Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ар бир жан көксөгөн жаркын келечек

Ар бир жан көксөгөн жаркын келечек

Келечегиңер кандай болсо дейсиңер? Ар бирибиз эле өзүбүздүн да, үй-бүлөбүздүн да келечеги кең болсо экен дейбиз. Тагыраак айтканда, эч нерседен кем болбой, кабатырланбай бейкут жашап, бактылуу өмүр сүргүбүз келет. Ден соолугубуздун да чың болушун каалайбыз.

Бирок көптөр жакшы жашоо болоруна көзү жетпейт. Анткени бүт адамзат күтпөгөн жерден кырсык-каргашага, кыйынчылыкка кабылып жатат. Мисалы, COVID-19 пандемиясы элдин жашоосун астын-үстүн кылып, экономикага сокку уруп, далайлардын өмүрүн алып жатат. Ошон үчүн жаркын келечек куру кыялдай сезилет.

Эртеңки күнү кандай болорун билбегендиктен адамдар жакшы келечекке жетебиз деп колунан келгендин баарын кылышат. Айрымдар табияттан тыш күчтөргө таянышат. Мисалы, астрологияга ишенишет. Же «жолум болсун» деп ар кандай ырым-жырымдарды кылышат. Дагы бирөөлөр билимдин, байлыктын артынан сая түшүшөт. Себеби эңсегенине ошолор аркылуу жетем деп ойлойт. Жакшы адам болсоң, келечегиң да жакшы болот дегендер да бар.

Ушулардын кайсы бири силер көксөгөн келечекке жеткиреби? Муну билиш үчүн төмөнкү суроолорго жооп алганыңар маанилүү.

  • Келечегиңер кандай болору чынында эмнеден көз каранды?

  • Билим, акча жакшы жашоонун пайдубалыбы?

  • Келечегиңер кең болушу үчүн жакшы адам болгонуңар жетиштүүбү?

  • Жаркын келечекке алып барган жолду кантип тапса болот?

Бул суроолорго «Күзөт мунарасынын» ушул санынан жооп таба аласыңар.