Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Келечегиңер кең болушу үчүн жакшы адам болгонуңар жетиштүүбү?

Келечегиңер кең болушу үчүн жакшы адам болгонуңар жетиштүүбү?

Кылымдар бою көптөр келечегиң жакшы болсун десең, ыймандуу, жакшы адам болушуң керек деп ишенип келишкен. Мисалы, Чыгыш элдери туу туткан Конфуций (б.з.ч. 551—б.з.ч. 479-ж.) деген ойчул: «Өзүңө каалабаганды башка бирөөгө да каалаба» *,— деп айткан.

КӨПТӨР ТАНДАГАН ЖОЛ

Азыр деле келечегиң кең болушу үчүн жакшы адам болушуң керек деп эсептегендер көп. Алар сылык болуп, жакшы сапаттарды өрчүткөнгө аракет кылышат. Коомго пайдасын тийгизгенге, ар убак туура иш кылганга да умтулушат. «Дайыма чынчыл болуп, ниетим таза болушу керек деп ойлочумун. Ошентсем, мунун акыбети кайтып, жакшы жашайм деп ишенчүмүн»,— дейт Вьетнамда жашаган Лин деген аял.

Айрымдар туткан дининен улам да жакшы адам болгонго аракет кылышат. Тайвандык Шу-Юн мындай дейт: «Мен туткан динде адам өлгөндөн кийин чексиз рахатка батабы же түбөлүккө кыйналабы, анын тирүү кезинде жасаган иштерине жараша болот деп окутушчу».

ЖАРДАМЫ ТИЙИП ЖАТАБЫ?

Башкаларга жакшылык кылганыбыздын көп пайдасы бар экени талашсыз. Бирок көптөр түшүнгөндөй, жан-дилиңден жакшы иштерди кылсаң деле жакшылыгың дайыма эле кайтып келе бербейт. «Жакшылыгың жерде калган учурлар деле болорун өз турмушуман көрдүм,— дейт Гонконгдо жашаган Сю Пиң.— Балам, жолдошум дегенде жанымды бергенге даяр болчумун. Дайыма жакшылык кылчумун. Ошентсе да үй-бүлөм бузулуп, жолдошум уулум экөөбүздү таштап кетти».

Дин адамды дайыма эле жакшы жакка өзгөртө бербесине ынангандар да аз эмес. Жапониялык Етсуко мындай дейт: «Бир динге өтүп, жаштарга арналган иш-чараларды уюштурган жетекчи болдум. Бирок ошол диндегилердин уятсыз иштерге барганын, бийлик талашканын, чогулган акча-каражатты өз чөнтөгүнө салып жатканын көрүп төбө чачым тик турду».

«Балам, жолдошум дегенде жанымды бергенге даяр болчумун. Дайыма жакшылык кылчумун. Ошентсе да үй-бүлөм бузулуп, жолдошум уулум экөөбүздү таштап кетти» (СЮ ПИҢ, ГОНКОНГ).

Дин жолунда жүргөн кээ бир кишилер жакшылык кылса деле жамандыкка кабылганда көңүлү кайт болгон. Ван деген вьетнамдык аял так ушуну башынан кечирген. «Күн сайын жер-жемиш, гүл, тамак-аш сатып алып, ата-бабаларымдын арбагына багыштачумун. Ошентсем, алар мага батасын берет, келечегим жакшы болот деп ойлочумун,— дейт ал. Бирок канчалаган жылдар бою жакшы иштерди кылып, ар кандай диний жөрөлгөлөрдү аткарып келсем да, жолдошум катуу ооруга чалдыкты. Чет өлкөдө окуп жүргөн кызым болсо 20 жашында эле каза болуп калды».

Эгер жакшы адам болгонубуз келечегибизге таасир этпесе, анда эмне таасир этет? Муну билиш үчүн суроолорубуздун баарына жооп бере турган ишеничтүү булак керек. Ал жаркын келечекке да туура багыт көрсөтүшү зарыл. Анда ошондой булакты каяктан таба алабыз?

^ 2-абз. Конфуцийдин насааттары жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Адамзат Кудайды издөө жолунда» (ор) деген китептин 7-бөлүмүнүн, 31—35-абзацтарын карагыла. Аны www.pr418.com сайтынан окуй аласыңар.