Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Аялдын башчысы» — эркек

«Аялдын башчысы» — эркек

«Аялдын башчысы эркек» (1 КОР. 11:3).

13-ЫР: Машаяк бизге үлгү

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Турмушка чыгууну ойлоп жүргөндөр эмне жөнүндө ойлонуп көрүшү керек?

ИСАНЫН жолдоочуларынын баары жеткилең Башчыга, Иса Машаякка, баш ийишет. Анткен менен аял киши турмушка чыкканда жеткилең эмес кишиге баш ийип калат. Бул оңой-олтоң иш эмес. Ошондуктан турмушка чыгардан мурун кыз киши: «Ал жигиттин жакшы үй-бүлө башчысы болору эмнеден байкалып турат? Жахабага кылган кызматын жашоосунда биринчи орунга коёбу? Эгер азыр антпесе, анда эмне үчүн үйлөнгөндөн кийин Кудай менен болгон мамилебизге олуттуу маани берген жакшы башчы боло алат деп ойлоп жатам?» — деп ойлонушу керек. Албетте, өзү жөнүндө да: «Үй-бүлөбүздүн бактысына салым кошо турган кандай сапаттарым бар? Чыдамкаймынбы? Берешенминби? Жахаба менен болгон мамилем бекемби?» — деп ойлонуп көрүшү керек (Нас. 4:9, 12). Ооба, аялдын никедеги бактысы кандайдыр бир деңгээлде турмушка чыкканга чейин чыгарган чечимдеринен көз каранды болот.

2. Бул макалада кайсы суроолорго жооп алабыз?

2 Исанын жолун жолдогон миллиондогон зайыптар күйөөсүнө баш ийип мыкты үлгү көрсөтүп келатышат. Алар чындап эле мактоого татыйт! Алар менен ийиндеш туруп Жахабага кызмат кылуу абдан жагымдуу! Бул макалада төмөнкү үч суроого жооп алабыз: 1) Зайыптар туш болгон кыйынчылыктардын айрымдары кайсылар? 2) Эмне үчүн зайып күйөөсүнө баш иет? 3) Исанын жолун жолдогон күйөө менен зайып Исанын, Абигейилдин, Жусуптун аялы Мариямдын үлгүсүнөн эмнени үйрөнө алат?

ЗАЙЫПТАРДЫН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРЫ

3. Эмне үчүн бардык жубайлар кыйынчылыктарга туш болушат?

3 Нике — Кудайдын жеткилең белеги. Адамдар болсо жеткилең эмес (1 Жкн. 1:8). Ошондуктан Кудайдын Сөзүндө жубайлардын жаңы кыйынчылыктарга туш болору эскертилген (1 Кор. 7:28). Анда зайыптар туш болушу мүмкүн болгон айрым кыйынчылыктарга токтололу.

4. Эмне үчүн айрымдар күйөөсүнө баш ийсе, өздөрүн басмырлангандай сезишет?

4 Айрымдарга чоңоюп-өскөн чөйрөсүнөн улам күйөөсүнө баш ийсе, басмырланып жаткандай сезилиши мүмкүн. Кошмо Штаттарда жашаган Мэрисоль мындай дейт: «Аялдар менен эркектер бардык жагынан тең деген сөздү угуп чоңойгом. Башчылык тартибин Жахаба бекиткенин жана аял күйөөсүнө баш ийиши керектигин, бирок бул анын кадырын түк да түшүрбөй турганын жакшы билем. Ошентсе да Жахабанын тартибин туура кабыл алып, күйөөмө дайыма баш ийиш оңой боло бербейт».

5. Айрым эркектер аялдар жөнүндө кандай туура эмес көз карашта?

5 Айрым күйөөлөр аялдарды экинчи сорттогу адамдардай көрүшү мүмкүн. Түштүк америкалык Эвана мындай дейт: «Бизде тамакты биринчи эркектер жейт, анан гана аялдар жейт. Кыздар кичинесинен эле тартып тамак жасайт, үй жыйнайт. Эркек балдарга болсо баарын апасы, эже-карындаштары белендеп турат. Алар өздөрүн үйдө хан сезет». Ал эми Азияда жашаган Юңлиң мындай дейт: «Биздин тилде аялга акылдын да, жөндөмдүн да кереги жок деген сыяктуу сөз бар. Ал унчукпай эле үй оокаты менен гана алектенип жүрө бериши керек. Анын оюн эч ким сурап да койбойт». Ушундай көз карашка алдырып аялын сүйбөгөн, ага Ыйык Китепке ылайык мамиле кылбаган күйөө аны азапка салат. Иса үйрөткөндөн таптакыр тескери иш кылган болот жана Жахабага жакпайт (Эф. 5:28, 29; 1 Пет. 3:7).

6. Жахаба менен жекече мамилесин чыңдаш үчүн зайыптар эмне кылышы керек?

6 Буга чейинки макалада айтылгандай, Жахаба ага сыйынган эркектерден үй-бүлөсүнө Жахаба менен болгон мамилесин бекем сактаганга жардам беришин, эмоциялык жана материалдык муктаждыктарын канааттандырышын талап кылат (1 Тим. 5:8). Бирок аялдар да тирлигинин көптүгүнө карабай, күнүгө өз алдынча Ыйык Китепти окуганга, ой жүгүрткөнгө, Жахабадан жалындуу тиленгенге убакыт бөлүшү керек. Түгөнбөгөн түйшүктөн улам аял кишиге ушуларды кылганга убактысы да, алы да жоктой сезилиши мүмкүн. Ошентсе да убакыт табышы керек. Себеби Жахаба ар бирибиздин аны менен жекече мамиле өрчүтүп, мамилебизди ысык сакташыбызды каалайт (Элч. 17:27).

7. Зайыпка өз милдетин аткаруу канткенде оңоюраак болот?

7 Ооба, аял кишиге жеткилең эмес күйөөсүнө баш ийиш оңойго турбасы анык. Анткен менен Ыйык Китептеги баш ийүүнүн маанилүүлүгүн көрсөткөн себептерди түшүнсө жана ошону кабыл алса, Жахаба тапшырган милдетти аткаруу оңоюраак болот.

ЭМНЕ ҮЧҮН БАШ ИЙИШЕТ?

8. Эфестиктер 5:22—24-аяттарга ылайык, Жахабанын жолундагы аял күйөөсүнө эмне үчүн баш иет?

8 Жахабанын жолундагы аял күйөөсүнө Жахаба каалагандыктан баш иет. (Окугула: Эфестиктер 5:22—24.) Ал асмандагы Атасына толук ишенет. Анткени аны сүйөрүн, бир нерсе кыл деп суранса, өзүнө эле жакшы болушу үчүн суранарын билет (Мыйз. 6:24; 1 Жкн. 5:3).

9. Жахабанын жолундагы зайып күйөөсүнүн бийлигин урматтаса, натыйжасы кандай болот?

9 Бул дүйнө аялдарды Жахабанын талаптарын четке кагып, баш ийүүнү басмырлануудай көргөнгө үгүттөп келет. Албетте, мындай көз карашты жайылткандар — мээримдүү Жахаба Атабызды тааныбагандар. Себеби Жахаба сүйүктүү кыздарына эч качан алардын кадырын түшүрө турган буйрук бермек эмес. Ал тапшырган милдетти жакшы аткарганга бүт күчүн жумшаган зайып үй-бүлөсүн тынчтыкка бөлөйт (Заб. 119:165). Ошондо баарына: күйөөсүнө да, өзүнө да, бала-чакасына да жакшы болот.

10. Керолдун айткандарынан кандай жыйынтык чыгарсак болот?

10 Жеткилең эмес күйөөсүнө баш ийген зайып башчылык тартибин бекиткен Жахабаны жакшы көрөрүн, терең урматтаарын далилдейт. Түштүк Америкада жашаган Керол мындай дейт: «Жолдошумдун катачылык кетирерин билем. Бирок ошондой учурларда ага кылган мамилем менен Жахаба менен болгон достугумду канчалык баалаарымды көрсөтө турганымды да билем. Ошондуктан жолдошума баш ийгенге аракет кылам. Себеби асмандагы Атама жаккым келет».

11. Аниске кечиримдүү болгонго эмне жардам берет жана анын айткандарынан эмнеге үйрөнө алабыз?

11 Эгер аял кишиге күйөөсүнүн анын ой-сезимдери менен иши жоктой сезилсе, аны урматтап-сыйлаш, баш ийиш кыйын болуп калат. Ошондой учурларда Анис деген ишенимдешибиз эмне кыларына көңүл бурсаңар. «Ачууланып, таарынбаганга аракет кылам. Себеби жаңылбаган киши жок. Мен Жахабадай болуп айкөлдүк менен кечиргим келет. Кечиргенимде жеңилдеп, кадимкидей тынчтанып калам»,— дейт ал (Заб. 86:5). Ооба, кечиримдүү зайыпка күйөөсүнө баш ийиш оңоюраак болот.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ҮЛГҮ БОЛЧУ ИНСАНДАР

12. Ыйык Китепте кандай адамдардын үлгүлөрү бар?

12 Айрымдар башкаларга баш ие билген кишини жүүнү бош, алсыз киши катары көрүшөт. Бирок чынында андай эмес. Ыйык Китепте башкаларга баш ие билген, ошол эле учурда мүнөзү, эрки бекем көптөгөн адамдар жөнүндө айтылат. Анда эмесе, келгиле, Исанын, Абигейилдин жана Мариямдын үлгүсүнөн эмнеге үйрөнө аларыбызга токтололу.

13. Иса Жахабага эмне үчүн баш иет?

13 Иса Жахабанын бийлигине моюн сунат. Бирок Исаны акылы тайкы, алсыз бирөө деп айтканга болбойт. Анткени акылга бай, даанышман киши гана Исадай болуп элди жөнөкөй, ошол эле учурда жүрөккө жеткире окута алмак (Жкн. 7:45, 46). Жахаба Исанын жөндөмүн ушунчалык жогору баалагандыктан ай-ааламды жаратып жатканда жанында болуп, жардам бергенге мүмкүнчүлүк берген (Накыл 8:30; Евр. 1:2—4). Ошондой эле тирилгенден кийин Исага «асмандагы жана жердеги бийликтин баарын» ишенип тапшырган (Мт. 28:18). Жөндөмү канчалык ашып-ташып турса да, Иса дайыма Жахабадан акыл сурап, ага таянат. Себеби аны жакшы көрөт (Жкн. 14:31).

14. а) Күйөөлөр Жахабанын аялзатына болгон көз карашынан эмнени биле алат? б) Күйөөлөр Накыл сөздөр 31-бөлүмдө жазылгандардан эмнени биле алат?

14 Күйөөлөр эмнеге үйрөнө алышат? Жахаба зайыптардан күйөөсүнө аларды эркектерден кем көргөнү үчүн баш ийишин талап кылбайт. Муну кайдан билсек болот? Ал Иса менен кошо башкаруучу кылып эркектер менен бирге аялдарды да тандаган (Гал. 3:26—29). Жахаба Уулуна ишенерин бийлик берип көрсөткөн. Анын сыңарындай, күйөөлөр да зайыптарына кайсы бир иштерди ишенип тапшырат. Кудайдын Сөзүндө жакшы аялдын оокат-тиричиликке тың болору, мүлк сатып алып, аны тейлей билери жана соода-сатык иштерин жүргүзөрү айтылган. (Окугула: Накыл сөздөр 31:15, 16, 18.) Ал баш көтөрүп оюн айта албаган күң эмес. Күйөөсү аны менен акылдашып иш кылат, оюна кулак төшөйт. (Окугула: Накыл сөздөр 31:11, 26, 27.) Эркек ушинтип урматтап-сыйлап мамиле кылса, аялы ага жан деп баш иет.

Жакшы зайып Исанын Жахабага баш ийгенинен эмнеге үйрөнө алат? (15-абзацты карагыла)

15. Исанын үлгүсүнөн зайыптар эмнеге үйрөнө алышат?

15 Зайыптар эмнеге үйрөнө алышат? Улуу иштерди кылса да Иса Жахабага баш ийүүнү басынуу катары көрбөйт (1 Кор. 15:28; Флп. 2:5, 6). Ошол өңдүү эле, көп нерсеге акылы жеткен, жөндөмдүү, Исадан үлгү алган аял күйөөсүнө баш ийүүнү кадырын түшүргөн нерсе катары көрбөйт. Ал күйөөсүнө аны сүйгөндүктөн эле эмес, биринчи кезекте Жахабаны сүйүп, урматтагандыктан баш иет.

Абигейилдин Дөөтү менен кишилерине тамак-ашын жөнөтүп ийип, артынан өзү келип турганы. Жерге чейин таазим кылып, Дөөтүдөн өч алып канга забын болбошун суранып жатат (16-абзацты карагыла)

16. 1 Шемуел 25-бөлүм, 3, 23—28-аяттарга ылайык, Абигейил кандай кыйынчылыктарга туш болгон? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

16 Абигейилдин Набал деген күйөөсү бар болчу. Ал жакшылыкты билбеген, өзүмчүл, текебер киши болгон. Ошондой болсо да Абигейил андан кутулуунун жолун издеген эмес. Болбосо Дөөтү кишилери менен келип, күйөөсүн өлтүрмөкчү болгондо ырас болду деп унчукпай отура бермек. Бирок ал анткен эмес, кайра, Набал менен үйүндөгүлөрүнүн жанын сактап калыш үчүн тезинен иш-аракет кылган. Элестетсеңер, 400 куралчан эркектин алдына барып, Дөөтүнү сылык-сыпаа туура жолго салыш үчүн Абигейилге эмне деген кайрат керек болгон! Ал атүгүл күйөөсүнүн айыбын өз мойнуна алганга да даяр болгон. (Окугула: 1 Шемуел 25:3, 23—28.) Ошондо Дөөтү Жахабанын кайраттуу ал аялды колдонуп аны чоң күнөөдөн сактап калганын дароо түшүнгөн.

17. Күйөөлөр Дөөтү менен Абигейилдин окуясынан эмнеге үйрөнө алышат?

17 Күйөөлөр эмнеге үйрөнө алышат? Абигейил акыл-эстүү аял болгон. Дөөтү акылдуулук кылып анын сөзүнө кулак каккан. Натыйжада канга забын болгон эмес. Анын сыңарындай, эстүү эркек маанилүү чечим чыгарарда кабыргасы менен кеңешип, оюн эске алат. Ошентсе, бул аны калпыс иш кылып алгандан сактап калышы мүмкүн.

18. Аялдар Абигейилден эмнеге үйрөнө алышат?

18 Зайыптар эмнеге үйрөнө алышат? Жахабаны сүйгөн, кастарлаган зайып күйөөсү Жахабага сыйынбаса да же рухий жактан алсырап калса да, үй-бүлөсүнө жакшы таасир эте алат. Ошондой эле ал Ыйык Жазмага каршы келген жол менен күйөөсүнөн кутулууну көздөбөйт. Анын ордуна, күйөөсүн урматтап-сыйлап, баш ийип, Жахаба жөнүндө билишине түрткү болгонго аракет кылат (1 Пет. 3:1, 2). Күйөөсү Жахабанын жолуна түшпөгөн күндө да, Жахаба күйөөсүнө баш ийген зайыптарды жогору баалайт. Алардын ошонусун өзүнө көрсөтүлгөн берилгендик катары эсептейт.

19. Кайсы учурларда зайып күйөөсүнө баш ийбейт?

19 Анткен менен күйөөсүнө баш ийген зайып, эгер күйөөсү Ыйык Китептеги мыйзамдарга же принциптерге каршы келген бир нерсе кылышын суранса, эч качан макул болбойт. Мисалы, Жахабага сыйынбаган күйөөсү калп айтышын, уурулук кылышын же Жахабага жакпаган башка иш кылышын талап кылышы мүмкүн. Андайда ал эмне кылат? Исанын бардык жолдоочулары, анын ичинде зайыптар да, биринчи кезекте Жахаба Кудайга баш ийиши керек. Эгер күйөөсү зайыбын Ыйык Китептеги принциптерди бузганга түртсө, ал эмне үчүн андай кыла албай турганын жылуу-жумшак, бирок чечкиндүү түрдө түшүндүрүп бериши зарыл (Элч. 5:29).

(20-абзацты карагыла) *

20. Мариямдын Жахаба менен жакын, жекече мамиле өрчүткөнүн кайдан билебиз?

20 Мариям Жахабага жакын, ынак болгон. Ыйык Жазмаларды жакшы билгени да күмөнсүз. Ал Чөмүлдүрүүчү Жакандын энеси Элизабет менен сүйлөшүп жатканда Еврей Жазмаларынан 20дан ашык жолу үзүндү келтирген (Лк. 1:46—55). Бул жөнүндө да ойлонуп көрсөңөр, Мариям Жусуп менен убадалашып койгон болсо да, Жахабанын периштеси биринчи болуп Жусупка көрүнгөн эмес. Периште түз эле Мариям менен сүйлөшүп, анын Кудайдын Уулунун энеси болорун айткан (Лк. 1:26—33). Жахаба Мариямды жакшы билген жана Уулун жакшы көрүп, жакшы кам көрө аларынан шектенген эмес. Иса өлүп, асманга кеткенден кийин да, Мариямдын Жахаба менен болгон мамилесин бекем сактаганы күмөнсүз (Элч. 1:14).

21. Мариям жөнүндө айтылгандардан күйөөлөр эмнеге үйрөнө алышат?

21 Күйөөлөр эмнеге үйрөнө алышат? Акыл-эстүү күйөө аялынын Ыйык Китепти жакшы билгенине сүйүнөт. Ал муну аялы тең тайлашып жаткандай кабыл албайт. Ал Ыйык Китепти жана андагы принциптерди жакшы билген зайыптын үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгына чоң салым кошо аларын билет. Албетте, зайыбынын күйөөсүнө караганда билим-сабаты жогорураак болсо да, үй-бүлө менен Жахабага сыйынганда жана сыйынууга байланыштуу башка иштерде үй-бүлөсүн жетектөө эркектин милдети (Эф. 6:4).

Зайыптар Исанын энеси Мариямдан Ыйык Китепти окуп, ой жүгүртүү жагынан эмнеге үйрөнө алышат? (22-абзацты карагыла) *

22. Мариямдан зайыптар эмнеге үйрөнө алат?

22 Зайыптар эмнеге үйрөнө алышат? Аял күйөөсүнө баш ийиши керек болсо да, өзүнүн рухийлигине өзү да жооптуу (Гал. 6:5). Ошондуктан өздүк изилдөөгө, ой жүгүрткөнгө убакыт табышы керек. Ошонун аркасында Жахабага болгон сүйүүсүн ысык сактай алат, аны терең урматтайт. Ошондой эле күйөөсүнө чын ыкластан баш иет.

23. Аялдын күйөөсүнө баш ийгени кандайча өзүнө да, үй-бүлөсүнө да, жыйналышка да пайдасын тийгизет?

23 Жахабаны сүйгөндүктөн күйөөсүнө баш ийип келаткан аялдар Жахабанын башчылык тартибин четке каккандарга караганда жашоодо көбүрөөк канааттанып, бактылуураак болушат. Жаш жигиттерге да, кыздарга да жакшы үлгү болушат. Ошондой эле үй-бүлөсүндө эле эмес, жыйналышта да тынчтык менен сүйүүнүн илебин жылуу сактайт (Тит 2:3—5). Бүгүнкү күндө Жахабага берилип кызмат кылып жаткандардын көпчүлүгүн аялзаты түзөт (Заб. 68:11). Эркек-аял дебей, баарыбыздын маанилүү бир милдетибиз бар. Кийинки макалада ошол милдетибизди кантип аткара аларыбызды талкуулайбыз.

131-ЫР: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»

^ 5-абз. Жахаба аял күйөөсүнө баш ийиши керек деген тартип бекиткен. Исанын жолун жолдогон күйөөлөр жана зайыптар баш ийүүгө байланыштуу Исадан жана Ыйык Китепте жазылган айрым аялдардан көп нерсеге үйрөнө алышат.

^ 68-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Мариям Чөмүлдүрүүчү Жакандын энеси Элизабет менен сүйлөшүп жатканда Еврей Жазмаларынан көп аяттарды жатка айткан.

^ 70-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Исанын жолун жолдогон зайып Кудай менен болгон мамилесин бекем сакташ үчүн Ыйык Китепти изилдегенге убакыт бөлүп жатат.