Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Ар бир эркектин башчысы» — Машаяк

«Ар бир эркектин башчысы» — Машаяк

«Ар бир эркектин башчысы Машаяк» (1 КОР. 11:3)

12-ЫР: Жахаба — Улуу Кудай

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Эркектердин үй-бүлөсүнө кылган мамилесине эмне таасир этиши мүмкүн?

«БАШЧЫЛЫК» деген сөздү укканда оюңарга шак эле эмне келет? Айрым эркектердин аялы менен балдарына кылган мамилесине элинин маданияты, каада-салты же өздөрү көргөн тарбия таасир этет. Европада жашаган Янита мындай дейт: «Мен жашаган жерде аялдар эркектерден төмөн турат жана аларды малайдай көрүш керек деген көз караш түптөлүп калган». Ал эми Кошмо Штаттарда жашаган Люк деген ишенимдешибиз: «Кээ бир аталар уулдарын аялдарды кыңк эттирбеш керек, алардын көз карашы маанилүү деле эмес деп тарбиялашат»,— дейт. Бирок Жахаба эркектердин ушинтип башчылык кылышын туура көрбөйт. (Салыштыргыла: Марк 7:13.) Анда канткенде эркек жакшы үй-бүлө башчысы болот?

2. Үй-бүлө башчылары эмнени билиши керек жана эмне үчүн?

2 Жакшы үй-бүлө башчысы болуш үчүн эркек адегенде Жахабанын андан эмнени талап кыларын түшүнүп алышы керек. Ошондой эле Жахабанын башчылык тартибин эмне үчүн бекиткенин жана айрыкча, бул жагынан канткенде андан жана Исадан үлгү ала аларын билиши керек. Ушуларды билгени эмне үчүн маанилүү? Себеби Жахаба үй-бүлө башчыларына кандайдыр бир деңгээлде бийлик берген. Ошондуктан ал бийликти туура колдонушун күтөт (Лк. 12:48б).

БАШЧЫЛЫК ДЕГЕН ЭМНЕ?

3. 1 Корунттуктар 11:3төн башчылык тартиби жөнүндө эмнени биле алабыз?

3 Окугула: 1 Корунттуктар 11:3. Бул аятта Жахабанын асмандагы жана жердеги үй-бүлөсү кандайча уюштурулганы айтылган. Башчылык өз ичине эки негизги нерсени — бийликти жана жоопкерчиликти — камтыйт. Жахаба — эң жогорку бийликке ээ Башчы. Ошондуктан анын балдарынын баары: периштелер да, адамдар да анын алдында жооптуу (Рим. 14:10; Эф. 3:14, 15). Мисалы, Жахаба Исага жыйналыштын үстүнөн бийлик берген. Бирок ал ошол бийлигин кантип колдонот, бизге кандай мамиле кылат — Жахабанын алдында жооп берет (1 Кор. 15:27). Жахаба эркекке да аялын, бала-чакасын башкарганга бийлик берген. Бирок ал үй-бүлөсүнө кылган мамилеси үчүн Жахабанын да, Исанын да алдында жооптуу (1 Пет. 3:7).

4. Жахаба менен Иса кандай бийликке ээ?

4 Жахаба асмандагы жана жердеги үй-бүлөсүнүн Башчысы болгондуктан балдары үчүн эрежелерди бекиткенге жана алардын аткарылышын көзөмөлдөгөнгө акылуу (Ыш. 33:22). Иса да жыйналыштын башчысы катары жыйналышта ошенткенге укуктуу (Гал. 6:2; Кол. 1:18—20).

5. Үй-бүлө башчысынын кандай бийлиги бар? Бирок анын бийлиги эмне менен чектелет?

5 Жахаба менен Исадай болуп, үй-бүлө башчысынын да үй-бүлөсү үчүн эрежелерди бекиткенге укугу бар (Рим. 7:2; Эф. 6:4). Анткен менен анын бийлиги чектелүү. Маселен, ал эрежелерди Кудайдын Сөзүндөгү принциптерге таянып бекитиши керек (Накыл 3:5, 6). Бирок анын үй-бүлөсүнөн тышкары кимдир бирөө үчүн эреже чыгарганга укугу жок (Рим. 14:4). Ошондой эле уул-кыздары чоңоюп уядан учкандан кийин, атасын мурункудай эле урматтап-сыйлашса да, ал алардын башчысы болбой калат (Мт. 19:5).

ЖАХАБА БАШЧЫЛЫК ТАРТИБИН ЭМНЕ ҮЧҮН БЕКИТКЕН?

6. Жахаба башчылык тартибин эмне үчүн бекиткен?

6 Жахаба башчылык тартибин өз үй-бүлөсүн жакшы көргөндүктөн бекиткен. Муну анын белеги десек болот. Себеби ошонун аркасында Жахабанын үй-бүлөсүндө тынчтык жана тартип өкүм сүрөт (1 Кор. 14:33, 40). Бийлик кимдин колунда экени айкын болбосо, анын үй-бүлөсүндө баш аламандык болуп, эч ким бактылуу болмок эмес. Мисалы, акыркы чечимди ким чыгарары, ал чечимдин ишке ашышын ким көзөмөлдөй турганы бүдөмүк болмок.

7. Эфестиктер 5:25, 28ге ылайык, Жахаба эркектин аялына кандай мамиле кылышын каалайт?

7 Үй-бүлөдө эркекке бийлик берилгени жакшы болсо, анда эмне үчүн бүгүнкү күндө көптөгөн аялдар күйөөсүнүн өктөм мамилесинен улам кор болуп келатышат? Себеп дегенде көптөгөн эркектер үй-бүлөсүнө Жахабанын нормаларына эмес, жергиликтүү каада-салттарга жараша мамиле кылышат. Ошондой эле аялдарын өздөрүн көтөрмөлөш үчүн кордошу мүмкүн. Алсак, эркек аялын өзүнүн көз алдында өз кадырын көтөрүш үчүн же башкаларга өзүнүн «накта эркек» экенин далилдеш үчүн басмырлашы ыктымал. Балким, аны күчкө салып сүйдүрө албасам да, менден коркуп тургудай кыла алам деп ойлойттур. Коркуп турса, аны каалагандай калчай алам деши мүмкүн *. Ушинтип ойлоп, ушундай мамиле кылган эркек аялынын кадырын тебелеп-тепсеген болот. Бул Жахабанын көз карашына караманча каршы келет. Себеби аялзаты урмат-сыйга татыктуу. (Окугула: Эфестиктер 5:25, 28.)

КАНТКЕНДЕ ЖАКШЫ БҮЛӨ БАШЧЫСЫ БОЛСО БОЛОТ?

8. Канткенде эркек жакшы бүлө башчысы боло алат?

8 Канткенде эркек жакшы бүлө башчысы боло алат? Ан үчүн бийлигин колдонуу жагынан Жахаба менен Исадан үлгү алышы керек. Келгиле, алардын эки эле сапатына токтололу. Ошондой эле аларды үй-бүлө башчысы жубайына, балдарына кылган мамилеси менен кантип көрсөтө аларын карап чыгалы.

9. Жахабанын момун экенин эмнеден көрсөк болот?

9 Момундук. Ааламда Жахабага акылмандыгы жагынан тең келген эч ким жок. Ошентсе да ал кызматчыларынын оюн угат (Башт. 18:23, 24, 32). Бийлиги зор болсо да, пикир-сунуштарына кулак төшөйт (1 Пад. 22:19—22). Жахаба жеткилең. Бирок учурда бизден жеткилеңдикти талап кылбайт. Кайта, сүйөп-таяп, жакшырганга жардам берет (Заб. 113:6, 7). Ыйык Китепте Жахаба ал тургай «жардамчы» деп да аталат (Заб. 27:9; Евр. 13:6). Дөөтү падыша ага тапшырылган чоң иштерди Жахабанын момун болуп, ийилип ага жардам бергенинин аркасында гана кыла алганын моюнга алган (2 Шем. 22:36).

10. Исанын момун болгонун эмнеден көрсөк болот?

10 Эми Исанын үлгүсүн талдап көрөлү. Мырзасы жана Устаты болгонуна карабай ал шакирттеринин бутун жууган. Жахаба бул тууралуу Ыйык Китепке эмне үчүн жаздыртып койгон? Мунун бир себеби — ал баарынын, анын ичинде үй-бүлө башчыларынын да, Уулун үлгү тутушун каалаган. Иса өзү да: «Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылышыңар үчүн, силерге үлгү калтырдым»,— деген (Жкн. 13:12—17). Ал чоң бийликке ээ болсо да, башкалардын ага кызмат кылышын күтпөй, кайра, өзү кызмат кылган (Мт. 20:28).

Бүлө башчысынын момундугу, үй-бүлөсүн сүйөрү үй иштерине жардам бергенинен, үй-бүлөсүнүн рухий муктаждыгына кам көргөнүнөн көрүнөт (11, 13-абзацтарды карагыла)

11. Бүлө башчылары момун болуу жагынан Жахаба менен Исадан эмнеге үйрөнө алышат?

11 Мындан эмнеге үйрөнө алабыз? Бүлө башчысынын момундугу көп нерседен көрүнөт. Мисалы, андай эркек жубайынан, балдарынан жеткилеңдикти талап кылбайт. Өзүнүкүнө төп келбесе да, үй-бүлөсүнүн ой-пикирин уга билет. Кошмо Штаттарда жашаган Марли мындай дейт: «Жолдошум экөөбүздүн оюбуз кээде эки башка болуп калат. Бирок чечим чыгарар алдында оюмду сурап, айткандарыма олуттуу маани бергендиктен, мени баалап-барктай турганын билем». Ошондой эле үй-бүлө башчысы момун болсо, эл аялдын жумушу деп эсептеген үй жумуштарын да кылат. Бул кыйын болушу мүмкүн. «Биз жакта күйөөсү аялына идиш жууганга же үй жыйнаганга кол кабыш кылса, кошуналары, туугандары „накта эркек“ эмес турбайбы, аялын башкара албайт турбайбы деп ойлоп калышат»,— дейт Рейчел. Эгер силер жакта да ушундай болсо, кулдун жумушу деп эсептелсе да, Иса шакирттеринин бутун жууганын эсиңерден чыгарбагыла. Жакшы бүлө башчысы үчүн өзүнүн башкаларга жакшы көрүнгөнү эмес, аялы менен балдарынын өздөрүн жакшы сезгени маанилүү. Момундуктан тышкары, үй-бүлө башчысы дагы кайсы сапатты өрчүтүшү керек?

12. Жахаба менен Исанын сүйүүсү аларга эмне кылганга түрткү берет?

12 Сүйүү. Жахаба эмне иш кылбасын, сүйүүсү түрткү бергендиктен кылат (1 Жкн. 4:7, 8). Мисалы, биздин рухий муктаждыктарыбызды өзүнүн Сөзү — Ыйык Китеп — аркылуу жана уюму аркылуу канааттандырып келет. Бизди жакшы көрөрүнө ынандырып, эмоциялык муктаждыктарыбызды да унутта калтырбайт. Ал эми материалдык муктаждыктарыбыз жөнүндө эмне дешке болот? Ал «ырахаттанып жашашыбыз үчүн, баарын мол берген» (1 Тим. 6:17). Туура эмес иш кылып алганыбызда, оңдоп-түзөйт. Бирок бизди сүйбөй калбайт. Сүйүүсүнөн улам биздин кунубузду төлөгөн. Иса да бизди ушунчалык сүйгөндүктөн өз өмүрүн берген (Жкн. 3:16; 15:13). Жахаба менен Исага берилгендерди алардын сүйүүсүнөн эч нерсе ажырата албайт (Жкн. 13:1; Рим. 8:35, 38, 39).

13. Бүлө башчысынын үй-бүлөсүн сүйгөнү эмне үчүн маанилүү? (« Жаңы үйлөнгөн эркек канткенде жубайынын урмат-сыйына татый алат?» деген кутучаны да карагыла.)

13 Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Үй-бүлө башчысынын да ар бир ишине сүйүү түрткү бериши керек. Бул эмне үчүн аябай маанилүү? Элчи Жакан: «Ким... көрүп турган бир тууганын [же үй-бүлөсүн] сүйбөсө, көзгө көрүнбөгөн Кудайды сүйө албайт»,— деп жазган (1 Жкн. 4:11, 20). Демек, үй-бүлөсүн сүйгөн, Жахаба менен Исадан үлгү алгысы келген эркек үй-бүлөсүнүн рухий, эмоциялык жана материалдык муктаждыктарына кам көрөт (1 Тим. 5:8). Бала-чакасын да тарбиялап, туура жолго салып турат. Жахабанын даңкталышына жана үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгына шарт түзгөн чечимдерди чыгарганга аракет кылат. Эмесе, үй-бүлөнүн жогоруда айтылган үч муктаждыгын карап чыгалы. Бүлө башчылары Жахаба менен Исадан канткенде үлгү алган болот?

БҮЛӨ БАШЧЫЛАРЫ ЭМНЕ КЫЛЫШЫ КЕРЕК?

14. Үй-бүлө башчысы үй-бүлөсүнүн рухий муктаждыгын кантип канааттандырат?

14 Үй-бүлөсүнүн рухий муктаждыгы. Атасындай болуп, Иса ага тапшырылгандардын рухий муктаждыгын дайыма ойлогон (Мт. 5:3, 6; Мр. 6:34). Анын сыңарындай, үй-бүлө башчысы үчүн да үй-бүлөсүнүн рухий муктаждыгын канааттандыруу баарынан маанилүү болушу керек (Мыйз. 6:6—9). Ал үчүн эмне кылат? Өзү да, үй-бүлөсү да Кудайдын Сөзүн окуп-изилдешине, жыйналыштарга барышына, жакшы кабар таратышына, Жахаба менен ынак мамиледе болуп, ошол мамилени сакташына бүт күчүн жумшайт.

15. Үй-бүлөнүн эмоциялык муктаждыгын канааттандыруунун бир жолу кайсы?

15 Үй-бүлөсүнүн эмоциялык муктаждыгы. Жахаба Исаны жакшы көрөрүн ага ачык эле билдирген (Мт. 3:17). Иса да жолдоочуларын жакшы көрөрүн иши менен да, сөзү менен да көрсөткөн. Алар да өз кезегинде аны жакшы көрөрүн билдиришкен (Жкн. 15:9, 12, 13; 21:16). Бүлө башчысы аялы менен балдарын жакшы көрөрүн кылган иши менен, мисалы, алар менен чогуу Ыйык Китепти изилдеп көрсөтө алат. Мындан тышкары, жакшы көрөрүн, баалай турганын айтып турушу керек. Орундуу болсо, башкалардын көзүнчө да мактагандан тартынбайт (Накыл 31:28, 29).

Жахабага жагыш үчүн үй-бүлө башчысы үй-бүлөсүн багышы керек (16-абзацты карагыла)

16. Бүлө башчысынын дагы кандай милдети бар, бирок ал эмнеден сак болушу керек?

16 Үй-бүлөсүнүн материалдык муктаждыгы. Жахаба тил албастыгы үчүн ысрайылдыктарды жазаласа да, аларга кам көрбөй койгон эмес (Мыйз. 2:7; 29:5). Бүгүнкү күндө бизди да жашоого зарыл нерселер менен камсыз кылат (Мт. 6:31—33; 7:11). Иса да аны ээрчиген элдин курсагын тойгузган (Мт. 14:17—20). Ошондой эле оорулууларын айыктырган. Ооба, Жахабага жагышы үчүн үй-бүлө башчысы үй-бүлөсүнүн камын ойлошу керек (Мт. 4:24). Бирок тең салмактуу да болушу керек. Үй-бүлөсүн багам деп жумушка баш-оту менен кирип кетип, үйүндөгүлөрүнүн рухий жана эмоциялык муктаждыгын унутуп калбашы керек.

17. Жахаба менен Иса бизди кантип окутат жана кантип оңдоп-түзөйт?

17 Акыл-насаат айтып, үйрөтүү. Жахаба бизди жыргалчылыгыбызды ойлогондуктан окутуп-үйрөтүп, оңдоп-түзөп турат (Евр. 12:7—9). Атасындай болуп, Иса да өзүнүн бийлиги алдындагыларды жылуу-жумшак үйрөтөт (Жкн. 15:14, 15). Айткан кеңеши олуттуу болсо да, сүйүүсү сезилип турат (Мт. 20:24—28). Ал жеткилең эмес экенибизди, көп жаңыларыбызды жакшы түшүнөт (Мт. 26:41).

18. Жакшы бүлө башчысы үйүндөгүлөрүнөн эмнени талап кылбайт?

18 Жахаба менен Исадан үлгү алган бүлө башчылары аялы, балдары жеткилең эмес экенин, жаңылып-жазышы мүмкүн экенин түшүнөт. Ошондуктан аларга «каарданбайт» (Кол. 3:19). Анын ордуна, Галатиялыктар 6:1деги принципти колдонуп, «жумшактык менен туура жолго салганга аракет кылат». Себеби өзүнүн да жеткилең эмес экенин билет. Исага окшоп, үлгүсү менен үйрөткөндөн өтөрү жок экенин жакшы түшүнөт (1 Пет. 2:21).

19, 20. Бүлө башчылары чечим чыгарарда Жахаба менен Исадан кантип үлгү ала алышат?

19 Өзүнүн эмес, өзгөнүн пайдасына чечим чыгаруу. Жахаба башкаларга жакшы болгудай чечимдерди чыгарат. Алсак, тиричиликти жаратууну чечкенде өз пайдасын көздөгөн эмес. Ал биздин да тирүүлүктүн рахатын көрүшүбүздү каалаган. Ал эми кун жөнүндө айта турган болсок, өз Уулун биздин күнөөлөрүбүз үчүн бергенге аны эч ким мажбурлай алмак эмес. Ал бизди ойлогондуктан ошондой кылууну чечкен. Иса да дайыма башкаларга жакшы болушун каалаган (Рим. 15:3). Айталы, бир жолу сөзүн укканы келген элди көрүп, өзү чарчап турса да, эс албай аларды окуткан (Мр. 6:31—34).

20 Үй-бүлө башчысы үчүн эң кыйын болгон нерселердин бири — үй-бүлөсү үчүн пайдалуу, туура чечим чыгаруу. Ушуну билгендиктен жакшы үй-бүлө башчысы буга абдан олуттуу карайт. Ал сезимдерге жетеленип, шаша-буша чечим чыгарбай, ой өкчөп, акыл калчайт. Жахабанын акылына кулак салат * (Накыл 2:6, 7). Ошенткенде өзүнүн эмес, башкалардын кызыкчылыгын ойлогон болот (Флп. 2:4).

21. Кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?

21 Жахаба үй-бүлө башчыларына чоң милдет арткан. Ошол милдетке алардын жооптуу карашын күтөт. Эгер эркектер Жахаба менен Исадан үлгү алышса, жакшы үй-бүлө башчысы боло алышат. Үй-бүлөнүн бактысына зайыптардын да кошкон салымы зор. Алар башчылык тартибине кандай карашы керек? Кандай кыйынчылыктарга туш болушат? Кийинки макалада ушул суроолорго жооп ала алабыз.

16-ЫР: Жахтын Майланганын даңктайлы!

^ 5-абз. Эркек үйлөгөндө үй-бүлөнүн башчысы болуп калат. Бул макалада башчылык деген эмне экенин, Жахаба башчылык тартибин эмне үчүн бекиткенин, эркектер Жахаба менен Исадан эмнеге үйрөнө аларын карап чыгабыз. Бул катар макалалардын кийинкисинде күйөөлөр менен аялдар Исадан жана Ыйык Китептеги башка инсандардан эмнеге үйрөнө аларына токтолобуз. Ал эми үчүнчүсүндө жыйналыштагы башчылык жөнүндө сөз жүрөт.

^ 7-абз. Эркек аялга жаман мамиле кылса, атүгүл уруп-сабаса да эч нерсе эмес деген көз караш айрым кинолордо, телеберүүлөрдө жана ар кандай тамашаларда чагылдырылат. Мына ошондуктан да эл эркек аялга үстөмдүк кылса мунун жаман деле жери жок деп ойлошу мүмкүн.

^ 20-абз. Туура чечимдерди чыгарууга байланыштуу көбүрөөк маалыматты бул макаладан тапсаңар болот: «Күзөт мунарасы», 2011-ж., 15-апрель, 13—17-б., «Чыгарган чечимдериң Кудайга даңк алып келгидей болсун».