Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Тынчыңар кетпесин, Жахабага ишеним арткыла

Тынчыңар кетпесин, Жахабага ишеним арткыла

2021-ЖЫЛДЫН ЖЫЛДЫК АЯТЫ: «Тынчыңар кетпесе, ишеним артсаңар, бул силерге күч берет» (ЫШ. 30:15).

3-ЫР: Күч, үмүт, кайрат бересиң

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Айрымдар, забурчуга окшоп, өздөрүн кандай сезишет?

БААРЫБЫЗ эле бейкапар, тынч жашасак дейбиз. Эч ким санаага батып жашагысы келбейт. Бирок айла жок, кээде санаанын сазына батып, чыга албай калабыз. Ошондуктан Жахабанын айрым кызматчыларынын өздөрүн бир забурчу айткандай сезген учурлары болот. Ал: «Тынчым кетип, сүйлөөгө дарманым жок»,— деген (Заб. 77:4).

2. Бул макалада эмнелер талкууланат?

2 Таптакыр эле тынчсызданбай коё албасак да, санаага алдырбаш үчүн айрым нерселерди кыла алабыз. Бул макаладан адегенде тынчыбыздын кетишине эмнелер себеп болушу мүмкүн экенин карап чыгабыз. Андан соң жан дүйнөбүздүн бейкуттугун сактаганга жардам берген алты кеңешке токтолобуз.

ТЫНЧЫБЫЗДЫ АЛГАН НЕРСЕЛЕР

3. Бизди эмнелер санаага салат жана биз эмне кыла албайбыз?

3 Бизди көп эле нерселер санаага салат. Алардын айрымдарын болтурбай коюш колубуздан келбейт. Маселен, кааласак да, каалабасак да тамак-аш, кийим-кечек, турак жайдын баасы күндөн күнгө кымбаттап жатат. Ошондой эле жумуштагылардын, мектептегилердин жүрүм-турумуна таасир эте албайбыз. Алар бизди алдамчылыкка же жыныстык адеп-ахлаксыздык кылганга азгырышы мүмкүн. Айланабызда болуп жаткан кылмыштуулукту да токтото албайбыз. Ушундай кыйынчылыктар эмне үчүн болот? Себеби элдин көбү Жахабанын мыйзам-талабы боюнча жашабайт. Бул дүйнөнүн кудайы Шайтан айрымдардын турмуштун убайым-кайгысына алдырып, Жахабага кызмат кылбай каларын жакшы билет (Мт. 13:22; 1 Жкн. 5:19). Мына ошондуктан бул жашоодо адамга тынчтык бербеген көйгөйлөрдүн көптүгүнө таң калбайбыз деле.

4. Катуу тынчсызданганыбызда эмне болушу мүмкүн?

4 Кайсы бир нерсеге катуу тынчсызданганда эси-дартыбыздын баары эле ошол болуп калат. Айталы: «Күнүмдүк оокат-тиричилигибизге жеткидей тыйын-тыпыр таба аламбы? Ооруп калып, иштей албай калбаймбы? Же такыр эле жумушсуз калбаймбы?» — деп кабатырланышыбыз мүмкүн. Азгырылып кетип, Кудайдын мыйзамын бузуп албаймбы деп да коркушубуз ыктымал. Жакын арада Шайтан кол алдындагы адамдарды Кудайдын элине каршы тукурарын билгендиктен кантер экем деп жүрөк заада болушубуз да мүмкүн. Анда ушул нерселерди ойлоп тынчсызданганыбыз кандай болуп калат?

5. Иса: «Тынчсызданганыңарды токтоткула»,— дегенде эмнени айткысы келген?

5 Иса өзүнүн жолдоочуларына: «Тынчсызданганыңарды токтоткула»,— деген (Мт. 6:25, шилт.). Ал такыр эле эч нерсени ойлоп тынчсызданбашыбыз керектигин айткысы келди беле? Албетте жок. Жахабанын байыркы учурда жашаган кызматчыларынын да санаа тартып кыйналган учурлары болгон. Бирок алар ошон үчүн эле Жахабага жакпай калышкан эмес * (1 Пад. 19:4; Заб. 6:3). Иса, болгону, турмуштагы нерселерге Кудайга кылган кызматыбызга терс таасир эткенчелик тынчсызданбашыбыз керектигин айткысы келген. Анда канткенде ошенте аларыбызды карап чыгалы. (« Муну кантип кылса болот?» деген кутучаны карагыла.)

АЛТЫ КЕҢЕШ

6-абзацты карагыла *

6. Филипиликтер 4:6, 7ге ылайык, санаабызды эмне баса алат?

6 1) Бат-баттан тиленип тургула. Кыйынчылыкка кабылганда Жахабага кайрылып жалындуу тиленсек, жеңилдеп калабыз (1 Пет. 5:7). Ошондо ал ар кандай адамдык «ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгын» берет. (Окугула: Филипиликтер 4:6, 7.) Ошентип ыйык руху аркылуу санаабызды басып, жан дүйнөбүздү тынчтандырат (Гал. 5:22).

7. Кудайдан тиленгенде эмнени унутпашыбыз керек?

7 Жахабадан тиленгенде жүрөгүңөрдөгүнүн баарын төкпөй-чачпай айтып бергиле. Эмне кыйынчылык туудуруп жатканын, кандай сезимдер чулгап жатканын айткыла. Чечиле турган нерсе болсо, чечкенге акыл сурагыла. Ошого ылайык иш кылганга күч да сурагыла. Ал эми силер чече албай турган нерсе болсо, ашыкча тынчсыздана бербей, көңүлүңөрдү тынч сактаганга жардам сурагыла. Бушайман кылган нерселериңерди так-таасын айтып тиленсеңер, Жахаба тилегиңерге кантип жооп бергенин да так-таасын көрө аласыңар. Эгер ал дароо жооп бербесе, шаабайыңарды суутпагыла. Себеби Жахаба тилеген нерсеңерди так-даана айтып коюшуңарды эле эмес, аткарылышын канчалык каалап жатканыңарды көрсөтүп, кайра-кайра тиленишиңерди да каалайт (Лк. 11:8—10).

8. Тиленгенде дагы эмне кылышыбыз керек?

8 Бир нерсеге тынчсызданып жатканыңарды Жахабага айтып жатканда ыраазычылык билдиргенди унутпагыла. Көйгөйлөргө көмүлүп калган күндө да, Жахабанын бизге кылган жакшылыктарын эсибизден чыгарбаганыбыз жакшы. Ал эми кээде жан дүйнөбүздү уйгу-туйгу кылган сезимдерди билдиргенге сөз таппай жатсак, Жахаба биздин жөн эле: «Жардам берчи!» — дегенибизди да угарын унутпагыла (2 Жылн. 18:31; Рим. 8:26).

9-абзацты карагыла *

9. Канткенде чындап коопсуз болобуз?

9 2) Өзүңөрдүн эмес, Жахабанын акылына таянгыла. Б.з.ч. 8-кылымда ашурлуктар жүйүт элине кол салмакчы болушкан. Ошондон корккон жүйүттөр Жахабага сыйынбаган мисирликтерден жардам сурашкан (Ыш. 30:1, 2). Жахаба алардын ошол үмүтү таш кабарын эскерткен (Ыш. 30:7, 12, 13). Ал Ышая пайгамбар аркылуу алар канткенде чындап коопсуз болорун айттырган. Ышая аларга: «Тынчыңар кетпесе, [Жахабага] ишеним артсаңар, бул силерге күч берет»,— деген (Ыш. 30:15б).

10. Жахабага ишеним артарыбызды көрсөтө турган айрым жагдайлар кайсылар?

10 Жахабага ишеним артарыбызды кантип көрсөтө алабыз? Айрым мисалдарга токтололу. Силерге маянасы жакшы, бирок көбүрөөк убакытты алып, кызматыңарга терс таасир эте турган жумуш сунуштап калды дейли. Же жумуштан кимдир бирөө силерди жактырып, көңүл бура баштады деп коёлу, бирок ал Жахабанын Күбөсү эмес. Же үйдөгүлөрдүн бири силерге: «Же мен, же Кудайың!» — деп шарт коёт. Бул жагдайлардын ар биринде чечим чыгарыш оңойго турбайт. Бирок Жахаба ар бир жагдайда силерге керектүү көрсөтмө берет (Мт. 6:33; 10:37; 1 Кор. 7:39). Болгону, ага ишеним артып, көрсөтмөсүнө баш иесиңерби? Мына, кеп ушунда.

11-абзацты карагыла *

11. Катуу кысым болгондо тынчыбыз кетпеши үчүн, Ыйык Китептеги кайсы окуяларды изилдесек болот?

11 3) Үлгү жана сабак болчудардын мисалынан үйрөнгүлө. Ыйык Китеп тынчыбызды кетирбей, Жахабага ишеним арткандын канчалык маанилүү экендигин көрсөткөн мисалдарга бай. Аларды окуп жатканда Кудайдын кызматчыларына катуу кысым көрсөтүлгөндө да тынчын кетирбегенге эмне жардам бергенине көңүл бурсаңар. Алсак, жүйүттөрдүн жогорку соту элчилерге кабар айтканын токтотушу керектигин буйруганда, алар коркуп, токтотуп коюшкан эмес. Кайра, тайманбай: «Биз адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»,— дешкен (Элч. 5:29). Элчилер атүгүл катуу сабалганда да коркунучка алдырышкан эмес. Себеби Жахаба алардын кылганын жактырып, колдоп жатканын билишкен. Ошон үчүн жакшы кабар таратканын уланта беришкен (Элч. 5:40—42). Ошо сыяктуу эле, шакирттердин бири Степан өлүм алдында турса да, жан дүйнөсү ушунчалык тынч болгондуктан, «жүзү периштеникиндей» болуп көрүнгөн (Элч. 6:12—15). Себеби ал да Жахабага жаккандай иш кылганына шектенген эмес.

12. 1 Петир 3:14 жана 4:14кө ылайык, куугунтукталганда да кандайча бактылуу боло алабыз?

12 Элчилер Жахаба аларды колдоп жатканын айкын сезишкен. Ал аларга керемет жасаганга күч берген (Элч. 5:12—16; 6:8). Бүгүнкү күндө мындай болот деп күтпөйбүз. Бирок адилдик үчүн азап тартып жатсак, Жахабанын бизди колдоп жатканын, анын руху биз менен экенин билгендиктен бактылуубуз. (Окугула: 1 Петир 3:14; 4:14.) Буга Жахаба бизди өзүнүн Сөзү аркылуу ынандырып келет. Ошондуктан алдыда күтүп турган катуу куугунтукту ойлоп, кантем деп кайратыбызды качырбайлы. Анын ордуна, Жахаба бизди сактап-коргой аларына болгон ишенимибизди азыр кантип бекемдей алам деп ойлонушубуз керек. Биз да Исанын алгачкы жолдоочуларына окшоп, анын сөзүнө толук ишенсек болот. Ал: «Мен силерге акылмандык берем, айтканга сөз табууга жардам берем. Андыктан каршылаштарыңардын баары биригип да силерге каршы тура албайт, айткандарыңарды жокко чыгара албайт»,— деп убада берген. Эгер туруктуу болсок, Иса айткандай, жаныбызды сактап калабыз (Лк. 21:12—19). Ошондой эле өмүрүнүн аягына чейин берилгендигин сактаган кызматчыларынын ар бир өзгөчөлүгү Жахабанын эс тутумунда болгондуктан аларды тирилте аларын эч качан унутпагыла.

13. Жахабага таянбай, дүрбөлөңгө түшкөндөрдүн окуясынан эмнеге үйрөнө алабыз?

13 Жахабага ишеним артпай, дүрбөлөңгө түшкөндөрдөн болсо сабак алсак болот. Алар жөнүндө жазылгандарды окуп-изилдесек, кетирген катачылыгын кайталабайбыз. Алсак, жүйүттөрдүн падышасы Аса эфиопиялыктардын жер жайнаган кара колу менен беттешкенде Жахабага таянган. Ошондуктан Жахаба аны жеңишке жеткирген (2 Жылн. 14:9—12). Кийинчерээк ага Ысрайылдын падышасы Бааша каршы чыккан. Анын аскери эфиопиялыктардыкынан кыйла эле аз болчу. Бирок бул жолкусунда Аса Жахабага таянбай, сириялыктарга жардам сурап кайрылган (2 Жылн. 16:1—3). Ошондой эле өмүрүнүн аягында катуу ооруга чалдыкканда да Жахабадан жардам сураган эмес (2 Жылн. 16:12).

14. Асанын катачылыгынан кандай сабак ала алабыз?

14 Башында кыйынчылык менен беттешкенде Аса Жахабага таянган. Бирок кийинчерээк Кудайга кайрылбай, кыйынчылыкты өзү чечкенге белсенген. Бир караганда, Асанын сириялыктардан жардам сураганы жакшы натыйжа бергендей көрүнгөн. Бирок жүйүттөрдүн тынчтыгы узакка созулган эмес. Жахаба пайгамбары аркылуу: «Сен Жахаба Кудайыңа эмес, Сирия падышасына таянгандыктан, Сирия падышасынын аскерлери сенден качып кутулуп кетишти»,— деп айттырган (2 Жылн. 16:7). Биз да Жахабанын Сөзүнөн акыл издебей, кыйынчылыктарды өз акылыбызга салып чечкенден сак болушубуз керек. Атүгүл тез аранын ичинде чечим чыгарыш керек болсо да, сабыр сактап, Жахабага таянышыбыз керек. Ошондо ал бизге туура чечим чыгарганга жардам берет.

15-абзацты карагыла *

15. Ыйык Китепти окуп жатканда эмне кылсак болот?

15 4) Аяттарды жаттагыла. Ыйык Китепти окуп жатканда тынчыбызды кетирбей, Жахабага таянганыбыз күч-кубат берерин көрсөткөн аяттар кезигип калса, жаттап алганга аракет кылгыла. Балким, аларды үн чыгарып окуп же бир жерге жазып алып, маал-маалы менен кайталап тураттырсыңар. Жашыя акылмандык менен иш кылышы үчүн, Жахаба ага Мыйзам китебин дайым үн чыгарып окууну буйрук кылган. Бул ага жүрөктүн үшүн ала турган жагдайларда коркунучка алдырбаганга жардам бермек (Жаш. 1:8, 9). Ыйык Китепте адатта кишинин тынчын алып, коркунучка сала турган жагдайларда да акыл менен жүрөктү тынчтандыра алган сөздөр арбын (Заб. 27:1—3; Накыл 3:25, 26).

16-абзацты карагыла *

16. Жахаба бизге тынчсызданбай, ага таянганга жыйналыш аркылуу кандайча жардам берет?

16 5) Кудайдын элинин арасында болгула. Жахаба жан дүйнөбүздү тынчтандырып, ага таянганга жардам бериш үчүн ишенимдештерибизди колдонот. Алсак, жыйналыштарыбызга барганда сахнадан көптөгөн акыл-насааттар айтылат. Бир туугандарыбыздын айткан ойлорун угабыз. Алар менен чер жазыша сүйлөшөбүз. Ушунун баарынын биз үчүн пайдасы зор (Евр. 10:24, 25). Ошондой эле жыйналыштагы ынак досторубузга жүрөк заада кылган нерселерибизди айтып берип, кадимкидей жеңилдеп, кубаттанып калабыз. Алардын «жакшы сөзү» жүрөгүбүздөгү санааны бөксөртөт (Накыл 12:25).

17-абзацты карагыла *

17. Еврейлер 6:19га ылайык, кыйынчылыктарга туш болгондо олку-солку болбогонго үмүтүбүз кантип жардам берет?

17 6) Үмүтүңөрдү жалындатып тургула. Падышалыкка болгон үмүтүбүз «жаныбыз үчүн кеме казык сыяктуу». Ал башыбызга мүшкүл түшкөндө же санаабыз санга, оюбуз онго бөлүнгөндө олку-солку болбогонго жардам берет. (Окугула: Еврейлер 6:19.) Жахаба убада кылган кайгы-капасыз, сарсанаасыз заман жөнүндө ой жүгүрткүлө (Ыш. 65:17). Жамандык аттуунун баары жок болуп, бейкуттук бийлеген ошол заманда жашап жатканыңарды элестеткиле (Мик. 4:4). Эмнеге үмүттөнүп жашап жүргөнүңөрдү башкаларга айтсаңар, ал үмүтүңөрдү ого бетер жалындатасыңар. Андыктан кабар айтуу, шакирт даярдоо ишине болушунча катышкыла. Ошондо «үмүтүңөрдүн ишке ашарына аягына чейин бекем ишене» аласыңар (Евр. 6:11).

18. Келечекте бизди кандай күндөр күтүп турат жана канткенде аларга туруштук бере алабыз?

18 Бул замандын соңу жакындаган сайын санаага батырган кыйынчылыктардын көбөйгөндөн көбөйө берери турган иш. 2021-жылдын аяты ошондой кыйынчылыктарга бел алдырбай, жан дүйнө тынчтыгын сактаганга жардам берет. Муну өз күчүбүз менен эмес, Жахабанын жардамы менен кыла алабыз. Эмесе келгиле, ушул жылы Жахабанын: «Тынчыңар кетпесе, ишеним артсаңар, бул силерге күч берет»,— деген убадасына ишенерибизди иш жүзүндө көрсөтөлү! (Ыш. 30:15)

8-ЫР: Жахаба — баш маанабыз

^ 5-абз. 2021-жылдын жылдык аятында азыркы жана келечектеги кыйын кырдаалдарда Жахабага ишеним артуунун маанилүүлүгү баса белгиленет. Бул макалада жылдык аятта камтылган кеңешти иш жүзүндө кантип колдонсок болору талкууланат.

^ 5-абз. Айрым ишенимдештерибиз катуу коркунуч, тынчсыздануу сезиминен жабыркап келишет. Бул олуттуу психикалык бузулуу болуп эсептелет. Ошондуктан аны Иса айткан тынчсыздануу менен чаташтырбашыбыз керек.

^ 63-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. 1) Тынчсыздандырган нерселерин айтып, күнү бою ар убакта тиленип жаткан ишенимдешибиз.

^ 65-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. 2) Ал жумуштан түшкү тамак учурунда керектүү кеңеш издеп Кудайдын Сөзүн окуп жатат.

^ 67-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. 3) Ыйык Китептеги үлгү алчулардын да, сабак болчулардын да мисалы жөнүндө ой жүгүртүп жатат.

^ 69-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. 4) Жаттап алгысы келген дем-күч берерлик аятты муздаткычына чаптап жатат.

^ 71-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. 5) Досу менен кубанып кызматта жүрөт.

^ 73-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. 6) Келечекти элестетип үмүтүн чыңдап жатат.