калдыбы?

Бул дүйнөнүн жок болоруна аз калдыбы?

Балким, силер Ыйык Китепте бул дүйнөнүн жок болору тууралуу айтылганын уккандырсыңар (1 Жакан 2:17). Ыйык Китепте жазылган ал сөздөр адам баласынын тукум курут болуп кетерин билдиреби? Жер жансыз планетага айланып калабы же такыр эле жок болуп кетеби?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ АНДАЙ БОЛБОЙ ТУРГАНЫ АЙТЫЛГАН.

Эмне жок кылынбайт?

АДАМЗАТ

Ыйык Китепте мындай делет: «[Кудай] жерди... куру бекер эмес, эл отурукташышы үчүн жараткан» (ЫШАЯ 45:18).

ЖЕР ПЛАНЕТАСЫ

Ыйык Китепте мындай делет: «Бир муун өтүп, бир муун келет, жер болсо түбөлүктөн түбөлүккө турат» (НАСААТЧЫ 1:4).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Ыйык Китепке ылайык, Жер планетасы эч качан жок кылынбайт жана анда адамдар дайыма жашайт. Анда бул дүйнөнүн жок болору эмнени билдирет?

КӨҢҮЛ БУРСАҢАР: Ыйык Китепте бул дүйнөнүн акыры Нух пайгамбардын күндөрүнө салыштырылган. Ошол кезде «жер зордук-зомбулукка толуп кеткен» (Башталыш 6:13). Бирок Нух пайгамбар адил киши болгон. Ошондуктан Кудай аны үй-бүлөсү менен бирге аман алып калган. Ыймансыздарды болсо жер бетине Топон суу каптатып жок кылган. Нухтун күндөрү тууралуу Ыйык Китепте: «Ошол убактагы дүйнө... суунун астында калып, кыйратылган»,— деп жазылган (2 Петир 3:6). Ооба, ошол убактагы дүйнө ушундайча жок кылынган. Ал эми Жер жок кылынганбы? Жок, Жер эмес, бузуку адамдар жок кылынган. Демек, Ыйык Китептеги дүйнөнүн акыры жөнүндө айтылгандар Жер планетасына тиешелүү эмес. Ал сөздөр жер бетинде жашаган ыймансыз адамдардын жана алар түзгөн уюмдардын тыптыйпыл болорун билдирет.

Эмне жок кылынат?

КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА МЫЙЗАМСЫЗДЫК

Ыйык Китепте мындай делет: «Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот, ордун карап, аны таппай каласың. Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат» (ЗАБУР 37:10, 11).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Нухтун убагындагы Топон суудан кийин жамандык биротоло жоюлган эмес. Зулум адамдар кайрадан көбөйүп, жер бетиндеги жашоону кайрадан азапка айлантып салышкан. Бирок жакында Кудай жамандыктын тамырын түбү менен жулат. Анткени Ыйык Китепте: «Ыймансыз жок болот»,— деп айтылган. Кудай муну ишке ашырыш үчүн өзүнүн Падышалыгын колдонот. Асмандан бийлик жүргүзө турган бүткүл дүйнөлүк ал өкмөт Кудайга баш ийген адамзат коомунун үстүнөн башкарат.

КӨҢҮЛ БУРСАҢАР: Жер бетинде бийлик кылып жаткан өкмөт башчылары Кудайдын Падышалыгына баш иеби? Ыйык Китепте алардын баш ийбей турганы айтылган. Андан да жаманы, алар Кудайдын өкмөтүнө каршы чыгышат (Забур 2:2). Мунун кесепети кандай болот? Кудайдын өкмөтү адамдар башкарган бардык өкмөттөрдү кыйратып, «өзү болсо түбөлүк турат» (Даниел 2:44). Бирок алар эмне үчүн жок кылынышы керек?

АДАМДЫК ӨКМӨТТӨРДҮН КҮНҮ БҮТӨТ

Ыйык Китепте мындай делет: «Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт» (ЖЕРЕМИЯ 10:23).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Адам баласы өзүн-өзү башкара ала тургандай болуп жаратылган эмес. Ошондуктан адамдык өкмөттөр жарытарлык иш кыла алышпайт, көйгөйлөрдү чечкенге да кудурети жетпейт.

КӨҢҮЛ БУРСАҢАР: Бир энциклопедияда «бүт адамзаттын душманы болгон жакырчылыкты, ачарчылыкты, ооруну, табигый кырсыкты, согушту, деги эле зордук-зомбулук аттуунун баарын жоюу» жеке өкмөттүн колунан келбей турганы айтылган. Андан ары: «Айрымдар... дүйнөдөгү өкмөттөрдүн бардыгы бириккенде гана ошол көйгөйлөрдү чече алышарына ишенет»,— делген («Britannica Academic»). Бирок өкмөттөр бириккен күндө да, алардын башкаруучулары жеткилеңсиз пенде болгондуктан жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чече алышпайт. Бүт адамзатты ал көйгөйлөрдөн Кудайдын Падышалыгы гана биротоло арылта алат.

Андыктан, Ыйык Китепке ылайык, жакшы адамдар дүйнөнүн акырынан, тагыраак айтканда, ыймансыз адамдар башкарган түзүлүштөрдүн жок кылынарынан түк да коркпошу керек. Тескерисинче, бул аларды кубантышы керек. Анткени Кудай күндөн күнгө артка кетип бараткан бул дүйнөнү жок кылып, кереметтүү жаңы заманды орнотот!

Бул качан болот? Ушул суроого кийинки макалада Ыйык Китептин негизинде жооп берилет.