Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Исанын жакшы көргөн шакиртинен» үйрөнчү нерселер

«Исанын жакшы көргөн шакиртинен» үйрөнчү нерселер

«Бири-бирибизди мындан ары да сүйөлү, анткени сүйүү Кудайдан» (1 ЖКН. 4:7).

105-ЫР: «Кудай — сүйүү»

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахаба бизди жакшы көргөндүктөн, өзүбүздү кандай сезебиз?

«КУДАЙ — сүйүү»,— деп жазган элчи Жакан (1 Жкн. 4:8). Бул жөнөкөй эле сөздөр эң бир маанилүү чындыкты эсибизге салат: Кудай — өмүрдүн эле эмес, сүйүүнүн да Булагы. Жахаба бизди жакшы көрөт. Андыктан өзүбүздү коопсуз, бактылуу сезебиз.

2. Матай 22:37—40-аяттарга ылайык, эң маанилүү эки осуят кайсы жана эмне үчүн экинчисин аткаруу кыйынга турат?

2 Исанын жолдоочулары башкаларды сүйгөнгө милдеттүү. Муну Кудай өзү осуят кылган. (Окугула: Матай 22:37—40.) Жахабаны таанып-билген адамга биринчи осуятка кармануу кыйынга деле турбайт. Себеби Жахаба жеткилең. Ал бизге жылуу-жумшак мамиле кылат, сезимдерибизди эске алат. Ал эми экинчисин аткаруу оңой болбошу мүмкүн. Эмне үчүн дегенде, ишенимдештерибиз — эң жакын кишилерибиздин катарына киргендер — жеткилең эмес. Ошондуктан кээде алардын сөзүнө же ишине капа болушубуз мүмкүн. Жахаба муну жакшы билгендиктен башкаларды эмне үчүн жана кантип сүйүшүбүз керектигине байланыштуу так-айкын кеңештерди Ыйык Китепке жаздыртып койгон. Ошол туурасында жазгандардын бири Жакан болгон (1 Жкн. 3:11, 12).

3. Жакан эмнени баса белгилеген?

3 Элчи Жакан Исанын жолдоочуларынын башкаларды сүйүшү керектигин кайра-кайра баса белгилеген. Мисалы, Исанын өмүрү баяндалган Инжилинде Жакан сүйүү жөнүндө байма-бай жазган. Инжилди жазган шакирттер баары биригип сүйүү жөнүндө Жаканчалык көп жазган эмес. Өзүнүн Инжилин жана үч катын жазганда Жакан жүзгө таяп калган карыя болчу. Анын жазгандары, эмне иш кылбайлы, баарын сүйүүгө жетектелип кылышыбыз керектигин айкындап турат (1 Жкн. 4:10, 11). Бирок ал өзү да муну убакыттын өтүшү менен түшүнгөн.

4. Жакан дайыма эле сүйүүгө жетектелип иш кылганбы?

4 Жаш кезинде Жакан дайыма эле сүйүүгө жетектеле берген эмес. Маселен, ал бир жолу Исаны коштоп Галилеядан Самария аркылуу Иерусалимге бараткан. Самариядагы бир айылдын тургундары аларды кабыл албай коюшкан. Ошондо Жакан Исага: «Мырзам, асмандан от түшүп, буларды жалмап кетсин деп айталыбы?» — деген (Лука 9:52—56). Башка жолкусунда болсо анын ийиндеш жүргөн элчилерге болгон сүйүүсү кем экени көрүнгөн. Ал бир тууганы Жакып экөө Исага энесин жөнөтүп, Падышалыгында аларга өзүнүн жанынан даражалуу орундарды беришин сураган. Экөөнүн бул жоругун укканда башка элчилер аябай ачууланышкан (Мт. 20:20, 21, 24). Ушундай мүчүлүштүктөрүнө карабай Иса Жаканды жакшы көргөн (Жкн. 21:7).

5. Бул макалада эмнелер каралат?

5 Бул макалада Жакандын үлгүсүн жана сүйүү жөнүндө жазган айрым ойлорун талдап чыгабыз. Ошонун аркасында ишенимдештерибизди кантип сүйүшүбүз керектигин биле алабыз. Ошондой эле аталардын, күйөөлөрдүн үй-бүлөсүн жакшы көрөрүн кантип далилдей аларын карап чыгабыз.

ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ СҮЙҮҮ

Жахаба бизди сүйөрүн өз Уулун берип далилдеген. Ал биз үчүн өлгөн (6, 7-абзацтарды карагыла)

6. Жахаба сүйүүсүн кантип далилдеген?

6 Сүйүү дегенди укканда оюбузга шак эле кимдир бирөөгө туйган жылуу сезимдер, айтылган жакшы сөздөр келет. Бирок сүйүү иштер менен коштолгондо гана чыныгы сүйүү болот. (Салыштыргыла: Жакып 2:17, 26.) Мисалы, Жахаба бизди сүйөт (1 Жкн. 4:19). Анын бизди жакшы көрөрү Ыйык Китепке жаздырган жүрөк жылыткан сөздөрүнөн көрүнүп турат (Заб. 25:10; Рим. 8:38, 39). Ошентсе да анын бизди сүйөрү айткан сөздөрүнөн эле эмес, кылган иштеринен да көрүнүп турат. Жакан: «Кудай өзүнүн жалгыз Уулун, ал аркылуу өмүргө ээ болушубуз үчүн, дүйнөгө жиберген. Ушундай жол менен ал бизге сүйүү көрсөткөн»,— деп жазган (1 Жкн. 4:9). Ооба, Жахаба жанындай жакшы көргөн Уулунун биз үчүн азап чегип, өлүшүнө жол берген (Жкн. 3:16). Жахабанын сүйүүсүнүн күчүн көрсөткөн мындан өткөн күчтүү далил барбы?!

7. Иса бизди жакшы көрөрүн кантип далилдеген?

7 Иса да шакирттерине аларды жакшы көрөрүн улам-улам айтып турган (Жкн. 13:1; 15:15). Анын аларга болгон сүйүүсү аябагандай күчтүү болгон. Муну ал айтып эле койбостон, иштери менен да бышыктаган. «Ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок»,— деген Иса (Жкн. 15:13). Жахаба менен Исанын бизге кылган жакшылыктарын билген соң эмне кылышыбыз керек?

8. 1 Жакан 3:18ге ылайык, эмне кылышыбыз керек?

8 Жахаба менен Исаны жакшы көрөрүбүздү аларга баш ийип далилдей алабыз (Жкн. 14:15; 1 Жкн. 5:3). Иса бири-бирибизди сүйүшүбүз керектигине өзгөчө басым жасап, муну бизге буйрук кылган (Жкн. 13:34, 35). Албетте, ишенимдештерибизге аларды жакшы көрөрүбүздү айтып турушубуз керек. Бирок муну ишибиз менен бышыктабасак, куру сөз боюнча эле кала берет. (Окугула: 1 Жакан 3:18.) Анда сүйүүбүздү айгинелеш үчүн эмне кылсак болот?

КУДАЙ КОШКОН БИР ТУУГАНДАРЫҢАРДЫ СҮЙГҮЛӨ

9. Ишенимдештерин сүйгөнү Жаканга эмне кылганга түрткү берген?

9 Жакан акча табыш үчүн үй-бүлөсү менен балык кармап иштей деле берсе болмок. Анткен менен ал Жахаба менен Иса жөнүндөгү чындыкты билгенден кийин узак өмүрүнүн калган күндөрүн ошол чындыкты жарыялаганга арнаган. Бирок ошол тандаган жолунда далай азаптуу күндөрдү өткөргөн. Жакшы кабар айтканы үчүн куугунтукка алынып, карып калганда сүргүнгө айдалган (Элч. 3:1; 4:1—3; 5:18; Аян 1:9). Атүгүл ошондо да башкалардын камын ойлой берген. Алсак, Патмос аралында жүргөндө Кудайдан аян алып, көргөндөрүн жазган. «Жакында боло тургандарды» башкалар да билиши үчүн, жазгандарын жыйналыштарга жөнөткөн (Аян 1:1). Кийинчерээк, кыязы, сүргүндөн кайтып келгенден кийин Исанын жашоосу жана кызматы жөнүндөгү Инжилин жазган. Ошондой эле Кудайдын жолундагы бир туугандарына дем-күч бериш үчүн үч кат жазган. Анда канткенде биз Жакандан үлгү алып, өзүбүздү эмес, өзгөнү ойлогон болобуз?

10. Башкаларды сүйгөнүбүз эмнеден көрүнөт?

10 Өмүрүбүздү эмнеге арнаганыбыздан адамдарды сүйөр-сүйбөсүбүз көрүнөт. Шайтан бийлеген дүйнө бар күчүбүз менен убактыбызды өзүбүздүн керт башыбыздын кызыкчылыгына жумшаганга, алсак, дүнүйө-мүлк топтогонго же даңаза-даңкыбызды чыгарганга үндөйт. Ал эми Падышалыктын жарчылары жан аябай, колдон келишинче өз убактысын дүйнө жүзү боюнча жакшы кабар таратканга, башкаларга Жахаба жөнүндө окутуп-үйрөткөнгө жумшап жатышат. Айрымдары болсо кабар айтуу жана окутуу ишине атүгүл убактысынын көбүн арнап келет.

Ишенимдештерибизди, үй-бүлөбүздү жакшы көрөрүбүздү кылган ишибиз менен далилдейбиз (11, 17-абзацтарды карагыла) *

11. Ишенимдештерибиз Жахабаны жана бири-бирин сүйөрүн кантип далилдеп жатышат?

11 Көптөгөн Исанын жолдоочуларына өзүн жана үй-бүлөсүн багыш үчүн бир күн кечке иштегенге туура келет. Ошондой болсо да Кудайга берилген ал ишенимдештерибиз уюмубузду колдош үчүн колунан эмне келсе, ошонун баарын кылып келишет. Мисалы, кээси табигый кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берип жатат, курулуш долбоорлоруна кол кабыш кылып келгендер да аз эмес. Ошондой эле баары бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишин колдош үчүн тартуу кылып келет. Мунун баарын кылганыбыздын себеби биз Кудайды да, башкаларды да жакшы көрөбүз. Жума сайын жыйналыштарга катышып, жооп берип бир туугандарыбызды сүйөрүбүздү көрсөтүп жатабыз. Чарчап-чаалыксак да, аларга катышып жатабыз. Толкунданып, корксок да, жооп берип жатабыз. Өз башыбызда кыйынчылык турса да, жыйналышка чейин жана андан кийин башкаларга жылуу сөзүбүздү айтып, дем берип жатабыз (Евр. 10:24, 25). Ооба, Кудай кошкон туугандарыбыздын кылып жаткан ушундай эмгегин ар бирибиз жогору баалайбыз.

12. Жакан ишенимдештерин жакшы көрөрүн дагы кантип далилдеген?

12 Жакан ишенимдештерин сүйөрүн аларды мактап эле эмес, кеңеш айтып да далилдеген. Мисалы, өзүнүн каттарында аларды ишеними, жакшы иштери үчүн мактаган. Ошол эле учурда күнөөгө байланыштуу олуттуу кеңеш берген (1 Жкн. 1:8—2:1, 13, 14). Ошол өңдүү, биз да ишенимдештерибизди кылып жаткан жакшы иштери үчүн мактап турушубуз керек. Бирок кимдир бирөө терс көз караш өрчүтүп баратканын же туура эмес иш кылып жатканын байкасак, буга көз жумбай, туура эмес багытта кетип баратканын жылуу-жумшак айтышыбыз керек. Ошондо чындап жакшы көрөрүбүздү айгинелейбиз. Досубузга кеңеш айтыш үчүн эр жүрөк болушубуз керектиги чын, бирок Ыйык Китепте чыныгы достордун бири-бирин курчутары, тактап айтканда, оңдоп-түзөп турары айтылган (Накыл 27:17).

13. Эмнеден качышыбыз керек?

13 Айрым учурларда бир туугандарыбызды сүйөрүбүз кайсы бир нерселерди кылбаганыбыздан айкын болот. Маселен, алар бир нерсе деп койгондо шак эле таарынып кирбейбиз. Иса жерде жүргөндө болгон бир окуяга токтололу. Бир жолу ал шакирттерине өмүргө ээ болушу үчүн, денесин жеп, канын ичиши керектигин айткан (Жкн. 6:53—57). Бул сөзүн укканда көптөгөн шакирттер чалкасынан кетип, жолун жолдобой калышкан. Ал эми чыныгы достору, анын ичинде Жакан, Исаны таштап кеткен эмес. Берилген достору боюнча калышкан. Алар деле Исанын сөздөрүн түшүнбөй, таң калышса керек. Ошентсе да туура эмес бир нерсе айтып жатат деп ойлоп, нааразы болуп көңүлү калган эмес. Кайра, дайыма чындыкты айтарын билгендиктен ага ишеним артышкан (Жкн. 6:60, 66—69). Биз да досторубуздун кайсы бир сөздөрүнө тез эле ачууланып, таарынып калбашыбыз керек. Анын ордуна, эмне дегиси келгенин түшүндүрүп бергенге мүмкүнчүлүк беребиз (Накыл 18:13; Нас. 7:9).

14. Жүрөгүбүздө жек көрүүчүлүктүн уялашына эмне үчүн жол бербешибиз керек?

14 Жакан ишенимдештерибизди жаман көрбөшүбүз керектигин да айткан. Бул кеңешке кулак какпасак, Шайтандын бизди каалагандай калчашына жол берип коёбуз (1 Жкн. 2:11; 3:15). 1-кылымдын аяк чендеринде так эле ушундай окуя болгон. Шайтан Кудайдын элин бири-бирине кайраштырып, ынтымагын ыдыратыш үчүн бүт күчүн жумшаган. Жакан каттарын жазып жаткан маалда Шайтандын көз карашын чагылдырган кишилер жыйналышка кирип кеткен болчу. Мисалы, Диотреф деген киши бир жыйналышка чоң бүлүк салган (3 Жкн. 9, 10). Ал жетектөөчү кеңештин жыйналыштарды кыдырып дем-күч берген өкүлдөрүн тоготпой, аларга урмат-сый көрсөткөн эмес. Атүгүл өзүнө жакпаган адамдарды жакшы тосуп алгысы келгендерди жыйналыштан чыгарганга аракеттенген. Бул эмне деген текебердик! Шайтан азыр деле Кудайдын элин араздаштырып, ортосуна от жакканга тынбай аракет кылып келет. Ошондуктан жек көрүүчүлүккө алдырып, ортобуздагы ысык мамилени эч качан сууткубуз келбейт.

ҮЙ-БҮЛӨҢӨРДҮ СҮЙГҮЛӨ

Кем-карчына да каралашып, рухий жактан да арка-бел болушу үчүн, Иса энесин Жаканга табыштаган. Бүгүн да бүлө башчылары үйүндөгүлөрүнө ушинтип кам көрүшү керек (15, 16-абзацтарды карагыла)

15. Үй-бүлө башчылары эмнени унутпашы керек?

15 Үйүндөгүлөрүн жакшы көргөн үй-бүлө башчысы иштеп аларды багат (1 Тим. 5:8). Бирок алар бир нерсени эсинен чыгарбашы керек: үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай бакса эле, алардын Кудай менен болгон мамилеси өзүнөн өзү эле чыңдалып калбайт (Мт. 5:3). Исанын үй-бүлө башчыларына кандай үлгү калтырганына көңүл бурсаңар. Жакандын Инжилинде жазылгандай, Иса жаза устунунда кадалып жаны кейип турса да, үй-бүлөсүнүн камын ойлогон. Ошол жерде энеси Мариямдын жанында Жакан да турган. Сай-сөөгү сыздап турса да, Жаканга өз энесин табыштаган (Жкн. 19:26, 27). Мариямды бага турган башка балдары бар болсо да, ошол кезде алардын эч кимиси Исанын жолун жолдой элек көрүнөт. Ошондуктан Иса энесин анын кем-карчына каралаша турган да, рухий жактан арка-бел боло турган да кишиге тапшырган.

16. Жакандын кандай милдеттери бар эле?

16 Жакандын көп милдети бар болчу. Элчилердин бири катары ал кабар айтуу ишин жетектеген. Үй-бүлөсү да бар болсо керек. Ошондуктан үй-бүлөсүн багышы да, рухий жактан кам көрүшү да керек болгон (1 Кор. 9:5). Бүлө башчылары мындан эмнени үйрөнө алат?

17. Үй-бүлө башчысынын үйүндөгүлөрүнө рухий жактан кам көргөнү эмне үчүн маанилүү?

17 Үй-бүлөлүү ага-инилерибизге да оор милдеттер артылган. Алсак, Жахабанын ысымына сөз тийбеши үчүн жумушунда жакшы иштеши керек (Эф. 6:5, 6; Тит 2:9, 10). Мындан тышкары, аксакал же кызмат жардамчысы болсо, жыйналыштагыларга дем-күч бериши, кабар айтуу ишинде демилгечи болушу керек. Ошону менен бирге жубайы жана бала-бакырасы менен Ыйык Китепти үзбөй изилдеп турганы маанилүү. Үй-бүлөсүнүн ден соолугу чың болушу, жадырап-жайнап жүрүшү жана Кудай менен болгон мамилеси бекем болушу үчүн, аталар менен күйөөлөр бүт күчүн жумшашат. Муну үйүндөгүлөрү жогору баалашат (Эф. 5:28, 29; 6:4).

«СҮЙҮҮМДӨН АЙРЫЛБАГЫЛА»

18. Жакан эмнеге бекем ишенген?

18 Жакан узак өмүр сүрүп, жашоосунда далай нерсени көргөн, ишенимин солгундата турган ар кыл кыйынчылыктарга туш болгон. Бирок ал дайыма Исанын осуяттарын, анын ичинде жакыныңды сүй деген осуятты, так аткарганга умтулган. Ошонун аркасында Жакан Жахаба менен Исанын аны жакшы көрөрүнө, кандай гана кыйын-кысталышка кабылбасын, туруштук бергенге күч берерине бекем ишенген (Жкн. 14:15—17; 15:10; 1 Жкн. 4:16). Шайтан да, анын дүйнөсү да ишенимдештерин сүйгөнгө жана ошол сүйүүсүн сөз менен болобу, иш менен болобу, көрсөтүшүнө түк да тоскоол боло алган эмес.

19. 1 Жакан 4:7де эмне кылганга чакырылабыз жана эмне үчүн?

19 Жакан сыяктуу эле, биз да ырайымы жок кара мүртөз Шайтан башкарган дүйнөдө жашап жатабыз (1 Жкн. 3:1, 10). Ал бир туугандарыбызды жек көрүп калышыбызды көксөйт. Бирок буга өзүбүз эле жол берип койбосок, аракетинен эч майнап чыкпайт. Андыктан жүрөгүбүздө ишенимдештерибизге болгон сүйүү жалындап турсун! Келгиле, ошол сүйүүнү сөзүбүз менен да, ишибиз менен да далилдейли. Ошондо Кудайдын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болгонубузга кубанабыз, жашообуз да чындап маңыздуу болот! (Окугула: 1 Жакан 4:7.)

88-ЫР: Өз жолуңда жүрүүгө үйрөт

^ 5-абз. Исанын «жакшы көргөн шакирти» элчи Жакан болсо керек (Жкн. 21:7). Жаш болсо да, көп жакшы сапаттары болгон көрүнөт. Жашы өр тартып калганда Жахаба ага сүйүү жөнүндө көп нерсе жаздырган. Бул макалада анын жазгандарын жана анын өзүнөн эмнеге үйрөнсөк болорун талкуулайбыз.

^ 59-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Кудайдын ишин кылып көп эмгектенип жаткан үй-бүлө башчысы. Ал кырсыктан жапа чеккендерге жардам берип жатат. Бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишин колдоп тартуу кылып жатат. Үй-бүлөлүк сыйынууга башкаларды чакырып, кубаттап жатат.