Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Назик сүйүү өрчүтө берели

Назик сүйүү өрчүтө берели

«Бир туугандык сүйүүңөрдү назиктик менен көрсөткүлө» (РИМ. 12:10).

109-ЫР: Чын жүрөктөн чыккан күчтүү сүйүү

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Көптөгөн үй-бүлөлөрдө бири-бирине сезими жок экенин эмнеден көрсө болот?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ акыркы күндөрдө адамдардын жакындарына сезими жок болору алдын ала айтылган (2 Тим. 3:1, 3). Азыр муну биз өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Мисалы, миллиондогон жубайлар ажырашып, бири-бирине кас болуп калып жатышат. Балдары болсо атасынын же энесинин мээриминен өксүп калып жатышат. Бир үйдө жашап туруп деле бири-бирине чоочун кишидей болуп калган үй-бүлөлөр да бар. Үй-бүлөлүк жашоо боюнча бир адис мындай деген: «Апасы, атасы, балдары — баары бири-бирине байланбай эле, компьютерге, планшетке, телефонго, видеооюндарга байланып калышты. Андай үй-бүлөлөр бир үйдө жашашса да, бири-бирин дээрлик билишпейт».

2, 3. а) Римдиктер 12:10го ылайык, кимдерге назик сүйүү көрсөтүшүбүз керек? б) Бул макалада эмне каралат?

2 Биз бул мерез дүйнөнүн калыбына түшкүбүз келбейт (Рим. 12:2). Кайра, үйдөгүлөргө көбүрөөк назик сезимдерди туюп, назик сүйүү тартуулагыбыз келет. Бирок алар менен эле чектелбей, ишенимдештерибизге да ошондой жакын болушубуз керек. (Окугула: Римдиктер 12:10.) Анда назик сүйүү деген эмне? Бул сөз үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы өзгөчө жылуулукту, ынактыкты туюнтат. Так ошондой сүйүүнү рухий үй-бүлөбүзгө, ишеним жолундагы бир туугандарыбызга, карата да өрчүтүшүбүз керек. Арабызда ушундай сүйүү гүлдөп-өссө, Жахабага сыйынууда маанилүү болгон биримдикти чыңдаганга жардам беребиз (Мик. 2:12).

3 Анда канткенде назик сүйүү өрчүтүп, аны көрсөтө алабыз? Келгиле, Ыйык Китептеги бир нече мисалга токтололу.

СҮЙҮҮСҮН НАЗИКТИК МЕНЕН КӨРСӨТКӨН ЖАХАБА

4. Жахабанын бизди канчалык сүйөрүн Жакып 5:11деги сөздөр кандайча көрсөтүп турат?

4 Ыйык Китептен Жахабанын теңдешсиз сапаттарын билебиз. Мисалы, «Кудай — сүйүү»,— деп айтылат (1 Жкн. 4:8). Ушунун өзү эле бизди ага жакындатат. Бирок Ыйык Китепте Жахабанын ошол сүйүүсү «назиктик, сезимталдык» менен коштолору да айтылган. (Окугула: Жакып 5:11, шилт.) Мындан Жахабанын бизге болгон сүйүүсү канчалык күчтүү экенин билсе болот.

5. Жахаба кайрымдуу экенин кантип көрсөтөт жана андан канткенде үлгү ала алабыз?

5 Жакып 5:11де Жахабанын назик сүйүүсү бизди ага тартып турган дагы бир сапатына — кайрымдуулугуна — байланыштырылганына көңүл бурсаңар (Чыг. 34:6). Жахаба бизге түрлүү жолдор менен кайрымдуулук кылат. Алардын бири — катачылыктарыбызды кечиргени (Заб. 51:1). Ыйык Китепте кайрымдуулуктун кечиримдүүлүктөн да көптү билдирерин биле алабыз. Кайрымдуулук — кимдир бирөөнүн кыйналып жатканын көргөндө ага жардам бергенге түрткү берген жүрөктөн чыккан күчтүү сезим. Жахаба өзүнүн бизге жардам бергенге түрткү болгон ошол сезими эненин балага туйган сезимдеринен алда канча күчтүү экенин айткан (Ыш. 49:15). Ошондуктан башыбызга кыйынчылык түшкөндө, Жахаба кайрымдуу болгондуктан бизге сөзсүз кол сунат (Заб. 37:39; 1 Кор. 10:13). Биз да көңүлүбүздү ооруткан ишенимдештерибизди кечирип, кек сактабасак, кайрымдуу болгон болобуз (Эф. 4:32). Бирок кайрымдуулугубузду, негизинен, кыйынчылыктарга кабылган ишенимдештерибизге жөлөк-таяк болуп көрсөтө алабыз. Сүйүүбүз башкаларга кайрымдуу болгонго түрткү берсе, назик сүйүү көрсөтүү жагынан теңдеши жок Жахабадан үлгү алган болобуз (Эф. 5:1).

БИРИ-БИРИНЕ «БҮТ ЖҮРӨГҮ МЕНЕН ТАРТЫЛЫП» ТУРГАН ЖОНАТАН МЕНЕН ДӨӨТҮ

6. Жонатан менен Дөөтү кандай достордон болгон?

6 Ыйык Китепте жеткилең эмес болсо да, бири-бирине сүйүүсү күчтүү, ынак адамдар жөнүндө айтылган. Мисалга Жонатан менен Дөөтүнү алалы. Ыйык Китепте: «Жонатан Дөөтүгө бүт жүрөгү менен тартылып, аны жанындай жакшы көрүп калды»,— делет (1 Шем. 18:1). Жахаба Дөөтүнү Шабулдан кийинки падыша кылып майлаган. Ошондон бир нече убакыт өткөн соң Шабул Дөөтүнү жек көрүп, көзүн тазалаганга аракет кылган. Бирок Шабулдун уулу Жонатан атасынын кылганын туура көрбөй, аны колдогон эмес. Жонатан менен Дөөтү ортосунан кыл өткүс дос болуп, бири-бирине өмүр бою арка-бел болгонго шерттешкен (1 Шем. 20:42).

Жаш-курагы Жонатан менен Дөөтүгө ынак достордон болгонго тоскоол болгон эмес (6—9-абзацтарды карагыла)

7. Жонатан менен Дөөтүнүн достугуна эмне тоскоолдук болушу мүмкүн эле?

7 Айрым нерселерди эске алганда, Жонатан менен Дөөтүнүн жан кыйышпас достордон болгону аябай таң калыштуу. Мисалы, Жонатан Дөөтүдөн, болжолу, 30 жаш улуу болгон. Ал эч нерсени көрө элек жаш бала деп Дөөтүнү теңине албай койсо деле болмок. Бирок ал өзүн андан өйдө көргөн эмес.

8. Эмне үчүн Жонатан Дөөтүнүн жакшы досу болгон деп ойлойсуңар?

8 Жонатан Дөөтүгө ичи тарыса деле болмок. Падышанын уулу болгондуктан такты үчүн күрөшкөнгө акысы бар болчу (1 Шем. 20:31). Бирок ал момун, Жахабага берилген киши болгон. Ошондуктан Дөөтүнү болочоктогу падыша кылып тандаган Жахабанын чечимин кош колдоп колдогон. Атүгүл атасынын каарына карабай, Дөөтүгө болгон берилгендигинен да жазган эмес (1 Шем. 20:32—34).

9. Жонатан Дөөтүнү атаандашы катары көргөнбү? Түшүндүргүлө.

9 Жонатан Дөөтүнү ушунчалык жакшы көргөндүктөн аны атаандашындай көргөн эмес. Ал көзгө атар жаачы, жалтанбас жоокер болгон. Атасы Шабул экөө «бүркүттөрдөн учкул, арстандардан күчтүү»  кишилер деп аталган (2 Шем. 1:22, 23). Ошондуктан кылган эрдиктерине мактанса деле жарашмак. Бирок ал башкалардын жолун тороп, алдына эч кимди чыгаргысы келбеген пейили бузук киши болгон эмес. Кайра, Дөөтүнүн кайраттуулугуна, Жахабага таянганына суктанып, ошонусун жактырган. Ал Дөөтүнү, өзгөчө, Голиатты сулаткандан кийин жакшы көрүп калган. Канткенде биз да ишенимдештерибизди ушинтип жакшы көрө алабыз?

НАЗИК СҮЙҮҮНҮ КАНТИП КӨРСӨТӨ АЛАБЫЗ?

10. Бири-бирибизди «жан-дилден», «чын жүрөктөн сүйүү» деген эмнени билдирет?

10 Ыйык Китепте: «Бири-бириңерди жан-дилиңер менен, чын жүрөктөн сүйгүлө»,— делген (1 Пет. 1:22). Бул жагынан Жахаба — эң мыкты үлгү. Ал бизди жан-дилинен, чын жүрөгүнөн ушунчалык сүйгөндүктөн, ага берилген бойдон калсак, сүйүүсүнөн бизди эч нерсе ажырата албайт (Рим. 8:38, 39). «Жан-дилден, чын жүрөктөн» деп которулган грек тилиндеги сөз «бир нерсени көздөй умтулуу, атүгүл чоюлуу»  деген маанини туюнтат. Айрым учурларда кайсы бир ишенимдешибизге назик сүйүү көрсөтүш үчүн чымырканып, мындайча айтканда, дагы да чоюла түшүшүбүз керек болот. Кимдир бирөө капа кылганда, бири-бирибизге «сүйүү көрсөтүп, «көтөрүмдүү болушубуз», «рух берген биримдикти сактоого жана тынчтыкта жашоого умтулушубуз» керек (Эф. 4:1—3). «Тынчтыкта жашаганга» далалат кылсак, бир туугандарыбыздын ката-кемчилигине көз жумуп коёбуз. Аларга Жахаба карагандай караганга бүт күчүбүздү жумшайбыз (1 Шем. 16:7; Заб. 130:3).

Пабыл Эйдия менен Синтихени бир ойдо болгонго чакырган. Бүгүнкү күндө да кээде ишенимдештер менен тил табышыш кыйын болуп калат (11-абзацты карагыла)

11. Кайсы учурларда назик сүйүү көрсөтүү кыйынга турат?

11 Ишенимдештерибизди боор этибиз менен тең көрүп, назик сүйүү, айрыкча, алардын ката-кемчиликтерин жакшы билгенибизде оңой болбошу мүмкүн. 1-кылымда деле айрым ишенимдештерибизде ушундай кыйынчылык болгон. Алсак, Эйдия менен Синтихе элчи Пабыл «менен ийиндеш туруп,.. бирге жакшы кабар үчүн күрөшүшкөн». Аларга Пабыл менен кызматташыш кыйынга деле турган эмес көрүнөт. Бирок кайсы бир себептен улам экөө бири-бири менен тил табыша албай коюшкан. Ошондуктан Пабыл аларды «Теңир жолунда бир ойдо болууга чакырган» (Флп. 4:2, 3).

Жаш-кары дебей аксакалдар бири-бири менен ынак достордон боло алышат (12-абзацты карагыла)

12. Канткенде ишенимдештерибизди жакын санап, ынак боло алабыз?

12 Канткенде ишенимдештерибизди жакын санап, ынак боло алабыз? Аларды жакшыраак билгенге аракет кылсак, жакшыраак түшүнүп, жылуу сезимдерди туюу оңоюраак болот. Буга жаш-курагыбыз, тек жайыбыз жолтоо болбошу керек. Жонатандын Дөөтүдөн 30 жаштай улуу болгонун эстесеңер. Ошентсе да улуулугу жоктой эле, аны менен жаны бирге болуп калган. Жыйналышыңардан силерден улуу же кичүү кимдир бирөө менен жакыныраак таанышып, дос боло аласыңарбы? Эгер ошентсеңер, «бир туугандарыңардын баарын сүйгөн» болосуңар (1 Пет. 2:17).

(12-абзацты карагыла) *

13. Жыйналыштагылардын баарына эле эмне үчүн бирдей жакын боло албайбыз?

13 Ишенимдештерибизге назик сүйүү көрсөтүү деген баарына бирдей жакын болуу дегенди билдиреби? Жок, себеби бул мүмкүн эмес. Негизи, кызыккан нерселерибиз окшош адамдарга тартылып турганыбыздын жаман деле жери жок. Иса деле бардык элчилерин «досторум» деп атаса да, Жаканга өзгөчө жакын болгон (Жкн. 13:23; 15:15; 20:2). Бирок аны башкалардан артык көрүп, жакшыраак мамиле кылган эмес. Маселен, бир жолу Жакан менен бир тууганы Жакып Кудайдын Падышалыгында ардактуу орун сураганда, Иса: «Оң жана сол жагыма кимдердин отурарын мен чечпейм»,— деген (Мр. 10:35—40). Биз да, Исаны туурап, жакын досторубузга жан тартып, башкалардан жакшыраак мамиле кылбашыбыз керек (Жкп. 2:3, 4). Анте турган болсок, жыйналыштын бөлүнүп-жарылышына себепкер болуп калмакпыз. Мындай нерсеге Кудайдын элинин арасында жол берилбеши керек (Жүй. 17—19).

14. Филипиликтер 2:3кө ылайык, канткенде атаандаштыкка жол бербейбиз?

14 Бири-бирибизге боор тартып турсак, жыйналышта атаандаштык болбойт. Жонатандын Дөөтүнү тагын талашкан касы катары көрбөгөнүн эстесеңер. Баарыбыз тең Жонатанды үлгү тута алабыз. Бизге караганда жөндөмдүүрөөк болгону үчүн эле ишенимдештерибизди атаандаш катары көрбөй, момун болуп, өзүбүздөн жогору көргөнүбүз жакшы. (Окугула: Филипиликтер 2:3.) Ар бир кишинин жыйналыштын өркүндөп-өсүшүнө кошкон салымы бар экенин эсиңерден чыгарбагыла. Өзүбүздү башкалардан өйдө көрбөй момун болсок, ишенимдештерибиздин жакшы жактарын көрө билип, үлгү-өрнөгүнөн көп нерсе үйрөнө алабыз (1 Кор. 12:21—25).

15. Танянын башынан өткөн окуясынан эмнени биле алдыңар?

15 Капилеттен кыйынчылыктарга кабылганыбызда Жахаба ишенимдештерибиз аркылуу сооротуп-жубатып, жардам берип, назик сүйүүсүн көрсөтөт. Бир үй-бүлөнүн мисалына токтололу. Бул окуя 2019-жылы АКШда өткөрүлгөн «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деген эл аралык жыйындын ишемби күнкү программасынан кийин болгон. Үч баласы бар Таня мындай дейт: «Жыйындан кийин машине менен мейманканабызга кайтып баратканбыз. Бир маалда эле башка тилкеде бараткан бирөө машинесин башкара албай, бизди сүзүп алды. Эч ким эч кандай жаракат алган жок. Бирок машинебизден чыгып, деңдароо болуп эле жолдо туруп калдык. Жолдун наркы бетиндеги бирөө кол булгалап бизди машинесине чакырды. Көрсө, ал жыйындан кийин кетип бараткан ишенимдешибиз экен. Бирок ал эле токтогон жок. Швециялык беш ишенимдешибиз да токтоду. Алар кызым экөөбүздү кыса кучакташты. Биз так ошого аябай муктаж болуп турганбыз! Жакшы элебиз десек да болбой, жаныбыздан кетпей турушту. Алар тез жардам кызматы келгенден кийин да кетпей коюшту. Бизге керектүү жардамдын баарын көрсөтүштү. Ошол кырсык учурунда баштан-аяк Жахабанын сүйүүсүн сезип жаттык. Ошондон кийин ишенимдештерибизди ого бетер жакшы көрүп калдык. Жахабага болгон сүйүүбүз да тереңдеп, ыраазычылыгыбыз да артты». Силер да жардамга зар болуп турган учурда ишенимдештериңердин ысык сүйүүсүн сезген учурларыңар болду беле?

16. Бири-бирибизге карата назик сүйүү өрчүткөнгө кандай себептер бар?

16 Бири-бирибизге боор тартып, назик сүйүү көрсөткөнүбүздүн натыйжасы кандай болот? Ишенимдештерибиз мүшкүл күнгө калганда, сооротуп-жубата алабыз. Кудайдын элинин биримдигин чыңдайбыз. Исанын чыныгы шакирттери экендигибизди далилдейбиз. Мунун аркасында пейили таза адамдар чындык жолуна тартылат. Баарынан да, «боорукердиктин Атасы жана ар кандай жагдайда сооротуучу Кудайыбызды» даңктайбыз (2 Кор. 1:3). Эмесе, келгиле, бири-бирибизге ынак болуп, назик сүйүү өрчүтүп, аны муздатпайлы!

130-ЫР: Кечиримдүү бололу

^ 5-абз. Иса анын шакирттерин ортосундагы сүйүү өзгөчөлөп турарын айткан. Ортобузда ошондой сүйүү болушу үчүн, баарыбыз аракет кылып келебиз. Ал сүйүүнү чыңдаш үчүн назик сезимдерди өрчүтүшүбүз керек. Андай сезимдер адатта үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда болот. Бул макала ишенимдештерибизге карата да ошондой сезимдерди өрчүткөнгө жана аларды суутпаганга жардам берет.

^ 55-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Улуураактарынан көп нерсени үйрөнүп жаткан жаш аксакал. Улуураагы жашыраагын конокко чакырып, жылуу тосуп алып жатат.