ӨМҮР БАЯН
Жахабага эч качан жок дебегенди үйрөндүк
ТАЙФУНДАН кийин күркүрөп-шаркырап ылай аралаш аккан дарыя чоң-чоң таштарды агызып жатты. Аркы өйүзгө өтөлү десек, көпүрөнү суу алып кетиптир. Жолдошум Харви, амис тилине которгон котормочу болуп эмне кыларыбызды билбей коркуп турдук. Дарыядан өтө баштаганыбызда аркы өйүздөгү бир туугандарыбыз аман-эсен өтүп алышса экен деп кудайлап карап турушту. Адегенде кичинекей машинебизди жүк ташыган чоңураак машинеге жүктөдүк. Машине ордунан козголбошу үчүн аны байлап койгонго чынжыр да, аркан да жок болчу. Ошентип, суудан акырын өтө баштадык. Аркы өйүзгө такыр жетпечүдөй сезилди. Акыры, Жахабага жалынып-жалбарып жатып аман-эсен өтүп алдык. Бул 1971-жыл эле. Ал кезде биз туулуп-өскөн жерибизден миңдеген чакырым алыс жерде, Тайвандын чыгыш жээгинде, жүргөнбүз. Анда ал жакка эмне болуп барып калганыбызды айтып берейин.
ЖАХАБАНЫН ЖОЛУНА ТҮШҮШҮБҮЗ
Харви үй-бүлөсүндө төрт эркектин улуусу болчу. Анын үй-бүлөсү Батыш Австралиянын Мидленд-Жанкшен деген шаарында 1930-жылдардан кийин жокчулук учурунда чындык жолуна түшкөн. Харви Жахабаны таанып-билгенден кийин 14 жашында чөмүлгөн экен. Ошондон көп өтпөй Жахаба эмне иш тапшырбасын, «жок» дебей, баарын аткарганга үйрөнүптүр. Бир жолу андан жыйналыштан «Күзөт мунарасын» окуп бер деп суранышканда, жакшы окуп бере албайм деп болбой коюптур. Ошондо андан суранган байке: «Жахабанын уюмунда кимдир бирөө сага кайсы бир ишти тапшырып жатса, демек, колуңдан келет. Ошентип ойлогондуктан тапшырып жатат да!» — дептир (2 Кор. 3:5).
Мен болсо Жахаба жөнүндө апам, эжем болуп Англиядан уккам. Атам болсо кийинчерээк Жахабанын Күбөсү болду, бирок ага чейин бизге каршы болуп жүрдү. Ошого карабай, 9 жашымда чөмүлдүм. Дароо эле пионер болом, андан кийин миссионер болом деп максат койгом. Тилекке каршы, атам 21ге чыкмайынча пионер болбойсуң
деп койду. Бирок мен анча күткүм келген жок. Ошондуктан 16га чыкканда атамдын уруксаты менен Австралияга көчүп кеткен улуу эжемдикине көчүп бардым. Ошентип, 18ге чыкканда пионердик кызматка кириштим.Австралияда жүрүп Харви менен тааныштым. Ал да миссионер болгусу келчү экен. Экөөбүз 1951-жылы баш коштук. Чогуу эки жыл пионер болуп кызмат кылгандан кийин райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылышыбызды суранып калышты. Биздин районго Батыш Австралиянын көп бөлүгү кирчү. Ошондуктан ээн талаа, эрме чөлдөрдү кезип, алыскы аймактарга көп барчубуз.
КЫЯЛЫБЫЗДЫН ОРУНДАЛЫШЫ
1954-жылы Гилат мектебинин 25-классына чакырылдык. Ошентип, миссионер болобуз деген кыялыбыз орундалмакчы болду! Нью-Йоркко кеме менен келдик. Анан Ыйык Китепти изилдегенге катуу кириштик. Программа боюнча испан тилин да үйрөнүшүбүз керек болчу. «Р» тамгасына тили келбегендиктен Харви аябай кыйналды.
Окуу учурунда нускоочулар кимде-ким Жапонияга дайындалгысы келсе, жапон тилин үйрөнгөнгө жазылгыла деп айтышты. Биз болсо каякка дайындаларыбызды өзүбүз эмес, Жахабанын уюму чечишин кааладык. Ошондон көп өтпөй эле нускоочулардын бири Алберт Шрёдер жапон тилине жазылбаганыбызды билип: «Дагы ойлонуп көрбөйсүңөрбү»,— деп айтты. Биз анда да шашылган жокпуз. Ошондо ал: «Башка нускоочулар болуп силерди жапон тилин үйрөнгөнгө жазып койдук. Кап этпесеңер, аракет кылып көрбөйсүңөрбү»,— деди. Жапончону Харви тез эле үйрөнүп кетти.
Жапонияга 1955-жылы бардык. Ал кезде бүтүндөй өлкө боюнча 500 эле жарчы бар болчу. Ошондо Харви 26да, мен 24тө элем. Алгач кеме жайы бар Кобе деген шаарга дайындалдык. Ал жакта төрт жыл кызмат кылдык. Андан кийин кайрадан кыдыруучулук кызматка чакырылып, Нагоя деген шаарга жакын жерде кызмат кылдык. Жапонияда бизге баары — ишенимдештерибиз да, тамагы да, табияты да — абдан жакты. Ошондон көп өтпөй Жахаба бизге дагы бир иш тапшырды. Мунусунда да Жахабага «жок» деген жокпуз.
ЖАҢЫ КЫЗМАТ, ЖАҢЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР
Кыдыруучулук кызматты үч жыл аркалаган соң Жапониядагы филиал бизден Тайванга барып, жергиликтүү амис элине жардам бере *. Жапониядагы кызматыбызды аябай жакшы көрүп калгандыктан макул болуш кыйынга турду. Бирок Харви кандай гана кызмат тапшырылбасын, «жок» дебегенди үйрөнгөндүктөн, макул болдук.
алар-албасыбызды сурады. Ал жакта чындыктан четтегендер пайда болгондуктан, ошону менен күрөшө турган жапончо эркин сүйлөй алган бирөө керек болуп жатыптырТайванга 1962-жылдын ноябрында бардык. Ал жактагы 2 271 жарчынын көбү амис элинен экен. Бирок башында кытай тилин үйрөнгөнгө туура келди. Колубузда кытай тилин үйрөткөн жалгыз эле бир китеп бар болчу. Мугалимибиз болсо англис тилинде таптакыр сүйлөчү эмес. Ошентсе да тилди үйрөнүп кеттик.
Көп узабай эле Харви филиалдын кызматчысы болуп дайындалды. Филиал чакан болгондуктан айына бир жумадай филиалдын иштери менен алек болсо, үч жумадай амис бир туугандарыбыз менен кызматташчу. Мезгил-мезгили менен облустук көзөмөлчү катары да кызмат кылган- дыктан жыйындарда сөз сүйлөчү. Харви баяндамаларын жапон тилинде айтса деле ишенимдештерибиз түшүнмөк, бирок бийликтегилер диний чогулуштардын баары кытай тилинде гана өткөрүлсүн деп буйрук берген. Ошондуктан Харви тилден кыйналса да, баяндамаларын кытайча айтчу. Аны амис тилине которуп беришчү.
Өлкөдө аскердик абал өкүм сүрүп тургандыктан, жыйындарды өткөрүш үчүн уруксат алыш керек болчу. Бул оңойго турчу эмес. Полиция убакытты созуп, көпкө чейин уруксат берчү эмес. Эгер жыйын болгон жумага чейин беришпесе, Харви ошол жактан кетпей отура берчү. Ошондо чет өлкөлүк кишини кечке күттүрүп койгондон уялып, акыры берип коюшчу.
АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ТООГО ЧЫГЫШЫМ
Ишенимдештерим менен кызматташкан жумаларда тоолорду ашып, дарыяларды кечип өтүп бир нече саат жөө жүрчүбүз. Биринчи жолу тоого чыкканым эсимде. Бир жолу алыскы бир кыштакка бармакчы болдук. Таң атпай туруп, шаша-буша бир нерсе жеп алып, беш жарымда автобуска түштүк. Андан кийин дарыянын жазы салаасын кечип өтүп, тоону аштык. Тоо ушунчалык тик болгондуктан, алдыда чыгып бараткан кишинин согончогу көзүмдүн деңгээлинде болду.
Түшкө чейин Харви жергиликтүү бир туугандар менен кызматта жүргөндө, мен жапон тилинде сүйлөгөндөр жашаган бир айылда кабар айтып жаттым. Эртеден бери эч нерсе жей элек болгондуктан саат бирлерде көзүм караңгылап, алсырай баштадым. Анан Харви экөөбүз жолуктук. Жанында эч ким жок экен. Ал бир нече журналды үч жумурткага алмашып алыптыр. Анан эки жагынан тешип, ичсе болорун көрсөтүп берди. Айла жогунан эле бирөөсүн ичип көрдүм. Ал эми үчүнчүсүн ким ичти деп ойлойсуңар? Харви: «Ачка болуп баса албай калсаң, сени тоодон алып түшкөнгө ал жок»,— дегендиктен, үчүнчүсүн да мен ичтим.
КЫЗЫК ОКУЯ
Райондук жыйын боло турган жумалардын биринде кызык бир окуя болду. Биз Падышалык
залынын жанында жашаган бир туугандарыбыздыкына токтогонбуз. Амис эли бат-баттан жуунуп турганды жакшы көргөн эл болгондуктан, райондук көзөмөлчүнүн жубайы жуунганга керектүү нерселерди даярдап берди. Харви колу бошобой жаткандыктан биринчи сен барып жууна бер деди. Барсам, бир чака муздак суу, бир чака ысык суу, бир чылапчын туруптур. Баарынан кызыгы, мунун баарын короонун Падышалык залды караган тарабына коюп коюптур. Ал жакта болсо ага-инилерибиз жыйынга даярдыктарды көрүп жатышкан. Мен андан далдалап койгонго бир нерсе сурадым. Ал мага баары көрүнө турган клеёнка алып келип берип койду. Үйдүн артына барып далдаа жерге жуунайын десем, качырганга даяр турган каздар бар экен. Анан акырында: «Падышалык залында баары баш көтөрбөй иштеп жатса, мени эч ким деле карабайт болуш керек. Жуунбай койсом, капа болуп калышат, андан көрө жууна берейин»,— дедим.АМИС ТИЛИНДЕГИ АДАБИЯТТАР
Харви амис ишенимдештерибиздин сабатсыз болгондуктан жана өз тилинде адабияттар жок болгондуктан рухий жактан өсө албай жатканын байкады. Амис тилинин жазуусу үчүн жакын арадан бери латын тамгалары колдонула баштагандыктан, аларга өз тилинде окуганды үйрөтүш керек болчу. Буга аябай көп күч-аракет жумшалды. Бара-бара алар өз алдынча окуп-изилдеп калышты. Адабияттарыбыз амис тилинде 1960-жылдардан кийин, ал эми «Күзөт мунарасы» 1968-жылы чыга баштаган.
Өкмөт кытай тилиндеги адабияттардан башка адабияттарды чектеп койгон. Ошондуктан кыйынчылыктардан кыя өтүш үчүн амис тилиндеги «Күзөт мунарасы» ар кандай болуп чыкчу. Мисалы, бир канча убакыт бою журналдын ар бир санында эки тилдеги, кытай мандарин жана амис тилиндеги, текст басып чыгарылчу. Кимдир бирөө сурап калса, жергиликтүү элди кытай тилине үйрөтүп жатабыз деп койчубуз. Ошол убактан бери ушундай жакшы эл Ыйык Китептеги чындыкты биле алышы үчүн, Жахабанын уюму эчендеген адабияттарды басып чыгарып келатат (Элч. 10:34, 35).
ЖЫЙНАЛЫШТАРДЫН ТАЗАЛАНЫШЫ
1960, 1970-жылдары көптөгөн амис ишенимдештерибиз Кудайдын талаптарына карманышчу
эмес. Ыйык Китептеги принциптерди жакшы түшүнбөгөндүктөн айрымдар адеп-ахлаксыз иштерди кылышчу, мас болуп, чылым чегишчү, арека пальмасынын уругун да чайнашчу. Бир туугандарыбызга ушул нерселерге карата Жахабанын кандай көз карашта экенин түшүндүрүш үчүн Харви көптөгөн жыйналыштарды кыдырды. Ошентип жүргөндө мен эң башында айтып берген окуяга туш болгонбуз.Момун бир туугандарыбыз өзгөргөнгө даяр болушту. Бирок өкүнүчтүүсү, тоң моюндук кылып, өзгөргүсү келбегендер да көп болду. Ошондуктан 20 жылдын аралыгында Тайвандагы жарчылардын саны 2 450дөн 900гө түшүп калды. Албетте, буга капа болбой койгон жокпуз. Бирок Жахаба таза эмес уюмга эч качан батасын бербей турганын билчүбүз (2 Кор. 7:1). Акыры, Жахабанын батасы менен жыйналыштын баары тазаланды. Учурда Тайванда 11 000ден ашуун жарчы бар.
1980-жылдары амис тилиндеги жыйналыштардын рухий жактан бекем болуп калганын көрүп Харви убактысынын көбүн кытай тилинде сүйлөгөндөргө бөлө баштады. Ал бир канча ишенимдешибиздин күйөөлөрүнө чындык жолуна түшкөнгө жардам берди. Буга ал аябай сүйүнчү. Алардын бири Жахабага кайрылып, биринчи жолу тиленгенде, Харвинин канчалык кубанганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Жүрөгүндө кири жок көптөгөн кыз-келиндерге Жахабага жакындаганга жардам бере алганыма мен да кубанам. Мен атүгүл Ыйык Китепти изилдегенге өзүм жардам берген бир аялдын уулу жана кызы менен Тайвандагы филиалда кызмат кылгам.
ЧОҢ ЖОГОТУУ
Азыр жесирмин. 59 жылдай чогуу жашаган өмүрлөшүм Харви рак менен күрөшүп жатып 2010-жылдын 1-январында көз жумду. Ал өмүрүнүн 60тай жылын толук убакыт кызмат кылганга арнады. Аны азыркыга чейин сагынып куса болом. Кишини таңдандырган эки өлкөдө кабар айтуу ишине чыйыр салынып жаткан маалда аны колдоп-коштоп жүргөнүмө сыймыктанам. Биз Азиянын татаал эки тилинде сүйлөгөндү үйрөндүк. Харви болсо жазганды да билчү.
Күйөөмдүн көзү өткөнүнөн бир нече жылдан кийин Жетектөөчү Кеңеш, жашым өр тартып калгандыктан, Австралияга кайтып барганым жакшы болот деп чечти. Муну укканда шак эле: «Мен Тайвандан кетким келбейт»,— деп ойлондум. Бирок Харви мени, Жахабанын уюму эмне дебесин, «жок» дебегенге үйрөткөн. Ошондуктан кете берейин дедим. Кийин көчүп барганым эң туура болгонун түшүндүм.
Азыркы тапта Австралазиядагы филиалда эмгектенем. Дем алыш күндөрү болсо жергиликтүү жыйналыш менен кызматташам. Филиалда жапон жана кытай тилдеринде экскурсияларды өткөрөм. Ушуга жарап жатканыма аябай сүйүнөм. Жахабага эч качан «жок» дебеген жолдошумдун азыр ааламдагы эң коопсуз жерде — Жахабанын эс тутумунда — экенине эч шектенбейм. Ошондуктан ал тириле турган убакты зарыгып күтүп келем (Жкн. 5:28, 29).
^ 14-абз. Азыр Тайвандын расмий тили кытай тили болсо да, буга чейин ондогон жылдар бою жапон тили болуп келген. Андыктан Тайвандагы ар кандай этностук топтордо жапон тили кеңири колдонулчу.